"Ыңгайлуу" суроолор

Данияр Үсөновго

- Урматтуу Данияр Токтогулович! Сиздин өкмөт башчысы катары жасаган иштериңизди көпчүлүк эл түшүнө албай турат. Сиз ,чындап эле, кыргыз элинин душманысызбы? Минтип сурап жатканыбыздын да жөнү бар. Тарифтерди 5-10 эселеп көтөрүшүңүздүн өзү эле карапайым элге карата душмандыгыңызды тастыктап турбайбы!? Дегеле, сиз ким үчүн иштеп, ким үчүн премьер-министрсиз? Жакында эле, "Түндүк электрону" бир долларга болсо да сатмакпыз" дегениңизди кандай түшүнөбүз? Элдин ырыскысына мындай кесирдүү мамиле кылуунун өзү жакшылык менен бүтчү эмес эле. Бир долларга биз деле сатып алмакпыз. Анын жең ичинен 3 млн долларга эле сатылып кетээрин билбей калдык. Билгенибизде же өкмөт же мамлекеттик казына ошол 3 млн долларга таңсык болуп жатканы чын болсо, 100 млн доллар каражат деле чогултуп, карапайым эл өзү эле сатып алмак.
А ММКларда айтылып жүргөн "Данияр Үсөнов Казакстандын жараны, паспортун белгилүү эле адамдарга өзү көрсөткөн экен. Атүгүл "кыргызың сөккөн" экен деген имиш-имиштерге кандай карайсыз? Ушинтип сөккөнүңүз, Казакстандын жараны экендигиңиз чынбы? Акырында сурарыбыз, Данияр Токтогулович, сиз деле кабардар болсоңуз керек, жакында эле Курманбек Бакиев тарифтердин көтөрүлүшү мыйзамдуу болгон же болбогонун текшерүү үчүн уулу Максим Бакиевге тапшырма берди. Тарифтерди жогорулатканыңызга каршы эл көтөрүлүп, күтүүсүздөн жарылып кетүү алдында турат. Эгер эл көтөрүлүп, бийликти көңтөрөбүз дешчү болсо, Бакиевдер сизди эч убакта кечирбейт. Же эмне сиз, Курманбек Бакиевдин колтугунда жашынып жүргөн душманысызбы?




Дастан Сарыгуловго

- Урматтуу Дастан Исламович, сиз Акаевдин да, Бакиевдин да мезгилинде жогорку кызматтарда иштедиңиз. Ошондон улам, сизден сурай турган айрым бир суроолор да жок эмес. Сиз көптөн бери кыргыздардын унутулган тарыхын, улуу эл экендигин изилдеп жүргөн кишисиз. Талаш жок, мунуңуз жакшы жөрөлгө. Өткөн тарыхты, бабалардын сөзүн изилдөө даражалуу, ардактуу иш.
Бирок, кээ бир адамдар сизди Кыргызстандын алтын чатагына байланыштырып жүрүшөт. Акаевдин мезгилинде парламентте "Кумтөр" маселеси каралып жаткан учурда биздин мамлекеттин таламын талашкан эмес" деген айыптоолор бар эл арасында. Деги мындай айыптоонун чыгышынын себеби эмнеде? Ал жерде сиздин күнөөңүз, тазалыгыңыз канчалык? Же бул кимдир-бирөөлөрдүн эле ушагыбы?
Анан да Бакиев мезгилинде мамлекеттик катчы болуп турганыңыз боюнча бир кеп. Өзүңүз билесиз, учурда Кыргызстанда мындай даражалуу кызмат жоюлду. Аны Курманбек Бакиев өзүнүн "реформатордук" жүрүштөрүнүн негизинде жоюп жиберген. Анын чоо-жайын айрымдар мамлекеттик катчы болуп иштегендердин (анын ичинде сиз) дурус иштей албагандыгы менен түшүндүрүшүүдө.


Деги сиз ошол кызматта туруп эмнени жасай алдыңыз? Мамлекеттик катчылыктын жоюлуп кетишине салымыңыз канчалык?
Даярдаган
Улан Султанов




  Бир собол

"Кымбаттай элек аба эле калдыбы?"
"Өлбөгөн жанга жаз келди" деп сүйүнгөнүбүз менен жаз өзү менен кошо кымбатчылыкты ээрчите келбедиби. Азык-түлүктүн кымбаттаганын айтып бүтпөй жатсак, электр энергиясы, ага кошулуп ысык суу, муздак суу, телефон акысы, деги койчу, кымбатчылык телегейди тегиз каптады. Элден сурамжыласак, "Кымбаттай элек аба эле калды го..." дешет. Анда эмесе, ал сөздү тыңдайлы:


Өктөм Байысбекова:

- Кымбатчылыкта кайда барып, кантип жан сактайбыз? Балдардын мектебине 400 сомдон төлөшүбүз керек. Кийим-кече, жол киреси, күнүмдүк тамак-ашыбыз, айтор биздин кебибизди укчу бирөө болобу? Бири кымбаттаса, экинчисин эптештирип, утур бирине көнсөк, дагы башкасы башталат. Эмне, буларга боло берет деп атышабы. Иштеп тапкан акчабызды кимисине жеткирээрибизди билбей, башыбыз маң... Ысык суу деп анысы, муздак суу деп мунусу кымбаттап, деги элди кайда алып бара жатышат?



Мария, тигүүчү :

- Өзүм тигүүчү болуп иштейм. Тапканым эч нерсеге жетпей, кыйналуудамын. Керээли-кечке иштеп, тапканыңды бирөөнө кармата салганга да колуң барбайт экен. Мага негизинен азык -түлүктүн кымбатташынан дагы "укмуш" болуп сүйлөшүп атканыбызда, мобилдик телефон укмуштай кымбаттаганына каршымын. Кимди күнөөлөрүбүздү билбей калдык. Бири өкмөт кымбаттатты десе, дагы бири, Beeline компаниясы өзү кымбаттатып жатат дешет. Кыргызстанда көпчүлүк жаштарыбыз жумушсуз. Кымбатчылык элдин калың катмарына, элеттегилерге терс таасирин тийгизүүдө.



Өмүрзак, сатуучу:

- Бизди кардарларыбыз түшүнбөй атат. Алар мурдагы сатып алып жүргөн баа менен алсак деп ойлошот. Бирок, биз да этти кымбат баада алып калдык. Кымбатчылык бардык нерсеге терс таасирин тийгизип жатканын жашыра албайбыз. Бирине- тартсаң, экинчисине жетпейт. Иштеп акча тапкандар эптештирип жатышат. Ишсиз жүргөндөр кантип жан сактайт? Ансыз да Кыргызстандын жарандары жер кезип, өгөй бала болуп чет жерде жүрүшөт. Кыйналып, бирде ач, бирде ток болуп жүрүп, бул жактагыларга акча жөнөтүшүүдө. Аны кайсы бирине жеткирээрин билбей баштары маң?



Максат:

- Эл ишенген бийлик өкүлдөрү элди кайда алып бара жатышат? Утур бирин кымбаттатып, элдин эсебинен жашагандардын жашоосун кантип түшүнсөк болот? Кайда барба, кымбатчылыктын кайгысы менен отургандар. Айрым атка минерлер үчүн учурдагы кымбатчылык сезилмек беле. Анткени, алардын капчыгы ошого ылайыкталган. Жаз алды менен дагы кымбатчылык болот дешүүдө. Кымбаттай элек аба эле калды эле, калганынын баары кымбаттады окшойт. Анча болду, эми абага да салык салып коюшат го.



Кундуз
Исмаилова