Алакан менен аңгемелешүү
- Алда менин алаканым а-ай, ушу сени эмне кылсам... Күндө кычышасың да турасың. "Бирдеменин жышаанасы болуп атабы деп эле сага ишенип алып, балээ болду. Күндө жыргайм десем, күндө жок... Ушинтип алдаганыңды качан коесуң... Азыркы заманда мени алдабаган ушу сен эле калдың эле...
- Мага жакшы эле белги болуп жатпайбы.., сенин мазеңи алып атайын деле кыжырдансын дебейм.
- Анда канакей, капчыгым толбосо да кабагым ачылгыдай акча болгону...
- Көрөсүң го, бүгүн болбосо, эртең аласың. Акыры аласың деген белги болуп атпайбы. Чыдай тур, жыл жаңы эле жаңырбадыбы. Жыл аягына чейин эптештирип таап берсе болдубу? Же маянаны алганыңда эле баарына жетип бапырап калып аттың беле. Андан көрө ошол жакта туруп турганы түзүк. Башкалар деле албай эле, сендей болуп кыжырданып ыйлактабай эле жүрүшөт го... Сен эле.
- Акмак десе, сенин башкалар менен ишиң канча. Аларың азыркы замандын эмес, акыр замандын жаштарынан окшошот. Бышык болушуп "контрак" дегенди түзүшкөн имиш. Мендей болуп алаканым кычышканда акча алам дешпейт. Ишин бүтүргөн күнү жашыл-кызыл акчаларын шефи саатынан калтырбай алып келип берет дешет.
- Андай болсо өзүңө убал жок. Өлөөрүмдөн башкасын билем деп каласың. Ошол контракт түзгөнгө акылың жетпедиби? Кимге болсо атаңа ишенгендей ишенесиң. Ошондо эле, "деги байкачы, шашпай алды-артыңды карап иш кыл" деген акылыңды, бир аз ишенбей ыргылжың болуп турган жүрөгүңдү укпаган өзүңдө күнөө.
- Ушунча адамды иш менен камсыз кылып атса. Ага ишенбегенде кимге ишенмек элем? Эл оозуна алынып калган жигит эмеспи, айлыгымды айына берип турса болду деген элем да.
- Анан эмне болду? Ал ойлогон оюңду ким бузду? Ошол сен ишенген элге таанылып калган сенин шефиң буздубу же ага да мен күнөөлүүмүнбү?
-Жок. Иштеп берсең десе эле бышык болуп контрак түзөлү дегенден уялбадымбы. Өзүм бирөөнү алдап көрбөсөм алданып минтип, алаканым кычышкан күнү акча алам деп күтүп калаарымды кайдан билдим? Бирөөнүн ишениминен чыгып калуу уят экенин мен баалаганым менен, мен ишеним арткан шефим баалабай жатпайбы.
- Ошентип, оозуң ашка жетпесе да уялып жүрө бер. Чала болот сага дагы бирөөнө алданаар күнүң кайда экен. Мага атырылгандай башкага атырылганыңда.... башка болот эле. Ал ишке качан бардың эле? Ии, май айында баргансың, туурабы... Ишенип жүрдүң. Мен сага боорум ооруганынан августтун аягында балдарын окууга киргизип алсынчы деп бир кычыштым. Сен мени өөп койгондун ордуна, ушул качан алдаганын коёт деп чөнтөгүңө салып койгонсуң. Андан көп өтпөй шефиң акча берди. Акча дейм да, аванс...
- Өөп дейсиңби? Сени эле өпкүлөп турушум керекпи..
- Эмне болмок элең, өөп койсоң. Жакшылыктын жышааны болуп, белги берип аткан мени өппөй, күндө төбөгө коюп, достору менен аракка тойгон эриңди өпкөнүңө жол болсун..
- Ал деле кичине акча таап келип жатпайбы. Сага ырымын жасап, өөп турганым менен төрт ай өтүп кетти го. Кана эми, акчалуу болгонум. Мен карызга эмес, адал эмгек, маңдай теримди сурап жатам. Аванс эмес, акча күтүп атам.
- Сен өзү кызыксың. Эч нерсеге чыдамың жок. Шефиң өлүп кетеби, аракет кылып акча таппай атса. Ал да бирөөнүн артынан акча үчүн жүрөт. Мына банкка котором дегендерге ишенген аны кубаттап, сени күтүп эмес, сүйүнүп турсун деп кычышып калганым чын. Сен болсо жер- жебериме жетип, ата-жотомду кошуп тилдеп киресиң.
- Тилдебей анан, сенден көрө май таман, төө таман дешсе дагы бутум чынчыл. Ал ысып-күйүп, кычышкан күндөрү буту-бутума тийбей чуркап калам же бир жакка сөзсүз барам. Канчалык пландап алган ишим болсо да тызылдайм го, чиркин. Кээде жашоодон эмес, жумуштан чарчаганда бутум кычышпаса экен деп калам.
- Ошол төөнүкүндөй болгон бутуңа ишенип иш кыла бер. Мен экинчи тынчыңды албайм.
- Сен мага ким элең... Кудайым берээрин унутпаса болгону.
- Берерин унутпасын дечи, бирок " туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок" болуп атпайбы.....
-Мм, дагы эмнени айтканы турасың? Баарында эле бар тууган.
- Кызыксың. Мен башка жетекчилерди айтып атам. Ошолорду көрүп, берки сеникине окшогон айрым шефтер да сага окшогондорду алдап жатпайбы.
- Шумдугуң кургур, эптеп мени ишсиз калса деп атасыңбы. Мен да оңой жинди эмесмин. Менин шефим чындыкты жакшы көрөт. Болгону шарты болбой жатпайбы. Көрөсүң го, баары бир эртеби-кечпи, акчамды берет.
- Жинди го, иштеген акчаңды баары бир берет деп. Мен сен болсом жанын сууруп алмакмын. Шарты болбой жатат дейсиң, ошол шартын түшүндүрүп койсо кичирейип кетеби. Мен да сендей болуп жакшы киши болсо керек, ушунча кызматка келген соң дегем. Сенин кыйналганыңды көрүп туруп мен дагы кыйналып кеттим. Иштен кайтканыңда сенин кур алаканыңды көрүп умсунуп калган, чиедей балдарыңды аяйм.
- Алар мени түшүнөт. Бир күнү сөзсүз акча алып келериме ишенишет.
- Айткандай, өткөндө таманың кычышып атат эле, кайда бардың?
- Алаканым кычышып акча болбосо, таманым кычышса жөө басам да. Акчам жоктугунан төрт аялдама жөө бастым. Ошондуктан таманым кычышпасын дейм.
- Элдин көзүнчө сенин кычышканың ыңгайсыз. Алар өпсөң да тырмасаң да, капчыгым калың болот деп чөнтөккө катсаң да, алаканың калпычы дешет, алардан уялам.
- Сени сүйүнүп турсун деп ыңгайсыз, шарт түзгөнүмө күнөөлүүмүн.
- Эч нерсе эмес, күнөөлүү экениңди сезсең болгону. Мени эле элге шылдың кылбай же үмүт кылдырбай, шефти да уят кылып койчу. Ал да ыңгайсыз болсо, балким мени түшүнүп, жөө басып акчамды бере салаар. Дагы эле сага күнүм түшүп атат да. Ошентип мени кыйнабай калчы, эч болбосо бир жагымдан санаам тынч болсун. Же бай болгур шефтин алаканын кычыштырып, мазесин алып менин абалымдын кайталанышына жардам берсең болот эле, өз башына келсе анан түшүнөт эмеспи адамдар.
Макул. Умсунган балдарыңан уялбай акча алып бараар күнгө менин жардамым тийип калгысы бардыр. Сабыр кыл эми, "Сабырдын түбү сары алтын" деп атпайсыңарбы...
- Сабырым түгөнгөндө эмне кылам... Алаканымды баш кылып, баарын чет жерге айдап иеминби... Жаныма күч келгенде баарын жасап ийишим ыктымал. Ошон үчүн адам баласы күтүүсүз нерселерди жасап иет окшойт....

Кундуз Исмаилова