Жаштарга собол салабыз

"Издеген табат" дешет
"Коомдо жашап туруп, коомдон сырткары болууга мүмкүн эмес" деп В.И. Ленин атабыз айткандай, бүгүнкү күндө биздин жаштарыбыз коомдогу ар кыл жагдайлардан четте эмеспи, көз караштары кандай?
Ушул максатта биз жаштардын бир тобуна турмуштун ар тарабынан собол таштадык.

- Окуусун аяктаган адис жаштар бүгүн Кыргызстанда өз кесиби боюнча жумуш таба алышабы?
Кубанычбек уулу Чыңгыз:
- Азыр акчаларын коротуп, окууну бүтүп, диплом алган жаш адистер өлкөдөгү ар бир экинчи адам деп айтсам, жаңылышпайм. Бирок адисмин деп жүрө берүү да жарабайт, Изденүү керек. "Издеген табат" дегендей, адам жумушту издебесе, жумуш адамды издемек беле. Өлкөбүздө бизнес борборлору көп экендиги баарыбызга маалым. Жумуш тапса болот, бирок жакшы жумушка орношуу кыйын. Бүгүнкү күндө жакшы жумушта иштегендер тууган- туушкандарын, курбуларын жана пара бергендерди гана жумушка орноштурушат. Ошондуктан дипломдуу көптөгөн адистер адистиги боюнча жумушка орношо алышпайт.

Боркошева Кыял:
- Жылына 25 миңге жакын студент жогорку окуу жайларын бүтүрүп, дипломдуу адис болуп чыгышат. Ошончо адистердин ичинен 1000 дейи гана жумушка орношушат экен. Калгандарына бул өлкөдө "вакансия" жок. Чынын айтсам, азыркы заманда баарын акча чечип калды. Акчаң болсо, жумушка орношуу жеңил болот. Жумушка орношкон соң, берген акчаңды чыгарып аласың. Мамлекетте жумуш орундары аз болгондуктан, көпчүлүгү чет өлкөлөргө жумуш издөө максатын көздөп, ал гана эмес, чет өлкөнүн жарандыгын алып, иштеп, жашап калышууда. Чет өлкөгө жаштар гана эмес, жашап калган адистер, (дарыгерлер, финансисттер, экономисттер, куруучулар, спортсмендер, программисттер жана башкалар) да кетип жатышат. Ошондуктан өлкөбүздүн экономикасы өнүккөндүн ордуна, бир калыпта эле жылбай турат.

- Ипотекалык кредит тууралуу оюңуз кандай?

Оморов Азамат:
- Дүйнө жүзүндө ипотекалык кризис болуп өткөндүгү баарыбызга маалым. Ипотекалык кризис көптөгөн кредиторлорго катуу тийди деп билем. Анткени калктын көпчүлүгү ипотека аркылуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүү болуп келатышат. Ипотекалык кризис бай мамлекеттердин тургундарын карызга батырып, үйсүз калтырды. Ал эми Кыргызстанда ипотекалык кредиттин анча жакшы өнүкпөгөндүгүнөн, биздин журтубузга эч кандай пайда-зыянын тийгизген жок. Бир чети бизде ипотекалык кредиттин өнүкпөгөндүгү менин жүрөгүмдү жылытат.
Ипотека Кыргызстанга керекпи же жокпу? Менин оюмча кереги жок. Өзүбүз эптеп- септеп жан сактап жүргөндө өлкөдө ипотекалык кредитти өнүктүрүүнүн кажети жок.

- Азыркы жаштар кантип акча таба алышат?

Исраилов Раджив:

- Жаштардын көпчүлүгү акча табуу үчүн кафе, казино, курулуш, күзөт кызматтарында иштешет. Жаш кыздарды, жигиттерди, эң биринчиден, айлык акынын өлчөмү кызыктырат. "Айлыгы аз болсо иштебейм, көп болсо иштейм" дегендей, азыртадан эле байлыкты самашат. Жакшы жумушта иштеп, жакшы акча табуунун белгилүү ыкмасы бул тууганчылык. "Туугандарым менен иштейм" деген сөздү жаштардын 80-90 пайызы айтышат. Ал эми дагы бирөөлөрү соодада, жеке ишкерлик, компьютердик клубдарда оператор болуп иштешет. Иштегени иштеп, жакшы каражат таап, бирок аны кайда жумшаарды билишпейт. Тапкан акчанын пайдасын көрө алышпайт. Жоопкерчилиги жок, ой- жүгүртүүсү чектелген. Жаш болгон соң, көптү ойлоп, көпкө умтулуш керек деп ойлойм. Дале жашпыз, келечегибиз өз колубузда!

- Жаштардын азыркы бийликке көз карашы кандай?

Шадиева Жылдыз:

- Жалпы жаштардын эмес, өзүмдүн эле пикиримди айтсам, ооба, бийликти сындагандар туура айтышат, өлкөдөгү эч кандай реформаны деле байкай элекпиз. Жалпы элдин турмушун баарыбыз эле көрүп турабыз, жакырланып баратабыз. Ага болбой, светти өчүрүп атышат, кымбаттоолор болууда.
Бирок мен алдыда жакшы турмуш болооруна ишенем.


- Азыр коомдо деградацияга учурагандар көбөйүп баратат дешет, болсо аны кантип жоюуга болот?

Назар:
- Бүгүнкү күндө коомдо деградация абдан күч алды. Күч алды дегеним- азыркы жаштар ичимдик ичип, тамеки тартып, асмай атып, ал гана эмес, баңгизат колдонушуп, шайтанга азгырылып жатпайбы! Буга себеп болгон нерселер бул жоопкерсиздик, маданиятсыздык, тартипсиздик. Жаштар окубайт, иштебейт, эч нерсе менен алектенбейт, эч нерсеге кызыгышпайт.
Азыркы жаштардын бардыгы эле деградацияга учурайбы? Бардыгы деп айткандан алысмын, бирок көбүнчө деградацияга, байлардын көпкөн, бой көтөргөн балдары учурайт. Түнкү клуб, казинолорго барып, ичкилик ичип, чылым чегип, баңгизатка азгырылып, өздөрүнө өздөрү жаман кылышат.

- Ырчылык өнөрбү же кесиппби?

Өмүрбек:
- Менин оюмча, адамда ырчылык өнөр бар болсо, ал өнөрдү кесипке айландырууга болот. А бирок кыргыздын эстрадасына чыгып, шоу- бизнеске аралашып, атактуу инсан болууну каалагандарга көптөгөн акча- каражат сарпталат. Эң биринчиден аранжировка жасатуу, үн жаздыруу, чач жасалгалоо, сырткы келбетин сулуулоо, эми айта берсе майда-чүйдөсү толтура. Ар бир иштин майын чыгара жасаган, кыялына умтулган ырчылар болсо бир жөн. Биздин азыркы эстрада ырчыларынын саны бар, сапаты жок. Чынын айтсам заманбап ырчыларга караганда мурдагы ырчыларга баа берем. Алсак, Токтоналы Сейталиев, Кайыргүл Сартбаева, Рыспай Абдыкадыров, Керим Турапов, Керимкул Орузбаев, Анарбек Ибраев, Саламат Садыкова, Чоткараева ж.б. Аларда фонограмма деген жок болучу. Азыркыларында да жок. Ырчылар ырдаган учурда концерттик зал жаңырып, жарылып кете жаздачу.
Заманбап ырчылардын ичинен саналуу гана ырчылардын таланттары бар деп айта алам. Алсак, Өмүрбек Андарбеков, Мирбек Атабеков, Ислам Акматов, Нэна ж.б. Калган ырчыларды 100 пайыз жакшы ырдайт дегенден алысмын.

- Дени сак адам болуш үчүн эмне кылышыбыз керек?

Дөөлөс:
- Өзүм мусулман болгондон кийин айтаарым мусулман кишинин спорту бул беш маал намаз окуганы. Спорт менен намаздын айырмасы булар: спорттун кайсыл түрү менен машыксаң да анын зыяны болбой койбойт, жаракаттан качып кутула албайсың, денеңен жаракат аласың. Ал эми намаз окуунун пайдасына 100 пайыз ишенем. Намаз- ички жана сырткы дүйнөңдү таза кармоого үйрөтөт. Ойлогон оюң таза, кылган ишиң адал, ишенгениң Алла таала, окуганың намаз болсо, дениң сак болот деп ишенем.


Кайрат Кыдырмышев