Кыргыз гезиттери


п»ї

  Аргасыз акция

Ууру-кескилердин, коррупциячылардын чөнтөктөрүнө акча төлөөдөн,
ЖАҢЫ ТАРИФТЕРДЕН БАШ ТАРТАБЫЗ!!!
Ардактуу мекендеш!
Январдан тартып бийлик электр энергиясына, жылуулукка, жылуу сууга, ал эми марттан тартып, муздак сууга, канализацияга бааны бир нече эсе жогору көтөрдү! Жаңы тарифтер боюнча келген квитанциялар көбүбүздү дендароо кылды!
Бийлик кымбаттатуудан башка жол жок, эскирген жабдыктарды оңдогонго акча керек, Бишкек ТЭЦин түздөп иштетиш үчүн бөлүштүргүч компанияларды сатыш керек, деп моюн толгоодо! Ошол эле учурда өткөн айда улуу муундагы мекендештерибиздин күчү, таман акы, маңдай тери менен курулган, көп пайда алып келген ишкана - стратегиялык объект "Түндүкэлектрди" өкмөт итбекер (болгону 3 миллион долларга) сатып жиберди! Эми жарык үчүн акчаны мамлекетке эмес, жаңы пайда болгон Кожоюнга төлөшүбүз керек экенин билип койгула! "Кыргызтелеком" дагы "өз кишилерге" дээрлик текей менчиктештирилди. Мобилдик компаниялар дагы телефон чалууларга бааны көтөрдү. Шаардык стационардык телефондорго да ар бир мүнөт үчүн акы төлөө киргизилип жатат. Күндөлүк тиричилик өткөргөнгө акчасы жетпеген карыялар, жакыр адамдар коммуналдык кызматтар үчүн эми өмүрүн бергени эле калды! Баалар күндөн-күнгө өсүүдө, ал эми өкмөт тарифтерди июлда дагы бир жолу бир нече ирет жогорулатканга камынууда.

Жакырданган эл жаңы тарифтерди төлөгөнгө кудурети жетпейт, адамдарыбыз ансыз деле өлбөстүн күнүн көрүүдө, жаңы тарифтер үчүн эмнесин төлөйт?! Бийлик көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акча алып жаткан жок - электр чыңалуусу абдан төмөн, батареялар араң жылыйт. Биз мыйзамга ылайык кайра эсептеп чыгууну талап кылабыз!

Айылдарда врачтар менен мугалимдер компенсация катары кошумча беребиз деп ооз көптүрө жар салынган 200 сомду алигиче көрүшө элек.

К.Бакиев элдин каарынан чоочуп, өзүнүн түздөн-түз баш ийген адамына - уулуна тарифтерди так эсептеп чыгууга тапшырма берди. Тиричилик үчүн эң зарыл коммуналдык кызматтарга тарифтерди негизсиз көтөргөн адамдарды катуу жоопкерчиликке тартууга чакырабыз!

"Түндүкэлектрдин" кылмыштуулук, талап-тоноочулук менен менчиктештирилгенине, тарифтердин адамкерчиликсиз, көп эсе көтөрүлгөнүнө каршылык көрсөтүү иретинде каарман нарындыктардын жолун жолдоп, жаңы тарифтер боюнча төлөөдөн баш тарталы! Башыбызга мүшкүл түшүп турганда тилектеш болуп, биригели! Үй-үйүбүз менен, көчө-көчөбүз менен, айыл-дубандарыбыз менен - бүт өлкөбүз биригели!

2010-жылдын
17-мартында
Элдик курултайды уюштуруу комитети




ЖАҢЫ ТАРИФТЕРГЕ - ЖОЛ ЖОК!
АБИЙИРСИЗ БИЙЛИККЕ - ЖОЛ ЖОК!
"Элдик курултай өткөрүүгө Спорт сарайы да, филармония да берилбейт"
Жогорку Кеңештеги КСДПнын фракция лидери, Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрайымы Р. Отунбаева 17-февралда Элдик курултай өткөрүү үчүн Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайын 17-мартта ижарага берүү өтүнүчү менен Өкмөткө караштуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин жетекчилигине кайрылган эле. 26-февралда аталган мекеменин башчысы А. Керимкулов катка жооп кайтарды. Жоопто Спорт сарайында ал күнү "концерттик иш-чара" өткөрүү пландаштырылгандыктан, "өтүнүчтү орундатууга мүмкүнчүлүгү жок" экени айтылган.
Ошол эле 17-февраль күнү ошондой эле кат Мамлекеттик маданият агенттигинин жетекчиси И. Жунусовго да жөнөтүлгөн. Анда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын же Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын чоң залын берүү суралган. Улуттук филармониянын жетекчилиги 2-мартта өтүнүчкө жооп кайтарып, "ынтымак курултайын" өткөрүүгө байланыштуу ал күнү концерт уюштуруларын, демек, ижарага бере албай турганын билдирди.
Опера жана балет театрынан азырынча жооп боло элек. 17-мартта өтө турган Элдик курултайда өкмөт жүргүзүп жаткан азыркы социалдык-экономикалык саясатка, тариф саясатына, кыргыз элинин энчиси, байлыгы болгон объектилердин талап-тоноп, сатылып жатышына, Конституцияны өзгөртүү, мамлекеттик башкаруу реформасына, өлкөдө кеңири жайылып бараткан саясый репрессияга байланыштуу маселелер каралары күтүлүүдө.
КСДПнын басма сөз
Кызматы


Өкмөт сунуштайт...
Кыргызстандын камсыздандыруу тармагы:
бүгүн жана эртең
Кыргызстанда бүгүнкү күндө милдеттүү түрдө камсыздандыруунун түрлөрү жок. Эң башкысы жарандардын каалосу, ишеними жок. Ал эми өкмөт башчы Данияр Үсөновдун пикиринде, Кыргызстанда жарандардын үй-мүлкүн, керек болсо өмүрүн милдеттүү түрдө камыздандыруу жана алардын тарифтерин аныктоонун үстүндө иш алып баруу мезгили келип жетти.
Камсыздандыруу бул жеке жана юридикалык тараптарды күтүлбөгөн бөөдө кырсыктардан сактоо системасы. Ал үчүн өз өмүрүн, унаасын же кыймылсыз мүлкүн камсыздандыргысы келген адам камсыздандыруу компаниялары менен келишим түзүшү керек. Албетте, бул белгилүү бир өлчөмдөгү каражатты талап кылат.
Учурда Каржы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан сунушталган "Жарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруунун өлчөмүн жана тарифтерин бекитүү боюнча" токтом долбоорун өкмөт башчы Данияр Үсөнов жакшылап даярдоо керектигин айтып, мөөнөтүн 1-июлга чейин созуп койду.
Өкмөт башчынын пикиринде, эгер 1-июлдан тарта жогорудагы токтом кабыл алынып калса, анда өлкөнүн камсыздандыруу тармагында алга карай жылыштар болмокчу. Бирок, адистердин айтымында, андай жылыштар рыноктук механизмдер сакталып, мамлекет жеке секторлорго кийлигишпеген учурда жана таза атаандаштык камсыздалганда гана ишке ашышы мүмкүн.
Данияр Үсөновдун айтымында, негизинен коомчулуктун камсыздандыруу жөнүндө түшүнүктөрү жок. Мисалы, былтыр өлкө боюнча миңден ашуун адам жол кырсыктарынан набыт болушкан. Бирок, алардын эч кимиси камсыздандыруу компанияларынын кызматтарынан пайдаланышпагандыктан, бирөөсүнө дагы төлөмдөр камсыздалган эмес. Ошондой эле, Кыргызстан сейсмикалык жактан кооптуу аймакта жайгашкан, ар кандай табигый кырсыктан сактануу, алдын алуу дайыма эле мүмкүн боло бербеген өлкө болгондуктан, кыймылсыз-мүлктөрдү да камсыздандырууну өнүктүрүү зарыл экени түшүнүктүү. Ошондуктан, камсыздандыруу жаатында кеңири түшүндүрүү, уюштуруу иштерин жасоо боюнча өкмөттүн токтомун жайга чейин бүткөрүү тиешелүү органдарга тапшырылгандыгын өкмөт башчы төмөндөгүчө билдирди:
- Бул токтом расмий түрдө басма сөздө жарыялангандан кийин 15 күн ичинде күчүнө кирет. Муну көзөмөлдөө Каржы рыногун көзөмөлдөө кызматына тапшырылат. Андан тышкары, бул боюнча абдан чоң түшүндүрүү, уюштуруу иштерин жасоо керек. Мен бул тарифтерди биринчи июлдан тарта киргизүүнү сунуштайм.
Каржы рыногун көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Бакыт Закиров билдиргендей, ушул тапта милдеттүү түрдө камсыздандырууга кире турган камсыздандыруу түрлөрүнүн баалары аныкталууда. Анын айтымында, эгерде кийинчерээк авто унааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу ишке кирип калса, жол кире кымбаттабашы керек. Анткени, автоунааларды камсыздандырууга төлөнчү акча көп эмес.
Эгер жайдан тарта токтом долбоору күчүнө кирип калса, камсыздандыруунун төрт түрү милдеттүү болуп калмакчы. Алар:
1. Жумуш берүүчүнүн кызматкерлери алдында жоопкерчилиги
2. Жүргүнчүлөрдү ташуучулардын жоопкерчилиги
3. Кооптуу өндүрүш тармагындагы мекемелердин жоопкерчилиги
4. Кооптуу жүктөрдү ташуучулардын жоопкерчилиги боюнча камсыздандыруу түрлөрү.
Кыргызстанда көп жылдардан бери иштеп келаткан "НСК - Кыргызстан" камсыздандыруу компаниясынын генералдык директору Сейит Каныметовдун ырастоосунда, Кыргызстан камсыздандыруу жаатында башкаларды айтпаганда да кошуна өлкөлөрдөн кыйла артта калды. Маселен, Кыргызстанда камсыздандыруу боюнча азыр көтөрүлүп жаткан мыйзамдар Казакстанда он жылдан бери, Тажикстанда милдеттүү камсыздандыруу үч жылдан бери иштеп келет. Өзбекстанда да милдеттүү түрдө камсыздандыруу иштейт.
Кыргызстанда 19 жеке камсыздандыруу компаниялары иштегендигине карабастан, ушул кезге чейин милдеттүү түрдө камсыздандыруунун бир да түрү иштебей келет. Биз билгенден, "Кыргыз темир жолу" ишканасы"Ак-Жол" камсыздандыруу компаниясы менен иш алып барат. Анысын Орусия багытына сатылган ар бир билетке 150 сом өлчөмүндө камсыздандыруу полисинин кошо сатылышынан байкаса болот. Бул маселенин бир тарабы. Экинчи тарабында жеке болобу, мамлекеттик болобу, камсыздандыруу компанияларынын жоопкерчилиги турат, б.а. камсыздандыруу төлөмдөрүнө ким гарант болот? Бул жаатта мамлекеттик көзөмөлдүн деңгээли канчалык?
Камсыздандыруу боюнча адистердин айтымында, Кыргызстанда бул тармактагы негизги кемчиликтер - кадрлардын жетишпестиги жана коомчулуктун жогорудагы суроолор боюнча түшүнүгү начар экендиги. Андыктан, камсыздандыруу боюнча адистерди даярдоочу институт түзүү зарыл.

Асылкан Шайназарова








кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
9-март, 2010-ж.:
1-бет
ӨКМӨТТӨ ДАГЫ "ӨСҮШ"!
2-бет
Өңчөй "өсүүдөгү" өкмөттүк отчет! Өп-чап жашаган эл…
3-бет
АКШ Баткенге да аскердик база ачат
4-бет
"Марттыгынан" жазбаган март айы
5-бет
Кылым карыткан бир жыл
6-бет
Аргасыз акция
7-бет
КОЖЕБЕРГЕНОВДУН "КОЖОЮНУ" КҮЧТҮҮБҮ?
8-бет
Кыйын кезеңдин карылары.
Ленинаны волонтерлор багууда

9-бет
Монте-Карлодогу "Күмүш маскарапоз"
10-бет
Мураталы ажы Жуманов,
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи:
"Пайгамбарыбыз төрөлгөн Раббиул аввал айында жашап жатабыз"

11-бет
САРЫМСАК ДАТКА
12-бет
Америкадан кайтуу
13-бет
Биздин бильярддагы киксы же дуплетпи...
14-бет
Ыр сүйгөн китепкөйлөргө










??.??