Кымбатчылык кыяматы

" Ме, дагы алчу эмнең бар?"
Элибиздин "Карыганда берсин дөөлөттү, жашында берсин мээнетти" деген таасын сөзү азыркы биздин күндөлүк турмушубузда тескерисинче болуп баратат окшойт. Анткени жалындаган жаштыктарын, күч-кубаттуу курактарын өлкөнүн өсүшү үчүн күн-түн дебей жумшагандардын көбү азыр жарыбаган пенсияларын ары тартса ары, бери тартса бери жеткире албаган бир бечаралар болуп олтурушат. Айтса-айтпаса төгүнбү, күн-түн дебей айлап-жылдап мал баккан чабандар, жылкычылар, уйчулар, өмүрлөрүн тобокелге салып жер астынан көмүр казган шахтерлор, кышкысын суукка тоңуп, жайкысын ысыкка соолуп суу сугарып, жер айдап жүргөн дыйкандар үчүн жарыбаган пенсия менен өлбө жаным өлбөлөп эптеген жашоо кечирүүдө. Бүгүнкү күндүн каардуу сыноосун алардын арасында анча сезбегендер чанда эле.


Азыркы учурда Кыргызстанда жаңы 2010-жылдан баштап электр энергиясына, жылуулукка, ысык сууга төлөмдөр үрөйдү учурган деңгээлге көтөрүлгөндөн баштап ар бир адамдын жашоо минимуму 6-7 миң сомго чейин жогорулады. 2-3 миң сом пенсия алгандар (андайлар жалпы пенсионерлердин көпчүлүк бөлүгүн түзөт) мындай болгондо кандай жашоо-тиричилик өткөрүшөт? Өкмөттүн чектеген компенсация, субсидиялары, 1-марттан баштап пенсияларга кошо турган жарыбаган акчасы жаңы төлөмдөрдүн жарымына да жетпейт. Уюлдук телефондордун ар бир сүйлөшүүсүнө 60 тыйындан кошулса, "телеком" жеке менчикке сатылып электрге болгон төлөмдөр мындан да көбөйсө бийликтегилер элди туш-тушунан саай бергидей жомоктогу түгөнбөгөн кенчтей көрүшөбү? "Кыргызгаздын" жетекчиси Саламат Айтыкеев "газ төлөмдөрү дагы көбөйүшү мүмкүн"-деп жылаандын башын акырын кылтыйтты. Ал эми азык-түлүккө баа 1-2 сомдон кошулуп отуруп элдин ага көңүл бурууга чамасы да келбей калды. Кымбатчылык мына ушинтип туш-туш жактан ач бөрүдөй улунуп-жулунуп, камап турганда пенсияларынын көлөмү аздар, мүмкүнчүлүгү чектелүү эмес, дегеле жетпегендер "ме, дагы алчу эмнең бар?"- деп коколой баштарын тосуп туруп бербегенден башка айла-амалдары жок сыяктуу.
Дегеле пенсия боюнча башынан эле биздин өлкөдө теңсиздик, калыссыздык өкүм сүрүп келет. Бийликтегилер болсо "көбөйтүп жатабыз" деп коюшат. Эми ошол көбөйткөндөрүн тарифтердин, баалардын өсүштөрү менен салыштырып көргүлөчү. Маселен пенсияга 100 сом кошула турган болсо тамак-аштарга, коммуналдык кызматтарга, электрге, газга ж.б. жашоо-тиричиликтин зарыл, керектүү нерселерине баалар кошулуп олтуруп, кошулган жүз сом тигилерден ат чабым алыс калып жатпайбы. Ооба, 20, 50 сом жөнүндө сөз кылбай эле коелу, жүз сомго азыркы учурда бир кезде килограммы 78 тыйын турган кумшекердин эки килограммы да келбейт. Кечээ эле 33-34 сомдон турган кумшекердин бир килограммы азыр 53-55 сомдон. Мына ушул жерден бийлик азырынча СССРдин мезгилинде эмгектенип, 1990-жылга чейин пенсияга чыгышкандарды кандай алдап жатышкандыгын жашырбай эле айтуу керек. СССРдин учурунда 150-200 рубль айлык алып пенсияга чыккандардын көбү азыр 3-4 миң сомдон жогору пенсия алышпайт. Ошол 150-200 рублдин эквивалентин азыркы учурдагы сомдуку менен салыштырсак бери дегенде эле 15-20 миң сомго барабар. Ошондуктан бийлик, өкмөт пенсионерлерди: "жылына эки жолудан пенсияңарды жогорулатып жатабыз" деп алаксытып, башын тегеретпей эле, алган рубли менен азыркы сомдун эквивалентинин артыкчылык айырмачылыгын калыс баалап, индексациялап берсе эле эң туура болмок. Марттан баштап пенсияга кете турган акчалар да өтө калыссыздык менен бөлүштүрүлгөн. Маселен, 2000-4000 сом пенсия алгандарга 250 сом, 1000 сомго чейин алгандарга 150 сом кошулат экен. Ой бул да калыстыкпы? Айырмасы бир жарым килограмм кумшекердин, жарым килограмм эттин баасы Кыргыз Республикасынын социалдык фондусунун төрагасы Т.Таткуловдун айтуусуна караганда эки жылдын ичинде пенсионерлердин пенсия көлөмү жашоо минимумунан жогору болот экен. Ой тобоо!
Ага чейин бүгүнкү күндө орточо 2000 сом пенсия алган 500 миң пенсионерлердин канчоосу ушул акча менен жашоо-тиричилигин өткөрө алышат деп ойлойсуз фонддун урматтуу төрагасы?
Пенсияларды жашоо минимумунун деңгээлине көтөрүүгө бюджеттеги акча тартыштык кылат деген жооп Ак үй тараптан дароо даяр. Эмне үчүн ар кандай иш-чараларга, мааракелерге миллиондогон акча каражаттары табылат? Жашырганда эмне, мамлекеттин казынасынан мурда олчойгон ишкана, заводдорду, мекемелерди, базарларды менчиктеп алышкандардын капчыгын кагып, салыктарды өз убагында алып турганда эле пенсия маселеси чечилмек. Ошондой оңой олжого туйтунган бир чиновник Союздун тушунда эң чоң ведомстволордун биринин 6 кабат заңкайган кеңсесин менчиктеп алып, азыр арендасына 60тан 70 миңге акыркы долларын айына алып тураарын билем. Бул анын бир гана менчиги. Дагы канчасы барын бир кудай билет. Ушундайлар азыр биздин өлкөдө кудайга шүгүр эле. Ошолор салыкты толук төлөмөк турсун электр энергиясын, газды миңдеген сомдорго сарптап, аны да бербей ар кандай айлалар менен карапайым элдин мойнуна илдирип жатышканы жалганбы? Алыс барбай эле борборубуз Бишкек шаарын алып көрөлүчү. Ачка калса да бардык төлөмдөрдү убактысынан кечиктирбей төлөгөндөр пенсионерлер. Же "жыгачтын жумшагын курт, кишинин жумшагын киши жейт" дегендей кыңк этип баш көтөрбөгөндөн кийин аларды басынтып, кемсинтип, кор кыла бересиңерби урматтуу кожоюндар?
Баса, ынтымак курултайын өткөрүүгө кам уруп жатышкан бийликтегилердин курсагы ач киши кайдагы ынтымак жөнүндө ойлонот деп эстерине салгыбыз келет. Өзүңөр сыяктуу курсактарын тойгузуп, жашоо-тиричиликтерин жакшыртсаңар анан ынтымак болот да. Мына ушулар жөнүндө курултайда кенен сөз болууга тийиш. Андан курч маселе азыр жок. А бирок, андай сөз болооруна да көз жетпейт...

Жума Мамбетов




  Учур собол

Жел ооп жашайбызбы?
Утур бир нерсеси кымбаттап, карапайым элеттиктер менен кошо шаардыктар да кымбатчылыктын эбин таба алышпай жаткан учурлары. Бирине тартсаң, бирине жетпеген заман. Баарын тегиз кымбаттатып, карапайым калкты жарга такагандай болушууда. Атайы барып арманыбызды айта албасак да бул жактан силер аркылуу айтсак дешет. Анда алардын кебин уксак.


Бүбүсайра,
Нарын районунун тургуну:
- Кымбатчылык жондон баскандай эле болду. Ушул темп менен баардык нерсенин баасы жогорулап кайда барат? Элдин көпчүлүгү жумушсуз. Бала-бакыраны багыш керек да. Же тапканыбызды өкмөткө төгүп берип коюп, жел ооп жашайбызбы? Билинбегени менен эл кыжырданып, кыйналып турат. Азыркы бийлик эл менен эсептешүү дегенди ойлоп, жаштарды жумуш менен камсыздасын. Коммуналдык төлөмдөрдүн кымбатташына мен эле эмес, эл нааразы.

Мазакир,
Ак-Жар жаңы
конушунун тургуну:
- Жаңы жылдан бери баары кымбаттап атат. Бийликтегилер карапайым элди деле ойлоп коюшпайбы. ГЭСтер курулуп атат дешет, бирок аларың деле жарытпайт окшойт. Биз Ак-Жар жаңы конушунда электрсиз эле жашап жатабыз. Бийликтеги биз ишенген адамдар ошол көйгөйлөрдү чечип берсе жакшы болот эле. Бирине тартсаң, бирине жетпейт. Балдардын, небере, чөбөрөлөрдүн келечеги не болот деп ойлоп калам.

Жанара,
Кочкор районунун тургуну:
- Утур бири кымбаттап атат. Коммуналдык тейлөөлөрдүн кымбатташына көпчүлүк нааразы. Иштеп аткандар эптештирип төлөөрбүз. Ал эми ишсиз жүргөндөр эмне кылышат?

Минавар,
Бишкек шаарынын тургуну:
- Кымбатчылык баардык нерсеге келди. Балдардын иштеп тапканы менен жашап жатабыз. Жаз алды менен мындан да кымбатчылык болот дешүүдө. Бирок дагы кайда кымбаттайт? Өкмөттөгүлөр элдин камын ойлочу учур келеби деги?.

Абдылда,
Бишкек шаарынын тургуну:

- Кымбатчылык жолу менен биз кайда баратабыз? Айлык маянабызды кайсынысына жеткирип, кимисин сүйүнтөбүз? Бекер болсун деген жокпуз, бирок арзаныраак, карапайым калктын капчыгы көтөргүдөй болсо болот эле. Башкасы бүтүп калгансып, телефонду кымбаттатышты. Эмне дешти да билбей калдык.


Кундуз Исмаилова