"Кайда барба- Мамайдын көрү"

КОЖЕБЕРГЕНОВДУН "КОЖОЮНУ" КҮЧТҮҮБҮ?
"Кайда барба - Мамайдын көрү" деп турган мобу ит жыгылыш заманда акыйкаттык издеген адамдардан баш адашат. Кечээ редакциябызга калыстык издеген шоопурлар баш бакты. Алар иштеген Бишкек жүргүнчүлөр жана автоунаалар ишканасынын жетекчисинин акыйкатсыз мамилесине нааразы экендиктерин билдиришти. Айтымдарында армандары тоодой. Алардын өтүнүчтөрү боюнча териштирүү үчүн, аталган ишканага барып, журналисттик сурамжылоо жүргүздүк.


Нурлан ОМАРОВ,
35-маршруттун бригадири:
"Айлыктан кесип алышты"

- Мен Кытайдан автобус айдап келсем,. акысына 2 миң сом берип, кайра айлыктан кесип алышты. "Ар бир кесиптин түйшүгү бар" дегендей, биздин жумуш да өтө оор. Башка жумуш жок болгондуктан эле бу жерде чыдап жүрөбүз. Көйнөк, галстукка 600 сомдон кол коюп бердик. Эми өзүң ойлосоң, бул жерде өмүрү галстук тагынбагандар бар. Иш убактысында биз кээде жолдон токтоп автобустун алдына жата калып оңдойбуз. Анан баягы ак көйнөк капкара май болот. Анын эмне кереги бар десең. Айлыгым эч нерсеге жетпейт. Дагы жакшы, үйгө квартирант киргизип, оокат кылып атам. Акыркы күндөрү запчастка, соляркага акча кармап жатканы жанды кашайтты.

Замир МЫРЗАЕВ:
"Декабрдан бери айлык ала элекпиз"

- Шоопурлук кесипти аркалаганыма көп болду. Канча жерде иштедим, бирок, мындай акыйкатсыздыкка туш болгон эмесмин. Башында айлыкты убагында эле алып жатканбыз. Жакшы эле жетчү. Бирок, акыркы эки айдан бери балээ болду. Запчасттарга, ашыкча куюлган соляркага айлыктан кармайт. Шарт өтө оор. Декабрдан бери айлык албаганыбыз аз келгенсип, карыз болуп чыккандар да бар.

Сергей ЖУРАВЛЕВ:
"Кулча иштеп жүрөбүз..."

- Бул жерде шарт өтө оор. Анысы аз келгенсип, айлыкты да кесип салат. Мына, кечээ планды дагы көбөйтүп ташташты. Буга чейин галстук, көйнөк алып беребиз деп 600 сомдон чогултушкан. Өткөн айда бир тетикти алмаштырып, 4 миң сом кармап алышты. Кечке кулдай болуп иштеп, айлыкка келгенде эле эч нерсе калбай калат. Сурасаң тигиге кармадык, буга кармадык деп алакан жайышат. Биз кантип оокат кылабыз, билбейм. Таза болбой калганда, жумуштан чыкканга туура келет.

Бактыбек СУЛТАНБАЕВ:
"Кожоюну"
күчтүү деп угам"

- Мен бул базада өткөн жылдын июнь айынан бери иштеп жаткам. Кечээ планды көтөрдү дегенди угуп, арызымды жаздым. Айлык алып жатканда жаңы жылдын биринчи жана экинчи күндөрү эл жок болуп, айлыгымдан 2876 сом кыркып алышты. Эгер алар эки эле күнгө ушунча кыркса, анда пайда жок экен деп баса бердим. Запчасть алсак, ага кармайт. Солярка ашык кетсе, ага кармайт. Өткөн айда ашыкча куйган солярканын литрине 31 сом 15 тыйындан кармашыптыр. Айтор жашоо деле болбой калды. Өзүбүз болсо квартирада турабыз, анын кожоюну келип батир акысын сурап атат. Же менин жарытылуу тапкан тыйыным жок. Жетекчи составдын баарын орустан коюп алган. Толик Хуторной деген өндүрүштүн башчысы болсо, май куюучу жайга өзүнүн аялын коюп алган. Складда турган запчасттарды бере электе мойнубузга салат. Айдоочуларды киши катары көрбөйт. Анан айлыгыбыздан кол коюп берүүгө аргасыз болобуз. Кыргыздар болсо төмөнкү эшелондо гана иштейт. Бизди ит катарында дагы көрбөйт. Өзү мурда темир жолдо иштеп келген экен. Кожоюну күчтүү окшойт. Бишкектин мэри Нариман Түлеевдин ишенимдүү адамы деп угабыз.

Торубай ТОКСОБАЕВ:
"Айлыктан кармагандарына каршымын"
- Мен айлыкты алып жатканда тең жарымын кармап калышты. Эмнеге кармашкандарын сурасаң, болбогон шылтоолорду айтышат. Биздин сөзүбүз буларга сөз болбой калды. Түндө саат 2 де үйгө барабыз, таңкы төрттө кайра жумушка келмей. Шарт начар. Жетпей калган солярканын литрине 32 сомдон кармашты. А базарда 24 сомдон турат. Калганы каякка кетип атат? Премиальный дегенден дайын жок, анын эмне экенин да билбейбиз. Акча жок үйгө баргандан дагы заарканасың. Бир жолу аванс алганы кезекке турган шоопурларды "Бараны" деп ашата сөккөнүн угуп, жаныман түңүлдүм. "Мени 9 жылга чейин эч ким ордумдан козгой албайт. Силерди жердин түбүнөн болсо да таап алам" деп опурулмай адат таап алды. Аялымдан да уялып бүттүм. Балдарыма кийим алып бергенге акча жок. Таза болбой баратса, Россия кайдасың деп жөнөйбүз да.

Үрүстөм ТҮНТӨЕВ:
"Россияга кетип калышым мүмкүн"

-Бул жердеги эмгек шарты өтө эле оор. Гастарбайтерлердикинен да жаман. Кечкисин маршруткага жетишип калсак жакшы, жетишпей калсак үйгө түнкү саат 2 де жеткиришет. Эртең менен биз качып кете тургансып таңкы төрттө чогултуп кетишет. Анан ар жерге бир сүйөнүп, саат 7ге чейин акыйып күтүп отурабыз. Айлык жетпейт. Алгач келгенде шарт түзүмүш этишкен. Жаңы келгенде баары кызык болуп, кызыгып иштедик. Бара-бара директор өз билгенин жасай баштады. Арыз-муңубузду айтсак, "чыдасаңар иштегиле, чыдабасаңар эшик ачык, керек болсо тажиктерди алып келип иштетем" деп кагып койду. Анысы аз келгенсип баарыңар бир форма кийгиле деп иттин каргысындай кылып галстук тагып, көйнөк кийгизип коюшту. Ага дагы 600 сомдон бердик. Бир формага мажбурлагыдай бул жер концлагер эмес да. Анан момундай шартка чыдай албай калдык. Ден соолугумдан айрылып, айла жок арызымды жазып кетип атам. Бир топ жерге резюмемди таштап койдум. Ден соолугум жакшы болсо, Россияга дагы кетип калышым мүмкүн.

Кожоналы АЛИБАЕВ:
"Карыз болуп калыпмын"

- Жакында эле айлык алайын деп барсам, кайра 300 сом карыз болуп калыпмын. Канчадан бери акча күтүп отурган байбичем, балдарым эмне дейт, билбейм. Аларга айта элекмин. Өткөндө автобус айдап келебиз деп Кытайга барганбыз. Алгач 4 миң сомдон төлөп беребиз дешкен. Бирок келгенде эч нерсе беришкен жок. Жакында көйнөк, галстукка деп 600 сом айлыктан кармашкан. Мен таң калып атам, эгер булар 850 шоопурга ала турган болсо, анда оптом баада алышат да. Дүңүнөн эсептегенде арзан болмок, а булар олчойтуп 600 сомдон кармаптыр. Аны сурай турган киши жок.

Атын атагысы келбеген айдоочу төмөндөгүлөрдү айтты:
-Кожебергенов жаңы келгенде жөнөкөй, элпек киши болчу. Айлыкты 12 миңден төлөп, аны 15 миңге чыгарууга убада берген. Ал убададан дайын жок. Алгач "Жигули" минип келди эле, бир жарым жыл ичинде 2 "Лексус" минип калды. Бул акчаны кайдан тапты? Айдын этегинде бөлүнгөн 10 айлык которулса, андан да кармап отуруп, кайра 600 сомдон карыз болуп жатабыз. Аванс алууга барып, директорго кире албайбыз, баарын секретаршасы аркылуу чечет. Биз менен бетме-бет сүйлөшкөндөн качат. Ошол эле Индира аттуу башкы бухгалтер айым өзүн башкы директордой сезип, арызды тытып, эшикке кууп чыккан күндөрү болгон. 1-мартка чейин милиция кызматкерлеринен акча аласыңар, льготаны жойдук дегени менен алар автобуска түшкөндө акча төлөмөк тургай, кайра бизди суракка чакырышат. Кимисиники туура экенин алигүнчө биле элекпиз. Орточо эсеп менен ар бир маршруткага 700 сомдон планга кошуп, бизди карыз кылып жатат. Эгерде биз бул автобустарды арендага айдап жүрсөк, анда бардык чыгымдарды моюнга алмакпыз, бирок бул муниципалдык кызмат да. Бул унаалар Кожебергеновдун менчиги эмес да, туурабы?

Медет КОЖЕБЕРГЕНОВ Бишкек жүргүнчүлөр жана айдоочулар
ишканасынын директору:
"Биздеги шарт Союз маалындагыдай"

- Жогорудагы адамдардын пикирлерин толугу менен негизсиз деп эсептейм. Себеби ошол нааразы болуп жаткандардын көпчүлүгү акчаны уучтап кармап көнүп калган, маршруттук таксилерде иштегендер. Бизде чыдап иштегендер тээ союз убагында иштеп калгандар. Анткени биздеги түзүлгөн шарт ошол убактагыдай. Эгерде бардык эрежелерди сактап иштешсе, биздин эсеп стандарттуу түрдө баарына ылайыкталган. Албетте, акыркы күндөрү келип-кеткендердин агымы чоң болуп жатат. Себеби шаардагы линиядан алынган маршруттук таксилердин айдоочулары бул жакка келип, эркин жүрүп көнүп калган немелер биздеги бекем тартипке чыдабай кетип атышат.

(Уландысы 14-бетте)


(Башталышы 7-бетте)

Биздин адистер эсептеген норма менен автобустун тетиктерин чектелген тартипте беребиз. Солярка, тосол дагы ошондой. А булар болсо аялдамадан гана токтогондун ордуна, микроавтобус айдап жүргөнсүшүп, көрүнгөн жерден эле токтото беришет. Ал эми солярка баасын болсо, Транспорт министрлиги кандай чечсе, ошондой тартипте айлыктарынан кармайбыз. 1-марттан баштап планды көбөйттүк. Себеби өкмөттүн 2009-жылдын 22-декабрында чыгарган токтомунун негизинде бир катар жеңилдиктер алынып салынганына байланыштуу. Жогорудагы арыздангандар тартипке көнбөгөн шалаакы, солярканы сарамжалдуу кодонбостон тескерисинче уурдаган адамдар. Алардын айткандары толугу менен негизсиз деп эсептйм.

Жалгыз "акылдуу" Кожебергеновбу?
Сурамжылоого караганда өткөн жыл бул ишканадан болжолу менен 1800 шоопур арызын жазып кетүүгө мажбур болгон. Ал эми бул жерде бир убакта 850 айдоочу иштейт экен. Демек, бул өткөн жылы автобазанын айдоочулары эки жарым эсеге жаңыланды дегенди билдирет. Ал эми 1-март күнү айдоочулардын айтымында бир күндүн ичинде 45 адам жумуштан өз каалоосу менен кетүүгө мажбур болгон. Айтымдарына караганда өткөн жылдын сентябрь айында Кытайдан келген акыркы 185 автобустун ар биринин ичинде тагылган DVD, телевизор, магнитофондун баары дайынсыз кеткен. "Эгер ошонун баары автобустардын жүргүнчүлөрүнө арналып коюлганда, шаарыбыздын көркү болмок" дейт айдоочулар. Болуптур, Кожебергенов мырза айткандай булардын арасында "макоолор" менен "жалкоолор" бар дейли. Бирок ошол жумуштан кеткен 2 миңге чамалаш адамдын баары андай эмес да. Эмне үчүн айдоочулардын баары эле соляркабыз, тетиктерибиз жетпей калды деп чырылдашат? Баары тең айдаганды билишпейби? Баары "акмак" а жалгыз Кожебергенов акылдуу, ыймандуу, парасаттуубу? Албетте, мындай болуусу мүмкүн эмес. Коллективин чанып, акылдуусунган, жүздөгөн адамды көзүнө илбеген жетекчини теске салаар адам жокпу? Баарыбыз парасаттуу, чарбачыл, мыкты жигит деп мактап жүргөн Бишкек мэри Нариман Түлеев эмне үчүн жогорудагы жагдайларды көрмөксөнгө салат? Эгер өзүнүн кадыр-баркын сактап калгысы келсе, Бишкек жүргүнчүлөр жана автоунаалар ишканасына барып Кожобергеновдун мыйзамдан тыш аракеттерин териштирип, калыс жыйынтык чыгарганга дарамети жетээр. Же бардык маселени шакиртинин пайдасына чечип тим болобу, аны көрө жатаарбыз.
"46-автобуска түшө качып..."
Акырында белгилей кетчү жагдай, алгач ишкананын жетекчиси менен байланышуу үчүн барганыбызда оозунда турган күзөтчүсү кожоюну жок экенин, качан келээрин билбестигин, а түгүл кабылдаманын телефонун дагы бере албастыгын айтып, алакан жайган эле. Эки саатча күтүп, келбеген соң кетип калгам. Эртеси кайра барганымда айдоочулар директор 46-автобуска түшүп, мен барганда кайдадыр кетип калганын, мен кеткен соң кайра жөө келгенин айтышты. Ишкананын күзөтчүсүнө кайрадан барып Кожебергеновго жолугуу аракетим ишке ашпаган соң, башкы инженер Бондаренкого жолугуп чыкмак болуп ичине киргенимде директор өз ордунда болуп чыкты. Күзөтчүнүн директор бир жакка кетти дегени калп болуп чыкты. Орой сүйлөп, кагып-силкигени аз келгенсип, телефон менен бирөөгө (кыязы "крышасы" окшойт) чалып, "товарищ генерал" деп тамашалай саламдашты да, биздин гезитти сурап, андан ары менин кабарчылык күбөлүгүмдү алып, эч уруксатсыз "ксерокөчүрмө алып койчу" деп жардамчысына сунуп жатканда "менин уруксатымсыз андай кылууга акыңар жок" деп алып алдым. "Сенин журналист экениңе ишенбейм, мен текшертем. Эгер мындан ары бул жакка келчү болсоңор мэрия аркылуу уруксат алып келгиле"-деп оройлоно кагып-силкип коштошту. Кыязы, таянган тоосу күчтүү окшойт. Кабинетиндеги президенттин сүрөтүнүн ордуна Нариман Түлеевдин сүрөтү турганына караганда "шефи" экөөнүн мамилелери ысык окшойт. Алгач кабинетине киргенимде мени көзгө илбестен ар ким менен телефондон сүйлөшүп, мага: "Айта бер, эмнеге келдиң?" деп оройлонгону аз келгенсип "кожоюнуна" телефон чалып, мени текшерүүгө аракет жасаганы жанымды кашайтты. Баш аламандык өкүм сүрүп, бир адамдын өзүмбилемдиги чегинен ашып турган мындай бөрү заманда жетекчимин деп эле ар ким билген намазын окуй берсе болобу?

Адилет АЙТИКЕЕВ