7-апрель окуясы

Токмоктогу табышмактуу сырлар
Чүй районунун тургундары да 7-апрелде Элдик курултайга Токмокко чогулуп, Бишкекти карай жөө жүрүш менен жөнөгөндө, "Гаваи" кафесинин алдынан жол торогон топ чыккан. Алар ок чыгарып, эл ичинен бир топ бала оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. 16 жаштагы Абытжанов Алишер көз жумган. Андан башка да курмандыктар болгонун угуп, "Ок аткандар кимдер? Иш козголдубу?" деп, окуя чоо-жайын сурамжылап, Токмокто болуп кайттык. Жабыр тарткандар, жакындарынан айрылгандардын сөздөрүн уктук. Расмий бийлик өкүлдөрү кандай чара көрүүдө деп Чүй райондук мамлекеттик администрация башчысынын милдетин аткаруучу Ноокатбек Мааткеримовго кирдик. Администрация имаратына кире бергенде эле "Эрдигиң эч унутулбайт" деген жазуу менен үч жигиттин сүрөтү көзгө урунду. Алар - Кошой, Ивановка, Ак-Бешим айылдарынан келип, курман болгон баатырларыбыз экен.


Ноокатбек МААТКЕРИМОВ:
"Эл "Журатты үч күндүн ичинде тапкыла!" деген талап койду"
- Ноокатбек Нургазиевич, алгач сөзүбүздү ишиңизден баштасак. Сизди бул кызматка Убактылуу өкмөт койдубу же элби?
- Учурунда мамлекеттик кызматтарда иштегем. Соңку үч жылда жумушсуз жүрдүм. 2007-жылы "Ата Мекенге" мүчө болгом. Аны угуп калган мурунку мэр Сулайманкулов мени дароо чакырып: "Сен мамлекеттик кызматкерсиң. Андыктан, Бакиевдин командасында бол же "Ата Мекен" партиясында кал" деген талабын айтты. Бакиевдин бийлигине нааразы экенимди айтып, кызматты таштап кеткем. "Эл тараза, эл сынчы" дегендей, эмгегимди эл жакшы билет экен, 7-апрелде эл шайлады. Чүй районуна он айыл өкмөтү карайт, бешөөнү кыдырып чыктым. Баарынын эле башкы көйгөйү - күйүүчү май. Жазгы талаа иштери кайнап турган чак. Алтүгүл, кечигип жатабыз, күйүүчү май алигүнчө бөлүнө элек.

- "Кызматка биз койдук" деп көйгөйүн айткандар узун кезекте турса керек?
- Туура айтасыз, андай болбой койбойт экен. Айыл өкмөтү чече турган маселе менен деле кирип жатышат. Ар бирин кабыл алып, түшүндүрүп, маселесин чечип бергенге, ишеничин актаганга аракет кылуудамын.

- "Ата Мекен" партиясына мүчө экенсиз. Өмүрбек Текебаев президент болуп калса, эл кызыкчылыгын унутта калтырбайсызбы?
- Өз позициямда калып, эл таламын талашып, тургундардын кыйналып-кысталышына жол бербейм. Эл алдында да ушуларды айтып, ант бергем.

- Азыр кызмат орундар талашка түшүп жаткан кез. "Мен болом" дегендер болгондур?
- Мурунку мэр Убактылуу өкмөттүн чечимдерине макул болбой, өз кишилери менен барып, кайсы мыйзамга таянганын билбейм, "мэрдик ордумду алам" деп талашыптыр. Андай көрүнүш эки жолу кайталаныптыр. Роза Отунбаева кол койгон "мурунку мэр бошотулсун" деген чечим келгенден кийин тынчып калды окшойт. "Жыгылган күрөшкө тойбойт" болуп, "акимчиликке чейин барам" деп жаткан экен. Ким болорун коштогон 80 баласы менен ал чечпейт, эл чечет.

- 7-апрелде көптөгөн мамлекеттик мекеме-имараттар жабыр тартты. Бул администрация имаратында андай көрүнүш болбосо керек?
- Албетте, "талкалайбыз" деп кызуу кандуулукка алдыргандар болду, өз убагында токтотуп калдык. Биздин имаратта Финансы башкармалыгы жана Прокуратура жайгашчу, ошолордун компьютерлери тонолуп кетиптир. Мунун түбүн жакшылап изилдей келсең, мурунку бийликке кызмат кылгандардын эле кылганы. Себеп дегенде, талап-тоноочулук болсо, эшик-терезелери талкаланмак. Кабинеттердин эшиктери кылдат ачылып, талкалангандай көрүнүш кылынган. Бул факты боюнча ким иш алып барып жатканы белгисиз. Азыр ал жерде мурунку эле кызматкерлер иштеп жатат. Эгер калыс, таза кызматкерлер, жактоочулар келе турган болсо, ал күнкү окуянын баары ачыкка чыгат деп ойлойм


"ГАВАйИ" кафесинин жанындагы кагылышуу
- Сөз учугун 7-апрелдеги кайгылуу окуяга бурсак. Токмок-Чүйдүн тургундары Бишкекти көздөй жөнөгөндө "ГАВАЙИ" кафесинин жанынан ок чыгарылган экен. Оор жаракат алгандардын ичинен каза болгондор болуптур. Бул боюнча кандай иш-чара көрүлүп жатат?
- Окуя жагдайы администрация тарабынан көзөмөлгө алынып, атайын комиссия түзүлүп, ошол күнкү окуяга катышкан балдардан түшүнүк кат алынды. Алардын айткандарын кассетага жаздырып, видеого тарттырып койдук. Алынган маалыматтардын негизинде айтсак, ал күнү балдар акимиат, ШИИБ, мэрияны алгандан кийин, Ак үйдү алганга жардам беребиз деп экиге бөлүнүп, Бишкекке борбордук жана айланма жол менен жөнөп калышат. "ГАВАЙИ" кафесине 20-30 чакырым жакын калганда, анын кожоюну Журат Абдуллаев, кимден буйрук алганы белгисиз, айтор, жолду эки трактор менен тороп, эч нерсе боло электе эле, тынч бараткан балдарды карай ок аттырган. Угушубузга караганда, ал Максим Бакиевдин досу экен. Кылган кылыгы аз келгенсип, оор жаракат алып ооруканада жаткан балдарыбызга телефон чалып, "ГАВАЙИнин" өрттөлүшүнө, балдардын өлүмүнө силер жооп бересиңер" деп коркутуп-үркүтүп жатыптыр. Дагы бир кошумчалай кетчү нерсе, ошол күнү уюшма топ алдамчылыкка барган. Бишкекке бараткан балдарыбызды жолдон тосуп алып, обьектисине киргизип, контейнерге камап, сабап кордук көрсөтүшкөн.
- "Кош бойлуу келинди да камап, өрттөп ийишкен" деген маалыматтар бар...
- Бул боюнча Эркин жооп берсин.
- Журат Абдуллаевге кылмыш иши козголдубу? Ал азыр кайда?
- Эл да ушундай суроо менен кайрылууда. Адамдардын көз жумгандыгы факты болуп жатат, туурабы? Юридикалык жактан алганда, укук коргоо органдары тарабынан "ГАВАЙИнин" кожоюну дароо кармалып, тергөө иштери жүргүзүлмөк. Тилекке каршы, ал азыр эркиндикте жүрөт деп угуп жатабыз. Акчанын күчү роль ойноп жатабы деген да ойлор кетүүдө. "Канча күтөбүз? Аны жоопко тартып, соттобосоңор, биз өз жолубуз менен барабыз" деп эл мага талап коюп, үч күн убакыт берди. Бул маселе боюнча мен Убактылуу өкмөткө, Башкы прокуратурага, ИИМге, Чүй облусунун губернаторуна кабарлагам, алардан жооп келе элек. Тезинен чечип бербесек, кырдаал кыйын болуп турат.
- 1-кабатта үч жигиттин сүрөтү илинип турат. "ГАВАЙИнин" алдындагы кагылышуудан каза болгондорбу?
- Бишкектеги Ак үйдүн алдындагы кагылышуудан каза болгон баатырларыбыз.


Эркинбек ЖЕКШЕНОВ, комиссия мүчөсү:
"Кош бойлуу келиндин өрттөлүп кеткени чын"
- Эркин мырза, кош бойлуу келиндин өрттөлгөнү чынбы?
- Кош бойлуу келин "ГАВАЙИ" кафесинин ичинде өрттөлүп кеткени анык. Ал келин 7-апрелге чейин же андан кийин өрттөлгөнүн укук коргоо органдары териштирип жатат. Биз ал келиндин сүрөтүн чыгарып бердик.
- Кимдер менен иш алып барып жатасыздар?
- Бул иш боюнча Чүй облустук ИИБ, областтык прокуратура териштирип жатат. 7-апрелде Бишкекти көздөй кетип бараткан балдарыбызга "Гавайи" кафесинде иштеген күзөтчү топ каршылык көрсөткөн. Жапа чеккен балдарыбыздын айтымында, каршылык көрсөтүүнү ага-ини Абдуллаев Журат менен Кайрат уюштурган. Уюшкан топ аткан октордон оор жаракат алган балдарыбыздын бири - Абытжанов Алишер Адылбекович каза болду. Ал болгону 16 гана жашта болчу. Жарадар болгондору Чүй районунун жана Токмок аймагындагы ооруканада дарыланышууда. Дарыланып жаткан балдардын тизмеси колубузда. Экинчи, үчүнчү жолу операцияга муктаж болгондор бүгүнкү күндө Бишкектеги Улуттук кардиология госпиталында, №4 шаардык ооруканада. Азыркы учурда алардын абалы оор. Жок жерден балдарды ушундай акыбалга дуушар кылган айыпкерлер сөзсүз жоопко тартылышы керек, тартыларына ишенебиз.

Назира СААЛИЕВА,
Бишкек-Токмок-Бишкек




КРнын Убактылуу өкмөтүнүн төрайымы
Роза ОТУНБАЕВАга
К А Й Р Ы Л У У
Урматтуу Роза Исаковна!
2010-жылдын 7-апрелинде Чүй районунун Токмок шаарынын атуулдарына Бишкек шаарына, Ак үйгө бара жаткан жеринен трассанын боюнан "Гавайи" кафесинин кожоюну тарабынан уюшулган, курал-жарактуу топ ок аткан. Жыйынтыгында он адам жараат алып, ушул факты чоң чатактын чыгышынын себеби болгон. Атылган октон жаракат алган балдардын бири ооруканада көз жумган. Андан тышкары "Гавайи" кафесинин кожоюну Абдуллаев Журат тарабынан уюштурулган кылмыштуу иш-аракеттердин кесепетинен чыр-чатакка тиешеси жок жарандар да катуу жаракат алып, ооруканага түшкөн.
Бул фактылар боюнча иликтөө комиссиясы түзүлүп, ийне-жибине чейин тактоо максатында бул ишке тиешеси бар 500дөн ашык адамды сурап чыгышкан.
Иликтөөнүн жүрүшүндө Абдуллаев Журат тарабынан бул окуяларга чейин көп укук бузуулар, адам укугун тепсөө, кемсинтүү, Эмгек кодексин одоно бузуу фактылары такталган. Мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев менен түздөн-түз байланышы бар экендиги да айтылууда. Балким ушуга байланыштуу, атуулдук милдетин аткарууга сапар алган топ балдарды жолдон чыгаруу максатында трассаны оор техника менен тосуп, жандалбас аракетин кылган болсо керек.
Азыркы учурда да Абдуллаев өзүнүн кылмыштуу иш-аракетин улантууда: телефон аркылуу коркутуп-үркүтүү, чыр-чатакка катышкан балдарды милиция аркылуу куугунтуктоо ж.б.
Бул көрүнүш 7-апрель күнү көтөрүлгөн, өз убагында чара көрүлбөгөндүктөн 19-апрелде Чүй районунун 100дөн ашык жаштары, тургундары биздин алдыбызга: "Эки күндүн ичинде Журат Абдуллаевге мыйзам чегинде чара көрбөсөңүздөр, эл өзү ал кылмышкердин жазасын берет" деген катуу талапты коюшту.

Роза Исаковна!
Сизден өтүнөөрүбүз, ушул маселени катуу көзөмөлгө алып, тез аранын ичинде чара көрбөсөк, Чүй элинин кыжырдануусу чоң чыр-чатакка айланып кетүү коркунучу турат.

Чүй райондук мамлекеттик
администрациясынын
башчысы - акимдин
милдетин аткаруучу
Н.Мааткеримов