Афера

Евгений Гуревич Кыргызстандан куйругун түйдү
Адегенде катары менен олуттуу төрт маалымат сайтында МGN Capital компаниясынын гендиректору, Кыргызстандын бийлигинин эл аралык финансылык консультанты Е.Гуревичтин үстүнөн Италия соту издөө салганы кабарланган эле. Рим соту Альдо Моргини АКШнын жараны болгон Е.Гуревичти камакка алуу үчүн атайы санкция бергени айтылат. Италия сотунун койгон айыбы 1600 беттен турат. Эл аралык аферисттин Италиянын 55 мафиясынын мүчөсү менен жең ичинен келишип алып "Телеком Италия" жана "Фаствеб" компанияларынан ашык-кеми жок 2,7 миллиард долларды будамайлап чыгарып кеткени боюнча күнөө тагылган. Мындан сырткары Е.Гуревичтин финансылык махинациясында "селкинчек аферасы" деген ыкма колдонулганын, Швейцария менен Венадагы банктарда эсеби бар экендиги, бул болсо Италия мафиясынын ичинде акча каражаттарын өз ара бөлүштүрүүдө ыңтайлуу "капчык" болуп кызмат кылып бергенине басым коюлат.
Информациялык сайттарда, ошону менен катар мурда кийин Кыргызстанда таптакыр белгисиз болуп келген Е.Гуревичти президенттин уулу бооруна тартып, үй-бүлөнүн финансылык ишин башкаруу үчүн атайы алып келгени айтылат. Гуревич жеке өзү түзгөн MGN Capital деген топту гана жетектебестен, бара-бара өлкөнүн бүт финансысын көзөмөлдөп калганы белгиленет. МGN Capital компаниясы Максим Бакиев жетектеген борбордук агентствосунун карамагындагы Өнүгүү фондусунун кезектеги тендерин утуп алып, финансылык консультант катары фондунун активин башкарууга укук алгандан кийин коомчулукта иштин таза эместиги боюнча шектенүүсү пайда болгон эле. Айрым пресса беттеринде президент К.Бакиевдин өкмөтү Кыргызстанга берилген россиялык 300 миллион доллардык кредитти так ушу Е.Гуревичтин башкаруусу үчүн атайы которуп бергени жөнүндө маалыматтар тараган. МGN ошону менен бирге "Түндүкэлектро" АКсы менен "Кыргызтелекомду" менчиктештирүү ишинде башкы консультант катары кызмат кылганы боюнча пикирлер пайда болгон эле. Бул "прихиватизация иши", баарыбызга белгилүү, коомчулуктун арасында бүйүр кызыткан талкууга жем таштап, эл ичинде катуу нааразычылыкты жараткан болучу.
Кыргызстандагы Е.Гуревичке, бийлик башындагы үй-бүлөнун финансысына байланышкан чатак чыккандан кийин өлкөдө кандай окуялар болуп кетти? Окуя алдын ала күткөн сценарий боюнча өнүгүүдө. Е.Гуревич италиялык соттун таккан айыбын мойнуна албай караандай танып жатат. Ал өзүнүн сүттөй ак экени жөнүндөгү билдирүүсү анын ММК боюнча өкүлдөрү аркылуу кечээ күнү болуп өткөн пресс-конференцияда жарыялады. Маселе бир жаңсыл чечилип, эч кандай күнөөсү жок экени аныкталганча Кыргызстандагы ээлеп турган жетекчилик кызматтардан, анын ичинде MGN group компаниясынын гендиректорлугунан баш тартаарын билдирди.
Ошо кезге оро-пара Максим Бакиевдин кол алдындагы Өнүгүү фондусу болсо активдерди башкаруу боюнча MGN Group компаниясы менен түзүлгөн келишимди бузганы жөнүндө сыпайы билдирүү жасоого үлгүрдү. Өнүгүү фондусунун пресс-кызматынын билдиргенине караганда, Е.Гуревич менен түзүлгөн келишим азыркы учурга чейин ишке салынып, күчүнө кирип кете элек имиш. Ошол эле учурда фондунун пресс-кызматынын Е.Гуревич 2006-жылы эле Кыргызстандын территориясында финансылык ишмердигин баштаганы, ошол төрт жылдын аралыгында өлкөдөгү эң таасирдүү фигурага айланганы, массалык маалымат каражаттарынын беттеринде анын финансылык ишмердиги тынбай талкууланып келатканы жөнүндө кенедей да кеп козголбогонун, ал теманы аярлык менен айланып өтүп кетип жатканын байкоо кыйынчылыкка турбайт.
Акыркы тактала элек маалыматтарга караганда Е.Гуревич Кыргызстандан тымызын түрдө чет өлкөлөрдүн бирине чыгып кетти. Кыргызстан эми желкемди көрсүн деген чечимге келген сыяктанбайбы. Арийне, ал маалыматтарда Максим Бакиевди жандаган акыркы төрт жылдын аралыгында Гуревич Кыргызстандан Венанын банктарына, Швейцариядагы эсептерине канча суммадагы акча которуп үлгүргөнү айтылбайт. Азырынча табышмак боюнча калууда.

Үсөн Касыбеков




  Ак терек, көк терек

Президенттик квота боюнча Ынтымак курултайына кимдер катышат?
Бул боюнча 11-мартта президент К.Бакиевдин Указы чыкты

1. Абдуразаков Ишенбай Абдуразакович
2. Абдрасулова Азиза Папановна
3. Абдрахман уулу Шайырбек
4. Аблесов Садыкбек Аблесович
5. Абышкаева Аида Шайбековна
6. Акбагышева Замира Акбагышевна
7. Акбаров Азамжан Сайдуллаевич
8. Акимбаев Сабырбек Орозбекович
9. Акматбекова Сагын Акматбековна
10. Алафердов Акиф Кадырович
11. Алдакулов Тургунбай Абдирасулович
12. Алтыбаева Дилбар Тойчиевна
13. Алымбаев Абдрахман Мырзагулович
14. Алымкулов Карыпбек Алымкулович
15. Аракеев Асейин Абдраманович
16. Арстанбекова Буайша Кулуевна
17. Атабаев Акылбек Осмонович
18. Афонина Галина Федоровна
19. Ачылова Рахат Ачыловна
20. Аширалиев Кемел Жакешович
21. Базаркулов Мукаш Базаркулович
22. Байбагышев Эрмек Муратканович
23. Бебезов Бахром Хакимович
24. Бегалиев Канатбек Кубанычбекович
25. Бегалиев Улугбек Турдалиевич
26. Бектурганов Токторбай Арзымбаевич
27. Божев Алихан Ибрагимович
28. Воинов Александр Хусаинович
29. Дайырбеков Таалайбек Эсенбекович
30. Джабраилов Аднан Зайнидиевич.
31. Диль Валерий Исидорович
32. Дубанаев Садырбек Мамбеталиевич
33. Дүйшөбаев Кеңешбек Асанбекович
34. Ермекпаев Бауржан Ермекпаевич
35. Есенбаев Усенбек
36. Жабоев Ахмат Кумукович
37. Жакиев Бексултан Жакиевич
38. Жакшылыков Асан
39. Жамалдинов Советбек
40. Жусупов Кеңеш
41. Зайыров Сабырбек Токенович
42. Зуев Евгений Александрович
43. Зулпуев Мейраждин Зулпуевич
44. Идрисов Ноокатбек Абдыбыпович
45. Иманалиев Элмирбек
46. Иптаров Сабыр
47. Исаев Кусеин Исаевич
48. Исаков Толкунбек Маматович
49. Ишимов Бексултан Бекмолдоевич
50. Кадыралиев Жоомарт Асаналиевич
51. Казаков Түгөлбай Токтогулович
52. Караханиди Константин Савельевич
53. Каримов Акылбек Маликович
54. Каримов Женишбек Маликович
55. Касиев Накен Касиевич
56. Касмамбетов Сапарбек Касмамбетович
57. Касымалиев Бактыбек Эмильбекович
58. Катибов Расулжан Катибович
59. Каюмов Павел Юрьевич
60. Керезбеков Канат Керезбекович
61. Кирал Светлана Филипповна
62. Кондахчян Ашот Аветикович
63. Кошалиев Кадыр
64. Кубатбеков Идрисбек Атантаевич
65. Кудабаева Шаткуль Исалиевна
66. Кулмамбетов Жаныш Осмонович
67. Кулмурзаев Тургунбек Насипович
68. Култегин Кожогелди
69. Кулуев Шабданбек
70. Кучкаков Шукурбек Шабданович
71. Макенбаева Бурул Джеенбековна
72. Максутов Бактыбек
73. Маматокторов Шайырбек Жусуевич
74.Мамбетакунов Калык Барыктабасович
75. Мамутова Светлана Калиевна
76.Мамырова Бөдөш Аманбаевна
77. Матмуратов Мухамадкарим Юнусович
78.Матубраимов Алманбет Матубраимович
79. Мирзакаримов Шеркозиджан
Мирзакаримович
80. Мойноков Алымбек
81. Молдогазиев Эркинтур
82. Молдогазиева Калия Сартбаевна.
83. Молдокасымов Орозбек Сатарович
84.Момбеков Сагынбек Джамакулович
85.Муралиев Амангелди Мурсадыкович
86.Мурзубраимов Бектемир
Мурзубраимович
87.Мурсабеков Исламбек Муратбекович
88. Муртазалиев Шамиль Муртазалиевич.
89. Мухамедов Валижан Юсупович
90. Нарозя Владимир Владимирович
91. Насыров Джамалдин Джамалович
92.Носинов Марс Умралиевич
93.Нур уулу Досбол
94.Өмүралиев Эрмек Социалович
95.Өмүралиев Эсенгул Касымович
96.Өмүрбек уулу Аныкбек
97.Орозалиев Шермамбет Тентиевич
98.Орузбаев Кубанычбек Кудашевич
99.Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич
100.Ошурахунова Динара Мажановна
101.Полатбеков Айбек Нугманбекович
102.Рахманов Азамат Сайдиллаевич
103.Рысалиев Иманкадыр Зарлыкович
104. Рыскулова Бурулсун Сатаровна
105.Рыскулова Бүбүсара
106.Cааданбеков Жумагул Сааданбекович
107.Сабиров Даврон Муратович
108.Сабиров Равшанбек Азатович
109.Савицкий Александр Васильевич
110.Сапаров Нуржан Абдиалиевич
111.Сарыгулов Дастан Исламович
112.Сейдакматова Жамал Сейдакматовна
113.Сеидов Рамазан Мамедович
114.Слензак-Бегалиева Зенона
115.Стамов Асанбек Стамович
116.Степанюк Александр Владимирович
117.Субанов Мырзакан Усурканович
118.Сулайманова Лира Сулаймановна
119.Сыдыков Үсен Сыдыкович
120.Сыйданов Кубанычбек Сыйданович
121.Тажибаев Абдували Таджибаевич
122.Тажибаев Абиджан
123.Ташматова Лариса Тодоровна
124.Темишов Базарбай
125.Токомбаев Тарас Алиевич
126.Токтосартов Акун Токтосартович
127.Токтошов Эмил Токтакунович
128.Төрөбеков Нурлан Надирович
129. Туманов Келдибек Туманович
130. Түмөнбаев Руслан Самаганович
131. Түмөнбаева Жаңыл Туменбаевна
132. Турсалиев Кенжебек Мамбетович
133. Турсунбаев Чыныбай Акунович
134. Уметалиев Эмил Сатарович.
135. Үркүнбаев Калыбек Сатарович.
136. Утиганов Ильхам Нигматович.
137. Цой Валерий Павлович.
138. Чокиев Турдубек Асанович.
139. Чотбаев Авазхан Жолдошевич.
140.Чыныбаев Адамкалый Чыныбаевич.
141. Шайбеков Исмаилжан Доолотбаевич
142. Шапиро Борис Моисеевич
143. Шарабидинов Алмазбек Абдыкадырович
144. Шарапов Закир Эшматович
145. Шерипов Нурлан Турганбекович
146. Шидакова Зухра Хаджимахмудовна
147. Шут Александр Сергеевич
148. Эгембердиев Табылды Бердигулович
149. Эшимканов Мелис Асаналиевич
150. Юлдашев Абдисалам Таирович