Күн бүгүн

Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" партиясынын төрагасы:
"Кыргызстан бир үйбүлөнүн кызыкчылыгын камсыз кыла турган жеке менчик эмес"
(Уландысы. Башы 3-бетте)
- Өмүрбек Чиркешович, президент чакырып жаткан Ынтымак курултайы бийликке реалдуу таасир көрсөткөн орган боло алабы?
- Бүгүн бийликтин абалы өтө татаал. Популярдуу эмес, элге жакпаган көптөгөн чечимдерди кабыл алды. Ал чечимдер эл кызыкчылыгына каршы деп айтсак болот. Электр энергиясына, коммуналдык кызматтарга тарифтердин көтөрүлүшү, энерго тармак обьектилери четелдиктерге текейден арзан сатылышы, Кыргызстандын табыйгий байлыктары пенсиялык фонддон баштап, сырттан келген акчалардын баарын президенттин алдында түзүлгөн инвестиция агенттигине берилиши, алардын баарына Бакиевдин уулу Максим жетекчилик кылып бүт өкмөттүн жана парламенттин үстүнөн үстөмдүк кылышы калкка жаккан жок. Сациалдык-экономикалык жактан караганда дагы өзүмбилемдик, жеке үйбүлөлүк саясат экономиканы тизелетип, жумушсуздардын санын көбөйттү. Элдин реалдуу кирешесин азайтып, алардын жашоо сапатын төмөндөттү. Ушундай кыйын кезде алдастап таяныч издеп, элди алагды кылуу максатында "Бакиевдин бийлигин эл колдойт" деген пикир жаратыш үчүн Ынтымак курултайын чакырып отурат.
Бүгүнкү Конституцияда курултай бар, бирок ал элдик курултай деп аталат. Элдик дебей, ынтымак дегени да бекер жеринен эмес. Ынтымак деген сөздүн аркасы менен жансоогалап, бул оор кырдаалдан дагы эптеп чыгуунун амалын жасап жатат. Экинчиден, бул курултай - Конституцияда, мыйзамда дагы көрсөтүлбөгөн институт. Ошондуктан, бул курултайдан жакшы ниет күтүүгө болбойт. Көбүнесе пропогандалык компаниянын элементи катары карасак болот.

- Келген күндө да ынтымак курултайы президентке кеңеш бере алабы?
- Президенттин алдында Коопсуздук кеңеши деген кызмат болгон. Ал кызмат кыргыз элине тиешелүү, мамлекеттин кызыкчылыгындагы маанилүү маселелерди карай турган орган болчу. Тилекке каршы, алар ушуга чейин бир дагы маанилүү маселени карай алган жок. Алдыдагы коркунучтарда, тобокел кырдаалдарда маселе карап, элге, малекетке, президентке сунуш киргизе алган жок. Мен буга бир нече мисал келтире алам. 2005-жылы Адахан Мадумаров вице-премьер болуп жүргөндө Казакстан менен келишим түзүп, "мындан кийин казактарга 10-15 % сууну көп агызып турабыз" деген. 2007-жылы Данияр Үсөнов Өзбекстанга барып, "бир жарым эсе сууну көп агызабыз, андан чыккан энергияны 1кВт. саатын 1 центтен сатабыз" деген келишим түзүп келген. (Акаевдин учурунда 3 центтен сатылган) Бүгүн кыргыздарга 2 центтен сатып жатышат. Суу аз боло турган жылдар (моловодье) жакындап келе жатканын билип, баарын көрүп туруп, бирөөсү да үн каткан жок. Коопсуздук кеңеши да айта албады. Муну окумуштуулар, оппозиция жана эркин журналисттер тынбай гезит беттеринен жазып, айтып жатты. Атайын жасадыбы ким билсин, бийлик буга көңүл бурбай, Коопсуздук кеңеши маселени карабай койду. Жыйынтыгын көрдүк. Энергетикалык кризисти көз жаздымдан чыгардык. Дүйнөлүк каржы кризиси каптап келе жатканда А.Жапаров "бизге дүйнөлүк энергокризис коркунучсуз. Бизди жандап өтөт" деди. Алардын сөзүн жаттап алган Бакиев "бизде өндүрүш жок, экономикабыз төмөн, дүйнө менен байланышыбыз аз, ошондуктан кризис тийбейт" деп кайра-кайра кайталап отурду. Кесепети тийди. Аны мына бүгүн айтып отурушат.
Биздин экономика Казакстан, Россия экономикасы менен тыгыз байланышкан. Жүзмиңдеген адамдар ошол өлкөлөрдө иштеп, жылына 2 миллиард доллар акча жөнөттүп турган. Мына быйыл 1 миллардга түштү дешүүдө. Анткени, ал жакта биздин балдарга жумуш табылбай, жумуш табылса дагы мурункуга караганда эки эсе аз акча алып калды. Мурун Россия жарандарында акча көп болуп, Кыргызстандан тигилип барган кийим-кечелерди көп сатып алса, кризистин кедергиси менен алардын керектөөсү азайды. Ошентип, өлкөдө акча жетишпегени анык ачыкка чыкты. Эки жыл мурун Бакиев "акча көп, ашып-ташып жатат. Эми мен Акаевге окшоп сырттан карыз албайм. ГЭСти да өзүбүздүн эсебибиз менен курабыз" деп баардык региондордогу чогулуштарда айтып чыккан. Кризис келгенде шаштысы кетип, ар кимден карыз сурап, былтыр орустардан алган 150 миллион доллар кайыр (грант) менен бюджеттин тешигин жапты. Акча сурабай, Камбаратаны өзүбүз курабыз дегендер 300 миллион суранып алды. Камбарата - 1ди куруу үчүн 2 миллард сурап отурат. Андан сырткары суукка тонгону калдык деп, жакында Д.Үсөнов Казакстандан 5 миллион доллар кайыр алып келди. Жакында Өзбекстан бирдиктүү энергетика алкактан чыгып кетти. Биз өзүбүздүн энергияны Баткен менен Ошко, Чүй менен Бишкекке бералбай калдык. Аны жеткириш үчүн өзбектерге акча төлөйбүз. Тажиктер ШОСтун алкагы менен берилген жардам аркылуу үч жыл мурун Кытайдан 300 миллиндон кредит алып, түндүк-түштүк линиясын тартып, бир ГЭСин куруп бүтүштү. Кытайлар кыргыздарга дагы беребиз дешкен. Аны албай отуруп, "көчүккө" күч келгенде Максим Бакиев Кытайга чуркап барып, Акаевдин учурунда түзүлгөн Кемин-Датка долбоорун куруу үчүн келишим түзүп келиди. Бул бийлик 2005-жылы көбөйгөн акчанын табиятын түшүнгөн жок. Түшүнбөстөн эле майкөл-сүткөл болобуз дешип, тумагын көккө ыргытышкан. Айтып бүтөөрү менен кризис каптап, бүгүнкү таз кейпин кийип, баарынан суранып отурат.
Ошентип, улуттук коопсуздук кеңеши энергетикалык кризисти гана эмес, дүйнөлүк каржы кризисин да аныктап, атай алган жок. Эки жыл мурун азык-түлүк кризиси каптап, нан калдбай калды. Казакстандан он миллиондогон долларга дан сатып келдик. Коопсуздук кеңеши муну да аныктап бералбады. Коопсуздук комитети (анын ичинде коопсуздук кызматы бар) оппозицияны аңдыгандан көрө, ушундай маселелерди карабайбы. Кылдат анализдеп, өкмөттүн жыйынында президенттин алдына маселени коюш керек. Президент баарына бирдей тапшырма берип, ынтымак менен бирдиктүү иштегенге шарт түзүп, баарына көз салып туруусу кажет. Ушулардын баарын булар жасаган жок. Айыл-чарбасын каптаган азык-түлүк кризисин, энергетика кризисин, дүйнөлүк каржы кризисинин Кыргызстанга тийгизген таасирин аныктай алышпады.
Президент 2006-жылы Мамлекеттик кеңеш деген уюм түзгөн экен. Ал Кыргызстанда маанилүү маселелерди карап, мамлекет башчасына кеңеш берет деп айтылыптыр. Ал бир жыйналыш өткөрүп, бир маанилүү маселе караган жок. Ынтымак болсун, элдеги пикирди түз жеткирип турсун деген максат менен Коомдук палата түздү. Авторитеттүү адамдарды, активдүү жаштарды киргизебиз, алар өз пикирин айтып, элдин ыйын, арыз-арманын президентке жеткирип турат дешти эле, Кыргызстандын башына кандай катаал тагдыр, оор турмуш келип турса да алар ушуга чейин бир да сунуш киргизген жок. Мурун Конституцияда президент бир эле кеңешүүчү орган түзөт десе, азыркы Конституцияда президент өзүнүн алдына каалагандай кеңешүүчү органдарды түзөт деп коюшкан. Негизинде алардын бири да кеңеш бералбайт. Ынтымак курултайы деп түзүп жатат, бул да кеңеш бералбайт. Анткени, лидердин өзүндө көрөгөчтүк сапат жок. Өзүнө кандай маселеге кеңеш керектигин күн тартибине коюп, "силердин оюңар кандай" деп кеңешти өзү сураш керек. Күн тартибине конкреттүү бир маселе коюлбаса, анан жер-жерлерден чогулган эл кайсы маселеде жыйналып, эмнеге пикирин билдирет. Президентке жакпаган ой-пикирди кайсы азамат даап айта алат. Батынып айтса угабы да жокпу, белгисиз.

- Катар келген кризистерден экономикабыз эңшерилип бараткандай түрү көрүнүүдө, экономиканы кайсы тармактардан аксатып алдык?
- Биринчиден, мигранттардан келген акча азайды. Экинчиден, ата мекендик өндүрүш менен тигип, сатып жаткан кийим-кечекти сырттагылар аз ала баштады. Экспортубуз ушинтип кыскарды. Анан Белоруссия, Казакстан, Россия бажы союзун түзүп жатса, Кыргызстан ал зонадан четте калды. Эки ай мурун Казакстан премьер-министр Масимов: "Кыргызстандан контрабандалык товарлар көп келет, биз чек-араны чычкан өтпөгөндөй жабышыбыз керек" деди. Өзбекстандай болуп арык казабы же тикен зым тартабы, айтор бул чекара жакында жабылат да, Кыргызстандан Россия жана Казакстанга ташылып жаткан товарлар пошлина төлөп киргизиле турган болот. Кытайдан келип жаткан миллиарддаган суммадагы товарларды өткөрүү каналдарыбыз үзгүлтүккө учурайт. Жыйынтыгында Кытайдан келген товар азаят. Мындан сырткары кыргыз өкмөтүнүн шалаакылыгынан улам, айыл-чарба багытында үч, төрт кризиске жол берди. Ошонун кесепетинен Өзбекстан, Казакстан, Россия малыңар ооруйт экен деген сыяктуу шылтоолор менен Кыргызстандын этин киргизбей калды. Казакстан менен Өзбекстан картошканы, сүттү киргизбей койду. Бакиев: "Биз элиталык огород болобуз, бай казак менен бай оруска экологиялык таза айыл-чарба продукцияларын берип турсак эле көтөрүлүп кетебиз" деген концепция көтөргөн. Ал концепция айтып бүтө элегинде ушинтип кыйрады. Аны ишке ашыруу үчүн коңшулар менен жакшы мамиледе болуп, элге жолун ачып берип туруусу абзел болчу. Мурун санитардык-ветеринардык барьер түзүлсө, эми таможниялык барьер түзүлүп калды. Ал кыргыз экономикасына канча зыян алып келээрин, элге канча кесепети тиерин парламент жана президенттин алдындагы кеңеш берүүчү бир дагы орган терең изилдеп, айта алган жок. Көмүрдүн үстүндө отуруп, 80% көмүрдү казактардан тартып келип жатабыз. Дан, электр энергияны сырттан сатып ала баштадык. Кийим-кече, тамак-ашты Кытайдан сатып алып жатабыз. Бул багытта сөз гана айтылып, бийлик бир дагы иш аткарбады. Айыл-чарбалык, өндүрүштүк продукцияларды салт болуп калган казак, орус базарларында сата албай калдык. Пошлина төлөп өткөн жерде дагы мындан ары ал жактагы кокуренцияга туруштук бералабы деген маселеге баш ооруткан эч ким болбоду. Ата Мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыктан утуп жатканы, электр энергиясы арзан болгон. Эми 2 сомго чейин кымбаттап, биздин товарлардын баасы көтөрүлөт. Өкмөт көтөрүлбөйт деп жанын жегени менен уюлдук компаниялар электр энергиясына байланыштуу кызматтык баасын көтөрүштү. Ушинтип, энергиянын кымбатташы бири бирине өтүп, майда жана орто бизнеске чоң залакасын тийгизе баштады.
Маектешкен
Зулпукаар Сапанов