Бактысын башка жактан тапкандар

Кыргызга келин болгон араб кызы
Араб кызы кыргызга келин болгонун кулагыбыз чалгандан баарлашууну чыдамсыздык менен күткөм. Үйлерүнө жеткенимде, жадырап-жайнап тосуп алышты. "Бүгүн (28-февраль - ред.) биздин королдун кызынын туулган күнү экен. Жаңылыктан айтты деп келинчегим кубанып жатат" - деп Төрөбек күлүп калды. Төрөбек Мамырбаев менен Сана Аль-Каваждын баш кошконуна бир жыл болуптур. Сана жети бир туугандын алтынчысы, бир үйдүн улуу келини. Бактылуу жубайлардын Лина аттуу кызы бар. Учурда Махмуд Кашгари Барскани атындагы Чыгыш университетинде араб тилинен сабак беришет. Андан тышкары, Төрөбек балдар жатаканасын, Сана араб тили китепканасын жетектейт.


Таанышуу
- Сана Мароккодон биздин университетке докторлук ишин жактаганы келгенде таанышканбыз. Бир көргөндө эле жагып калганын жашырбайм. Кесиптеш катары сүйлөшкөнүбүз болбосо, арзуумду билдире албай көпкө кыйналдым. Бишкектин ичинде ары-бери жүрүп калышканда, мен котормочу болуп жүрдүм. "Мен ага жактымбы же жокпу?" деген суроо жүрөгүмдү өйүдү да калды. Бир күнү түш көрдүм. Түшүмдө эки тараптан келген эки булут (бири - Төрөбек, бири - Сана) аралашып калды. Кийинки түшүмдө Сана ак жоолук салынып, намаз окуп кирди. Түш кармабагандыктан, ишенген жокмун. Андай учурда, биз, мусулмандар, Кудайдан жардам сурап кайрылабыз. "Баш кошкондой кыла көр" деп Аллахтан абдан сурандым. Алла Тааланын буйругу экен, баш коштук. 29 жашымда үйлөнүп, үйдөгүлөрдү кубанттым.


Кыздын колун суроо
- Албетте, кыздын колун сураш кыйындыкка турду. Мусулмандарда кыздын колун баланын ата-энеси сурап, сөйкө салуу салты бар эмеспи. Жол алыстыгына байланыштуу телефон аркылуу сурадык. Атасынын көзү өтүп кетиптир. Апасына айта албай, көпкө чейин коркуп жүрдүк. Алгач бир туугандарына билдирсе, алар "өзүңө жакса мейли" дешти. Апасына да Сана өзү кабарлады. Тобокелге салып байланышса, апасы: "Мусулман бекен? Намаз окуйбу? Өзүңө жагабы?" деп сурап, баарына "ооба" деген жоопту уккандан кийин: "Анда Кудай деп чыга бер" деди. Сүйүнгөнүбүздү айтпаңыз...


Кыргыз ата-эненин чечими
- Мен жактагылар каршы болгон жок. Былтыр жайында үйгө барганымда, апама тамаша иретинде: "Мароккодон келген бир араб кыз бар. Ыймандуу, билимдүү, жакшы кыз. Ошол кызды алып алсам кандай болот?" дегем. Апам: "Андан көрө ал кыз сага тийеби? Арабдар бай да. Ал кыз макул болсо, сонун болбойбу..." деди. Чынын айтсам, апамдан мындай сөздү күткөн эмесмин. Атам болсо, эч нерсе деген жок. Себеби, менин чечимимди дайыма туура деп эсептейт.
Той
- Биздин университетте марокколук туугандар бар. Санага ошолор төркүн болуп берди. Мусулман салтын бузбайлы деп, кызды алардын үйүнөн алып кеттик. Никебиз мечиттен кыйылды. Жакындар, кесиптештер менен бир күн тойлодук. Эртеси Нарынга алып бардым. Кадимкидей эле той болду. Болгону араб кызын алганым башкаларга укмуш кызык болуптур. "Кыргыз кыздарынын арабга турмушка чыкканын укчубуз. Араб кызынын кыргызга келин болгонуна биринчи жолу күбө болуп жатабыз" деген сөздөр айтылды.
Куда-кудагый таанышуусу
- Ушул убакка чейин куда-кудагыйлар жакындан тааныша элек. Бири-бирин компьютердеги сүрөттөр аркылуу билишет. Албетте, бетме-бет жолугуп, жүз көрүшүп, чер жазышканга не жетсин. Ага шарт жок болуп жатат. Жолкире - кымбат. Киши башына эле - 1200 доллар. Былтыр өзүм барып келгем. Ата-энем Мароккого, кайын тарап биз тарапка келсек деген ой-максаттары бар. Быйыл орундатсакпы деп тилек кылып жатабыз.
"...станды" угуп чочуган кайын-журт
- Сананын үй-бүлөсүнүн Кыргызстандан кабары жок экен. Мындай мамлекет, кыргыз деген улут бар экенин угушпаптыр. Аягы "...стан" менен аяктаган өлкөлөрдүн баарын - Пакистан, Афганистан, Дагестан мамлекеттериндей элестетип, "террористтер экен" деп ойлогондору да болуптур. Кыргызстанды укканда кулактарына жаман угулуп, чочуркашты. Биз тууралуу бул жактагы араб туугандардан уккандан кийин, жүрөктөрү ылдыйлап калды.
Тил
- Экөөбүз тең бир нече тилди билебиз, ар биринде сүйлөшө беребиз. Көбүнчө арабча сүйлөшөбүз. Сана кыргыз тилине кызыгат. Жаңыдан үйрөнүп жатат. Кызыбыз төрөлгөндө апам келип, бир ай багышты. Ошондо үйгө: "Сана, үйдө нан барбы?" деп телефон чалсам, ал апама кайрылып, "Апа, нан бар?" деп сурап атат. Аракеттенип, кыргызча сүйлөп жатканына ичим жылып калды. Апам: "Алдей, алдей, ак бөпөм, ак бешикке жат бөбөк" деп ырдаса, ал саптарды жаттап алыптыр. Кээде ырдап калат. Башка тилди билген жакшы. Барган жериңде котормочу издеп, убара болбойсуң. Мисалы, мен Мароккого барганда, кайын-журт менен эркин эле сүйлөштүм. "Биздин тилди кыйын билет экенсиң" деп таң калышты. Биз жөнүндө эмне деп сүйлөшүп жатканын угуп билесиң. Алар Азиядагы элдин баарын эле кытай деп кабыл алышат экен. Мени да кытай деп жатышты. Арданып:"Кытай эмесмин, кыргызмын" деп кайра-кайра тура калам. Биз кытайды көп жакшы көрө бербейбиз го. Алар болсо жогору коюп, баалашат экен.

Мароккодогу той
- Мароккого барганымда, мени өз баласындай кабыл алып, тосуп алышты. Шаан-шөкөт, шаң менен эки күн той өткөрүштү. Кызды абдан баалашат экен. Алардын салты боюнча, кыз 5-6 кийим (ак, көк, кызыл, күлгүн, сары, жашыл) которуп, колуна хна менен сүрөт тартып беришет экен. Акырында 20 килограммдык көйнөк кийип чыкты. Канчалык оор болсо да, салт үчүн чыдайт экен. Кыздын көйнөгүнүн баары алтын, күмүш менен кооздолуптур. Кызды алтынга көмүшөт экен. Кыз кийимин которуп чыккан сайын, аны замбилге салып, көтөрүп бийлешет экен. Күйөө балага да "король көйнөгү" (250 долларлык) деп көйнөк кийгизип, бир жолу замбилге салышат экен. Мени да бир жолу салып, бийлешти. Биринчи күнү жакындары менен чакан той өтүп, эртеси чоң той болду. Ардактуу ырчыны чакырышыптыр, ал оркестр менен укмуш ырдады. Пайгамбарды даңктаган ырлар жаңырды. Кыскасы, абдан жакшы өттү.

Ымыркай
- Жыл айлана кыздуу болдук. Кызыбыз Линага үч ай болду. "Лина" Курандан алынган ат. "Көп мөмө берген пальма" дегенди түшүндүрөт. Мароккого барганыбызда Сана кош бойлуу болчу. Кайын эжемдин Ясил аттуу баласы: "Кыз болот окшойт. Атын Лина койгула" деп айтса, этибар алган эмеспиз. Анткени, өзүбүз эркек бала деп жүргөнбүз. Бишкекке келгенде УЗИден өтсөк, кыз дешти.

Таарынуу, жарашуу...
- "Идеалдуу үй-бүлө болбойт" дегендей, биз деле кээде кер-мур айтышып, таарынышабыз, кайра жарашабыз. Сананын жакшы жери ичине кир сактабайт. Чукчуңдашкандын четин апам көрүп калган. "Тээтиги жактан элин-жерин таштап, сага келсе, эмнеге урушасың? Бир үйдүн эрке кызы болсо, Санага оор эле да. Андыктан, экинчи аны таарынтканыңды көрбөйүн" деп, бизди ынтымакка чакырып сөз айткан. Экөөбүз деле катуу чырлашууга жол бербейбиз. Таарынычыбыз болбогон жерден эле чыгып кетет. Бирок, аныкы туура болуп калат. Мисалы, "Пайгамбар деп сүйлөгөн менен, анын туулган күнүн белгилебейт экенсиңер" деп таарынганда, "бизде деле бара-бара калыптанаар..." деп түшүндүрдүм. Пайгамбардын жашоо-турмушунан үлгү алгым келет. Улуу адам болуп туруп, өз кийим-кечесин жууган экен. Үй жыйнаганга, тамак-аш жасаганга жардам берем. Аялзатын сыйлаш керек. "Бейиш эненин таманы астында" деп бекер айтылбаса керек. Апамды эстеп, Санага жылуу мамиле кылам. Өзү деле тың, баарын шыпылдап, чуркап кылат.
(Уландысы 16-бетте)