Кыргыз гезиттери


п»ї
  Сандан-санга

Америкадан кайтуу
Никола мени ашканага алып барып, үчүнчү линиядагы ордумду көрсөттү. Ресторанды башкарган ашпозчу менен тааныштырып, эмне иш кылаарымды үстүрт түшүндүрдү да бир эле суроо берди. Бул ишти жасаганга жетишемби? Панамадагыдай адам жөө качкан жерде же иши жок, же акчасы жок каңгырап жүргөндөн кудай сактасын. Мага Кудайдай көрүнгөн боссум бул жумуш колумдан келээрин айтып ишендирдим. Өмүрү мындай иште иштеп көрбөгөн мен буга макул болбосом мени Кыргызстанда 3.500 долларлык карыз күтүп турат. Биринчи күндөрү жай иштегендигимден жанымдагы чехиялык жигит мага көңүлкош мамиле кылып жатты. Мурда эзели жеп көрө элек тамактардын тутумундагы азыктарды даярдашым керек. Мисалга деңиз моллюскасына оролгон креветка. Менин жанымда дагы бир квота менен келген Родек деген жигит иштечү. Ишибиз бир болгондугуна байланыштуу достошуп, сырдашып калдык. Бирок, буга чейинки баарлашайын деген максатыма жетпей жүрдүм. Көрсө аны мен сунуштаган темалардан бир гана тема - аялдар темасы кызыктырат экен. Аялдар дегенде көздөрү жанып кетет. Ошого карабай жакшы эле жигит. Кийин гана бир перулук Джиммиден Родек Америкага өзүнөн улуу аял менен келгенин, 6-7 жылдан кийин ал аны таштап, бир америкалык менен кетип калганын айтты. Чын эле Родек америкалыктарды көкмээ деп ашата сөгөөр эле. Ал эми аялдарга карата "алардын баары акмактар" деп калчу. Ал 2006- жылы чыгарылган Фольксваген Пассат деген машинеге акча жыйып алды. Башкалар болсо акчаны бапыратып баңгизат алышат да, шалдыраган машинеге минип ызылдатып жүрө беришет. Ошондуктан да ага жергиликтүүлөрдүн ичи күйүшүп, жектеп турушчу. Алар деле сүйлөшө келгенде жакшы балдар болуп чыкты. Көрсө алар Американын эң түпкүрдөгү, келечексиз жаштары экен. Менден арыраак гриль бышырган Дон деген түрмөдөн чыккан зуңкуйган жигит турчу. Эмнеге отурганы мага сыр бойдон калды. Астыңкы линияда Эндрю деген бала кокаинди жакшы көргөн неме. Аны өзү менен чогуу иштеген атасы сатат. Уулуна кокаин саткан атасы өзү деле чегип койчу. Анын Джонни деген досу болсо дары түрүндөгү (Pills) баңгини жакшы көрөт. Анан да нашаа чегип алып жумушка деле келе беришет. Биздин боссубуз ДжейАр эч кимге окшобогон, бөтөнчө киши. Аны мен жылмаюу менен эстейм. Ал өзү аскер кишиси болсо да, көп убак шеф-повар болуп иштегендигинин аркасынан мойну куржуюп, ийни бүкүрөйүп турчу эле. Мага кызыктай көрүнгөн ДжейАр босс көрсө мурда гей экен, аны тамашалашып ГейАр деп да чакырышчу дешет. Бул ресторанда кыздар тез эле иштен бошоп кетүүсүнүн негизги себеби ДжейАрдын айынан. Башкаларга караганда ДжейАр менин көңүлүмө оюнкарактыгы менен калды. Элүүлөр чамасындагы бул киши славяндар менен жакшы мамиледе болчу (мага окшогон азиялыктар көп жага бербейт окшойт). Ал казакстандык Игорь деген балага айрыкча жылуу мамиле кылчу. Игорь да мага окшоп иштеп акча тапканга келген неме. Официанттар арасында да, айрыкча жергиликтүү официанттардын арасында наркомандар көп, алар үчүн иш маалында баңгизат пайдалануу кадимкидей эле көрүнүш. Кээ бир жаш негрлердин тиштери күүлүп түшүп калган. Аны мага алардын крэк деген наркотик пайдалангандыктан деп түшүндүрүштү. Бирок, кээде мурдума бир кызыктай болгон жыт келип калат. Жумуш азыраак болуп калганда мен да башкалардай эле Игорь менен ДжейАйрдын кылыктарын аңдып калам.

Эки дос
Башкаларды айтпасам да ушу Игорго көңүл токтотсом. Игордун башынан өткөргөн окуяларын карап туруп, адам каерде болбосун өзүн кандай алып жүрсө ошого жараша эле мамилеге арзырына көзүм жетти. Ал жаман деле эмес эле. Бирок, анын мыкаачылык сапаттары биздин эсибиз ооп, чарчап турганда айрыкча байкалчу. Майыбыз бутубузга түшүп, араң турсак анын мыскылдаганы айрыкча сөөктөн өтүп, чучукка жетип кетчү. Эми буга да макул болоюн десек анын колу туткактыгы билинди. Уурулукту го эч ким кечирбейт. Ал казакстандык Шамил деген досу экөө көптөгөн дүкөндөрдөн кымбат кийимдерди уурдашкан. Ал экөө күнү-түнү чогуу жүрүшчү. Анткени экөө бир жерде жашашат, эки жумушта тең чогуу. Бири-биринен абдан тажашканынын айынан Шамил Игордун жаагын талкалай коюп, ал реанимацияга да жатып чыкты. Шамилди айтсам, бир чечендин атын уккан ончакты украиналык менен орустардын жүрөгү түшүп калышчу. Ал деле ачуусу гана бат келгендиги болбосо жакшы эле жигит эле. Экөөбүздү динибиздин бир болгону жакындаштырды.

Аскар ДАСТАН




кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
9-март, 2010-ж.:
1-бет
ӨКМӨТТӨ ДАГЫ "ӨСҮШ"!
2-бет
Өңчөй "өсүүдөгү" өкмөттүк отчет! Өп-чап жашаган эл…
3-бет
АКШ Баткенге да аскердик база ачат
4-бет
"Марттыгынан" жазбаган март айы
5-бет
Кылым карыткан бир жыл
6-бет
Аргасыз акция
7-бет
КОЖЕБЕРГЕНОВДУН "КОЖОЮНУ" КҮЧТҮҮБҮ?
8-бет
Кыйын кезеңдин карылары.
Ленинаны волонтерлор багууда

9-бет
Монте-Карлодогу "Күмүш маскарапоз"
10-бет
Мураталы ажы Жуманов,
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи:
"Пайгамбарыбыз төрөлгөн Раббиул аввал айында жашап жатабыз"

11-бет
САРЫМСАК ДАТКА
12-бет
Америкадан кайтуу
13-бет
Биздин бильярддагы киксы же дуплетпи...
14-бет
Ыр сүйгөн китепкөйлөргө










??.??