Ак терек, көк терек

Оппозиция катуу камданууда
Түзүлгөнүнө туура эки жыл болгон Коомдук парламенттин 3-марттагы кезектеги жыйынында мамлекеттик башкарууну реформалоо эмнеге алып барат деген маселе чечмелөөгө алынды. Көтөрүлгөн теманын салмагына жараша оппозициялык маанайдагы адамдар, саясий партия, жарандык уюм-бирикмелер жана бийлик тараптан өкүлдөр чакырылыптыр. Ак үй тараптан жалгыз Акыйкатчы Турсунбек Акун отурду.

Жыйын башында Коомдук парламент төрагасы Абдыганы Эркебаев турду. Укук коргоочу, бул парламент мүчөсү Асия Сасыкбаева, "Улуу Биримдик" партиясынын лидери Эмил Каптагаев, "Ата Мекен" партиясынын аппарат жетекчиси Алмамбет Шыкмаматовдун баяндамаларында өзөктүү маселелер айтылды. Кыскасы, жалпы талкууга президент күздө жарыялаган жаңылануу курсунун алкагында жүргөн реформалар, 12-февралда парламент тарабынан канааттандырылган президенттин Баш мыйзамга киргизген өзгөртүүлөрү, тарифтер жана тарифтер саясаты, андай аракеттердин мыйзамдык ченем-бычымы, 17-марттагы Элдик Курултай (кийин аталышы дагы такталат экен), кыскасы учурдагы ички саясат маселеси коюлду. Алмамбет Шыкмаматовдун Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөрдү анализге алган баяндамасында - негизги оңдоолор, так айтканда, 46, 52, 58, 68, 69, 72, 73, 74 -беренелери, айрыкча 46, 52, 73-беренелерине киргизилген өзгөртүү-түзөтүүлөр сөз сынына салынды. Буга чейин коомчулук кабардар болгондой, айтылган акыркы беренелер менен президент башкаруу системасындагы реформа жүрүшүндө жоюп салган мамлекеттик структуралардын ордуна жасалма жаралган Президенттик институт, укуктары Өкмөттүкүнөн да ашыкча Өнүгүү агенттиги сымал жаңы түзүмдөрдү мыйзамдаштырууну көздөп жатканы катуу белгиленди. Андан тышкары президент өз милдетин, Баш мыйзамда каралган себептер менен, аткара албай калса, Конституцияда анын ыйгарым укуктары Жогорку кеңеш спикерине, ал болбосо, премьер-министрге өткөрүлүп берилери жазылып турса да, алгач Президенттик, анан Мамлекеттик деген аталыш ыроолонгон кеңешме менен ким экени белгисиз адамга (өлкө жаранына эмес (!)) өткөрүп берүүгө неге шашылып жатканы жоопсуз калганы айтылды. Роза Исаковна мамлекеттик кеңешме деген 2006-жылы эле түзүлгөнүн далили менен таап чыгышса, "иштебегенден кийин аны жоебуз, кийинкисин иштетебиз" деген жоопту укканын айтып таңданды. Кыскасы, бүгүнкү бийлик алыскы-жакынкы өлкөлөрдө кездешпеген тири укмуш иштерди жасап жатканда, учурдун талабы, чакырыгы - биригүүдө деген бүтүм-жыйынтыкка келишти. Талкууда айтылган сунуш-талаптарды карап чыккан жумушчу топ түзүлмөк болду.


Баса, Конституциялык соттун тынч митингдерди өткөрүүдө, бул тууралуу билдирип коюу дегенден башка чектөөлөрдү алып салганы жакшы маанай жаратып, Элдик курултайды өткөрүү үчүн үч жай суралганы, так дареги жакынкы күндөрү дайын болору айтылды.
Жогоруда белгилегендей, жыйында сөз сүйлөгөндөр негизинен жыйырма жылдык эгемен жашообузда 8 эле (!) жолу өзгөртүү киргизген Конституцияны дагы эмдеп-домдой бергенибиз жакшы натыйжа бербестигин айтышты. Биз сөзгө тарткан саясаттагы айымдар - КСДП фракциясынан ЖК депутаты Роза Отунбаева да, "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова да кырдаалга жараша чакан маек куруп беришти.




Роза Отунбаева,
СДП фракциясынан ЖК депутаты:
"Президент өзү маселе чечпей калганына күбө болуп жатабыз"
- Роза Исаковна, премьер-министр Данияр Үсөновдун Москвага жасаган сапары ийгиликсиз аяктады, Путин аны кабыл албай койду деп жатышат. Сиздин оюңузду уксак.
- Эми Орусиянын өкмөт башчысы Данияр Үсөнөвду тоотпогондук кылып койду. Эми ал киши президент болгон, азыр болсо, премьер-министр. Чоң фигура да. Анан бизде туруктуу саясат болбосо, кайра-кайра өкмөт башчылары алмашып жатса.

- Кыргызстандагы азыркы абалды канчалык денгээлде чыңалып турат деп ойлойсуз?
- Чыңалып турмак түгүл, жарылып жатпайбы. Алайлыктар канчадан бери нааразычылык жасап отурушат. Генерал Исаковду канча бир адамдын арасына кошуп койду. Бул деген биздин региондогу диктатуранын бир да рамкасына сыйбай турат. Биз диктатуралык өлкө деп эсептеген ошол эле, Өзбекстанды алалы. Ал жакта адамдар көчөдө коркпой эле басып жүрүшөт. Ал эми нарындыктар өкмөттүн саясатын сындашып, көчөгө чыгышты. Эми кайрадан чыгууга камынып отурушат. Эл жарылып жатат.
- Ушул нааразычылыктарга кандайдыр бир жооптор бийлик тараптан болот деп ойлойсузбу?
- Айтыш кыйын. Президенттин сөзүнө караганда, ал Кыргызстандагы абалдан толук кабардар экени байкалат. Бирок, ал жалгыз өзү маселе чечпей калгандыгына да күбө болуп жатабыз. Мисалы, Москва районунун Петровка айылында болгон былтыркы окуя эсиңиздерде болсо керек. Ошол улуттар аралык араздашууга күнөөлүү деп табылган райондук ичи иштер башкармалыгынын башчысы Жоробековду президент өзү кызматынан алдырган. Арадан тогуз ай өткөндөн кийин биз аны Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын орун басарлыгынан көрүп жатабыз. Президент да буга карата Премьер-министрге тапшырма берип, ал маселени чечүүсүн тапшырган. Үсөнов Жоробековду дайындагандыгы үчүн Конгантиевге сөгүш берип, аны кызматынан бошотуусун талап кылган. Бирок, көп убакыт өтпөй, ошол эле Жоробеков Тогуз-Торо районуна милициянын жетекчилигине дайындалып отурат.

- Кыргызстандагы ушул абалды сырткы күчтөр колдонуп кетиши мүмкүнбү?
- Толук мүмкүн. Кыргызстанды ансыз да, күн сайын колдонуп жатышат. Аларга биздин элдин кереги жок, мындайча айтканда баары бир. Мен Абхазиядагы конфликте көп жүрбөдүмбү. Ошондо абхаздар айтышчу эле"башкаларга биздин элдин кереги жок, жерибиз байлыгыбыз керек" деп. Бизде да ошондой, байлыгыбызга жерибизге көз арткандар көп.




Чолпон Жакупова:
"ЦАРИИ чечимдерин эле кабылдап жатышат"
- Чолпон Идиновна, парламенттик кризис жаратуу деп маселе көтөрүп жатасыз. Анын сыры эмнеде?
- Аны таңуулап жатканым жок, оппозициялык топтор ойлонуп көрсүн деген кыязда сунуштадым. Себеп дегенде, Жогорку Кеңеш бийликтин бир бутагы катары өзүн актабай калганын турмуш көрсөтүп жатат. Элге берген эч натыйжасы жок, жөн эле отуруп жатышпайбы. Туурабы? Ак үй же ЦАРИИ эмнени чечсе, кол көтөрүп макул деп, эл мойнундагы эле жүк болуп жатышат. Андан көрө азчылыкты түзгөн фракция таштап кетсин. Болгону алардын кадамы, эгер болуп калса, оппозициялык партия лидерлеринен колдоо табышы керек. Алар өз ара кепке-сөзгө келишсин, жалгыздап эмес, макулдашып чечишсин. Ошондуктан азыр эки чоң маселе турат: биринчиси - чындап биригүү, экинчиси - ал ниетибиз сөз боюнча калып калбайбы деген кооптонуу.

- Сиз сунуштаган биригүү жолдору колдоого алынат деп ойлойсузбу?
- Азыр катаал, татаал учурда турабыз. Акыркы турмуш картинасын карагылачы, эл бийликке да, оппозицияга да ишенимин жоготуп койду. Азыр бизге биригүү маанилүү, анан сын айтуудан ишке өтүш керек. Ар бир жолугушууда эле "Бакиевдер андай, мындай" деп, кемчилигин, катачылыктарын айта берсек, эмне, жаманын эл көрбөй жатабы? Буга чейин аларды жаман деп менин тилим тешилди. Биз жамандабасак деле, алардын сырын эл жакшы билет. Азыр элде бир гана суроо турат: пайдасы жок бийлик үстөмдүгүн токтотоор күч барбы деген.

- Сиз айтып жатасыз, "өзүңөр кепке келбесеңер, нейтралдык позициядагы адамдардан переговорщиктер тобун түзөлү" деп. Оппозиция ичинде ошончолук келишпей калган мамиле барбы?
- Азыркы саясатчылар менен беш жылдан бери саясатта келем. Көргөнүм-билгеним ушул болду, баары эле мен-мен дегендей болушат да, жалпы иште орток ойду таба албай кыйналышат. Ар кандай кырдаалда жакшы-жаман айтышып, айрылышкандары болду. Табыша турган жолдор бар, саясий ишмердиктери чындап эл үчүн болсо, мамилелер жакшырат. Биз - пендебиз. Жаңылып-жазабыз дегендей. Убагында оппозицияга каршы митингдерде жүргөн, ар кандай тагдыр чечер учурларда ойноп кеткен адамдар болгон. Болгону - кетирген катачылыктарын көздөн далдаа жашырбай, эл алдында "мен жаңылыптырмын" деп ачык моюндап коюшсунчу.

- Ашыкча амбициялуу болбогула дегени турасызбы?
- Кеп амбицияда эмес. Саясатчы болом деген адамда амбиция болбой койбойт. Амбициясы жок адам ашканада, жубайынын маңдайында отурат. Амбициялуу десе, оомал-төкмөл эмес, эрктүү, туруктуу мүнөздүү болуш керек. Ошол амбицияны, сезим-туюмду туура багытта пайдаланганды бил. Канчалык жамандасак, күчтүн баары мамлекетте болуп жатпайбы. Биздин күч - таза ойдо, биримдүүлүктө, анан ишеничте. Айрым маалымат булактарын айтышуунун майданы кылып албай, ачуу болсо да, чындыкты бетке айтышалы. Бири-бирибизди жамандабай бириксек, айыптарыбызды чукушпасак, ошондо эл ишенет. Бир учурда жоготкон ишенимди кайра кайрып алганга кудуретибиз жетет

- "Массага жетмейинче жыйынтык болбойт" дегендей, эл турмушун кыйындаткан нерселер боюнча эле билдирип жатат. "Конституциянын бул беренелерине өзгөртүү киргизилди, бул структуранын функциялары буга берилди" деген жүйөңүздөр түшүнүгү барларга гана жетип жатат. Бирок Конституциянын өзү эмне экенин билбегендер жок эмес да...
- Билесиңерби, 2006-2007-жылдары болгон эң биринчи митингдерде конституциялык реформа деп чыкканбыз. Эл ээрчибей койбодубу. "Эгер бул Конституцияны оңдобосок, алданасыңар, чөнтөктөгүнү уурдатып отура бересиңер" деп айткан жокпузбу? Айттык. Укпай койбодубу. Ошондо түшүндүм, келтирген жүйөлөрүбүз эл көңүлүнөн орун албай жатканын.

- Демек, массалык аң-сезим, кабыл алуу өзгөргүдөй жеткириш керек...
- Азыр да эски айлампага түшүп, жаңылыштык кылып жатабыз. Себеп дегенде, юридикалык терминдерди карапайым эл аш кылбайт. Аларга жеткиликтүү, өз ара сүйлөшүүсүнө көндүм болгон сөздөр менен жеткирүү зарыл. Бирок, намыс да болуш керек. Тарифтердин көтөрүлүшү сымал турмуштук көйгөйлөргө нааразыланбай, мына өз жерибизде туруп ээлик кылалбай жатабыз, ага эмне күйбөйбүз?! Үзөңгү-Кууш кетти, Каркыра кетти, Нарындан дагы башка жерлер кертилип жатат. Ага эмне дейбиз?... Өзүбүздү өзгөртөлү, анан калганы өзгөрөт.

Салима СААЛЫ кызы