Кыргыз гезиттери


п»ї
  Таш бака кыбырайт, а өмүр зымырайт, зымырайт...

Кылым карыткан бир жыл
Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун үстүнөн болгон сот процесси аягына чыгуусу күтүлүүдө. Сот кандай өкүмүн чыгарат, ага бүгүн күбө болоорбуз. Айталы дегенибиз - кылым карыткан бир жыл аралыгында экс-министрдин башынан не деген гана сыноолор өтпөдү. Бирок, айрымдарчылап ары-бери урунбады. "Буга чейин мамлекет үчүн иштедим, мындан ары да мамлекет үчүн иштейм" деген принцибинен жанбады. А чынында А.Жекшенкуловду мыкты дипломат, өз ишинин профессионалы экенин аркы жээги да, берки жээги да тана албас. Кечээкиден бери айтсак, март революциясынан кийин келген жаңы бийликти тышкы өлкөлөргө таанытууга зор салымын кошкон. Кийин Хипк маселесинде өз көз карашын билдирип, аягына чейин турган. Азыркы күнөөлөнүп жаткан иштеринин бири болгон ТИМдин имаратын жасалгалоо иши да Саммит алдында өлкөнүн аброю үчүн жасалганы, ал тургай убагында Бакиев өзү барып ыраазы болгону коомчулуктун эсинде. Кийин "Акыйкат үчүн" кыймылын түзүп, чачырап калган оппозиция үчүн да чоң эмгегин жасаганын, андагы санаалаштары деле тана албас.
Дал ушул дипломаттык туруктуулугу эл оозунда айтылып, жаңы жыл алдында окумдуулугу күчтүү делген беш эркин басылма "Жылдын адамы" деген жогорку номинацияны беришти. Буларды эскергенибиз, Кыргыз мамлекетинде кайсы бир топ үчүн эмес, жалпы өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн күрөшө алган Жекшенкулов сыяктуу азаматтарыбыз бар экенине күбө болуп отурганыбыз.
Айтмакчы, бүгүн саат 11:00дө А.Жекшенкулов процесстеги акыркы сөзүн сүйлөйт.

Академиктин чындыгы
Акыркы күндөрү бел оорусунан жабыр тартып жүргөн академик А.Эркебаев абалынын андай экенине карабай, Алайга барып келди. Эли менен жолукту. Акыйкатын алдырып отурган жердештери менен ачык сүйлөшкөнүн, алайлыктар элдик курултайды колдошоорун, анысын борбордогу чоң жыйында жар салды.

Прогрессивдүү күчтөр, бириккиле!
Учурда Бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева айым алакандай машинесин айдап алып, азыркы бийликтин саясатын катыра сындап, ал тургай коомчулуктан кол топтоп жүргөн кези. Коомдук парламенттин отурумунда "баардык прогрессивдүү күчтөр бириккиле"- деп чыкты...

Президент кокус бирдеме болуп кетсе, өлкөнү ким башкарат?
Бул суроо бүгүн Кыргызстандын оозун о-оо "ошол жакты" каратып жаткан кез. Ак үйдүн азыркы аракети боюнча "моссовет", опей "госсовет" дегени аныктайт деп жатышат, буга чейин бул маселе 52-беренебизде башкалардыкындай эле бакыйып жазылып турганына карабай.
Мисалы, кечээки шайлоосу менен тамшандырган Украинада президент кокус бирдеме болуп кетсе, өлкөнү убактылуу премьер-министр башкарат делет. Кошуна Казакстанда мажилистин төрагасы, ал болбосо премьер-министр башкарат десе, Латвияда Сеймдин төрагасы, алтургай "галстугун жеген" Саакашвили башында турган Грузияда парламент төрагасы, ал болбосо премьер-министр убактылуу жетектектейт деп көрсөтүлгөн. Ал эмес диктатура орноду деген Түркмөнстанда президенти бир нерсе болсо, өлкөнү министрлер кабинетинен бир министр убактылуу башкарат жана ал шайлоого катышпайт деп жазылган.


Келме кезекпи?
Украина шайлоосу бир жаңсыл болуп, Москвага ыктайт деген Януковичти куттуктоолордун аягы бүтө электе, дагы бир окуя болуп өттү. Ал кечээ жакында В.Путиндин "Бирдиктүү грузин оппозициясынын" лидери Н.Бурджанадзе менен болгон жолугушуусу болду. Муну айрым эл аралык серепчилер "Орустар жоготкон менен чачылгандарын жыйнап жатышат" деп чечмелеп жиберишти. Бул жолугушуу кимдир бирөөлөр үчүн чоң сигнал болушу мүмкүн дешет, кыргыз элитасы.

Бүтүүнүн башталышы
Абал "март" жыттанып турат. Кыргызстан бүгүн чынында эле оңго же солго деген эки айрылыш жолдун алдында калгандай. Бул туурасында "Элдик Кеңеш" кыймылынын кыймылдатып аткандардын бири Мукар Чолпонбаев минтет: "Биз бүгүн акыркы аялдамага келдик. 16 жыл бою курулган иш бурчка такалды" дейт. Экс-спикердин айткан сөзүнүн маңызы, 93-жылкы Конституцияга кайтып бармайын Кыргызстан өнүгө албайт деген ойду каңкуулап тургандай.
Андан айырмаланган БЭК кыймылынын "моторлорунун" бири Топчубек Тургуналиев "Ак үй Ынтымак курултайын өткөрөбүз деп бизге чоң мүмкүнчүлүк жасап берди. Бүгүн дагы бир ирет чогулуубузга, биригүүбүзгө шарт түзүп жатат" - дейт.

Биринчинин кызы...
Жусуп Абдрахмановду кимдер гана билбейт. Өткөндө филармонияда Кыргыз автономиялуу республикасынын 85 жылдыгын белгилеген жыйында ажо Бакиев да ал киши жөнүндө аябай эле эскерди. Сыймыктанды.
Азыр ошол улуу инсандын карачечекей кызы Ленина Жусупова кароосуз калган. Көзү жакшы көрбөйт, кулагы толук укпайт, мамлекет көрмөксөн. Парадокс...


Нурдин АСАНОВ





кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
9-март, 2010-ж.:
1-бет
ӨКМӨТТӨ ДАГЫ "ӨСҮШ"!
2-бет
Өңчөй "өсүүдөгү" өкмөттүк отчет! Өп-чап жашаган эл…
3-бет
АКШ Баткенге да аскердик база ачат
4-бет
"Марттыгынан" жазбаган март айы
5-бет
Кылым карыткан бир жыл
6-бет
Аргасыз акция
7-бет
КОЖЕБЕРГЕНОВДУН "КОЖОЮНУ" КҮЧТҮҮБҮ?
8-бет
Кыйын кезеңдин карылары.
Ленинаны волонтерлор багууда

9-бет
Монте-Карлодогу "Күмүш маскарапоз"
10-бет
Мураталы ажы Жуманов,
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи:
"Пайгамбарыбыз төрөлгөн Раббиул аввал айында жашап жатабыз"

11-бет
САРЫМСАК ДАТКА
12-бет
Америкадан кайтуу
13-бет
Биздин бильярддагы киксы же дуплетпи...
14-бет
Ыр сүйгөн китепкөйлөргө










??.??