Кыргыз гезиттери


п»ї
  Дин маек

Мураталы ажы Жуманов,
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи:
"Пайгамбарыбыз төрөлгөн Раббиул аввал айында жашап жатабыз"
- Азирети муфтий, бүткүл дүйнөдө Мухамммад пайгамбарыбыздын туулган күнүн белгилеп жатышат. Кыргызстанда бул жаатта эмне иш-чаралар болду?

- Бисмиллахир-рахманир-рахийм!
Алхамду лиллахи роббил ааламийн. Урматтуу мусулмандар, үстүбүздөгү ай акыр замандын пайгамбары, баардык пайгамбарлардын имамы, биздин жол башчыбыз, Мухаммад алейхи салам пайгамбарыбыздын туулган айы. Ал 570-жылы Раббиуль аввал айынын он экисинде дүйшөмбү күнү туулган.
Өзүңүздөргө белгилүү, мусулман жыл санагында он күнгө жыл сайын айырма болуп турат. Азыр Раббиул аввал айында жашап жатабыз. Ошого байланыштуу бардык имамдар, диний жетекчилер, кызматкерлер мечит-медреселерде пайгамбарыбызга салават айтып, "Мавлид" окуп, бүгүнкү күндө ушундай иш-чаралар өткөрүлүп жатат.
Өткөн жума күнү, 5-мартта, биз дагы Борбордук мечитте пайгамбарыбызга салават айтып, элибизге дуба кылып, мавлид өткөрдүк. Пайгамбарыбыздын туулган айы менен бардык мусулмандарды муфтияттын жана өзүмдүн атыман куттуктаймын.

- Пайгамбарыбыз туулган айдын жана аны майрамдоонун маани-маңызы мусулмандар үчүн канчалык?.
- Ал мезгил караңгы доор эле. Мухаммад пайгамбарыбыздын төрөлүшү адамзатты караңгылыктан куткарулуусунун башаты. Анын дүйнөгө келиши менен адамдардын тебеленген укуктары корголо баштаган. Адамдар үчүн бактылуулуктун, эки дүйнөнүн жакшылыктарына жетүүнүн жолу ачылган.
Ал акыркы пайгамбар, андан кийин башка пайгамбар чыкпайт. Ал Кудайдын адамдарга жиберген эң улуу элчиси. Куранда: "Ал эмнени буйруса, аткаргыла. Ал эмнеден силерди кайтарса, андан кайткыла" деген. Пайгамбарыбыздын осуятын тирилтип, хадистерин окуп, амал кылып, өмүр баянын окуп, аны турмушта колдонуп, тарбия алып жашаш ар бир мусулмандын милдети.
- Азирети муфтий, Египетке барып келгендигиңизди уктук. Сапарыңыз кандай болду?
- Мисир араб өлкөсүнүн жетекчиси, президенти Мухаммад Хусни Мубарактын демилгеси менен жыл сайын пайгамбарыбыз Мухаммад алейхи саламдын туулган айында диний эларалык конференция уюштурулуп турат. Быйыл 22-жолу өткөрүлүп жатыптыр. Ага бизди атайын Кыргызстандагы мусулмандардын атынан өкүл катары чакырышкан эле. Конференциянын темасы: "Ислам шариатынын максаттары жана азыркы заман өкүмдөрү" деп аталды. 22-25-февралда өткөрүлгөн ал жыйынга 77 өлкөдөн жана сегиз диний уюмдардан өкүл чакырылыптыр.
Ал жерде "Ислам адамзаттын дини" деген темада араб тилинде доклад окуганга жана сөз сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк болду. Ал жакка дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев жана орун басарым Рахматулла Эгембердиев үчөөбүз бардык. Диний кызматкерлер менен таанышуу, алар менен келечекте бирге иштешүү пландарын талкуулоо мүмкүнчүлүктөрү болду. Ошондой эле, конференциянын уюштуруучусу Египеттин Кайрымдуулук жана дин иштери министри Махмуд Хамдий Закзук менен да жакындан таанышууга, эки тараптуу сүйлөшүүгө жетише алдык.
Мындан сырткары, дүйнөгө ислам дин илимин таратууда орчундуу ишти жасап жаткан Каир шаарындагы Аль-Азхар университетинин жетекчиси Мухаммад Саид Тантави менен учураштык. Аль-Азхар университети менен эки тараптуу кызматташтык иштерин жүргүзүү да каралды. Дин иштери боюнча комиссиянын жетекчиси Каныбек Осмоналиевдин сапарынын максаты да ошол болгон. Алардын өкүлчүлүгүн Кыргызстанга ачуу, Аль-Азхарды бүткөн биздин студенттерибизди иш менен камсыз кылуу максатында университеттин проректору Али-Абдул-Баакый менен да жолугуштук.

- Ал эми Каирдеги кыргызстандыктар менен жолугуша алдыңыздарбы?
- Сапарыбыздын экинчи максаты - Каирде окуп жана жашап жаткан кыргызстандык мекендештерибиз менен жолугушуу эле. Мурда барганыбызда да атайын жыйын өткөрүп, ал жерге муфтияттын өкүлчүлүгүн ачып, таластык Абжалбеков Тариелди башчы кылып дайындаган элек. Кечээги сапарыбызда да ошолор менен кенен-кесири жолугушуу болду. Учурда 347 кыргызстандык улан-кыздарыбыз Аль-Азхар университетинде билим алып жатышат . Жолугушууда мекендештерибизди Кыргызстандагы абал кызыктырды. Аларга биздин мамлекеттин, президенттин диний саясатын кеңири түшүндүрүүгө аракет кылдык жана кызыктырган бардык суроолоруна жооп бердик.

- Ал жакта окуп жаткандар биздин жергиликтүү менталитетке каршы билимге ээ болуп жатып калышкан жокпу?
- Аны да сүйлөшүп, радикалдык багытка баш ийип кетпөө, ыйман, ишеним маселесинде туура эмес жолду тандап албоо, чет өлкөдөгү ар түрдүү терс багыттарга аралашып кетпөөнү сурандым. Сүнний жолунун ханафий мазхабындагы (Орто Азияда, анын ичинде Кыргызстанда ханафий мазхабы колдонулат) илим-билимдүү жаштарга муктаж экендибизди айттык . Студенттер да биздин өтүнүч-талаптарыбызды туура түшүнүштү.

- Отурукташып калгандары да болсо керек?
- Элүүдөн ашык үй-бүлөөлүүлөр бар экен. Балдары ошол жакта төрөлүп, бала бакчаларга, мектептерге барып жатышыптыр. Алардын Кыргызстанга, ата-энелерине айткан саламын мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, калайык калкка айта кетмекчимин. Ошондой эле, алар Каир шаарына Кыргызстандын элчилигин ачуу маселесин да козгошту.

- Жогоруда айтылган Аль-Азхар университетинин өкүлчүлүгүн, филиалын ачуу канчалык деңгээлде реалдуу?
- Алар "окуу жайдын имаратын, ага кеткен бардык чыгымдарды моюнуңарга алгыла, ал эми биз мугалимдерди жиберип, алардын бардык чыгымын, айлык маянасын, жол акысын, жашаган жайларын көтөрүп берели" деп жатышат.
Чындыгында, биз бул шартка азыр даяр эмеспиз. Себеби, биздин учурда бир гана көзгө басар окуу жайыбыз Кыргызстан Ислам Университети. Бул окуу жайдын бардык чыгашасы муфтияттын жана окуу жайдын өзүнүн моюнунда. Мамлекет тарабынан каржыланбайт.
Алар болсо, филиалды толук мамлекеттен, бюджеттен каржыланса деген сунушту айтып жатышат. Мындай мүмкүнчүлүк азырынча бизде жок экенин түшүндүрдүк. Бирок, кичинеден болсо да эки тараптуу мамилени баштайлы, өкүлдөрдү жиберишели деп чечиштик. Жөнөкөй айтканда, кандайдыр бир өкүлчүлүгүн бул жакка ачып алсак, андан ары келечек максаттарыбызды тактай бермекчибиз. Кийин бул маселе так чечилип, программа кабыл алынып, чогуу иштеп калабыз го деп ойлойм.

- Муфтиятты реформалоо деген маселелер көтөрүлүп жатат? Ушул багытта эмне иштер болууда?
- Муфтиятка сын-пикир менен караган мусулмандар да жок эмес. Ошол эле учурда көпчүлүк адамдар биздин ишибизге ыраазы. Баталарын берип, ийгилигибизге кубанып жатышат. Беш жыл мурдагы муфтиятка салыштырмалуу бизде азыр көп өзгөрүүлөр, алга жылуулар бар. Муфтият иштеп жатабы же жокпу, ошондон эле ачык билинет. Бүгүнкү күндө муфтияттын тышкы саясатында көптөгөн ийгиликтер болду. Чет өлкөлөрдүн, КМШ, Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстандын дин башкармалыгынын өз орду, аброю бар. Бул жашыруун эмес, баарына белгилүү нерсе. Тынымсыз аракетибиз, ишмердүүлүгүбүз менен ушуга жетише алдык. Кыргызстандын ичинде улуттар, диндер аралык биримдикти сактоодо, элдин ичиндеги кайчы пикирлерди жоюуда, ынтымакка чакырууда муфтияттын орду өтө жогору. Мамлекеттик жетекчилер менен диний кызматкерлердин ортосунда карым-катнаш мамилеси да жакшы жолго коюлгандыгына көпчүлүк күбө.

- Ошентсе да, жаңыланууга муктаж багыттар бардыр?
- Реформа деген сөздү мен ушинтип айтаар элем: ислам динине таандык маселелер адамдын колу менен каалагандай өзгөртүлүүгө муктаж эмес. Дин өкүлдөрү Кудайдын динин адамдарга жеткирүүдө ортомчулук гана кызматты аткарабыз. Биз оюбуздан токуп, бир мыйзамды түзүп, анан Кыргызстандын мусулмандарын ошол мыйзам менен жашагыла деп мажбурлай албайбыз. Бизге сын айтып жаткандар, ириде ушуну түшүнүп алышса. Кайсыл иш парз, кайсы важиб (милдет), кайсы сүннөт мунун баары так жазылган. Кантип, канча намаз окуш керек, кандай диний майрамдар бар? Шариат эмнени буйруган, эмнеден тыйган, мунун баары белгилүү. Биздин негизги мыйзамыбыз, карманганыбыз Куран жана пайгамбардын сүннөтү. Ошол эле учурда, биз Кыргыз Республикасында жашап жаткандан кийин, анын мыйзамдарына баш ийип, жашашыбыз керек. Бул жарандык милдетибиз. Биз муну менен эле чектелбей, муфтияттын ичиндеги болуп жаткан маселелерди, иштөө системабызды дагы жакшыртуу, башкача айтканда реформалоо максатында жыйын өткөрүп, бир топ максаттарыбызды тактаганбыз.

- Ал кандай максаттар?
Муфтият структурасы эмнеге муктаж? Анын ишин мындан ары өнүктүрүүгө эмнелер жетишпейт деген иштерди караганбыз. Адилет министрлигинен каттоодон өткөн уставыбыз бар. Уставдын чегинде муфтиятта иштер токтолбостон жүгүзүлүп жатат. Бүгүн диний агымдар күчөп, адамдардын арасында айрым түшүнбөстүктөр болуп жатат. Ага ылайык, ошолор менен иштөө боюнча атайын бөлүм ачтык. Мамлекеттик мыйзамдарга, Конституцияга шайкеш келген жолдорду иштөө үчүн укук бөлүмүн да ачканбыз. Учурда маалымат булагы күчөгөн маал. Коомчулукту маалымат менен камсыздоо максатында, мурда муфтийдин маалымат катчысы делинип келген бөлүмдү кайра түзүп, Басма сөз жана маалымат кызматы деп статусун да жогорулаттык. Ошондой эле, муфтияттын "Ислам маданияты" деген гезити бар. Ал учурда он миң нускага жетип отурат. Ошол гезит дагы Басма сөз жана маалымат кызматынын ичинде. Муфтияттын сайтын ачыш керек деп сындагандар да болууда. Биздин сайтыбыз мурда эле ачылган. Интернеттик сайттын ишин дагы ошо маалымат бөлүмүнө жүктөгөнбүз.
Жакында эле "Пресс.KG" гезитине Манас Курманбаев деген адам муфтиятты реформалоо боюнча өз сунушун айтыптыр. Ал сунуштардын баары учурда муфтият тарабынан жасалып жаткан иштер. Биздин эле реформалоо боюнча программабызды кайталап айтып койгон. Бирок, муфтиятка такыр кабыл албай турган дагы сунуштары бар. Маселен, уламалар кеңешинин 98 пайызы сабатсыздар дейт. Айтсын кимдин сабатсыз экенин. Ошону айтып жаткан адамдын өзү сабатсыз деп ойлойм. Уламалар кеңешине коомдук ишмерлерден, укук коргоочулардан, педагогдордон киргизилиши керек деген сунушу да бар экен. Кайсы коомдук ишмерди киргизет элек? Турдакун Усубалиев аксакалдыбы? Укук коргоочулардан Турсунбек Акунду, Азиза Абдрасулованы киргизебизби? Манас Курманбаевдин бул сунушу муфтиятка жасаган душмандыгы деп эсептесек болот. Балким, көрө албастыктыр. Ошондой эле, менин жеке аброюма тийишип, жамандагандар да бар. Негизсиз андай жамандоолордон, ушак-айыңдардан мыйзамдын негизинде өзүмдү коргосом болот эле. Бирок, мен аларга окшоп пастыкка барбайм. Мен үчүн баарынан да Кудайдын таразасы улук.

Заирбек Бактыбаев








кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
9-март, 2010-ж.:
1-бет
ӨКМӨТТӨ ДАГЫ "ӨСҮШ"!
2-бет
Өңчөй "өсүүдөгү" өкмөттүк отчет! Өп-чап жашаган эл…
3-бет
АКШ Баткенге да аскердик база ачат
4-бет
"Марттыгынан" жазбаган март айы
5-бет
Кылым карыткан бир жыл
6-бет
Аргасыз акция
7-бет
КОЖЕБЕРГЕНОВДУН "КОЖОЮНУ" КҮЧТҮҮБҮ?
8-бет
Кыйын кезеңдин карылары.
Ленинаны волонтерлор багууда

9-бет
Монте-Карлодогу "Күмүш маскарапоз"
10-бет
Мураталы ажы Жуманов,
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи:
"Пайгамбарыбыз төрөлгөн Раббиул аввал айында жашап жатабыз"

11-бет
САРЫМСАК ДАТКА
12-бет
Америкадан кайтуу
13-бет
Биздин бильярддагы киксы же дуплетпи...
14-бет
Ыр сүйгөн китепкөйлөргө










??.??