Кыргыз эл акыны -Шайлообек Дүйшеев 60 жашта
"Акындар отставкага кетпейт"

Кыргыз эл акыны, Байдылда Сарногоев атындагы сыйлыктын лауреаты Шайлообек Дүйшеев алтымыш жашка чыгып, Байдыкем айтмакчы, "Ашуудан отчет" берип турган кези экен. Шакемдин "Кайдыгерлик, "Шакен азган", "Арабадагы ыр", "Шамал" аттуу китептери белгилүү. Айрыкча, 90- жылдары жарыкка чыккан "Кайдыгерлик" аттуу китеби ар бир кыргыздын жүрөгүнөн түнөк таап, эл ичине кеңири тарады. "Кайдыгерлик" китебинде айтылган сындын айрымдары турмуш жүзүндө аткарылса, кыргыздын баягы кайдыгерлиги кайдыгер бойдон келатат. Ошол "Кайдыгерлик" деген ыр жаралганына жыйырма жыл өтсө да, күнү-бүгүн жазылгандай. Сыртта дале кайдыгерлик...
Кемчиликти көзгө сайып көрсөткөн, кыргызды сүйгөн акын Шакемди биз да 60 жылдыгы менен куттуктап, бекем ден соолук, чыгармачылык ийгилик, үй-бүлөдөгү бакытты каалап кетели.
"Назар" гезитинин жамааты


- Шакем кандай адам,
кандай акын?

Жоомарт Кадыралиев,
Кыргыз эл сүрөтчүсү:

- Шайлообек өзү адам катары басмырт, көз карашы, тулку бою, мүнөзү, кыялы нака кыргыздыкы. Кыргызда акындыгы адамдыгына төп келген инсандар чанда эмеспи. Ал эми Шайлообек адам катары да, акын катары да мыкты. Өзү айылдык жигит эмеспи. Айылдын таштан -ташка тийип бышкан суусун ичип, шартылдаган шар мүнөзгө ээ болгону, адамга шарапаты гана тийгени биз суктанчу касиеттерден эмеспи. 60 жаш - базар. Эли-журту алдында ким экени билинчү курак. Шайлообектин жашына келгендер шаани-шөкөткө жакын карманып, бак-дөөлөткө манчыркаганы умтулуп, сылаңкороздоно баштаса Шайлообек арабакечтей болуп, башына шапкесин баса кийген бойдон эли-жерине кызмат кылып жүрөт. Анткени анын сулуулугу жан-дүйнөсүндө, рухий бийиктигинде. Азыр анын адамдык да акындык да жетилген кези. Демек, элине дагы да бере турган азыгы көп. Аман болуп, көп жаша дейм Шайлообек сага!



Бактыгүл Чотурова,
акын, журналист:
- Шайлообек -таланттуу акын. Аны мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүш керек. 60 жылдык мааракесине куру кол келген жок. Ийгиликте, көп эмгеги менен келди. Ал азыр "Манас" эпосун башкача формада жазып жатат. Кут болсун! Акындар отставкага кетпейт дегендей, Шайлообекке чыгармачылык ийгилик каалайм. Кылым жашын жашасын.

Кадыркул Даутов,
сынчы:
- Азыр адабиятыбыз, анын ичинде поэзия, сатира өнүгүп жатат. Анын ичинде Шайлообекти айтсам, ал активдүү, чыгармачылыгы өсүп турган автор. Оригиналдуу сөзү бар. Чыгармачылыганда тартынбайт, жалтанбайт. Ар бир чыгармасынын мазмуну менен формасы төп келишип турат. Шайлообек көп акындардын ичинде сапаттуу жазганы. Андайлар саналуу гана. Гректерде "Сова Минервы прилетит ночью" дейт. Шайлообек да жемиштүү, активдүү акындардан. Анын али жазыла элек чыгармалары көп болсо керек.

Мырзаян Төлөмүшев,
жазуучу, котормочу:
- Шайлообекти дүрмөтү күчтүү, граждандык пафосу бийик, мыкты акын деп айтам. Анын талантынын негизи тереңде. Шайлообек айылда өскөн. Бала чагы анын муунундагы акындардын көпчүлүгүндөй бардаштуу, жагымдуу шартта өткөн эмес. Ал жетимчиликти башынан кечирип жүрүп жетилген. Анын акындык даремети турмуштун катаал сабагынан азыктанган. Ошондуктан Шайлообектин жазгандары окуган китеп, көргөн кино, уккандарынын таасирлери эмес, турмуштун өзүнөн алынган. Баарын өз башынан өткөрүп, өз жон-териси менен сезген. "Ии, турмуш дегениң ушундай турбайбы?"-деп поэтикалык тыянак чыгарган. Ошондуктан акын поэзияда алмаздай көп кырдуу, жалт-жулт этип окурманды өзүнө тартат. Ойчул-философ да, сатирик да, керек болсо трагик, махабатка кул болгон Мажнун да. Шайлообектин ырын окуган адам ким болбосун ушуларды сезет. Ал сени менен баарлашкандан баштап алган интервьюсуна чейин кызык. Чоң сүрөткер. Шайлообекти кутман курагы менен куттуктайм. Ден-соолугу чың болуп, чыгармачылыгы өрдөй берсин.

Айсулуу Көкөева