Акыйкат издеген Алайда

Алай Эли тынчыбайт...
23-февралда И. Исаковдун Алайдагы жүзгө чукул таламдашы райакимчиликтин алдында пикет уюштуруп, Ата Мекенди коргоо күнүн Ата Мекенди кордоо күнү деп жарыялашты. Алар ошондой эле мындан ары ачкачылык жана башка нааразычылык акцияларын улантышаарын билдиришти.


Гүлчө кыштагында, Алай райондук акимчилигинин алдында, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун жүзгө жакын таламдашы чогулуп, азыркы бийликти генералды ак жеринен каматкандыгы үчүн катуу айыпташты.

14-январда Ош - Эркеч-Там жолун тоскондугу үчүн камалып, акчалай айыпка жыгылган Аскалы айылынын тургуну Шайназар Оторов буларга токтолду:
- Биз жалгыз эле Исаков эмес, Кыргызстандын жаркын келечегин ойлоп жатабыз. Атчан, жөө жана машина жүрүш жасап Бишкекке дейре барабыз. Мурда бийликти алмаштыруу оюбузда жок эле, эми муну кылууга аргасыз болуп атабыз.

Ал эми эмчектеги баласын көтөрүп чыккан Эллада Мырзакулова энелердин нааразычылыгын төмөнкүчө туюндурду:
- Куловдун темирдей генерал экенин билбеймин, бирок Исмаил Исаковду жолборстой күчтүү, эрки бекем, накта элдик генерал катары эсептейм. Аны туура эмес камашты. Сотторго - наалат! Курманбек Бакиев, Исаковду бошотуп коюңуз, антпесеңиз, мендей энелер толтура, аны коргоо үчүн бала-чакабызды жетелеп алып революцияга аттанабыз.

Жашы сексен экини таяган Ороз Мусаев аксакалдардын президент Бакиевге капачылыгын мындайча ачыктап, акыйкат режимди орнотпогондугу үчүн алар эртедир-кечтир жазаланаарын кошумчалады:
- Ушундай мамлекетти, ушундай бийликти кайсыл эл колдойт? Эл бүтүндөй Курманбек Бакиевге нааразы. Анын өзү жана үй-бүлөсү амалдан кетмейинче, заман тынчыбайт.

Ушуга улай Алайдагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Айтпай Жээналиев санаалаштары 23-фераль - Ата Мекенди коргоочулар күнүн Ата Мекенди кордоо күнү деп жарыялашкандыгын билдирди:
- Кыргыз армиясынын башында турган адамды себеби жок камашты. Бул кыргыз армиясын, ал аркылуу бүтүндөй кыргыз элин кордогондукка барабар. Мындай зордук-зомбулукка мындан ары чыдай албайбыз.

Айтпай Жээналиев ушундай кырдаалда кыргыз армиясында кызмат өтөгөндөрдү эл тарапка кошулууну суранды.
Кепти улаган Исмаил Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Курманжан Сапарбаева эч кандай опузалоо алардын мизин майтара албастыгын ачыктады:
- Баш көтөргөндүн бардыгын чекеден атабыз деп атышат. Биз түрмөдөн дагы, өлүмдөн дагы коркпойбуз. Атылсак мейли, бирок чындык үчүн ага дагы кайылбыз. Биз кечээ жаралган калк эмеспиз. Илгертеден акыйкатчылык үчүн күрөшүп келгенбиз. Ушул күрөштү эч качан токтотпойбуз. Бизди эч ким коркута албайт!
- Мындан аркы күрөш катык болот. Эми бийлик менен чындап кармашабыз! Бакиев режими куламайынча, Алай эли тынчыбайт.