Жазуучулар жыйналып...

Биригебизби же бириндейбизби?
Асан Жакшылыков,
Кыргыз
Республикасынын
эл жазуучусу:
"Биздин
чогулушубуздун максаты-бириндебей биригүү"

Азыркы жазуучулар Союзун жетектеп тургандар өз орундарын легитимсиз ээлеп отурушат. Анткени жазуучулар Союзунун Уставы деген бар. Ошону жетекчиликке алып, ага баш ийишибиз керек. Анда Жазуучулар Союзунун төрагасы башкармалыктын мүчөсү болуп анан аны башкармалыктын 60 мүчөсүнүн үчтөн экисин, же болбосо 46сы катышып шайлаганда гана легитимдүү (мыйзамдуу) болот деп жазылып турат. Демек, алар 2009-жылы пленумду, Уставды тебелеп-тепсеп мыйзамсыз өткөрүшкөн. Мейли, болоору болду дейли, биздин чогулуштун максаты жакынкы аралыкта сьезд өткөрүү. Аны өткөрүүгө жана катышууга башкармалыктын мүчөлөрүнүн дээрлик көбү макул. Ошондуктан, Баяс Турал (А. Алымбаев) баш болгон Союздун кожоюндарын сьездге чакырганбыз. Көпчүлүк аларды жетекчиликке ошол съездде шайлашса ага да каршы эмеспиз. Кыскасы калыстык, адилеттүүлүк болушун каалайбыз.

Байтемир Асаналиев,
акын:

"Ынтымагыбыз ыдырап, элден уялып бүттүк"

Ушундай болгондон кийин биздин китептерибизди, чыгармаларыбызды ким окуйт? Баарыбыздын кызыкчылыгыбыз бир. Жакшы чыгарма жазып, элге, мекенге кызмат кылуу. Чыгармаларында башка, жүргөн-турганың, мүнөзүң, алардан тескери болсо ал эмне деген жазуучу-акын? Ал эң биринчи турган-турпатын, жүргөн-турганы менен үлгү болушу керек. Ошондуктан баарыңарды ынтымакка, бир пикирге келүүгө чакырам. Ынтымагыбыз жок болсо бизди тоготпойт. Бириндеп, ар кайсы жерде өзүбүз менен өзүбүз болуп жүрө беребизби.
Чогулушка баардыгы 80дей акын-жазуучу катышты. Акын Кожогелди Култегиндин айтуусуна караганда 2009-жылы легитимсиз өткөн пленумга туура эмес барып алышкан белгилүү акын-жазуучулар "съезд өткөрө турган болсоңор сөзсүз катышып беребиз"-дешкен экен. Ошондой эле Жазуучулар Союзунун 340тай мүчөсүнүн жарымынан көбү "съезд өткөрүп, бир тартипке келип тазаланалы" деген талаптарды коюп жатышкандыктары да айтылды. Азыр жеке кызыкчылыкты көздөөчү мезгил эмес. Биригүү гана Союздун бийик маанисине жеткирип, күчтүү кылмакчы. Буга жазуучулар Союзунун чыныгы ээлерибиз дегендер эмне деп жооп беришээр экен? Же дагы эле тоготпостукка, тоңмоюндукка салышабы? Андай болсо акын-жазуучулардын көпчүлүк санына аларсыз эле съезд өткөрө беребиз дешет бул чогулуштун катышуучулары. Алар бир гана максатты - ынтымакка келип, биригүүнү көздөшүүдө.


Бакай Сексенбаев,
жазуучу:

"Легитимсиз шайланып алган балдарда деле күнөө жок деп ойлойм"

Аларды көкүтүп, өз кызыкчылыгына пайдалангысы келген адамдарды айтпасак болбойт. Алардын башында жазуучу Асанбек Стамов турат. Ар качандан бир качан чыр-чатак менен жүргөн бул киши деги эле канына сиңген мүнөзүн коер эмес. Аны мен 30-40 жылдан бери жакшы билем. Ошондон бери "бөйрөктөн шыйрак чыгарып" бирөөлөргө асылганы асылган. Же ошондон ыракат алабы, айран-таң калам. Азыркы баамымда Жазуучулар Союзундагы балдарды өзүн өкмөткө "Баатырлыкка" сунуш кылынган кагаздарды алыш үчүн, өз кызыкчылыгы үчүн адаштырып жүрөт окшойт. Татыктуу болсо баатырдыкты ала берсин. Ага эч кандай ичи тардык жок. "Бирок, жазуучуларды экиге бөлүп, тиги өйүз бул өйүз кылбай жалпынын колдоосуна ээ болсо кана, атаганат! Эми карыганда сөөлөттүү карып, жаштарга нарк-насилин айтса эмне? Ошондуктан Баяс Турал баштаган Жазуучулар Союзундагылардын жалпы кызыкчылыгы үчүн бүгүнкү чогулуштун талаптарын эске алууларын каалар элем.





Биригели
улуу күрөш жолунда

Жөргөмүштүн желесиндей жайылган,
Тордо жүрөм жан-дүйнөмдү кайырган.
Жан багам деп жүгүрүп да, бүлүнүп,
Калбай барат макулуктан айырмам.

Жалганчылык жалап-жуктап бетимден,
Азезилдей тең айланып көзүмдөн.
Кайда болсом жан-жагымда илээшип,
Айланчыктап кетпей жүрөт өзүмдөн.

Алдамчылык тосуп турат алдымдан,
Жакынымдай жаны калбай жалынган.
Эзелтеден акысы бар немедей,
Ээрчип келет кайда бассам артымдан.

Ичитардык ишимди да көралбай,
Ушак-айың уучун чачат аянбай.
Өз кулунун өгөйлөнтүп кыргызбай,
Өзгөлөрдү төргө өткөрөт ардактай.

Кошоматтык жолу болуп жайылып,
Мансаптууга, оокаттууга жагынып.
Балдарына бербегенди берем деп,
Алдын тосот оңко-чоңко сайылып.

Паракорлук, ачкөз деген мителер,
Күнү жок го, тешиктери бүтөлөр.
Соруп иймек ыраа көрбөй башкага,
Тоо-талааны басып кетсе бүт эгер.

Кымбатчылык алкымымдан муунтуп,
Карышкырдай жырткыч кылдың жулунтуп.
Какшаганды уга турган бийлик жок,
Кайда барсаң туш-тарабың туңгуюк.

Так ушундай жөргөмүштүн торунда,
Бултактаймын жетпей чындык соңунда.
Кел, кошулгун, көптүн күчү көл деген,
Биригели улуу күрөш жолунда!

Жума Мамбетов,
акын




Бир кезде Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Алыкул Осмоновдой болгон адабият алптарын баш коштуруп турган республиканын Жазуучулар Союзу өз үнү бар кадыр-барктуу, бараандуу уюмдардын бири эле. Анын сунуштары, пикирлери менен республиканын жетекчилиги да эсептешип турган. Азыр ошол уюмдун абалы кейиштүү деңгээлде. Анткени эгемендиктин эпкини бул уюмга да таасирин тийгизип, ар кимиси ары тартып, бери тартып чилдей тарап кеткен болчу.

Акыры аттуу-баштуу аксакал жазуучулар бир мунасага келишип алты-жети жыл мурда кайра бир уюмга биригимиш болушкан. Бирок, "котур ташын койнуна каткандар" өз кызыкчылыгын жалпы кызыкчылыктан жогору коюп, кайра эле бөлүнүп, ажырымдыкка алып келген. Мындай ынтымакка келбей бөлүнө берүү аброй алып келмек түгүл тескерисинче жазуучулардын, акындардын эл арасындагы кадыр-баркы өтө төмөн түшүп бараткандыктан көпчүлүктүн сунушу менен 2006-жылы эл акыны Омор Султанов баш болгон акын-жазуучулар бир уюмга баш кошушуп, бийликтин көмөгү менен эски өкмөт үйүнүн (азыр АУЦА жайгашкан) имаратынын чыгыш тарабынан эки кабат имаратка ээ болушкан. Ага "Жазуучулар үйү" деген ат берилип Союз "Улуттук" деген статусту алып, буюрса иш оң жагына багыт алды го, дешип арабөк калышкан акын-жазуучулар жакшылыктан тилек кылышкан. Алар ойлогондой иш жанданып, жаңы чыгармалар талкууланып, жаштарга көңүл бурулуп Союздун органы болгон "Кыргыз адабияты" гезити жарыкка чыга баштаган.
Тилекке каршы, мында да жаныбызга сиңген ичи арамдык, көрө албастык үстөмдүк кылып "эки жылдан бери пленум өткөрбөй койду" деген шылтоо менен өздөрү легитимсиз пленум өткөргөн азыр жазуучулар Союзун башкарып турган топ О.Султановду зордук менен Союздун төрагалыгынан бошотууга мажбур кылышкан. Анткени алар өткөргөн пленумга Союздун башкармачылыгынын 60 мүчөсүнүн үчтөн экиси катышканда гана пленум легитимдүү болмок. Андай болбой башкармалыктын отуздан бир аз ашыгы гана катышкан. Мына ушулар жөнүндө 20-февральда жазуучулардын бир бөлүгүнүн Кыргызстан профсоюздар үйүндө өткөрүлгөн чогулушунда кең-кесири сөз болду.
Чогулуштун Профсоюздар үйүндө өткөрүлүшү да бекеринен эмес экен. Себеби анын уюштуруучулары "Ушундай абалда турганда өзүбүзгө өзүбүз кам көрүп, коргойлу, ал үчүн профсоюздун жергиликтүү комитетин уюштуралы" деп чечишиптир. Бул чогулуштун дагы бир жаңылыгы - Жазуучулар менен бирдикте композиторлор, сүрөтчүлөр биригип бир Союзду түзүү максаты. Бул чогулушка жана андан эки жума мурда өткөн чогулушка азыркы Жазуучулар Союзунун кожоюндарыбыз дешкендер чакырылышканы менен тоготушкан эмес окшойт. Келбей коюшту. Кыргызстан профсоюздарынын өкүлү А. Кыдырбаева да чыгармачыл топтун бул демилгесин колдоп, жаңы түзүлө турган профсоюздун жергиликтүү комитетине ар тараптан колдоп, көмөк көрсөтүлө тургандыгын айтты. Бул жагдай боюнча айрым акын-жазуучулар менен пикирлештик.