Кыргыз гезиттери


п»ї

  Спорттун күнгөй- тескейи

Биздин бильярддагы киксы же дуплетпи...
"Өз өлкөңдө пайгамбар жок" деп адилет айтылган. Спорт дүйнөсүнө кокусунан келип калган аткаминерлердин эмне кылып жатканы буга мисал болот. Азыр баары эле 2010-жылдагы кышкы олимпиададагы россиялык спортсмендердин оюнун талкуулап жатышат. Анын жыйынтыгы - спортко кокусунан келген, адистиги жок чиновниктердин жүзүн ачып берди. Бул маселеде Россиянын президенти Д. Медведевдин алдыңкы планга функционерди эмес, спортсмендерди коюу керек деп айтканы болду.

Ошондой эле, а балким андан да олуттуу маселе биздин тармакта да кездешет. Кыргызстандын бильярд спорту федерациясынын вице-президенти, ошол эле кезде генералдык секретары Ш. Байзаков менен биздеги бильярд спортунун лидери К. Сагынбаевдин ортосундагы соттук териштирүүлөр тууралуу айтпай эле коеюн. Андан көрө, урматтуу окурмандар жана бильярд спортунун күйөрмандары, 2010- жылдын 20-23- февралында Алма-Ата шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионаттын күбөсү катары көргөн-билгендеримди айтып берейин. Анын үстүнө ал чемпионатка К. Сагынбаев менен Ы. Раатбековду өзүм алып баргам. Биринчиден, казак тарабындагылар спортчу катары Каныбек Сагынбаевден абдан коркушат, ошол себептүү алар ар кандай ыплас ыкмаларды колдонууга даяр турушат. Алсак, дүйнөлүк чемпионаттын ачылышында ар бир спортчуну тааныштырып жатып, ал турнирдеги дүйнөлүк, европалык, азиялык жылдыздардын баарын тааныштырып, бирок, дүйнөнүн азыркы чемпиону, биздин Каныбек Сагынбаевди тааныштырбай коюшту. Буга биздин команданын жетекчиси, тармак башчысы Ш.Байзаков лам деп оозун ачпай отуруп берди. Ал ошондой тизменин түзүлүп жатканын билген болучу. Чемпионат К.Сагынбаев үчүн ошондой кордогон көрүнүш менен башталды. Ш.Байзаков эки оюнчудан башка да Кыргызстандын курама командасын алып келиптир, алардын кийимдеринде биздин өлкөнүн символу жок болчу. Ал киши учурга шайкеш келүү, маданият, дресс-код, жеке сөөлөтүн сактоо деген сыяктуу түшүнүктөн алыс. Казакстандын борбордук телекөрсөтүүсү аркылуу көрсөтүлүп жаткан салтанаттуу ачылышта, биздин өлкөбүздүн атынан чыккан ал киши уйпаланган костюм, свитер кийип жүрдү. 48 өлкөнүн эл аралык ишкер жана спорттук уюмдарынын өкүлдөрүнүн арасында ал жалгыз ошондой таз кейипте турду. Мелдеш өткөн төрт күндүн биринде да ал күндүн жыйынтыгы боюнча бизди чогулткан жок. Биздин балдарыбыздын баары мактоого татырлык. Эң жогорку жеке көрсөткүчтөрдү жаратканы үчүн эмес, командалык духу үчүн дагы. Жыйынтыгында Кыргызстан Украина менен 2-3 орунду бөлүштү. Украинанын курама командасында дүйнөнүн 2003-жылдагы чемпиону В.Винокур, Европанын 3 жолку чемпиону А.Паламарь, Европанын жана Евразиянын чемпиону Я. Тарновецкий ж.б. бар эле. Дегеле андагы оюнчулар көп жана күчтүү болгондуктан, турнир оор болду. Ушуларды билип туруп, турнирдин кожоюндары жана калыстар коллегиясынын секретариаты ыңгайсыз, катаал график түзүштү. Чечүүчү учурларда Каныбекти үч тандалма оюнду ойноого мажбур кылышты. Макул, бул турнирдин схемасы болсун, бирок ал күндүз саат 12де биринчи оюнун ойносо, саат 17 00дө экинчи оюнга чакырышты. Бирок оюн 22. 00дө башталды. Ага чейин аны күттүрүп, эмне себептен антип күттүргөнүн түшүндүрүп бере алышпады. А оюн түнкү саат 12. 30да бүттү. Аталган дүйнөлүк чемпионатта секретариат менен сот коллегиясы Казакстандын курама командасы менен алек болуп жатты. К.Сагынбаев менен казак курама командасынын лидери А.Каранаев жарым финалга чыгаарда (айтмакчы, анын атасы Казакстандын бильярд спорту федерациясынын президенти, ошондой эле дүйнөлүк чемпионаттын генералдык спонсору) биздин спортчубузга бир сунуш түшкөн. Аны Каныбек экөөбүз кабыл албадык, атүгүл карап деле койбодук. Анткени бизге карата жогорудагыдай терс мамилени эске алдык. Биз ага оюнубуз менен жооп бердик. Бирок ошол оюнду, Каныбектин күйөрмандары көрө албай калышты. Спорттук - патриоттук дем менен, финалга чыгууда Каныбек Украинанын бильярддык жылдызы Я.Тарновецкийди жеңип алды. Ал оюн жарым түндө болуп, финалдагы эң жооптуу оюнда биз эс алууга чыктык. Ошол эле убакта борбордук столдо, финалга чыгыш үчүн Казакстан менен Тажикстандын бильярдчылары ойношту. Ал оюн да кеч өтүп, Тажистандын оюнчусу утушка ээ болду.
Кийинки күнү финалдык оюн өтчү "Риксос" мейманканасына келип, дүйнө чемпиондугу үчүн Каныбек Э. Чимбаев аттуу оюнчу менен ойноорун уктук. Ал буга чейин жана чемпионаттын башынан Тажикстандын курама командасы тарапта ойноп, финалда эле Казакстандын спорттук аброюн карап калабы? Айтмакчы, аны казактын интернет-сайттары да жазды. Бул тууралуу билгенден кийин мен биздин курама команданын башчысы Ш.Байзаковго мелдештин башкы судьясына барып, протест берүүсүн өтүндүм. Ал кызымтал экен. "Эмне болмок эле?" деп камаарабай койду. Менин укугум жок болсо да, Россиянын бильярд спорту федерациясынын президенти В.П.Никифоровго барып айттым. Ал болсо "Баары эле эрежеде айтылгандай жүрүп жатат, эгер каршы болсоңуздар расмий протест жасагыла" деп койду. Ш.Байзаковго айтканы барганда дагы эле эч натыйжа чыкпады. Мунун баары, айрыкча Ш.Байзаков өңдүү жетекчиликтин өлкөбүздүн жана спорт тармагыбыздын ар-намысын сактоого аракет кылбагандыгы терс таасирин тийгизди. Анда өз өлкөсүнүн өкүлүнө карата патриоттук сезим эмес, Сагынбаевден өч алуу сезими ойноп турду. Мунун баары Каныбектин көз алдында өтүп, анын психологиялык абалына да таасир берди, судьялык коллегия анча-мынча эскертүүлөрдү жасап жатты, ага тыныгууну да өз учурунда бербеди.
Ошону менен эле бизди көз көрүнөө кордоону токтоушпай, атүгүл Ш. Байзаковду буга пайдаланып жатышты. Айрыкча турнирдин расмий жабылышында. Аны казактын дээрлик бардык ММКсы чыгарды. Ал эми жеңүүчүлөрдү сыйлай турган расмий жана ардактуу адамдардын арасында Байзаковдун аты аталбады. Ошентсе да ал ошол жерлердеги фотовидеотелеберүүлөрдө бир тигил бурчтан, бир бул бурчтан көрүнө калып жатты. Кебетесин көрсөң тири укмуш, беш күн чечпей жаткандай бырышкан-тырышкан свитерин дегеле калтырбады.
Дагы бир жолу айтайын, Каныбек күнү-түнү мени менен болду, андай ушак-айыңдарга жол берген эмес. Анын үстүнө казак тараптагылар ага каршы иштеди. Көпчүлүк Каныбектин кийинки үч айда дүйнөнүн эки чемпионатында ойногонун, экөөндө дүйнөнүн вице-чемпиону болгонун да жакшы билет. Бул Каныбектин жогорку чеберчилигинин мисалы. Бирок тилекке каршы, бизде жакшыны мактабай, жамандоо адатка айланды. Ошондуктан, макаламдын башында айткандай, "өз өлкөңдө пайгамбар жок" деген сөз калетсиз экенин кайталап айтаар элем.

Кубанычбек
Бектемиров,
КРнын бильярд спорту
федерациясынын мүчөсү





кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
9-март, 2010-ж.:
1-бет
ӨКМӨТТӨ ДАГЫ "ӨСҮШ"!
2-бет
Өңчөй "өсүүдөгү" өкмөттүк отчет! Өп-чап жашаган эл…
3-бет
АКШ Баткенге да аскердик база ачат
4-бет
"Марттыгынан" жазбаган март айы
5-бет
Кылым карыткан бир жыл
6-бет
Аргасыз акция
7-бет
КОЖЕБЕРГЕНОВДУН "КОЖОЮНУ" КҮЧТҮҮБҮ?
8-бет
Кыйын кезеңдин карылары.
Ленинаны волонтерлор багууда

9-бет
Монте-Карлодогу "Күмүш маскарапоз"
10-бет
Мураталы ажы Жуманов,
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи:
"Пайгамбарыбыз төрөлгөн Раббиул аввал айында жашап жатабыз"

11-бет
САРЫМСАК ДАТКА
12-бет
Америкадан кайтуу
13-бет
Биздин бильярддагы киксы же дуплетпи...
14-бет
Ыр сүйгөн китепкөйлөргө










??.??