Бүркүмтөр

Алайлыктар жол тосот
Оппозициялык саясатчы Исмаил Исаковдун 300гө чукул тарапкери учурда Алай районунун борбору Гүлчөдө акимиаттын алдында чогулушуп, соттун адилет чечим чыгаруусун, И.Исаковдун генералдык чинин кайра кайтарып берүүсүн талап кылып турушат. Эгерде алардын талаптары аткарылбаса, бүгүн-эртеңден баштап Ош-Эркеч-Там автожолун бууй тургандыктарын айтышууда. "Алар генерал И.Исаковго боштондук!", " Адилетсиз сотторго наалат!", "Бийликке эл нааразы",-деп кыйкырып турушканын И.Исаковдун бир тууганы Рапия Исакова билдирди.

Венада ЕККУнун парламенттик Ассамблеясынын жыйыны башталды
Кыргызстандан бул жыйынга катышуу үчүн Жогорку Кеңештеги "Ак жол" фракциясынын башчысы Улугбек Ормонов менен СДП фракциясынын башчысы Роза Отунбаева катышууда. Р.Отунбаеванын билдиргенине караганда жыйында саясий, экономикалык, экологиялык жана илимий маселелер талкууланмакчы.

БЭК элдик курултайды өткөрүүгө имарат сурап кайрылууда
БЭКтин Элдик курултайын уюштуруу комитетинин башчысы Роза Отунбаева маданият агенттигинин жетекчиси Ибрагим Жунусовго өтүнүч менен кайрылды. Анда, "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинде каралган "Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин маселелери, дагы башка маанилүү маселелер боюнча кыргыздардын тарыхый ыйык салты болуп саналган элдик курултайларды өткөрүүгө укуктуулугу" тууралуу жобонун негизинде, жарандардын сунуштарын эске алып, Бириккен элдик кыймыл 2010-жылдын 17-мартында Бишкек шаарында Элдик курултай өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алгандыгы тууралуу айтылып, "Бул иш-чарага баардык региондордон, коомдук уюмдардан, саясый партиялардан көп өкүлдөр катышаары күтүлүүдө. Ушуга байланыштуу Бирдиктүү Элдик Кыймыл үстүбүздөгү жылдын 17-мартында Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын же Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театрынын чоң залын берүүнү өтүнөбүз" деп жазылган. Бул өтүнүчкө азырынча бийлик тараптан жооп боло элек.
"Назар пресс"




  Кен таламайбы?

Кыргыз алтынына кызыккандар көбөйүүдө
Жаратылыш ресурстары министрлигинин билдирүүсүнө караганда өткөн жылы кен байлыктарды изилдөө иштери жемиштүү болуптур. Атай кетсек, өлкө ичиндеги алтын, нефти жана газ запастары изилденип, жакшы жыйынтыктарды бергенин айтышууда.
2009-жылы жер байлыктарын изилдөө иштерине терең маани берилип, ага ондогон компаниялар катышкан. Миллиондогон долларларды самандай сапырып, изилдөөгө алгандардын алдына "Кумтөр Голд компаниясы" (12,6 млн. доллар), "Казакхмыз Голд Кыргызстан" ОсООсу (8,0 млн. доллар), "Чаарат ЗААВ" ЖЧКсы (6,0 млн. доллар) компаниялары чыгышыптыр.
Аталган министрликтин айтканына баам салсак, өткөн жылы изилдөө иштерине 2 млрд. сом жумшалган. Быйыл бул сумма 3 млрд.га жетүүсү болжолдонуп жатат. Негизинен изилдеп-иликтөө иштери алтын багытында, ошондой эле уран, нефть жана газ багытында болоору айтылат.
Австралиянын "Kentor Gold Limited" аттуу тоокен компаниясы кыргыздардын алтын кенинен 2011-жылдан баштап алтын менен күмүш өндүрүүгө белсенишүүдө. Алардын планы боюнча 8 жылдын ичинде 60 миң унций алтын, 5 тонна күмүш алышат. Ошондой эле бул компания Савояр кенин иштетүүгө киришкени туру. Ал кенге изилдөө иштерин жүргүзүп, анда 119 миң тонна алтын запасы бар экенин аныктап чыгышты. Мындан сырткары, 11-февралда "Aurum Mining plk" компаниясы Андаш кенинин 10 пайыз активин иштетүүгө макулдук алганын билдирип чыккан.
Ошентип, учурда Андаш алтын кенин иштетүү үч компанияга табышталууда. Башкача айтканда аталган кенге ээлик кылуу үч компаниянын колуна өттү. Алар "Kentor Gold Limited" - (80 пайыз), "Aurum Mining plk" - (10 пайыз) жана ITL - (10 пайыз) компаниялары.

Памир МАНАС




Ынтымак Курултайын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кайрылуусу
Ынтымак Курултайын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети алдыдагы Ынтымак Курултайынын кун тартибиндеги бардык маселелер, ошондой эле Президенттин квотасын калыптандыруу боюнча көптөгөн сунуштары жана сунуштамалары үчүн өлкөбүздүн бардык жарандарына, саясий партияларына, илимий жана чыгармачыл союздары менен бирикмелерине терең ыраазычылык билдирет.
Ынтымак Курултайынын 750 делегатынын 150сү Президенттин квотасынын негизинде сунушталаарын эске сала кетели.
Ынтымак Курултайын эскертүү боюнча уюштуруу комитети өлкөбүздүн бардык саясий, анын ичинде оппозициялык партияларына, коомдук бирикмелерге, жарандык коомго, чыгармачыл жана илимий элитасына Ынтымак Курултайына Президенттин квотасы боюнча катышуу үчүн татыктуу талапкерлерди активдүү көрсөткүлө деген чакырык менен кайрылат.
Учурда өлкөгө жагдайды реалдуу талдоо жана түрдүү социалдык, саясый, конфессионалдык жана этникалык топтордун диалогу зарыл болуп турат.
Ынтымак Курултайына делегаттарды көрсөтүү боюнча арыздарды, ошондой эле Курултайдын күн тартибин калыптандыруу боюнча сунуштарды, баамдоолорду жана пикирлерди төмөндөгү дарек боюнча жөнөтсөңүздөр болот:
Бишкек шаары,
Өкмөт үйү, Ынтымак Курултайын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети.
Электрондук дарек:
kurultai@mail.gov.kg
Арыздар 2010-жылдын 2-мартына чейин кабыл алынат.
Мындан тышкары бардык маселелер боюнча Уюштуруу комитетинин "түз байланыш" телефону менен кайрылсаңыздар болот: (0312) 63 86 69
Ынтымак Курултайын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети




  Пикир

Темир Сариев, "Акшумкар" партиясынын лидери
"Бизде эмне, граждандык согуш болуп жатабы?"
Мурдагы күнү "Кайсы маселелер чечилгенде Кыргызстандын өнүгүүсүнө жол ачылат?" деген суроонун айланасында тегерек үстөл болуп өттү. Катышкандар бир топ маселеге баш оорутушту. Тилекке каршы орчундуу ойлордун далайы жоопсуз калды. Албетте, андагы суроолордун басымдуу бөлүгү Ак үйгө, Ак үйдүн бийик кабатында отургандарга багытталды. Ынтымак курултайы туурасында да бир топ ойлор айтылды. Курултай демекчи, "Акшумкар" партиясынын лидери Темир Сариев алдыдагы ал жыйын жөнүндө төмөнкүдөй ойлорду билдирет: "Мага ал курултайдын Ынтымак деп аталышынын өзү таң калычтуу. Бизде эмне, граждандык согуш болуп жатабы? Биз аны Баш мыйзамыбызда жазылгандай "Элдик курултай" деп атасак болбойт беле?" деген суроосун сунду. Темир Сариевдин андагы билдирүүсүнө таянсак, дегеле Курултайды чакырууга Баш мыйзамда президенттин укугу жазылбаган. Андай Курултайларды Жогорку Кеңеш гана чакыра алат дейт. Ушундай ойлорун айтып, "Бүгүнкү бийлик Конституцияда эмнелер жазылганын өздөрү билбейт окшойт"-деди, үшкүрүнүп.
Ошону менен бирге эле "Бийлик тараптан Конституцияга каршы келген канчалаган иштер болуп жатса да, алар элден айбыгып коюунун ордуна өз билгендерин жасап жатышат. Анан кайдагы ынтымакты айтышат? Азыр Кыргызстанда саясий күчтөрдүн ортосунда эч кандай алар сүйлөгөн ынтымак жок. Ынтымак качан гана аркы жээк, берки жээктер диалогго келип, бийлик өзү билгенин токтотуп, жалпы пикир жаралганда болот" дейт, Темир Сариев.

"Назар пресс"