- Дүйнө кабарлары -
Кытайда доңуз тумоо
Кытайда доңуз тумоосунан бир жумада 116 киши көз жумду. Ушул убакытка чейин 8000 киши A/H1N1 вирустан каза тапты - дейт Кытай Саламаттык Сактоо Министрлиги.
Кытай саламат сакчылары бул вирус февралдын так ортосунда кытайлыктардын жаны жыл майрамын куттуктап атканда он миллион ишчи-мигранттардын бир жумалык үйгө эс алууга барган авто-унааларда чоң эпидемиялык оору башталышынан коркуп, азыртан вируска каршы эмдөөнү тездетүүдө. Өлкөнүн бийлиги бул коркунучтуу тумоодон сактаныш үчүн 725 миллион доллар бөлө турган болушту.
Источник: РИА Новости

Тажикстанды ооган качкындары каптоодо
Oоганстандагы абалдын курчушу жана Пакистанда талиптерге кысымдын күч алышы Борбор Азия өлкөлөрүндөгү коопсуздукка шек келтирүүдө. Былтыртан бери Ооганстандан Тажикстанга өтүп келген кат-талган качкындардын саны үч эсеге көбөйдү. Алардын социалдык проблемалары менен катар, борбор азиялык өкмөттөргө талиптердин өчөшү жана баңги аткезчилигинин күч алышы региондогу бейкуттукка коркунуч келтирүүдө.
Ооганстандан келген качкындар "Булар баңги ташыбайбы, же талиптер-дин кишилери эмеспи?" деген кооптонууну пайда кылууда. (Азаттык)

Улуу газ
Борбор Азиядан жаратылыш газын Орусияны буйтап өтүп, сырткы дүйнөгө чыгара турган газ кууру ачылды. Түркмөнстан-Өзбекстан - Казакстан - Кытай газ куурунун ачылышына төрт өлкөнүн жетекчилери катышты.
Түркмөнстанда өткөн жаңы газ куурунун ырасмий ачылышы менен Борбор Азиянын жаратылыш газын экспорттоодогу Орусиянын үстөмдүгү, тактап айтканда, монополиясына чекит коюлду.
Чөлкөмдөн көгүлтүр отун ташый турган жаңы куур он жылдан ашуун мезгилден бери салынган эмес, ошондон улам Түркмөнстан - Кытай кууру жалпы Азия аймагындагы геосаясий кырдаалды өзгөртүшү мүмкүн деп айтылууда.
Ачылыш аземинде түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов ал жерде чогулган Өзбекстан, Казакстан жана Кытайдын президенттерине кайрылып, "Төрт өлкө ортосун-дагы мамилелердин жаңы доору, алтын барагы ачылды" - деп белгиледи. (Азаттык)

Б.Обама:
Копенгаген саммитине айтылган сында негиз бар
Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама климаттын өзгөрүшү боюнча Копенгагенде жакында өткөн саммиттин жыйынтыктары көп адамдардын сынына кабылып жатканда негиз бар экенин билдирди. Теле аркылуу сүйлөгөн сөзүндө Б.Обама саммитте анча-мынча ийгиликтер болгону менен ал олуттуу жыйынтыктарды бербегенин белгиледи. Улуттар Уюмунун жыйынында өнүккөн мамлекеттер иштеп чыккан жыйынтыктоочу документ өнүгүп келаткан мамлекеттердин сынына кабылган, ошол себептен саммит климаттын ысышына каршы юридикалык бир документ алууга жетише алган эмес болчу. (Азаттык)


Бажы союзу түзүлүүдө
20-декабрда, Алматыга жакын "Ак-Булак" бийик тоо комплексинде КМШнын жети мамлекетинин башчыларынын бейформал саммитинин жыйналышы болду. Анда Бажы союзуна катышкан үч өлкөнүн - Беларустун, Казакстандын жана Россиянын президенттери Александр Лукашенко, Нурсултан Назарбаев жана Дмитрий Медведев Бирдиктүү экономикалык аймак түзүү боюнча биргелешкен иш-аракеттердин планына кол коюшту.
Саммитке Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикстандын, Түркмөнстандын президенттери - Серж Саргсян, Александр Лукашенко, Нурсултан Назарбаев, Курманбек Бакиев, Дмитрий Медведев, Эмомали Рахмон, Гурбангулы Бердымухаммедов катышты.
("КАБАР").

Нефтинин дүйнөлүк баасы кымбаттады
МОСКВА, Шаршемби - 16-декабрга карата дүйнөлүк рынокто нефтинин баасы анын запа-старынын кыскаргандыгына, ошондой эле жердин түндүк бөлүгүндө катуу ызгаардын баштал-гандыгынан улам мазутка болгон суроо талаптын өсөөрүнө байланыштуу кымбаттады.
NYMEХ (New York Merchantile Exchange) Нью-Йорк биржасында америкалык Light Sweet Crude Oil маркасындагы нефтинин баасы январдагы фью-черстеринде 1,69 долларга көтөрүлүп, бир баррели 72,66 доллардан айланган.
Ал эми Brent Crude Oil маркасындагы түндүк деңиз нефти кошулмасынын январдагы фьючер-стеги баасы IСE (InterContinental Exchange Futures) лондон биржасында соодалашуунун жыйынтыгында 1,50 долларга кымбаттап, бир баррели 73,55 доллардан айланган. (РИА Новости).
e-mail: nurreklama@mail.ru, Тел: 774-89-49