Эдил КОЖОШИЗИ
Кандуу жол
(Детектив аңгеме)
(Уландысы. Башы өткөн сандарда)
Дагы бир кызыктуу факт. МЧСтин өлүмүнөн бир жума өтпөй эле Президент Кибаев өзү мөөнөтсүз шайлоого бара турганын, өтүп жаткан жылдын 23-июлунда президенттик шайлоо болорун жарыя кылды. Эл ичинде бул фактыны Сыдырбековдун өлүмү менен түздөн түз байланышы бар деген божомол айтыла баштады. Анткени анын акыркы айлардагы саясий ишмердиги Кибаевдин бийлигин солкулдатып калган, ал тирүү болсо кайра шайланышы таптакыр мүмкүн болбой калмак. Ошол себептен аны жок кылышаар замат кайра дагы башка саясий күчтөр жандана электе шайлоо өткөрүп жиберели деген план менен иштеп жатышат деген кеп да тарады.
Чынында эле МЧСтин өлүмү көп кырдуу, көп сырдуу, көп чырдуу болуп калды окшойт, аягы эмне менен бүтөрүн эч ким билбейт. Эл ичинде жаралып жаткан көптөгөн суроолорго жооп табуу максатында туптуура он бир саатка артка кайрылсак, кайрадан 12-марттан 13-мартка караган түнү Кыргыз-Казак чекарасына барып, ал жерден "Lexus LX 570" маркасындагы өңү ак жип автомашинасын тосуп алып, машинеде келе жатышкан Садырбеков, Слепко жана алардын шопур баласы Кубаттын акыркы үч саат өмүрүнө сапарлаш бололу, алар менен бирге чекарадан Бишкекти карай кошо жөнөйлү. Эгерде биз алардын акыркы үч сааттагы ойлогон оюн, тилеген тилегин, көргөн азабын туя алсак, жүрөгүбүздөн өткөрүп сезе алсак, аңдап биле алсак, анда көпчүлүккө табышмак болуп жаткан окуянын ички сырын ача алабыз, түрмөктөлгөн суроолорго жооп таба алабыз.
Анда эмесе, 12-марттан 13-мартка караган түн, Алматы - Бишкек жолу. Тасмадай созулган кенен жол менен "Lexus LX 570" маркасындагы өңү ак жип автомашинасы Бишкек тарапты карай келе жатат, каршы-терши чубаган автоунаалардын арасынан көп деле бөлүнбөйт, ылдамдыгы да жалпы агымдан айырмаланбай, бир калыпта.


12-марттан 13-мартка караган түн, күнгө жума
Түнкү саат бирден кырк беш мүнөт өттү.
Убакыт түн ортосунан ооп калганына карабай Алматы-Бишкек жолунда машине көп эле. Бет маңдай келе жаткан автоунаалардын жарыгы шурудай тизилет, анда-санда жеринен үзүлгөнү болбосо жипке тизилгендей чубап өтүп жатты. Кордой белине чыга бере көзү илинип кеткен Садырбеков машине казак-кыргыз чек арасына келип токтогондо ойгонду. Жанында келе жаткан шеригине карап:
- Степаныч, келип калдыкпы, буюрса жарым саатта үйдө болуп калабыз, - деп машинеден түшө баштады. Жүр, паспортуңду алып ал, паспорт көзөмөлүнөн өткүчө таза абадан дем алалы.
МЧС эки ай мурда өз арызы менен кызматтан кеткен. Анын себептери боюнча кийинчерек сөз кылабыз. Азыр болсо Алматыга бир күндүк иш сапары менен барып кайтып келе жатат, көңүлү көтөрүңкү, барган иши ойдогудай бүтүп, жолугуп сүйлөшө турган адамдардын бардыгына кездешип, саясий өңүттө көздөгөн максатынын ишке ашуусу ачык болгонуна ичинен кубанат. Алдыда чоң иштер, чоң милдеттер турат.
- Ооба, келип калдык окшойт. Мен үйгө телефон чалып айтып койдум, чек арага келип калдык, мени күтпөй уктай бер, - дедим аялыма. Кордойдун ары жагынан биздин телефон албайт эмеспи, байланыш жок болгон жаман да, сарсанаа болуп күтүп отуруптур - деп кобурап МЧСтин жанындагы сапарлашы да машинеден түшүп анын артынан ээрчий басты.
МЧСтин жанындагы шериги Сергей Слепко саясий жана экономикалык маселелер боюнча өлкөдөгү белгилүү серепчи. Өлкө президентинин алдындагы Стратегиялык иликтөө институтун жетектеп келген, МЧС кызматтан кеткенден кийин ал да өз арызы менен кызматын өткөрүп берип, азыр көз карандысыз эксперт катары Кыргызстандын социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнүн келечектеги стратегиялары боюнча эмгек даярдап жаткан. МЧС менен тиги совет доорунан бери тааныш. Ал кезде Слепко партиялык кызматкер, чыгармачыл жана илимий интеллигенция, жогорку окуу жайларынын мугалимдери менен тыгыз иштей турган. Мына ошол кезде жаш тарых мугалими Медер Садырбеков менен таанышкан эле, ошол мезгилден бери көп меселелер боюнча кызматташ болуп келе жатышат. Бул жолу Алматыга да атайын чогуу чыгышкан, регионалдык экономикалык саясат боюнча Слепко даярдаган сунуштар да ал жердеги жолугушууда талкууга алынмак болучу.

13-март, күнгө жума.
Түнкү саат бирден
элүү мүнөт өттү.
Чекарада автобустар, жеңил жана жүк ташуучу машинелер көп болгонуна карабастан Казактын чекара жана бажы кызматынын көзөмөлүнөн бат эле өтүштү. Колдорунда дипломатиялык паспорттор болгондуктан келе жаткан машинесин, ичиндеги буюмдарын текшербестен эле өткөрүштү. Тартип ошондой. Дипломатиялык документтери бар адамдарга жашыл далан берилет, аларга өзгөчө мамиле жасалат, эл аралык келишимдер боюнча андай адамдардын кол тийбестиги камсыз кылынат. Бажы кызматынын имаратынын жанында токтоп турган автомашинасына отуруп жатып Садырбеков үйүнө телефон чалды, казак чекарасынан өткөнүн, жарым саат аралыгында келип каларын айтып, жубайынан уктабай күтө туруусун өтүндү. Ал жубайы менен сүйлөшүп жатканда өзүн таптакыр башка тагдыр күтүп турганын, жакынкы жарым саат гана эмес, андан кийин да үйүнө тирүү жетпесин, бырпыраган күлгө айланганга чейин өрттөлүп кеткен сөөгү бир айдан кийин гана үйгө жеткирилип, мамлекет тарабынан эч кандай расмий тажия каадасы жасалбай, жаш молдобачанын толкундана айткан шарият сабагы менен гана акыркы сапарга узай турганын болжогон жок. Азыр болсо көңүлү көтөрүңкү. Эртеңден баштала турган зор саясий жүрүштөрдүн тизмегин көз алдынан чубатып, буюрса тарых алдында өз милдетин абийир менен аткара алам, өзүм жасаган же өбөлгө кылган кыйшык иштерди оңдоого кудуретим жетет деген ишенич менен келе жатат. Алдыда өтө оор дагы, опурталдуу дагы иштер турганын жакшы түшүнүү менен ар кандай кырдаалдарда өз жоопкерчилигин толук сезе аларын, бирөөлөрдүн артына жашынбай, өз алдынча аракетте болорун ойлонуп келе жатат МЧС.

13-март, күнгө жума.
Түнкү саат бирден
элүү эки мүнөт өттү.
Казак бажы постунан өткөн "Lexus LX 570" маркасындагы өңү ак жип автомашинасы акырын жылып келип Кыргызстан чек ара кызматынын постунун жанына токтоду. Машинадан эч ким түшкөн жок, шопур гана терезесин ачып басып келген чекара кызматчысына документ көрсөттү. Садырбеков чоң кызматта турган убагында да, андан кийин деле, бул чекарадан көп эле жолу ар кандай автоунаа минип өткөн, адатта ал кыргыз чекарасында машинадан түшчү эмес, терезеден өздүк документин көрсөтүп эле тоскоолсуз өтүп кете берүүчү. Бул саам чекарачынын кыймыл-аракети башкача эле. Ал шопурдун документин карады да:
- Бардыгыңар машинеден түшүп, пост тарапка өткүлө, - деди да кайра артка басты.
Шопур арт жакта отурган Садырбековду бир карап алды да, терезеден башын чыгарып чекарачыга карай:
- Байке, машинеде ким келе жатканын билесизби? Документтер жайында эле, өткөрө бериңиз, - деди.
Чекарачы анын сөзүнө маани бербеген сымал түр көрсөтүп тосмонун жанына барып туруп алды. Ар жактан дагы аскер кийимчен төрт-беш адам чыгып анын жанына келип турушту. Шопур жигит машинеден чыгып чекарачылардын жанына басып барды да:
- Силер билип жатасыңарбы, машинеде Садырбеков бар, Алматыдан келе жатабыз. Эртең өзүңөргө эле проблема болот, ачып койгула, өтүп кетели, силерге дипломатиялык паспортторду көрсөтүп жатабыз го, - деди ал жерде турган капитан чининдеги офицерге кайрылып. Ал кабагы салыңкы, кашы калың кара тоголок киши экен:
- Элдин баарын тааный бериш менин милдетим эмес. Тартип бирдей бардык граждандарга. Токтот машинени досмотрга, тетиги постун алдына барып. Приказ ошондой, бардык машинелерди досмотр кылгыла деген. Ичиндегилер чыгып паспорт контрол өтсүн, - деп бурк этти да ары басты. Кетип бара жатып:
- Машинени досмотр кылгыла, - деп буйрук берип кетти.
МЧС машинеден түшкөн жок. Чөнтөк телефону менен чекара кызматынын жогорку чиндерине байланышка чыгууга аракет кылып жатты. Ал "Lexus LX 570" маркасындагы өңү ак жип автомашинасынын аркасында көлөкөдөй болуп кара өңдүү "БМВ" маркасындагы машине Алматыдан бери карай келе жатканын, Кордой белинен өткөндөн кийин эле ал машиненин арткы орундугунда отурган жигит өз кожоюнуна телефон чалып: "Объект Бишкекке келе жатат, он-он беш минутада чекарада болобуз" - деп маалымат бергенин билбейт эле. Алтурсун Кыргыз-казак чекара постунун командирине он беш мүнөт мурда: "Номери баланча ак түстөгү "Лексус" маркасындагы жип машинесин аркандай шылтоо менен чекарадан өткөрбөй өзгөчө буйрук алмайынча кармап тургула" - деген команда телефон аркылуу берилгенин да билбейт болучу, биле да албайт эле.
Көлөкөдөй илешип келе жаткан кара машине кыргыз чекара постунан бир аз ары барып токтоду. Эки жигит чыкты, алардын башкы милдети ак "Лексус" автомашинесин көз жаздымынан чыгарбай, анын ичинде келе жаткан МЧСтин ар бир кадамын "кожоюнга" кабарлап туруу эле. Кара куртка, кара кепкачан чымыр бойлуу жигит чекара кеңсесинин алдында турган капитандын жанына келип бирдеме деп айтты да чөнтөк телефонун алып бирөө менен байланышып:
- Ало, бул мен. Объект ордунда, бул жердегилер билишет, - деди да бир саам тыңшап тургандан кийин: - Жарайт, жарайт, - деп кайталаган бойдон барып токтоп турган мешинеге отурду.

13-март, күнгө жума.
Түнкү саат эки болду.
МЧСтин нерви кайнай баштады. Адатта сылык, сыпаа сүйлөгөн неме азыр орусчалап сөгүнүп да алды. Анткени чекара кызматынын командирлеринин эч кимисинин телефону албай жатты, бардыгы өчүрүлгөн.
- Степаныч, карасаң булардын кылыгын, балким бирөөлөр мени мазактагысы келип жаткандыр, кемсинткилери келген го. Ушундай майда кылыктар менен алпурушуп жүргөндөр анан кантип мамлекет башкарабыз дешет. Түшүнбөйм ушуларды.
Шопур бала машинеге келип отуруп жатып:
- Байке, болбой жатышат, досмотр кылыш керек дейт, - деди.
МЧС машинеден түшүп чекара кызматчыларын карай басты:
- Саломалейкум, ким командир бул жерде?
- Тигине, посттун жанында турат, - деди арыкчырай прапорщик жигит.
- Чакыргылачы командириңерди, эмне проблема болуп жатат, мени билесиңер да, Садырбековмун, - МЧС чекарачылар менен кол алышып учурашып жатты.
- Жолдош капитан! - Арыкчырай прапорщик колу менен МЧСти жаңсап көрсөттү да: Сизди чакырып жатат, - деди.
Капитан чөнтөк телефон аркылуу бирөө менен сүйлөшүп жаткан, прапорщиктин айтканын укпагандай түр менен ары карай басты:
- Ало, айттым го. Жарым сааттан ашык кармай албайм, өзүңөр түшүнбөйсүңөрбү, эртең ким жооп берет, биз эле күнөөлү болуп калабыз, өз ара маселелери болсо өздөрүнчө эсептешип алышпайбы, бизди аралаштырбай. Жарайт, жарым саат, - деп бурк этти да, телефонун чөнтөккө салып чекара кеңсесине кирип кетти.
Капитандын акыркы айткандарын посттун жанында, чекарачылар менен турган МЧС деле укту. Чекарачылар болсо айтылган сөз эмне жөнүндө болуп жатканын боолголошту, анткени аларга тапшырма берилген, буйрук болмойунча ак Жипти кармап тургула деген. Кимдир бирөөлөргө МЧСтин жарым саатча чекарада токтоп турушу абдан зарыл. Бирок МЧС капитандын сөзүнө маани берген жок, айтылгандар өзүнө түздөн түз тиешеси бар экендигин баамдаган да жок. Посттун командири сүйлөшкүсү келбей кетип калгандан кийин кайра өз машинесине карай басты. Тигинин артынан кеңсеге барышты каалаган жок. Капитан тарабынан телефон аркылуу кимдир бирөөгө айтылган сөздөр андан отуз беш мүнөт өткөндөн кайра эсине келип, кулагынан кетпей, кайра-кайра: "Жарым сааттан ашык кармап тура албайм, жарым сааттан ашык кармап тура албайм... , жарайт, жарым саат... " - деп жаңырып турарын да туйбады. Көрсө пендеге Жараткан тарабынан андай касиет берилген эмес экен. Эртең эмне болорун сезбейт дагы, туйбайт дагы экенбиз, түбөлүк жашоочудай көртирлик менен алектенип жүрө берип бир күнү кете берет турбайбызбы. Эгерде ошол жерде телефондон айтылган капитандын сөзүнүн артында кандай иштер жатканын сезгенде МЧС машинеге шарт отуруп, кайра Казакстанга карай кете бермек, кара жанын ала качууга аракет кылмак. Анда тагдыр дегениң башкача нукка бурулмак. Бирок андай болгон жок, МЧС ошол жердеги болуп жаткан окуяга маани берген жок, кенебестик менен мамиле кылды.