Интернет обзор

WWW дүйнөлүк булактары Кыргызстан тууралуу
WWW.CENTRASIA интернет булагы "Балдар рэкети-кыргыз мектептеринин мүшкүлү" деген аталыштагы макаласында "Эл пикир" коомдук бирикмесинин директору Эльвира Илибезованын маегин жарыялаган. Бул маселенин чоо жайын жакшы билген Элвира айым, быйыл ушул көйгөйдү изилдөө үчүн КМШга мүчө болгон Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан өлкөлөрүнөн чакырылган эксперт-консультанттардын катышуусу менен изилдөө жүргүзүлгөндүгүн айткан. Жумушчу топ Бишкек шаарынын ар кайсы райондорунан ар кандай шарттагы:

1. Өңчөй региондордон келген кыргыздар жашаган жаңы конуш мектептерин, 2. Шаардагы бардар үй-бүлөлөрдүн балдары окуган статустук мектептерди,

3. Типтүү жалпы билим берүүчү мектептерди талдоого алган.

Жыйынтыгында, биринчи эле балдар рэкетинин курмандыгы болуп, толук эмес үй-бүлөлөрдүн балдары, экинчи, башка балдарга кошула албаган б.а. жоро-жолдоштору жок жана жумшак мүнөз балдар дуушар болоору маалым болгон. Ошондой эле, Эльвира айым мындай көрүнүштөрдүн бар экенин ачык айтуудан мектеп администрациясы өздөрүнөн жогору тургандардан коркоорун белгилейт. Анын айтуусунда, мугалимдер жогор жактан жардам сурашса, жардамдын ордуна жумуштан айдоого чейинки административдик жаза алышаарын эң сонун билишет деп айткан.

WWW.INTERFAX булагы "Франция, Испания мамлекеттеринин аскер күчтөрүнүн "Манас" аэропортундагы жүк-ташуучу борборго жайгашуусу тууралуу келишим" жөнүндө жазат. Эскерте кетсек, буга чейин бул эки өлкөнүн аскер күчтөрү "Манас" авиабазасында жайгашып келген. Авиабаза "Манас" өзүнүн статусун өзгөрткөндөн кийин, Франция менен Испаниянын истребителдери жана аскер вертолеттору чыгарылган эле. Жаңы келишимге ылайык Франциянын персоналдарынын саны 40 кишиден туруп, май куюучу С 135FR маркасындагы самолету жайгашат. Ал эми Испаниянын аскер күчтөрүнүн так саны көрсөтүлбөгөн" деп белгилейт.

Даярдаган
Асылкан Шайназарова