Күн бүгүн

Өмүрбек Текебаев,
"Ата Мекен" партиясынын төрагасы:
"Кыргызстан бир үйбүлөнүн кызыкчылыгын камсыз кыла турган жеке менчик эмес"
- Өмүрбек мырза, эмнегедир, шайлоо бүтөлек жатып Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси каралууда. Дегеним, президент иштей албай калса, анын ордун ким басат маселесинде...
- Бакиевдин бир проблемасы бар, аны өзү айтпайт же журналисттер менен саясатчылар этикалык ченемди сактап айтпай келебиз. Чамасы, ал өздөрү үчүн чечилбей турган проблемага айланды. Алар элдин көйгөйүн эмес, бийликти кантип үйбүлөгө өткөзүп берем деген маселе менен алек болушууда. Ошон үчүн шайлоону да бир жыл мурда шашып өткөрдү. Шайлоо бүтүп-бүтпөй жатып, кимге өткөрүп берем деген маселеге башын катырууда. Жарым жылдан бери Конституциялык талаадан чыгып, мыйзамга каршы иштерди жасоо менен бийликти да, байлыкты да бир колго жыйноонун үстүндө. Негизи, эртең эмне болоорун ойлобогон ач көз, тойбогон адамдар, бүгүн алып, жулуп калсам деген психология менен жашайт. Электр энергияга тарифтерди 200 пайыздан аша көтөрүп, көтөрбөй сатыкка коюп, жүздөгөн эсе арзан сатып жатат. Чындыгында "Түндүкэлектронун" баасы жүз миллиондогон доллар. Аны үч миллионго сатты. Бул акча "Түндүкэлектронун" эки, ашып кетсе үч жумалык кирешеси. Бул - каракчылык, элди тоотпогондук. Мындай ишке өзүнүн келечегин Кыргызстан менен байланыштырбаган адамдар барат. Эртең бийлик бизде калбайт окшойт, бүгүн бүтүрүп калайын деген психологиядагы адамдар ушуну жасайт. Менин оюмча, Конституцияга өзгөртүү киргизебиз деп сентябрда айтып, анан октябрда сунуш киргизип, ушул кезге чейин парламент аны карабай келиши, үйбүлөдөгү бир пикирдин жоктугу, анын жыйынтыгы болсо керек. Эгер бир пикирде болсо акжолчулар энергетиканы саткандай эле муну да январда эле кабыл алып бермек. Азыр кырдаал ушундай. Бүгүнкү күн менен гана жашап, эртеңкисин ойлобой жатышат. Мындай карасаң, Бакиев мен кеткенден кийин Кыргызстанды кимге калтырам деп кейип-кепчүүнүн үстүндө. Айтып коёюн, Кыргызстан кимге калат деп кейип-кепчибесин. Аны кыргыз эли өзү чечет. Эл берген мөөнөттө чын, акниети менен иштеп берсин. Эгер кайсы бир себептер менен иштей албай шаштысы кетип жатса, ачык айтып, кетип калсын. Эл өз келечегин өзү тандап алат. Кыргыз эли, Кыргызстан бир үйбүлөнүн кызыкчылыгын камсыз кыла турган уюм же бирөөнүн жеке менчиги эмес.

(Уландысы 6-бетте)




  Ау- министр!

КРнын Мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетовго
Ачык кат
137 миллион долларга бааланган "Түндүкэлектро" эмне үчүн 3 миллионго сатылды?
Урматтуу Турсун Турдумамбетов мырза!
2010- жылдын 5- февралында "Кабар" агенттигиндеги пресс- конференцияда сиз "Түндүкэлектро" ААКынын акция пакетин 3 млн. долларга "Чакан ГЭС" акционердик коомуна сатуу боюнча расмий билдирүү жасадыңыз. Ошондой эле "Кыргызтелеком" ААКынын 78 пайыз акциясын 40 млн. долларга курамына төрт юридикалык тарап кирген АКШнын консорциумуна сатуу боюнча маалыматты айттыңыз.
Коомчулуктун кеңири катмарына бөлүштүрүү компаниясынын да, "Кыргызтелекомдун" да сатылышынын жагдайы белгисиз калууда.
2008-жылы ал кездеги премьер- министр И. Чудиновдун маалыматы боюнча "Түндүкэлектро" ААКы көз карандысыз "Славянский Восток" ЖАКы тарабынан 137 млн. долларга бааланган. Бөлүштүрүү компаниясынын сиз айткан баага сатылышы кезектеги мыйзам ченемдүү суроолорду пайда кылууда:
1. Сатып алуучу "Чакан ГЭС" ААКынын активи канчалык жана өкмөттүн алдында алар 74 млн. доллар инвестициялык милдеттенмесин кайсы булактан төлөгөнү жатат?
2. Жакынкы 10 жылда сатып алуучу электрэнергияга кандай тарифтик саясатты жүргүзүүнү пландаштырып жатат?
3. Бөлүштүрүү компаниясынын дебитордук карызы канчалык жана сатууда ал эске алынып жатабы?
4. Эгер сатып алуучу алган милдеттенмесин аткарбаган учурда Инвестициялык келишимде кандай санкциялар көрсөтүлгөн?

"Кыргызтелеком" ААКынын мамлекет акциясын төрт компаниядан турган консорциумга сатуу боюнча төмөнкүдөй суроолорго жооп берүүңүздү өтүнөөр элек:

1. "Кыргызтелекомду" сатуу боюнча кайта тендер жарыялоо качан жана кайсы ММКда жарыяланган эле?
2. "Кыргызтелеком" ААКынын мампакет акциясын сатып алуу арызын кароо боюнча конкурстук комиссиясынын заседаниеси качан өткөрүлгөн?
3. Конкурстук комиссиянын заседаниеси кандай өткөнүн көрүүгө коомчулуктун мүмкүнчүлүк ала алганбы?
4. Жеңип алган консорциумдан башкалар тендерге катышканбы?

Ушул суроолордон тышкары "Северэлектро" ААКыны жана "Кыргызтелеком" ААКынын мамлекеттик пакет акциясын сатуу- сатып алуу жүргүзүлгөн Инвестициялык милдеттенмени көрсөтүүнү өтүнөбүз жана мамлекеттик менчиктеги объекттерди сатууга байланышткан бардык маалыматтарды өз убагында сайтка жайгаштырууну өтүнөбүз.
Бул суроолорду биз маалымат алуу укугубузду ишке ашыруу катарында карап коюшуңузду өтүнөбүз. КРнын "Маалыматка укуктуулук" (2-берене, гл.1) мыйзамына ылайык "маалымат берүү милдеттери бардык мамлекеттик органдарга жана өзүн-өзү башкаруу органдарына жүктөлөт" деп жазылган жана мыйзамда ошондой эле "мамлекеттик органдардын жана өзүн-өзүн башкаруу органдарынын документтери жана материалдары менен таанышууну камсыздоо" жагы каралган.

Асия Сасыкбаева,
"Интербилим"
борборунун директору