Эстутум

Кайран Доке…
Белгилүү кинорежиссер, КР эл артисти, акын, жазуучу, публицист, ЖКнын үч чакырылышынын депутаты болгон Дооронбек Садырбаевдин 13-февралдагы туулган күнүнө байланыштуу эскерүү кечеси 16- февралда Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө өттү. Кечени Жогорку Кеңештин социал- демократтар партиясынын фракциясы уюштурган.

Кичине залда улуу сөздөр айтылды. (С.Абдыкадырова), Улуу да, кичүү да ага жөн гана "Доке" деп кайрылышканын, саясатчы катары да дүйнөлүк үлкөн саясатчылар, алсак Рузвельт, Черчилль өңдүү эле (Ө.Текебаев), аты калаарын, саясатта да чыгармачылыкты айкалыштырган, куйкум сөздөрү хрестоматиялык сөздөргө айланып калаарын, (Р.Отунбаева), анын тууганы дегенге татыктуу боло билүү (А. Абдурасулова), улутка болгон сүйүүсү баарынан күчтүү болгонун (А.Өмүрканов), Мидикем Муса Баетов кайтыш болгондо ырга салгандай, "Күүгө келген комуздай толкуп турганын", (А.Жапаров), күлкүгө карк кылган кылык- жоруктарын (Т.Казаков), тирүүсүндө баалабай, өлгөндө өкүрүп калганыбыз (А.Жакшылыков) , " Докенин жанында жүрүү эле ырахат болгонун (С.Момбеков), чыгармачылык өнөрү менен кошо адамдык сапатынын да бийик болгонун (К.Урмамбетов), үй-бүлөдөгү боорукер ата (жубайы Сонун), анын окуучусу болуу бактысын (А.Жангазиев) айтышып, айтор жүрөктөгү жылуу сөздөр арналды. Ушул сөздөрдү Доке туулганынын 71 жылдыгында өзү катышып, угуп турбаганы гана арман болду…

Тирүүсүндө баалабай, өлгөндө өкүрүп турганыбыз…

Алып баруучу Акылбек Мураталиев айткандай, адамдын өмүрү эки гана нерседен турат окшобойбу. Бири- үмүт, экинчиси- арман. Тирүүңдөгү жана жанаша жүргөн жакын адамыңдан айрылгандагы арман, анан жашоого илгери үмүт- тилек.
Дооронбек Садырбаев тууралуу анын окуучулары тарткан тасма өзүнүн өмүр жолундагыдай жөнөкөй жана таасын тартылыптыр. Анын өзүнө улуу- кичүү кайрылгандагыдай "Доке" деген жөнөкөй ат менен аталган.
Борбор шаардан алыскы Шайдан айылынан келген татынакай артист жигит "Мен өзүмдүн -турмушумду өзүм курдум" деп экрандан айтып олтурду. Айткандай, ар ким өзүнүн турмушун өзү курат турбайбы.
Бүгүнкү айтылган сөздөр, кеченин лирикалуулугу, өксүгү, өкүнүчү, арманы- ушунун баарына өзү жол салып кеткени.

Докенин арманы

Чыгып сүйлөгөн акындар гана эмес, саясатчылар да бүгүнкү күнү Докенин жана башка акындардын ырын окуп, өзгөчө лирикалуу маанайда болушту. Докенин өзүнүн турпаты, өмүр жолу ошондой маанайга түрткү берсе керек. Докенин биринчи арманы эмне эле?- десек, буга жоопту саясатчы Өмүрбек Текебаев бергендегидей, алыскы Ноокендин Шайдан айылынан келген карапайым үйдүн уулу ушундай даражага жеткендеги кезин атасынын көрбөй кеткени, турмушта да атасынын элесинен ар дайым жардам сурап, "Атам кандай кылат эле?" деп атасына түздөнгөнүн, атасынан акыл сураганын, атасы өмүр бою жан дүйнөсүнө жетишпей тураарын арман кылып өткөнү. Өмүрбек мырзанын көркөм окуусундагы Докенин атасына арнаган ырын ар бир адам өз атасына карата арманы катары жүрөгүнө жакын алып окууру чын. Мен да ошол ырды көркөм окуй бергим келет. А бирок ар ким эле атасынын элесинен акыл сурап же анын тирүүсүндө кеңеш сурап кайрылаарын ким билет? Азыр да баарыбызга кимдендир кеңеш сураган, кимдиндир кеңеш берген бир жөнөкөй кеби жетпей жатканы ырас.

Саясаттагы чыгармачылык

Саясаттагы адамдар бир караганга жүрөгү жоктой, мерездей көрүнөт болушу керек. Балким бул алардын кылган кызматынын татаалынан, көйгөйлөрдүн көптүгүнөн, а балким анын кулк- мүнөзүнөн эле болоор. Саясатка чыгармачылыкты айкалыштырган Докедей адамдар саясатка жетишпей турганы айтылып да, айтылбай да келет. Өмүрбек мырза айтканындай, Докенин саясатка да куйкум сөзү менен киргенин караңыз. Кубанычбек Исабековдун кайсы бир маселенин талкуусунда "Сиз эми артистсиз да" деген репликасына "Мен жөн эле артист эмес, эл артисти, катта артистмин да" деп жооп берип турганын караңыз. Роза Отунбаева эскергендей, саясатта жүргөндөргө образдуулукту үйрөтүп турганы. Эки жолдун айрылышына боз үй тигип алып, каршылык акциясына аттанганы. Рузвельттин, Черчиллдин айткандарындай эле Докенин айтканы деп студенттерге сабак киргизсе болчудай мисал экени да ырас.
Жогорку Кеңештин залында ар кимдерди сырттан киргизип алып, залда "өзүнчө спикер" болуп алганы. Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлери да Докеден артык адамгерчилик менен кайрылган депутатты жолуктурбаганын кеп кылып келишет.

Улутка болгон
сүйүүсү

Анатай Өмүрканов "залкарлардын жанында жүргөндө өзүбүздү залкар сезип алат экенбиз" дейт. Докенин "улутка болгон сүйүүсү бөтөнчө эле. Саясатчылардын кимиси батынып, азыркы ажого айбат көрсөтүп, ак сөздү тике айта алды эле? Мындай адамдар миң жылда бир жаралат экен. Анын ар бир сөзү турмушта девиз болуп калчудай болду.
Каркыранын казактарга кеткенинде таягын сүйрөп алып барганы. Каркыра кеткенде өз өмүрүнө зак кеткени болду.
Казактардын "Желтоксонунда" Докедей жазган акындар чыкпады деди Анатай акын. Сөзү адвокаттар үчүн да, публицисттер, саясатчылар үчүн да сабак болоор.
Асан Жакшылыков айткандай, баатырларыбызды тирүүсүндө барктабай, өлгөндө эле өкүрүп калат экенбиз. Накта кыргыздан бизде ону болсо, ошонун бири, бешөө болсо да, анын бири-Доке болоор.
Гитарасын көтөрүп чыккан Сагынбек Момбеков "Маңкурттардын Манкуртбегин" жана да жаңы патриоттук ырларын ырдап турду. Эч ким аны регламенттен чыктың дебеди. Үн катпай угуп турушту.

Терек канча жашайт?

Ар кимди аябаган, жакынын жаныңдан бөлүп кеткен өлүм жаман экен деди Түгөлбай досу. (Казаков). Айжаркын адамдын куйкум сөзү, күлкүлүү кылык-жорук юморун иликтеп- изилдөө али алдыдагы чоң жумуш. Бир жоругун уксаңуз "Союз учуру. Ленинградга учуп бармакпыз. Актюбинскиде токтоп, самолет кармалып, андан ары уча албай жаттык. Жарым саат, бир саат, эки саат, төрт саат… Анан Доке кетип эле "Позор советскому аэрофлоту!" деп көкүрөгүнө жазып алып, туруп калыптыр. Оозубуз ачылып карап калдык. Эл чогулду, башчылар келди. Мыйзамды да билет экен. "Эч кандай мыйзам бузуу жок. Болгону Актюбинск аэрофлотуна -нааразылык". Айтканындай чыкты.
Ал- жайды угуп, бизге эс алчу жай беришти. Калган 10-15 кишиге да ошенткиле деп , аларга да жай алып берди. Совет учурунда, ушундай кылыкты ким ойлоптур? Бул Докенин гана колунан келмек".
Китептеринин ар бири өзүнчө- дүйнө, "Демократиянын ийри кылычы" деген аталышынын өзү эле шедевр.

Окуучусу болуу
бактысы

Саясатта, чыгармачылыкта, жай турмушта Докенин окуучулары арбын дешет. Азырынча алар "Доке" аттуу документалдуу тасма тартышты. Алдыда али да андан чоң иштер бардыр. Окуучусу, оператор Айбек Мусаев "Кайран элди" кантип тартышканын, ал директор болгон "Кыргызтелефильм" студиясын УТРК бүгүн жөн гана катардагы бөлүм кылып койгону жатканын өкүнүч менен айтып өттү.
Бир көргөн, тааныбаган адамга да (Ибрагим Жунусов) берген батасынын турмуштагы баасы чоң экенин да эскеришет.
Жубайы Сонундун айтуусу боюнча, илгери Усубалиев аксакалдын жубайы Күлжаке эже жолугуп калып "сага кандай көмөк керек" десе, "жардамга мен эмес, Рысбай муктаж" деп жардамды Рысбай Абдыкадыровго бердирткен экен.

Гезиттен билип,
кечеге келген Жапаров

Кичине залга толтура болгондордун баарын анын талантына, өзүнө тазим кылгандар деп түшүнсө болоор. Кече ортолоп калганда КР өкмөтүнүн биринчи вице-премьери "гезиттерден кече болоорун окуп калып гана шашып келе калганын" билдирди. Беш жыл чогуу депутат болуп олтурганда Докенин ар бир сессияга кылдат даярданганы, маселени ийне- жибине чейин талдаганы, көкжалдыгы да эскерилди.
"Эгер Докенин фонду түзүлсө,- деп айтты Жапаров, - вице катары эмес эле, жаран катары өз үй-бүлөмдөн жардам берип, башкаларды да ушуга чакырам. Китеби болобу, фильм болобу, Доке түбөлүккө калууга татыктуу". Өкмөттө да ушул маселени козгойм деди вице бул күнү эрип.

Тууганы деген сөзгө татуу

Белгилүү укук коргоочу Азиза Абдурасулова Дооронбек Садырбаевдин жакын карындаштарынан болот экен. Азиза айымдын айтымында, туугандарга залакасы тийбесин дегениби, эч жерде Садырбаевдин тууганымын дей көрбө деп айтканы бар эле дейт. Куудул Манас Бердибеков менен бир үйдө чоңойгон Азиза мындай адамдардын тууганы дегенге татыктуу болуш үчүн аракеттенгенин айтып олтурду.

"Сары катын Сонуну"

Докенин чыгармачылыганан жаралган "Махабат дастаны" сындуу көркөм тасма тарта турган болсо, таза, тунук махабатты Доке менен Сонундун өмүр жолунан да алып жазса болоор деп жатышты чыгып сүйлөгөндөр. "Куду жаңы үйлөнгөн жубайлардай ысык болушту" дешти туугандары. Кеч болсо да уулдуу болуу бакытын тартуулаптыр тагдыр. Бүгүн да сүйгөн жары, Сонуну көзүн жашка толтуруп олтурду. Доке небересин да өз уулу катары каттатып, небересинин жытын жыттады.
Жубайлардын жаш кезинде коңшу жашаган Субайылда Абдыкадырова тим туралбай, кезекке жазылбаса да сүйлөп чыкты. Эң алгач "Жылдыз" аттуу пьесада ойногон Дооронбек, андан кийин "Токтогулдун" образын жаратты. "Топчусун" үйүнөн тартты. "Махабат дастанын" баян кылды. Адамдар улуу сүйүү башынан өтмөйүн, сүйүү баркын билбейт окшобойбу. Доке саясатта көкжал болсо да, сүйүүдө назик жүрөк болгонун уктук.

"Домокл кылычындай"

Кыялбек акын айтмакчы, Доке чыгармачылыкта бийик адамгерчилиги менен калды. Болбосо, чыгармачылыкта адамгерчиликти анчалык алып жүрө албагандар арбын эмеспи. Адамгерчиликке байланыштуу акындардын ырлары окулду. Докенин сөздөрү, кылык- жоругу, көкжалдыгы бийликтегилергө Домокл кылычындай турганы турган боло бермекчи.
Кичине залда мына ушундай улуу сөздөр айтылды. Азга болсо да, көкжал жүрөктөр бу күнү назик, боорукер боло түшкөнсүдү. Арабызда кечээ жакында эле ушундай адамдар жашап өткөнүнө жана мындан ары деле жашай берээрине каниет кылып, арманын аңыздап, тилегин тирек кылып жүрө берели дегендей тарадык окшойт ал күнкү кечеден.

Айгүл Бакеева