Кыргыз гезиттери


п»ї
  Ак терек, көк терек

АКШ Баткенге да аскердик база ачат
Кыргыз бийлигинин саясатына түшүнүп болбой калды. Эми мурда ОДКБнын алкагында Орусиянын базасы жайгашат деп келген түштүк аймагына АКШнын антитеррордук окуу борбору ачылат. Азырынча, анын так орду белгисиз болгону менен ал Баткен аймагына орун алышы мүмкүн.
Орусиялык эксперттер,эгер ОДКБдагы союздаштар менен маселе так чечиле электе, АКШнын базасын ачып жиберүү кыргыз бийлигинин чоң катачылыгы болоорун айтып жатышат.
Ошол эле учурда, Манас аба майданындагы "Ганси" аскердик базасы дагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында келишими узартылмай болду.
Ал тууралуу маалыматты, Орто Азия аймагын жакында эле түрө кыдырып кеткен Барак Обаманын Пакистан жана Афганистан боюнча атайын өкүлү Ричард Холбрук билдирди.

  Жашыруун сапар

"адатпы же оорубу"
Өлкөнүн президенти Курманбек Бакиев Германияда дарыланып жатат деген такталбаган маалыматтар пайда болгон. Анын чындыкка жакын экени 6-мартта филармонияда өткөрүлгөн салтанатта байкалды.Анда президенттин атынан куттуктоо сөздү Данияр Үсөнов сүйлөдү. 2008-жылы өлкө башчыбыз бир нече жумага дайынсыз болуп кеткенде да ушундай эле маалымат тарап, "көзү жумулуп кетиптир" деген деген ушак-сөздөр да чыккан эле. Ошондо да Германиядан дарыланып келген. Германияга барып келүү бул чын эле президенттин ден-солугунан уламбы же башка сыры барбы?
Ким билет, балким президенттин саясий технологдорунун арасында мунун сырын билгендери бардыр? Бул сасий технологиянын бир методу экенин да жокко чыгара албайбыз. Андай болушу да толук мүмкүн.




  Нааразычылык акция

Эртең нарындыктар кайрадан көтөрүлөт
Нарын облусу "Электр энергиясын арзандатуу боюнча түзүлгөн демилгелүү топтун" жетекчиси Эркин Асаналиев кечээ кабарчыбызга Нарындан төмөнкүлөрдү билдирди:
- Эртең, 10-мартта, саат 11де мындагы стадиондо нарындык жарандар кайрадан митингиге чыкканы даяр турушат. Нарындыктардын нааразылыгын угуп, биринчи вице-премьер Акылбек Жапаров, ЖК вице-спикери Кубанычбек Исабеков келип кетти. Бирок алардын келишинен эч кандай деле натыйжа чыгаары байкалбайт. Нарындыктар "бизге электр энергиясынын кымбатташына карата субсидиялардын кереги жок, электр энергиясынын акысын мурдагыдай 70 тыйын боюнча калтыруу талабын коюп жатышат. Жогорку Кеңеште каралып жаткан, жаратылышы катаал тоолуу аймактарга бөлүнүүчү кошумча 50 пайыз жөлөкпулду калтыруу маселесин козгошмокчу".
Аталган демилгелүү топ азырынча 23 кишиден турат. Каалоочулар азыр да кошулуп жатышат.
Белгилеп кетүүчү нерсе - бул нааразылык акциясына бюджеттик уюмдарда иштегендер - мугалимдер, врачтар ж.б. кошулууда. Жергиликтүү бийлик мектептерди окуудан бошотуп, алдын ала жаап, митингиге катышууга бут тосуп жатат деп билдирди демилгелүү топтун жетекчиси Эркин Асаналиев.




  Чакырык

Алайдын айбаты катуу
Гүлчөдөгү митингде президент К. Бакиевге 8 жылга кесилген генерал Исаковду актап, эл көзүнчө кечирим суроого 15-мартка чейин мөөнөт берилди жана эгер ушул акыркы сураныч аткарылбаса, Ошко, андан ары Бишкекке карай жөө жана атчан жүрүш башталаары жарыяланды.
- Адилетсиз сотторго - наалат!
- Акыйкатсыз судьялар жазалансын! -
- Алай районунун акими Алмазбек Осмонов токтоосуз кетсин!
- Ош облус губернатору Мамасадык Бакиров токтоосуз кетсин! -деген талаптар бир нече ирет жаңырды.

- Биринчи, элдик генерал Исмаил Исаковдон эл көзүнчө кечирим сурап, аны бошотуу президент Бакиевден талап кылынсын! Экинчи, өлкөнүн Конституциясын одоно түрдө бузуп, адам укуктарын тебелеп-тепсегендиги жана жалган жалаа жаап, Исмаил Исаковду адилетсиз соттогондугу үчүн Бишкек гарнизондук жана республикалык Аскер сотунун судьялары жазалансын! Үчүнчүсү, тынчтык акциясынын катышуучуларынын жогорудагыдай талаптары 15-мартка чейин аткарылбаса, анда Алай эли Ош шаарына, андан ары Бишкекти карай жөө жана атчан жүрүштү баштайбыз!
Алай райондук революция комитетинин жетекчилигине шайланган Айтпай Жээналиев аталган талаптар 15-мартка чейин аткарылбаса, мекендештери бийликке массалык баш ийбөө жарыялашаарын эскертти.


  Тараза ташы

Жаныш Бакиев сүйүнүп жатабы?
Өлкөдөгү абал курчуп, бийликтин саясатына каршылык көрсөткөн, нааразы болгон калктын саны өскөн сайын "үй-бүлөнүн" ичи дагы тынч эмес. Президент Курманбек Бакиев Германияга дарыланууга кеткен десе, дагы бирөөлөрү Максим Бакиевдин пландары ишке ашпай, кабагы өтө эле салыңкы экендиктерин айтышууда. Бул жагдайда Жаныш Бакиевдин гана аракети табышмак. Билгендердин айтымында, ал акасы менен үкасынын жогорудагы абалына тымызын сүйүнүп жатыптыр. Анын да себеби бар. Буга чейин Максим менен Жаныштын тиреши жөнүндө көп эле айтылып келген. Азыркы жагдайда ата-баланын кадырынын кетиши менен тараза ташы Жанышка ооп баратат дейт.


 "Электрошок"

Сары түстүн мезгили
11-14-март аралыгында жарандардын социалдык-экономикалык укуктарын коргоо максатында Бишкек шаарында автоунааларга, бак-шакка, кашааларга, эшиктерге, сумкаларга сары тасма илүү акциясын, Горький скверинде "Электрошок" концертин уюштуруу болжолдонуп жатат.
"220 кыймылы" бул иш-чараларды электр кубатына, жылуулукка тарифтерди төмөндөтүүнү колдогондор жана мамлекеттик маанилүү ишканалардын сатылышына каршы болгондор үчүн уюштурууда.


  Кырсык

Кочкордогу жер титирөөдөн каза болгондор да барбы?
Жакында Кочкордо 6,3 баллдык жер титирөө болуп өттү.Силкинүүдөн менчик үйлөр, окуу, өндүрүштүк, коомдук объектилер жабыр тарткан. Бирок, табият кырсыгынан каза болгондор тууралуу расмий маалымат берилген жок. Бирок, "Forum.kg" интернет булагынын маалыматы боюнча жакындагы жер титирөө ондогон кишинин өмүрүн алып кеткен. "Ал адамдар жер титирөөнүн болоорун алдын ала билгенде, аман калат беле. Жер титирөөнүн прогнозу ӨКМдин уруксатысыз айтылбайт. Балким жер титирөөнүн болушу, бир гана табият кырсыгынан эмес, америкалык базанын жайгашканынан да болуп жаткандыр. Себеби, алардын ишмердигин эч ким көзөмөлдөбөйт" деп жазат аталган интернет булагы.

"Назар-Пресс"





кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
9-март, 2010-ж.:
1-бет
ӨКМӨТТӨ ДАГЫ "ӨСҮШ"!
2-бет
Өңчөй "өсүүдөгү" өкмөттүк отчет! Өп-чап жашаган эл…
3-бет
АКШ Баткенге да аскердик база ачат
4-бет
"Марттыгынан" жазбаган март айы
5-бет
Кылым карыткан бир жыл
6-бет
Аргасыз акция
7-бет
КОЖЕБЕРГЕНОВДУН "КОЖОЮНУ" КҮЧТҮҮБҮ?
8-бет
Кыйын кезеңдин карылары.
Ленинаны волонтерлор багууда

9-бет
Монте-Карлодогу "Күмүш маскарапоз"
10-бет
Мураталы ажы Жуманов,
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи:
"Пайгамбарыбыз төрөлгөн Раббиул аввал айында жашап жатабыз"

11-бет
САРЫМСАК ДАТКА
12-бет
Америкадан кайтуу
13-бет
Биздин бильярддагы киксы же дуплетпи...
14-бет
Ыр сүйгөн китепкөйлөргө










??.??