Евробиримдик жыйынында

Брюссель Кыргызстанды кандай кабыл алды?
Мурда күнү Кыргызстандан Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев жетектеген делегация Брюсселде Кыргыз-евробиримдик алакаларын талкуулаган жыйынга катышты.

Жыйын кандай өткөнү тууралуу азырынча эки тарап тең расмий билдирүүлөрүн таратыша элек. Бирок, "Азаттыктын" Брюсселдеги кабарчысы Ахто Лобякастын айтымында, Евробиримдик жыйында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына өзгөчө басым жасаганы айтылат.
"Маселен Биримдиктин жыйын алдынан таркаткан билдирүүсүндө Кыргызстанда оппозициянын лидерлерине, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковго, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловго жана Жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевге, "сот системасынын саясий оппоненттерге каршы колдонулушу" тынчсызданууну жаратып жатканы айтылат", - дейт, Ахто Лобякас.
Евробиримдик ошол эле билдирүүсүндө Кыргызстандагы журналисттердин абалына да камтамачылыгын айткан. Киши колдуу болгон журналисттерди ким өлтүргөнүн табууга кыргыз бийликтери анча деле аракет көрбөй жатышканы да белгиленди.
Кызыгы, Кыргызстанда жакында жарыяланган административдик реформадан кийин, Брюссель мындан ары Бишкекте конкреттүү кайсыл мамлекеттик орган менен кызматташаарын билбей турганын да көрсөткөн.





Кыймыл
"220"
Кечээ 25-февралда Достук мейманканасынын жыйындар залында "220" аттуу коомдук уюмдар бирикмеси тарабынан уюштурулган бир катар оппозициялык партиялардын лидерлери, коомдук уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышкан тегерек үстөл жыйыны болуп өттү.

Жыйында катышып отурган "Ак Шумкар" саясий партиясынын лидери Темир Сариев өлкөдөгү мыйзам нормаларынан тыш жүргүзүлүп жаткан бүгүнкү бийликтин аракети келечекте мамлекетти дестабилизацияга алып келиши мүмкүн десе, БЭКтин мүчөсү Эмиль Каптагаев "Бүгүнкү бийликтин аракетин түздөн-түз кылмыш деп эсептейбиз" деп агынан жарылды. Ал эми көптөн бери көрүнбөй жүрүп пайда болгон Коомдук Парламенттин төрагасы Абдыганы Эркебаев "Эгер Бакиев мыйзамсыз аракеттерин уланта бере турган болсо элди массалык баш ийбөөчүлүк чараларына чакырууга мажбур" экенин кошумчалады. Жыйында активдүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн Топчуке жыйындын ар бир катышуучусунун сүйлөгөн сөздөрүнө жараша суроо узатса, Оморбай Нарбеков, Дөөлөтбек Шадыбеков чектен чыккан бийликтин аракеттерин ашкерелешти. "Акыйкат" партиясынын лидери Кеңешбек Дүйшөбаев, Кыргыз Эл Биримдиги коомдук бирикмесинин төрагасы Кадыр Кошалиев кыргыздын нукура улуттук тарыхын туу тутуп, аны ишке ашырууга мезгил жетти деген ойлорун ортого салышты. Жыйында өзүнүн орчундуу, жалындуу ойлорун айткан Роза Отунбаева отургандарды 17-марттагы оппозициянын курултайына катышууга чакырып, анын мурдагы иш-чаралардан өзгөчө нукта өтөөрүнө, жакшы жыйынтык берээрине ишендирип кетти. "Ар-Намыс" партиясынын атынан катышкан Бөдөш Мамырова "Баарыбыз бул жерден тоодой убадаларды, ураандарды айтууга машпыз, бирок уулу ак жеринен караланып аткан Алайлыктарга барып кайрат бергенге бириңер да жарабайсыңар" деп жигит- аттуулардын баарын намыскөйлүккө чакырды. Жыйын соңунда соз алган "220" кыймылынын лидери Токтайым Үмөталиева "Баарыбыз алгач кол топтоп, бийликке кайрылалы, эгерде андан жыйынтык чыкпаса мыйзам чегинде бийликти кетирели" деп отургандарды резолюцияны колдоого чакырды. Акырында отургандар бир добуштан антиконституциялык аракеттерди токтотуу чакырыгы менен бийликке кайрылуу кабыл алышып, "чай ичишкен" соң тарап кетишти.

Адилет АЙТИКЕЕВ