Кыргыз гезиттери


п»ї

  Оо, анда көктөм эле, көктөм эле...

"Марттыгынан" жазбаган март айы
Марттын ортосундагы кош курултай жакындаган сайын, "тарыхый маанилүү дата" статусун алдырып, календарь бетиндеги кызылы качып, 24-мартыбыздын кунары кетип барат. Биз билгенден оппозиция курултай үчүн ниеттенген үч жайдын (экөөсү - Спорт ордосу, Опера жана балет театры эле, бирок жай тандоо укугун Нариман Түлеев атайын токтому менен кайра эле ооздуктап жатыптыр) бири - Филармонияда майрамдык даярдык жүрүп жатат. Мындайда "Ыңкылапка чейинки жашоодон кийинкиси" оорлогон учурда кайсы жетишкендикти майрамдайбыз деген суроону жаратып, ой менен санаа өтө күлүк келет экен.


Эсте калган саясий окуялар
Соңку беш жылдын "...кийинки" тарыхы март айында башталгандыктанбы, деги эле жаз айы саясий окуялуу марттыгынан жазбады. Эмнелер болуп, кандай аяктаганы эл эсинде жакшы эле сакталуу. Бирок жадымда 2009-жылдын марты өзгөчө калыптыр...

21 бычак урулуп...
Алсак, 3-мартта "Репортер-Бишкек" гезитинин саясий баяндамачысы Сыргак Абдылдаевдин денесине жыйырма бир бычак урулган, кабырга, каруусу сынган кол салуу болгон. Тоноо максатында эмес, журналисттик ишмердиги үчүн. Жакшы билгендер ошол учурда дайындары билинбей жаткан депутат Руслан Шаботоев менен депутат баласы Амиржанов Бахтиярга байланышкан жеке иликтөөлөрүн башкы себеп деп көрсөтүп чыгышкан. Акыры "ошол мандемдер" Сыргакты Швециядан баш калка тапканга аргасыз кылды...

"Калат..., калба-айт..., ка-а-лат"
Эртеси, 4-мартта, Москвага барган февраль айында "АКШ базасы чыгарылат" деп, 300 млн насыя, 150 млн грант, Камбар-Ата ГЭСи үчүн 1 млрд 700 млн доллар насыя маселесин чечип, 193 млн доллар карызыбыздын бир бөлүгүнө "Дастан" ишканасынын 48 пайыз акциясын ыйгарып келген ажобуз "АКШ менен сүйлөшөбүз" деп Би-Би-Сиден жарыя салды. Азыркы оюндардын көшөгөсү ошентип ачылган...

Тоголонгон тогуздар...
2007-жылдын 9-декабрында Талас шаарында Четин Сервет деген түрк ишкери белгисиз бирөөнүн огу жаңылып каза тапкан. Ал боюнча жүргөн иликтөө-тергөө амалдары тиешеси бар экенин качан аныктаганын ким билсин, 2009-жылдын 8-марты дем алыш күнгө туш келип, Эмгек Кодекси боюнча кийинки күн эс алуу күнү болгонуна карабай, 9-мартта Аликбек Жекшенкулов камакка алынган. ИИМ маалыматы боюнча, бир учурда "мөөр чапталып текшерүүгө алынган "Аликбек мырзанын тапанчасы үч ирет - эки жолу Кыргызстандан, бир ирет Казакстандын Астанасында экспертизадан өтүп, үчөөндө тең түрк ишкерине жаңылган ок анын тапанчасынан чыккандыгы тастыкталган. Ага кошумча 690 миң сом - министрликтин жука каалгаларын калың каалгаларга алмаштырууга натуура чыгымдалган деген айып тагылган... Айтор, бул иштин сот тарабынан жыйынтык алалбай келатканына туура бир жыл болду...

13-март, жума күн...
Ушул күнү, Бишкек-Жылуу-Булак жолунун 25-чакырымында, расмий корутунду боюнча, "Лексус-570" жана "Ауди-100" автоунаалардын кагылышында үч адам каза болду. Алар - Медет Садыркулов, анын айдоочусу Кубат Сулайманов жана Эларалык стратегиялык иликтөөлөр институтунун мурунку жетекчиси Сергей Слепченко болуп чыккан. Ал автожол кырсыгынын көп сыры табышмак бойдон калып, аларды каккан, өлүмгө дуушар кылган "Аудинин" айдоочусу Өмүрбек Осмонов күнөөлүү деп табылып, соттолду.

БЭК митинги жана ажо шайлоо...
Бириккен элдик кыймыл (БЭК) 2009-жылдын 27-мартына белгиленген, учурдагы бийлик системасынын адам жана жаран укуктарына карама-каршы келген иштерине нааразы митингин жарыя кылып жаткан. Ага улай эле Конституциялык сот президенттик шайлоо ошол жылдын 25-октябрына чейин өтүшү керек деген чечимин токуп салды... Учурдагы саясий жагдайларды пайда кылган саясий кадамдардын алгачкысы ташталды...

Айтылды, шайланды...
Коомчулук кабардар кылынган ажо шайлоосу 23-июль жай аптабында өттү. Коомдук парламенттин 3-марттагы жыйынында Ак үйдүн жалгыз өкүлү Турсунбек Акун айтмакчы, "шайлап алдык, кимге доомат артабыз". Бирок өлкө Акыйкатчысы эл кимге ишеним артып, ким шайланып алганын жакшы билсе да, ушул кепти айтты...


Кыскасы...
Өткөн март менен бүгүнкү марттын ортосунда Кыргызстан ички-тышкы саясатта таптакыр өз жүзүн жоготуп бүттү дешет саясий серепчилер. Акыркы учурда коомчулук талкуусунан түшпөгөн Курманбек Бакиевдин "Жаңы багыт" реформалык курсунун туундусу катары бааланып жаткан: өлкө Конституциясына киргизилгени жаткан оңдоо-түздөөлөр, бийлик бутактарындагы укук-милдет балансы, жаңы түзүмдөрдүн мыйзамдуулугу, тарифтердин көтөрүлүшү, тариф саясаты, стратегиялык объектилердин сатылышы, саясий репрессия жана террор - учурдун курч маселелери 17-мартта Элдик Курултайдын күн тартибине коюлат. Бирок Лениндин: "Массага жетмейинче жыйынтык болбойт" деп туура белгилегени бар. Дегеним, талкуулана турган маселелер коомчулук канчалык жетти, эл ишеничи канчалык деген өңүттөн баам салсак, элдин көбү өз башына түшкөн кыйынчылык үчүн гана нааразылыгын билдирип жатат. Бирок, Башмыйзамга киргизилип жаткан өзгөрүүлөр парламентте талкууланып жатканда бир да сөзү өзгөртүлбөй (президенттик кеңешме тез эле мамлекеттик болуп калбай); сунуш кылынган өзгөрүүлөрдүн бирөө өтпөй калса, мыйзам боюнча Жогорку Кеңеш ал маселеге бир жылдан кийин гана кайрылышы керек экенине карабай, чечилиши ыкчамдатылган ыкмага салынып жатышы ар бирибизди ойлондурушу керек.
Ал эми бийлик болсо 23-24-мартта Ынтымак курултайына чакырып жатат. Алдыда 21-март - Нооруз, жаңы күн. Жаңы күн бизге качан келээр экен?..

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы







кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
9-март, 2010-ж.:
1-бет
ӨКМӨТТӨ ДАГЫ "ӨСҮШ"!
2-бет
Өңчөй "өсүүдөгү" өкмөттүк отчет! Өп-чап жашаган эл…
3-бет
АКШ Баткенге да аскердик база ачат
4-бет
"Марттыгынан" жазбаган март айы
5-бет
Кылым карыткан бир жыл
6-бет
Аргасыз акция
7-бет
КОЖЕБЕРГЕНОВДУН "КОЖОЮНУ" КҮЧТҮҮБҮ?
8-бет
Кыйын кезеңдин карылары.
Ленинаны волонтерлор багууда

9-бет
Монте-Карлодогу "Күмүш маскарапоз"
10-бет
Мураталы ажы Жуманов,
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи:
"Пайгамбарыбыз төрөлгөн Раббиул аввал айында жашап жатабыз"

11-бет
САРЫМСАК ДАТКА
12-бет
Америкадан кайтуу
13-бет
Биздин бильярддагы киксы же дуплетпи...
14-бет
Ыр сүйгөн китепкөйлөргө










??.??