Аалам жаңылыктарынан

Президент 30 жылга кесилди
2007-жылы Жогорку Кеңеш ит куугандай таратылып жатканда, К. Байболов парламенттик трибунадан: "…Кыргыз эли, бүгүнкү күндү эстеп койгула, демократиянын жаназасы окулуп жатат. Бирок, эртедир-кечтир жооп берчү мезгил келет. Кырк жыл өтсө да кыргыздын "Нюрнберг процесси" болот…" деп акыркы сөзүн сүйлөгөн эле. А чынында эле чындык деген канча мезгил өтсө да, өз жообун алат окшобойбу. Муну эскергеним, кечээ жакында Уругвай бийлиги мурдагы президенти Хуан Мария Бордаберрини өлкөнү башкарып турганда жасаган кылмыштары үчүн трибуналга тартып, 30 жыл эркинен ажыратты.
Сот анын 81 жашка келип калганына да караган жок. Экс-президентти бийлик башында турганда 9 адамды дайынсыз жок кылган, 2 адамды өлтүргөн, өлкөнүн Конституциясын бузган деген мамлекеттик айыптоочуну колдоого алып, жогоркудай чечимин чыгарды.
Бордаберри 1971-жылы бийликке Конституцияны бузуу жолу менен келип, 2 жыл өтпөй аскер күчтөрүнүн жардамы менен парламентти таратып, мыйзамсыз жол менен ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө аракет жасаган. Бирок, арадан 5 жыл өткөндөн кийин 1976-жылы, биздин Акаев бийликке Москвадан келип, кайра Москвага кеткендей, Бордаберри да бийликке кандай жол менен келсе, ошол жол менен кетет.
Уругвай эли анын өзүм билемдигине 5 жыл гана чыдады. Акырында аскердик күч менен бийликтен четтетилген.
Сот процессинде Бордаберри убагында "Кондор" аттуу жогорку даярдыктагы атайы уюшулган аскердик топ аркылуу өлкөдөн сырткары жашаган оппозиция лидерлеринин айрым мүчөлөрүн да өлтүртүп турганы айтылды. Жогоруда К.Байболовдун сөзүндө айтылгандай, арадан 34 жыл өткөндөн кийин Бордаберриге кылмыш иши козголуп, өсөөрү эмес, өлөөрү калганда карылыгын карыдай өткөрө албай, 30 жыл түрмөгө кесилди.

Нурдин АСАНОВ





  Таш күзгү

"Арстан" президентти коргойт
Кыргызстанда аскердик-жашыруун жогорку даярдыкта адистешкен "Арстан" аттуу атайын топ түзүлдү.
Ал мамлекеттик күзөт кызматынын карамагына баш ийет. Тишинен бутуна чейин куралданган жогорку аскердик даярдыктагы "Арстан" тобунун негизги максаты - өлкө президентин коргоо.
К.Бакиевден 20-октябрдагы административдик реформасынын шарапаты менен Улуттук гвардия мамлекеттин күзөт кызматына өткөрүлгөн. Буга чейин аталган базада Улуттук Гвардиянын жогорку даярдыктагы "Пантера" атайын тобу машыгып келген. Анын карамагындагы машыгуу өткөрүүчү базада азыр "Арстан" тобу жайгаштырылып, өз машыгууларын өткөрүүдө. Аскердик-патриоттук "Честь имею - Кыргызстан" журналынын маалыматына таянсак, "Арстанчылар" башкы командачынын кандай тапшырмасын болсо да аткарууга даяр дешет.