Ырдүйнө

Саламат Садыкова:
"Арабдардын антик театр сахнасынан элечек кийип көрүнгөнүмдө эле шатыратып кол чабышты"
Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Саламат Садыкова Европа өлкөлөрүнөн кийин Азия чөлкөмүн аралай баштады. Жакында, жаңырган жылдын февраль айынын башында, ал Оман султанатында кыргыздын ырлары менен кыргыздын элечегин арабдар кандай даңазалаганын кабарчыбыз менен болгон маегинде баяндап берди.

- Саламат айым, Европа менен Азия өлкөлөрүндө концерт коюп келатасыз, бул жолку - Оман султанатына сапар кандай сабак калтырды?
- Адегенде эле арабдардын өлкөсүндө мени өтө эле ысык кабыл алышкандарынан кеп салайын. Мындай мамиле, балким, кийинки он жылдан бери Кыргызстандан гана эмес, Борбор Азия чөлкөмү боюнча жеке концерт менен бир да ырчынын бара электигинен болушу керек деп калдым. Ырчылар, цирк өнөрпоздору, бий коллективдери фестивалдарда, ыр майрамдарына катышкандыр, бирок жеке концерт койгондор кездеше элек экен.

- Цирк куудулу Жусуп Толтоев үй-бүлөлүк цирки менен султанаттын эс алуу жайларында, парктарда оюн коюп келип жүргөнүн эле эшитчүбүз…
- Ооба, Оманда Жусуп Толтоев цирк өнөрүн көрсөтчү деп угуп калчубуз.
Оманга музыканттарды, бийчилерди кошо ээрчите баргам, бардыгы 18 киши болдук. Музыканттарыбыз консерваторияны жаңыдан бүтүргөн бүтүрүүчүлөр. Чыгымдарыбызды чакырган тарап көтөрүп, беш жылдыздуу отелдин апартаменттерине жаткырып, айтор болуп көрбөгөн сыйды көрсөтүшкөнүнө да сыймыктанып келдик. Мусхат, Салалихи аттуу шаарларын аралап, океандын жээгинде чалкалап күнгө күйүп, эс алып да кайттык.

- Араб өлкөлөрүнөн сунуштар болуп жатат деп бир жолку интервьюда айттыңыз эле?
- Испанияда өткөн ыр майрамында ар өлкөнүн продюсерлеринен түркүн сунуштар түшкөн болучу. Бул ирет мени Лондондогу музыкалык компания чакырды. Карим аттуу продюсер өзү эки университетти, бирин Алжирден, экинчисин Англиядан бүткөн, билимдүү жигит. Түбү -алжирлик араб. "Таң каларлык Саламат Садыкова" деп концерттик афишаларды, концерттерде да ошондой жасалгаларды илип, залга публиканы жык толтуруп, айтор ажаат ачып, антик театрынан күтүп алышты.

- Кайсы ырларды ырдадыңыз?
- Испанияда ырдаганымдай, Саид Бекмуратов агабыздын Барпы агайдын сөзүнө жазылган "Паризатын" түштүк колорит менен созуп чыктым адегенде. Сахнада улуттук кийим, элечек кийип көрүнгөнүмдө эле публика шатыратып кол чаап жиберди. Кийин араб гезиттерине да "кыргыздын элечеги дүйнөдөгү жаңыча көрүнүш экен" деп жазышыптыр. Чындыгында, ачык кийим кийбейт деген араб ырчыларынын арасынан деле ачык кийинген, декольте менен ырдап чыккандар жолугат дешет. Элечек менен улуттук көйнөгүбүз арабдардын ак түс кийимине түстөш болгонунан да алардын көзүнө ысык көрүндү окшойт. Кыргызымдын элечегин кийип, ырын ырдап, эч нерсеге таң калбачудай көрүнгөн, бакубат жашоого магдырап турган, сөөлөттүү арабдарды, эли бөтөнчө кадырлаган алардын антик театрынын сахнасында таң калтырып турганыма ого бетер демденип алдым. Рысбай Абдыкадыров агабыздын "Жолугарың билгенмин", "Сагынуу" жана Ашыралы Айталиев атабыздын "Нарындан жазган салам катын" ала баргам.
Фонограмма дегенди дүйнөдө өзүн сыйлаган ырчылар да, көрүүчүлөр да кабыл албайт. Фонограммасыз ырдадым. Гезит- журналдар жазышып, телевидениесинен көрсөтүп жатышты. Концертимди араб телевиденисине жаздырып алышты.

- Гастроль учурунда арабдар жактырбаган жактар кайсы болду деп эмептейсиз?
- Чынында араб тараптагылар мени менен кошо келген жаш музыканттардын ордуна тажрыйбалуу, айтылуу ырчыларды күтүп атышканын баамдадым. Убакыт тар болуп калгандыктан, тез арада жыйналганга жакшы деп жаштарга токтолгонбуз . Эмики жолу тажрыйбалуу ырчыларыбызды да эске ала жүрүү керек экен деп ойлоп калдык. Манас айтуучуларды ал жактагылар анча жакшы түшүнө беришпейт экен. Ошол себептүү "Манастын" тарых- таржымалын, Манас айтуу өзгөчөлүгүн айтып олтурдук.
Араб өлкөсү негизинен бийге бөтөнчө маани берген, бийге шыктуу калк келет эмеспи. Ырлардын репертуарында да бийлөөгө ылайык музыкага артыкчылык берээрин байкадык. Ошол себептүү биздин шайыр, ритмдүү обондордун арасына түрк ырларын да репертуарыма кошуп алгам. Биздин бий искусствобуз алардыкына салыштырмалуу анча өнүккөн эмес да. Асылбашев аттуу айтылуу балетмейстерден кийин, жаштарды бий өнөрүнө машыктырган адис жаштар чыга электиги өкүнүчтүү . Албетте, айрым саналуу бий коллективдерин эске албаганда, бул жагындагы дың али бузула элек бойдон. Бул ойду искусство сынчылары да туура көрөт болушу керек. Жалпы өлкөбүздө бий өнөрү жагынан өксүк болуп тургандан кийин, Оманга биз менен бирге барган бий жамаатыбыз да ошондой кемчиликтен куру эместиги байкалды. Арабдар бийлегенде бүт тулку-бою менен берилип бийлешет эмеспи. Биздики болсо, сахнада кол булгалап эле ары- бери басып жүргөндөй, ал түгүл сахнада жакшы баса албагандай да туюлуп кетет экен алардыкына салыштырмалуу. Бий искусствосун өстүрүү тууралуу маселе козгоону мезгил күн тартибине коюп турганы билинди.

- Гезиттерге жазып, телевидениеден көрсөтүштү дедиңиз, араб өлкөсүнүн журналисттерин кандай суроолор кызыктырат экен?
- Алар көбүнчө кийим- кечеге, ырлардын репертуарына, жеке турмушума кызыгып атышты. Кыргыздын кийим-кечелери, алардын тарыхы тууралуу сурашканда билгендеримди айтып бердим.

- Саясат туурасында эмнелерди сурашты?
- Саясат тууралуу да суроо бергенде "Саясатка аралашпайм, мен маданий тармактын кишисимин" деп аттым. Ошентсе да алар биздеги окуялардан кабары бар экени байкалды. "Сизди карап туруп, сиздин өлкөңүздө кризис, жашоо-тирлик начар экен деп элестете албай жатабыз, сиз эмне, абдан бай жашайсызбы? Виллаңыз барбы?" деген суроолорду беришти. Океандын ары жагында туруп, өз өлкөңө шек келтиргиң келбей кетет экен. "Кыйынчылыкты биз жеңебиз, элибиздин руху күчтүү, мендей өнөр адамдарынын кадыр-баркы жакшы эле " дегендей жоопторду берип аттым. "Сизден өзүнчө эле нур жаап тургандай экен, сиздердин элдин жан дүйнөсү таза окшойт" дегендей комплименттерди айтып, гезитке жазгандары да болду.

- Омандын сиз айткан шаарларынын кандай өзгөчөлүгү бар экен?
- Туризми өнүккөн, кооз шаарлардын бири. Бир караганда эле байкалат, кумдун үстүнө эле кооз шаарларды куруп алышыптыр. Жалпы турмуш- тирлик бай -бакубат болгон жерде адамдар да сабырдуу, токтоо болот көрүнбөйбү. Бири-бирине ачуу сөздөрдү сүйлөбөй, сыйлабаган кишиси менен урушуп- талашып олтурбай эле, ага көңүл бурбай, сүйлөшпөй коюшаарын айтышат. "Силер оюңардагыны тарс- тарс айтасыңар, орус мүнөзүңөр бар" дешет экен. Түшкө чейин уктап, жумушка түшкү саат 4 тө барышат. Өлкөсү өтө ысык болгонуна карабастан, эли сөөлөттүү басып, мантайып- мантайып турушат. (Күлөт).

- Кыргыздар барып иштебеген жер жок, ал жактан кыргыздарды учураткан жоксузбу?
- Бир кыргыздын үй-бүлөсү жашайт экен. Келгенине 5-6 жыл болуп калыптыр. Коммуникация тармагында иштегенин билдик. Араб жигитине турмушка чыккан казак кыз да барбактап бизди коноктоп, концертке келишип, сый-ызаатын көрсөтүштү.
Мына ушундай ойлор менен жакында Омандан кайтып келдик.

Маектешкен
Айгүл Бакеева