Таш күзгү

ВВП оңой киши эмес
Премьер-министр Данияр Үсөнов кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын Москвадагы отурумуна катышып келди. Иш сапардын жыйынтыгы боюнча өкмөт расмий маалымат тарата элек эле. Албетте, адаттагыдай эле бул сапарын өкмөттүк ММКлар "жогорку деңгээлде" өттү деп көкөлөтө мактаары бышык. Бирок, айрым маалыматтарга караганда, Үсөновду орус премьери В.Путин бул ирет да кабыл алган эмес. Ал өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы, Энергетика министри Сергей Шматко менен отун-энергетика жаатында кызматташтыкты кеңейтүү макулдашуусуна кол койгон. Бизге жеткен айрым маалыматтарга караганда, орус тарап буга чейин берилген акчалардын дайынын эл аралык аудит менен текшертүүгө белсенип жатат. Ошондон кийин гана олуттуу мамилеге өтүшөөрүн белгилешиптир. Кыргызстандагы тарифтердин көтөрүлүшүн Максим Бакиев жетектеген борбордук агенттик эларалык аудиттин жардамы менен кайра карап чыгабыз деп жатты эле, эми орус өкмөтүнүн сунушуна эмне дешээр экен?
Ага болбой эле, Данияр Үсөнов орус-кыргыз алакалары бузулбагандыгын, ага эч кандай негиз жоктугун белгилеп жатат.
"Назар-пресс"