Кыргыз гезиттери


п»ї
  Намыс түтөп, ар түтөп...

Кыйын кезеңдин карылары.
Ленинаны волонтерлор багууда
Бир даанышман улууну улуудай көзгө илбеген мамилени кыйытып: "Баарынан кыйыны - күндө Адам болуу" деп көп айтчу экен. Анын сыңарындай, Коомдук парламенттин жыйынына чакыруу алган улуу курактагы ардагерлер үчүн азыркы бийликтин "чыдасаңар жашагыла, чыдабасаңар..." дегендей мамилеси бир тең болсо, Игорь Трофимов ("Айкөл Манас" коомдук фондусунун өкүлү) "карылар жашачусун жашады, ашачусун ашады" деген таризде айтылган кеби бир тең болду. Анын айтымында, "ардагерлер бийлик өкүлдөрү келип калса, ызы-чуу чыгарыш үчүн эле отурган" болуп чыгышты. Эгер "алдыда тандоо турса, карылардын ордуна өлкө келечеги - балдарды тандап алмак" экен.


Анын сөздөрү ызы-чуу кепти пайда кылса да, сөз алган ардагер карылар ачууну басып, акыл токтотуп, Телибай тентекке теңелишпеди. Аксакалдар Кеңешинин төрагасы, "мезгилди, адамдарды таанып жашайлы" деген кыязда, XII-XIII кылымдарда жашаган Кет Бука ырчынын ырларын мисал кылды.
"Салкын тоону кыян жууп,
Салт бузулат сак болгун!
Намыс түтөп, ар түтөп,
Нарк бузулат сак болгун!
Кара тилин калп тилип,
Калк бузулат сак болгун!

Калыс сөзүн айталбай,
Карт бузулат сак болгун!
Кулач күчүн соодалап,
Тул болосуң сак болгун!
Кудуреттүү элдерге
Кул болосуң сак болгун!".
Ал эми Кыргызстан ардагерлеринин төрайымы Валентина Житенева эки маселеге токтолуп, азыркы кыргыз бийлиги Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 85 жылдыгын белгилеп жатып, мамлекеттүүлүк башатында турган адамдардын көзү тирүү уул-кыздарын, маселен, Жусуп Абдрахмановдун кызы - Ленина Абдрахманованы чакырып коюшпаганына нааразыланды. 1936-жылы төрөлгөн, экинчи топтогу майып, өмүрүнүн көбүн заводдордо иштеген, "Кыргызстандагы" сегиз заводду бириктирип, "Ала-Тоо" бирикмеси деп койчу. Ошонун бири - Көк-Жаңгактагы заводду бүгүнкү өлкөнүн президенти Курманбек Бакиев башкарчу. Мени тааныйт" деп, бир учурдагы маегинде белгилеген Ленина апа көзү көрбөй, кулагы укпай, буту баспай, карып абалда. Совнаркомдун башына 1927-жылы 27 жашында келип, күндөлүгүнө: "Байкуш менин кыргыз элим, өлкөнүн тагдырын али өзүнүн сезими менен эсептеше албаган жаш балага тапшырды" деп, канчалык жоопкерчиликтүү кызматка аттанып жатканын жазган Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина бүгүнкү күнү волонтерлор алып келген дары-дармек, оокат-аш менен күн көрүп жатыптыр. Валентина Григорьевнанын айтымында, анын абалы тууралуу президентке, ЖК спикер Зайнидин Курмановго кат жолдошкон. Жарытылуу жооп болгон эмес.
Экинчиден, азыркы бийликтин көтөрүлгөн тарифти 200 сом компенсация менен жайкап-жаскайбыз дегени кылмышка тете дешти. Тиешелүү жарлык чыкканда, "бул жарлык менен улуу муунду жок кылуунун программасын ишке салдыңыз" деп президентке кайрылышкан. Алардын кайрылуусун жетишсиз сезген бийлик үчүн атайын кайрылуу баракчасын даярдашкан экен, элге жетсин, окушсун деп аманат кылышты.

Даярдаган
Салима Саалы кызы





  Жаңы конуш турмушунан

"Ынтымакта" мектеп, бала бакча жок...
"Ынтымак" жаңы конушунун астанасын аттап, бирок аталышы жазылган тактаны таппадым. Бул жаңы конуштун аты "Ынтымакпы" десем, "ооба" дешти. Анда тактаңар кайда илинген дегенимче, "апей, сен тактага ишенесиңби же адамга ишенесиңби ? Ынтымак жаңы конушуна кош келиңиздер деген тактабыз болбосо да Ынтымак деген кафебиз бар. Келген - кеткендер менен көпчүлүк ушул кафеден болжоп жолугушат. Мен да келинчегимди майрамдатып келе жатышкан кайын -журтту тосуп алайын деп ушул жерде турам" дейт. Жаңы конуш дегени менен көпчүлүк үйлөрдүн салынышы кошуна "Царское селодогудай" кабат-кабат экен. Бирок балдар бакчасы, мектеби жок бул конуштун тургундары менен маектешип кайттык.


Салтанат:
- Бул "Ынтымак" жаңы конушунда мектеп жок. СЭЗ Бишкектин балдар бакчасына балдарды өткөрүү абдан кыйын. Дайыма "орун жок, кечигип калдыңар" дешет. Бирин-экин акча табалы, балдарды багалы деп минтип дүкөн иштетимиш болгонубуз менен андан деле жарытылуу акча түшпөйт. Марттан баштап электр түнкүсүн өчүрүлбөйт дегендери менен өчүп эле атат. Бирөөнүн дүкөнүн ижарага иштетип атып, түнкүсүн бекитип кеткенден чочулап, шам жагып, сооданы жыргатат белек деп коём. Жакында эле кошунанын дүкөнүн түн ичинде тоноп кетишиптир. Минтип алган ижарабызды тонотуп жибергенден кудай сактасын деп отурабыз. Түнкүсүн свет болгону соода кылган мага гана эмес, баарыбызга эле жакшы болот эле.

Жаныбек:
Башка конуштарга караганда жумушка жакын деп ушул жакка ижарага чыккам. Кымбатчылыкта бала-бакыранын кийим -кечесине, күнүмдүк жашообузга тапканым араң жетет. Эптештирип ушул конуштан жер сатып алсам деп жатам. Болгону каражаттын жетишсиздиги жолтоо болууда. Утур балдар чоңойгон сайын, маселелери да, сураган акчалары да көбөйөт экен.

Ажар, мектеп окуучусу:
- Мектептен утур бир майрамга же дагы бир шылтоону айтып акча сурайт. Апамдан сурасам, акча жок, бүгүн- эртең деп кечигип, эжейден тил укканымдан да, классташтарымдан уялып атам. Үйдөгүлөр кийинки жылы башка мектепке которуласың деп атат. Атам болсо 9-классты аяктасаң, окубай эле биз менен соода кыласың дейт. Оюма койсо көнүп калган мектептен эле окуумду аяктасам жакшы болмок. Байкем университетте окуйт. Сенин короткон акчаң жогорку окуу жайларында да кымбат болот деп мага үйдөгүлөр айта беришет. Бирок менин окугум келет.
Каналбек:

- Кечкисин Ынтымак жаңы конушунда калуу коркунучтуу. Мынабу кабаттаган үйлөрдүн ар биринде торпоктой иттер бар. Балдар ойногонго атайы аянт жок деп жүрдүк эле, акыры ал да болду. Мектеп курулуп калса жакшы болот эле. Балдардын кай бири № 58 мектепке барса, дагы бири, шаарда, Жалда окушат. Жогору жактагы бийлик өкүлдөрү ушу жагын эске алса жакшы болчудай..

Азамат:

- Бул жердегилердин көпчүлүгү СЭЗ Бишкекте иштешет. Жамандаса эле СЭЗ Бишкекти айтышканы менен, ошол жактан нан таап жеп жатышпайбы. Орун жок болуп калбаса эле, балдар ушул бала бакчага барышат . Менин эки уулум ошо жерде тарбияланып жатат.

Кабаттаган үйлөрү бар, эч бир көйгөйү жоктой сезилген бул жердин да маселеси жок эмес . Шаарга жакын эмеспи, орчундуу маселе болгон, мектеби, балдар бакчасы курулуп калаар күндү күтө туралы.

Кундуз ИСМАИЛОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
9-март, 2010-ж.:
1-бет
ӨКМӨТТӨ ДАГЫ "ӨСҮШ"!
2-бет
Өңчөй "өсүүдөгү" өкмөттүк отчет! Өп-чап жашаган эл…
3-бет
АКШ Баткенге да аскердик база ачат
4-бет
"Марттыгынан" жазбаган март айы
5-бет
Кылым карыткан бир жыл
6-бет
Аргасыз акция
7-бет
КОЖЕБЕРГЕНОВДУН "КОЖОЮНУ" КҮЧТҮҮБҮ?
8-бет
Кыйын кезеңдин карылары.
Ленинаны волонтерлор багууда

9-бет
Монте-Карлодогу "Күмүш маскарапоз"
10-бет
Мураталы ажы Жуманов,
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи:
"Пайгамбарыбыз төрөлгөн Раббиул аввал айында жашап жатабыз"

11-бет
САРЫМСАК ДАТКА
12-бет
Америкадан кайтуу
13-бет
Биздин бильярддагы киксы же дуплетпи...
14-бет
Ыр сүйгөн китепкөйлөргө










??.??