Кыргыз гезиттери


п»ї
  Ой тобо-оо!

Өңчөй "өсүүдөгү" өкмөттүк отчет! Өп-чап жашаган эл…
Жылдан-жылга "өсүүнүн" гана үстүндө келаткан өлкөбүздүн өкмөт башчысы Данияр Үсөнов жарыялаган өткөн 2009-жылдын жыйынтыгы анчалык таң калууну жараткан жок. Себеби, дайымкыдай эле "өсүүнүн" гана үстүндөбүз. Жада калса, АКШ, Европа баш болгон дүйнөлүк державалар, алыска барбайлы, Орусия, Казакстан төш болгон бизден бир тепкич болсо да жогору турган (экономикалык жааттан алып караганда) бир топ өлкөлөр жабыр таркан "Дүйнөлүк экономикалык кризистин" таасири быйыл деле бизге тийбептир. Кандай ырыс-туу өлкөдө жашап жатканыбызга шүгүр дегенден башка арга жок. Кудум СССР кезиндеги КПССтин ар беш жылда өтүүчү баланчанчы съездинен түкүнчөнчү съездине чейинки өсүү көрсөткүчүндөй.

Сөзүбүз куру болбосун үчүн, өкмөттүн өтчетундагы айтылган "өсүү көрсөткүчтөрүнө" көңүлүңүздөрдү буралы.

2009-жылдын жыйынтыгы боюнча, алдан ала эсептөөлөр көрсөткөндөй, Ички дүң продукциянын көлөмү (ВВП)196423,1 млн. сом, башкача айтканда, реалдуу өсүш 2,3 пайызды түзгөн. "Кумтөр" ишканасын кошпогондо бул өсүш 2,9 пайызды түзөт. Ошон үчүн инфляциянын көлөмү 2009-жыл жыйынтыгы дүйнөлүк державаларды алсыраткан кризиске карабастан, нөл пайызды түзгөн. Мунун негизги фактору катары өкмөттүн отчетунда эл керектөөчү товарларга жана кызматтарга баалардын 2008-жылга салыштырмалуу өзгөрбөгөндүгү жана Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн инфляцияга каршы чаралардын көрүлүшү айтылат.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, АКШ долларынын кыргыз сомуна карата курсу 2009-жылдын башынан 2009-жылдын декабрына карата 39,4 сомдон, 44,1 сомго б. а. 11,86 пайызга өскөн (анан кайсы инфляцияга каршы чаралар менен нөл пайызды түзгөн инфляция көлөмүн айтабыз).
2009-жылдын январь-ноябрь айлар аралыгындагы тышкы сооданын көлөмү 3856,5 млн.АКШ долларын түзүп, 2008-жылдын ушул эле айлар аралыгына караганда, 1310,2 млн. АКШ долларына же болбосо 25,4 пайызга азайган. Импорт 981 млн. АКШ долларына (26,8 пайыз), экспорт 328,4 млн. АКШ долларына (21,9 пайыз) азайган.
Өкмөттүн отчету эч кандай реалдуу анализ, ошого жараша жыйынтык, мындай көрсөткүчтөрдүн дэңгээлин көтөрүүгө жасалган эч кандай сунуштарсыз Улуттук статистика комитетинен алынган өңчөй цифралардан турган көрсөткүчтөргө жык толгон. Мындай отчетту бирөөлөргө түшүндүрмөк мындай турсун, өздөрү да түшүнгүлөрү келбесе керек. Тек гана регламентти сактап, бири отчетун окуса, калгандары зериккенинен уктап калбай, чыдап угуп бергенинин өзү чоң кеп.
Эми өкмөттүн 2010-жылга карата оптимисттик маанайдагы планына көңүл буралы. Өкмөттүн болжолу боюнча, 2010-жылы ИДП (ВВП) өсүшү 5,5 пайызды, акчалай өлчөм менен айтканда 235 млрд. сомду түзөт. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, өсүүнүн эң көп өлчөмү курулуш тармагында болмокчу, 17,6 пайыз. Кызмат көрсөтүү тармагында 7 пайыз, айыл чарбасында 2 пайыз (Кыргызстан агрардык өлкө экенин эске алсак, быйыл жыргабашыбызды ушундан эле билсеңиз болот), өндүрүш тармагында 2,7 пайыз, тоо-кен өндүрүш тармагында 3,7 пайыз, кайра-иштетүү тармагында 2,6 пайыз, кокс, нефть продукцияларын өндүрүү тармагында 3 пайыз ды түзүшү мүмкүн. Биздин өкмөт 2010-жылы Камбарата ГЭС-2нин биринчи турбоагрегаты ишке кирип калса, 11,5 млрд. кв. саат электроэнергия өндүрөбүз деп үмүттөнүп жатышат. Албетте, бул көңүл жылытарлык жаңылык. Андан ашып, жөн эле көңүл жылыбай, "шапкени асманга атып" сүйүнөрлүк болжол республикадагы орточо айлык акынын 7614 сомду, орточо пенсия 2621 сомду түзөөрү десек болот. Данияр Токтогулович, жыл жаңырары менен эселеп өскөн электроэнергия жана жылуулук баасы көтөрүлөр замат, жогоруда саймедиреген эл керектөөчү товарлар менен кызмат көрсөтүүнүн баасы да өскөнүн, анын натыйжасында, ансыз да араң тиричилик өткөргөн каратамандардын абалы, андан бешбетер оорлогонун көрбөй жатса керек. Бул тарифтерди көтөрүүнүн биринчи гана этабы экенин, алдыда июль айында өлкөнү тариф кымбаттоосунун экинчи этабы "кучак жайып" күтүп турганын "кыязы билбейт" өңдөнөт же билсе да, билмексен. Болбосо, "халва, халва" дей бергенден ооздору таттуу болоруна аябай ишенип алышканбы, кагазга каалагандай өсүү цифраларын жаза берсек эле, ошондой болуп калат деп катуу ишенип алышканбы?
" Эртең кандай жашоо болоорун бүрсүгүнү билесиң" дегендей, жогорудагы болжолдордун канчалык ишке ашаарын, же мунун баары жөн гана отчет үчүн эле жасалып жаткандыгын мезгил көрсөтөөр. Орустар айткандай, "Поживем, увидим!".

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА




  Кайран сөздөр

Бакиев менен Эшимкановдун диалогу
Мелис Эшимканов түгөнбөгөн тема. Өзгөчө март айы келгенден бери, анын кылык-жоругу эске түшүп жатпайбы... Эске сала кетсек, 2007-жылдын 29-мартында "Де-Факто" гезитине "Бакиевдин төлгөчү аялын укпай, экөөбүз достошпой калбадыкпы?!" деген аталышта Мелис мырзанын маеги жарыяланган. Ток этер жерин айтканда, Курманбек Бакиев менен кездешип, баарлашкан жерин гана берели.


- Былтыр мени чакырып калды күтүүсүздөн (2006-жылы, президент чакырып жатат - авт.). Мени таң калтырган укмуш сөз айтты. "Мелис, астрологияга ишенесиңби?" деди. "Анча-мынча окуп коем, бирок ишенбейм" дедим. "Менин Москвада бир астролог аялым бар, дайыма ошондон маалымат алып турам. Сен болсо күлбө" деди. Ошол Москвадагы көзү ачык аял Курманбек Салиевичке "сиз даярданып турсаң, март айында чоң окуя болуп, мамлекет башына келесиң" деп 2004-жылдын этегинде айтыптыр. "Март окуялары болгондо мен далдырап турбадымбы. Ак үйдүн талкаланганына шок болгон жокмун, мен ошол аялдын айтканын эстеп таң калдым" дейт. Андан кийин "Курманбек, аркы жылдын башында жакын тууганыңан айрыласың" дептир, 2005-жылдын этегинде. Агасы Жусуп өтүп кетпедиби?! Анан президент минтип айтты мага: "Мен 1-2 ай мурда Кыргызстандын "мен" деген 10 чакты саясатчынын сүрөтүн жөнөттүм, "төлгө ачып бер" деп. Анын бири сенсиң. Сен тууралуу эмне дегени кызыкпы, сага?" деп сураганда, "ооба" дедим. "Бул жигиттин келечеги укмуш, бизнеси да, саясаты да, чыгармачылыгы да акыркы 5-10 жылда дүркүрөп өсөт" деди. "Жакшы кабар экен, сонун турбайбы" дедим. "Дагы бирдеме айтам, күлбө" дейт Салиевич. "Мени менен аябай дос болушуң керек экен, эгер ошол төлгө турмушка ашышын кааласаң" дейт. Анан чыдабай күлүп жибердим. "Мага өтпөсөң болбойт" дегендей айтып атат да. Анан кашайып мен дос болбой койбодумбу?!
Мына ушундай окурман, Мелис Эшимканов акыры астротөлгөгө ишениптир. Азыр анын "ити чөп" жаткан кез. Эртең Бакиев заманы кетсе, кошо кетеби же "мен айткам" деп жамандап чыгабы, аны көрө жатарбыз.

Назира СААЛИЕВА





кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
9-март, 2010-ж.:
1-бет
ӨКМӨТТӨ ДАГЫ "ӨСҮШ"!
2-бет
Өңчөй "өсүүдөгү" өкмөттүк отчет! Өп-чап жашаган эл…
3-бет
АКШ Баткенге да аскердик база ачат
4-бет
"Марттыгынан" жазбаган март айы
5-бет
Кылым карыткан бир жыл
6-бет
Аргасыз акция
7-бет
КОЖЕБЕРГЕНОВДУН "КОЖОЮНУ" КҮЧТҮҮБҮ?
8-бет
Кыйын кезеңдин карылары.
Ленинаны волонтерлор багууда

9-бет
Монте-Карлодогу "Күмүш маскарапоз"
10-бет
Мураталы ажы Жуманов,
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи:
"Пайгамбарыбыз төрөлгөн Раббиул аввал айында жашап жатабыз"

11-бет
САРЫМСАК ДАТКА
12-бет
Америкадан кайтуу
13-бет
Биздин бильярддагы киксы же дуплетпи...
14-бет
Ыр сүйгөн китепкөйлөргө










??.??