Күнкөйгөй

Коом окуянын маанисин сезүүдө
7- апрелде курман болгон жарандардын атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйынды Каныбек Иманалиев алып барды.
Курман болгондордун үй-бүлөсүнө ар тараптуу көмөк көрсөтүү, көп кабаттуу үй салуу, квартира бөлүү, артында калган балдарын окутуу, ысымдарын түбөлүккө калтыруу чаралары талкууланды. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү жасап жаткан иштери, айрым уюм, мекеме жетекчилери өздөрүнүн көмөк- сунуштары туурасында айтышты.


Өмүрбек Текебаев, Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары:
- Конституция долбоорун, убада кылынгандай, 19- апрелде даярдашыбыз керек эле, ар кандай пикир-талаштар болуп, бир жумага кечигип калдык. Шайлоо 10- октябрда өткөрүлөт. Буюрса шайлоо адилет өтөт деп турабыз.
Мага тапшырылбаса да, айрым мыйзамдарды иштеп чыктык. Алсак кээ бир юридикалык тараптарга, Максимдин, үй-бүлөнүн үлүшү болгон ишканаларга тышкы мамлекеттик башкаруу киргизүү чаралары боюнча мыйзам даяр болду. "Нарынгидрокурулуш ка" көзөмөл киргиздик. Ага мурдагы Өнүктүрүү фондунан "Камбар- Атаны" курабыз деп 1 млн. доллар которулуп, анын бир бөлүгү жумшапган экен, калганы жок. Сырткы көзөмөлдү мындан башка да бир кыйла ишканаларга киргизсек деп турабыз. "Мегаком" компаниясынын рыноктук баасы 400-500 млн. доллардын тегерегинде, күнүгө 23 млн. түшөт экен. Директору жашырынып , салыктан качып жатыптыр. Аларга салык төлөгүдөй чара колдонуп, көзөмөл киргизебиз. "Нарынкаскадынын" сатылып кеткен 8 процентин кайра кайтарып алуу, аны улутташтыруу чарасы ишке ашырылмакчы. Улуттук телевидениени коомдук телевидениеге айландырабыз.

Элмира Ибраимова, Убактылуу өкмөттүн башчысынын социалдык жана ММК менен иштөө сектору боюнча орун басары:
- Элдин боштондугу үчүн жанын берген азаматтардын үй- бүлөсүнүн кайгысын бир аз да болсо жеңилдетүү жагын карайлы. Күрөштө жарадар болуп, азыр ооруканада жаткандарга да моралдык жана материалдык жардамдар көрсөтүлүүдө. Каза болгондордун үй-бүлөлөрү материалдык жардам алып жатышат. Жарадар болгондор 50-100 миң сомдон алышууда.
Эл арасынан, ар улуттуу мекендештерибизден, алсак, азербайжан, Кара- Балтадан татар 10 үй-бүлөдөн, цыгандардан жардамдар түшүп жатат. Коомдук жана эл аралык уюмдар жардам беребиз деген тилекте.
Өлкөбүз учурда ширенкени чакса эле дүрт этип кете тургандай абалда. Жер берүү талабын койгон жарандар да бир топ мүшкүлдү салды. Баарыбыз бул күндө сабырдуу болушубуз керек болуп турат.
Финансы министрлигинен Абдуалим Нышанов каза болгондордун үй- бүлөсүнө көп кабаттуу там салуу боюнча акча каражаты бөлүнө тургандыгын, үй салуу туурасында декрет чыкса, бул ишке кирише берүүнү сунуштады. Каза болгондордун асымын түбөлүккө калтыруу комиссиясынан Каныбек Иманалиев " Ата -Бейит" эстелик комплекси тууралуу да декрет чыгарыла турганын, жоокерлер элдик баатырларжаткан жайда ант берүү аземин өткөрүү, тышкы делегацияларга да бул жайды көрсөтүү, ардактуу күзөт тургузуу ж.б. маселелер каралаарын белгиледи.
"Себат" билим берүү борборунун башчысы Орхон бей, Чыгыш университетинен Асан Ормушев, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы (жетекчиси Саид Баюм) , каза болгондордун, жабыр тарткандардын үй- бүлөсүнө жардам көрсөтүү, алардын балдарын аталган окуу жайларынан окутуу жагы сунушталууда .
Айжан Айтышева




  Карасаңыз...

Жумабек мырза- Мекендин меценаты
Жумабек Кемелович Токтогазиев өзүнүн менчигине таандык 16 сотых жерин курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө үй салуу үчүн акысыз берди. (Кемелович деп баса көрсөткөнүбүздүн да себеби, анын аты да, фамилиясы да уйкаш "адашы- тезкасы" бар).
Россиянын жер жүзүнө таанымал, айтылуу Третьяков галереясын меценат Третьяков каржылап, ошону менен галереядагы дүйнөгө даңазаланып келаткан шедевр картиналар ошол адамдын ысымы менен байланышып калганы маалым. Мына ошондой, Мекендин меценаты, нарындык жаран- Жумабек Токтогазиевди белгилеп койсок туура болоор . Эгер эсиңиздерде болсо, Кыргызстан ХИПК деген уюмга кире турган болуп, итке минген өлкө болуп кала жаздаган тушта дал ушул Жумабек Кемелович арачага түшүп, өзүнүн жеке каражатынан атайын фонд ачып, ага бир миллион сом которуп койгон. Мындай кадамы менен ал башкаларды да колдон келген каражатын которууга үндөгөн. Ошол себептенби же дагы башкаданбы, эмнеси болсо да, Кыргызстан ХИПК деген амалдуу торго түшпөй, эсен- соо калбады беле.
Ал кабылан, калың элге кабарлагысы келбей, кыйылганы менен, бүгүн да жакшы аты ачыкка чыгып турат: Жумабек мырза дагы бир кадамы менен Кыргызстанды дүң эттиргени турат. Ал өзүнүн менчигиндеги 16 сотых жерин эл, жери үчүн курман болгон жарандардын үй-бүлөсү үчүн көп кабаттуу там курууга бөлүп берди. Анын менчик жери "Жал" кичирайону тарапта. Буюрса ал жерге көп кабаттуу квартира курулуп, элдин азаттыгы үчүн өмүрүн бергендердин үй-бүлөсүнүн бир азыраак болсо да, түйшүгүн жеңилдеткиси бардыр.
Айгүл Бакеева




  Ой-тобо-о!

Баш аламандыктан пайдаланган Назаралиев
же эки жүздүүлүктүн чеги барбы?
Доктор Жеңишбек Назаралиевди тааныштырып, ал туурасында өзгөчө маалымат берүүнүн кажети жоктур. Бирок, жакында эле кайсы бир бир кыргыз тилдүү басылмадан бул "экзотикалык" персонанын "Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!" аттуу Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаевага жазган ачык катын көзүм чалып калды. Мейли ар бир "кыргызмын" деген Кыргызстандын патриоту Бакиевге жумшак дегенде ушундай кайрылсын. Бирок, доктор Назаралиевдин жөнү башка эмеспи. Анда кеп башынан болсун.
2009-жылдагы президенттик шайлоодогу "күтүүсүз" бирок, өз аброюн көтөрүү үчүн жасалган "оңтойлуу" кадамынан кийин атактуу доктор ММК айдыңынан дээрлик жарым жылдай "жоголуп" кеткен. Анан мына сага, Ибрагим Рустамбек атуу псевдонимдин ээси, белгилуу журналист Геннадий Павлюкка шайлоодон кийин берген эң алгачкы "Демократия бизде "өтпөй" калды. Кыргызстанга катуу кол керек" деген аталыштагы эксклюзивдүү интервьюсу 2009-жылдын декабрь айынын башында "Дело№ " гезитине жарыяланды. Айтайын дегеним, доктордун төрт ай аралыгында ой-мүдөөсүнүн, позициясынын, Бакиевдерге, ошол эле кезде оппозиция лидерлерине карата мамилесинин түп тамырынан өзгөргөнүндө. Сөзүм куру болбосун үчүн бир-эки мисал келтире кетейин. 1.Шайлоодо жеңилген оппозиция лидерлери А. Атамбаев менен Т. Сариев жана жалпы эле оппозиция тууралуу берилген суроого: "Кыргыз оппозициясынын талкаланган жеңилүүгө дуушар болушу мурдатан эле дайын болчу. Себеби, оппозиция лидерлери моралдык, саясый , каржы жагынан болобу кризистен чыгуу, жашоону оңдоого багытталган эч кандай программа убада кыла алышпайт. Оппозиция буга чейин бөлүнүп-жарылган алсыз болуп келген, ошол бойдон кала берет. Кыргыз оппозиция лидерлери чындыгында эч качан лидер болушкан эмес. Алар профессионалдуу даттануучулар. Булар өз мүдөөсү үчүн күрөшө албаган хамелеондор. Оппозиционерлерге бийликти берээриң менен , алардын кээ бир лидер сөрөйлөрү буга чейин көрсөткөндөй, ошол замат өз убадаларын унутушат. Алардын эч кимисинин мамлекетти башкарып кетүү жөндөмдүүлүгү жок, аларга мамлекетти башкартуу өлкөнү жана коомду жок кылууга барабар" деп жооп берген. "Азыркыдай абалда бизге күчтүү кол, жеке бийлик керек. Демократия бизде "өтпөй" калды. К. Бакиевдин режимине кандай мамиледе болгонума карабастан, мен анын өз уулун негизги тармактарды көзөмөлдөөгө дайындаганы-объективдүү, прогрессивдүү кадам деп эсептейм. Жан-дүйнөмдүн түпкүрүндө мен муну менен макулмун. Себеби, мамлекет башчысына ишенимдүү таяныч керек. Өз балдарына ишенгендей, ал башкаларга ишенбейт. Максим Бакиев-жаш, зирек, парасаттуу, амбициялуу, билимдүү, жеке адамдык лидерлик касиеттерге ээ". Эми Р. Отунбаевага жазган ачык катында ушул эле персоналарга берген баасына көңүлүңүздөрдү буралы.
"Бакиев деген ким? Ал-өз чөнтөгү жана үй-бүлөсү үчүн өз элин тоноп жана тентитип жок кылууда биринчи президенттин саясатын уланткан номер экинчи кылмышкер. Ал-Аксыдагы айыбы жок адамдарды атып өлтүрүүгө аралашкан адам. Баяман Эркинбаевден тартып Медет Садыркулов менен Геннадий Павлюкка чейинки чуусу көп киши өлтүрүүлөрдүн, Жогорку Кеңештин оппозициячыл депутаттарын уурдап кетүүнүн, "героин матрешкасы" сыяктуу жоболоңдуу жорук -жосундардын бардыгы Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн кылган иши. Чет өлкөлөрдө 100 млн. доллар турган машиналарды, үйлөрдү, виллаларды сатып алууга анын балдары менен бир туугандары акчаны кайдан алышкан?" Кеп эмес бекен? Санай берсек, ушуга окшогон мисалдар толтура. Биз 7-апрелге чейинки доктор Назаралиевге ишенебизби же 7-апрелден кийинки Назаралиевгеби?

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА