Кыргыз гезиттери


п»ї
  Цирк "Оскары"

Монте-Карлодогу "Күмүш маскарапоз"
Карлик-өлкө Монаконун Монте-Карлосунда Эл аралык цирк өнөрү фестивалы (башкы сыйлыгы - "Алтын маскарапоз") жылына бир жолу өтүп, жеңүүчүлөр аныкталып турат. Аталган сынак цирктин чыныгы күйөрманы болгон князь Ренье IIIнүн каалоосу менен, 25 жылдык башкаруусунун урматына 1974-жылы негизделген. Ушул жылы 14-24-январда 34-болуп өттү. Бул жолу 20 мамлекет, 150 артист катышты. Биздин чеберлерибиз 2-орунду ээлеп, элин кубантты.

Сайттар "саясаты"

Тилекке каршы, айрым сайттарга биздин жигиттердин сыйлыгы жана сыймыгы Кыргызстанда эмес, Казакстанга таандык болуп жарыяланып кеткен. Жергиликтүү интернет-булактарынан башкасында: "Баш байге "Алтын маскарапоздун" бирине -- Кытай мамлекети ээ болуп, кийинки орун ээлери - Казакстан өлкөсү "Күмүш маскарапозго" татышты" деп жазылып турганына ичим туз куйгандай ачышты. Бул кандай, эл аралык аренада саясий салмагыбыздын жоктубу же чындап эле Кыргызстан менен Казакстанды айырмалай алышпайбы деп бушайман болдум.

Асабаны желбиретип жүргөн азаматтар...

"Күмүш маскарапоз" кубогунунун ээси, Кыргыз эл артисти, Кыргыз цирк труппасынын жетекчиси Манат Эшимбековдон Монакодогу эрдиктери тууралуу угуп келдим. Манат мырза: "Биз максатыбызга, өнөрүбүздүн бийик чокусуна жеттик" деп бекер айтпагандыр.
- Монте-Карлодо өтүүчү цирк боюнча дүйнөлүк чемпионатка чакыруу кагазын былтыр эле алганбыз. Татыктуу орунга ээ бололу деп максат кылып, катуу даярдык көргөнбүз. Жаш кезимден берки кыялым, жашоодогу тилегим орундалды десем болот. Кинотармагындагы эларалык сыйлыктын чокусу "Оскар" болсо, цирк чеберлери үчүн - "Алтын маскарапоз" сыйлыгы. "Талаада жалгыз жоокер, жоокер эмес" дегендей, ийгилик жалгыз меники эмес, труппаныкы болду. Алардын аттарын сыймыктануу менен атаар элем. Алар - Абдыналы Кыдыралиев, Бактияр Имакеев, Шайырбек Үмөткулов, Тимур Суеркулов, Талгат Закир уулу, уулум Марс Эшимбеков, жубайым Дилбара Эшимбекова жана мен.

- Кытай өлкөсү чындап эле өз өнөрү менен алдыбы же мамлекет саясаты салмактуулук кылып кеттиби?
- Бул фестивалда тартуу-басынтуу деген болгон жок, таза өттү жана орундар татыктуу берилди. Кытайлар чынында эле өз өнөрлөрүнүн күчү менен алышты. Укмуш трюктарды жасашты. Аны эми сөз менен жеткирүүгө болбойт, өзүң күбө болуп, көрүшүң керек.
- Интернет-сайттарда "Экинчи орунга Казакстан мамлекети ээ болду" деген маалыматтар козу карындай жайнап жүрөт. Мындай кабарды кандай кабылдадыңыз?
- Мен негизи көп нерсеге көңүл бурбайм. Алар атап койсо эле, казакстандык болуп калбайбыз да. Каныбыз, жаныбыз - кыргыз. Алтын болбосо да, күмүш чокуну багындырдык. Кыргызстан үчүн бул жаман көрсөткүч эмес деп ойлойм. Албетте, ийгиликтин чокусу ушул деп жатып албайбыз.
- Угушубузга караганда, 38 жылдан бери циркте келатыпсыз. Бул кесиптен эмне жоготуп, эмне таптыңыз?
- 1972-жылы, 17 жашымда циркке келдим. Ошондон бери көптөгөн ийгиликтерге жеттик. Европа боюнча 52 мамлекетти кыдырдык. Кыдыра элек үч гана мамлекет калды. Ал - Япония, Жаңы Зеландия, Австралия. Бул кесип ары түйшүктүү, ары оор. Өзүң менен кошо аттарды таптайсың, багасың, үйрөтөсүң дегендей. Далай жолу денеден жаракат алдык. Айыгып алып, кайра эле эл астына чыгасың. Айтор, бул кесип менен алпурушуп келатканыма, өзүңүз айткандай, 38 жыл болду. Жашоомдун өзөгүнөн орун алган кесибимден жамандык көргөнүм жок. Тапканым көп болду.
- Ушул кесипти тандап алганыңызга өкүнбөйт турбайсызбы?
- Эч качан өкүнбөйм. Айтпадымбы, бул - менин сүйүктүү кесибим. Цирктен башка ишти элестете албайм. Алгач циркке акробат болуп киргем. Эдуард Коченаттын "Осетинский" деген труппасы бар эле, ошолор менен ат үстүндө ойноп жүрдүм. Союзга кошулуп, труппа дагы таркады, ар ким өз мекенине кайтып кетти. Труппа негизи жок болуп кетпесин деп, айылдан таап, кээ бири өздөрү келип, жалаң кыргыз балдардан топ түздүм. Ат үстүндө ойноо өтө кыйын, ага чыдаганы калып, чыдабаганы кетти. Учурда 8 атыбыз бар. Азыр алар Болгарияда, ал жерде базабыз бар. Эки ай болду, эс алсын дегенбиз. Жакында сезон (апрелден октябрга чейин) башталат. Ал учурда кайсы мамлекет менен келишим түзсөк, ошол жакка барып, желегибизди желбиретебиз.
Ат үстүндөгү үй-бүлө

Манат Эшимбеков Сокулук районунун Арал айылынан, жубайы Дилбара Эшимбекова Жайылдын Жайылманынан болот. Бир уул, бир кыздын ата-энеси. Уулу - 25 жашта, кызы - 11 жашта. Көп тилде эркин сүйлөгөн уулу азырынча келиндүү кыла элек. Азыр Америкада эс алууда. Сезон башталганда атасы жетектеген топ менен өлкө кыдырат. Анын өнөрү бийиктикке тартылган зым үстүндө өтөт: бир дөңгөлөктүү шайтан арабаны ары-бери тээп, оңго-солго сальто атат. Жубайы Дилбара да ат үстүндө ойнойт. Бирок жигиттерге кошулбай, өз номери менен чыгат. Манат мырза анын сырын: "Номерлер бири-бирине окшош болбошу керек" деп түшүндүрдү.

12 адам менен 12 атты Америка эмнеге алып кеткен?..

Европага өнөрлөрү менен өздөрүн эле эмес, өлкөсүн да таанытып жүргөн кыргыз циркачтарына ырахматтан башка сөзүбүз табылбады. Жигиттер менен катар эле ат үстүндө ойногон кыргыз кыздары - Токтобүбү Төлөмүшова, Давлет Чокубаеванын жолун улаган Дилбар айымдан кыздар үчүн оор эле кесип болсо керек деп кызыксак, оордугу көнүмүшкө айланганда билинбей калат" дейт. Үйрөнүш үчүн, анын айтымында, алты айдан ашык убакыт талап кылынат. Айтылган убакытта анын даярдыгын көзөмөлдөгөн жолдошу толук даярсың деп айтса, "мына чыгам, ана чыгам" деп толкунданып, бирок репетиция учурунда жыгылып, ооруканага жатып чыгыптыр. Ошентсе да, жалтактап коркуп калган эмес. Айыккандан кийин эл алдына көрсөткөн алгачкы өнөрү менен тушоосу кесилгенин айтып күлдү. Эсинде калган окуялардан сурасак, көп экен. "Өзгөчө эсимде калганы 1999-жылы болду. Жолдошум Манат Америка менен келишим түзсө, алар атайын аскердик самолет менен келип, 1-салонуна 12 атты, 2-салонуна 12 адамды жайгаштырып, алып кетишкени эсимден такыр кетпейт " деп айтып берди.
Таланттуу үй-бүлөдөн катуу таасир менен кайттым. Таанымалдуулук алдык деп бой көтөрүшпөйт, ушуну кылып жатабыз деп доомат артышпайт. Болгону - сүйгөн кесиби менен өз элине кубаныч, сыймык тартуулап турганына сүйүнүшөт. Кудайым ушундан айрыбасын деп амандыкты тилеп, жөнөкөйлүктөрүнөн жазышпайт. А бизде алардын эмгегине ыраазычылык билдиргенден башка сөз табылбады.

Назира СААЛИЕВА

Р.S. Монте-Карлодогу сыйлыгы үчүн сыймыктанган ажобуз Курманбек Бакиев Манат Эшимкановду эртең, бүрсүгүнү кабыл алып, өз сыйлыгын тапшырганы турат. Андан кийин циркач үй-бүлө Болгарияга сапар тартышат.







кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
9-март, 2010-ж.:
1-бет
ӨКМӨТТӨ ДАГЫ "ӨСҮШ"!
2-бет
Өңчөй "өсүүдөгү" өкмөттүк отчет! Өп-чап жашаган эл…
3-бет
АКШ Баткенге да аскердик база ачат
4-бет
"Марттыгынан" жазбаган март айы
5-бет
Кылым карыткан бир жыл
6-бет
Аргасыз акция
7-бет
КОЖЕБЕРГЕНОВДУН "КОЖОЮНУ" КҮЧТҮҮБҮ?
8-бет
Кыйын кезеңдин карылары.
Ленинаны волонтерлор багууда

9-бет
Монте-Карлодогу "Күмүш маскарапоз"
10-бет
Мураталы ажы Жуманов,
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи:
"Пайгамбарыбыз төрөлгөн Раббиул аввал айында жашап жатабыз"

11-бет
САРЫМСАК ДАТКА
12-бет
Америкадан кайтуу
13-бет
Биздин бильярддагы киксы же дуплетпи...
14-бет
Ыр сүйгөн китепкөйлөргө










??.??