Радикалдар парады

ГУЛЕНДИН ЖАНА СЕБАТТЫН КАЙМАНА КАДАМДАРЫ
Кечээ эле социализмдин кыңк эттирбес торунан бошонуп, бир силкинип "мына эми эгемен эркин эл болдук" деп оңду-солду карай айгайлай алдык эле. Азыр деле ошол калыптан жазбай көкүрөктү дүкүлдөтө ургулуп турабыз. Кудай даарыган "улуу эл" экенибизди кайра-кайра кайрый тартабыз. Өпкөсү жок деп туугандарды бир такмазалай да өтөбүз. Мунубуз ырас. Бирок, биз ошентип бир адыраңдап, өзүбүздү курулай көтөрүп, башкага сын тагып алгыча, балким тамашанын каармандарына өзүбүз айланып бара жатканыбызды сезбегенсийбиз. Ошентип, мыктылыгыбызды даңазалап атып эле, көзүбүздү ачып жакшылап айланабызды карасак, биз кыргызды эмес, колдорунда арзыбас пулу, жонунда биздин малдын терисинен тигилген сырты кычыраган, ичи калтыраган тонун жамынган түрктөрдү, ата-бабам көрбөгөн кепиндете кийинген арабтарды, атын укса ата-бабам "жерге кирсин каапыр" деген чочуган чокунгандарды эстен тангыча мактап-жактап жатканыбызды байкабай да калдык. (Бул жерден бүтүндөй улут эмес, белгилүү адамдар тууралуу кеп кетүүдө-Э.А.) Алар болбосо адам болбой калмакпыз, алар бизди окутуп-чокутуп, талантыбызды таптап, кыргыздын кыргыз деген уулдарын тили буурулар тарбиялап биздин колубузга тапшырууда имиш; алардын тилеги ак, а түгүл адашып тоо-ташка сыйынып жаткан жерибизден чыныгы кудайыбызды таанытып; айтор түрктөр, (Фетхулла Гулен, СЕБАТ, "Нуржи" диний уюму) арабтар (арабтан ваххабисттик багыттагы "Аль-Вакф ал-Исламий" фонду…) жана чокунган тарса дининдегилер (Жахаба күбөлөрү, Саентология, Мун. ж. б. христиандык культтар Э-А.) кыргызга жашоону үйрөткөн узтаз, насаатчы болууда.
Кыргыз байыркы улуу калк, 9-10 миң жылдык тарыхы бар дейбиз ошол эзелки доордон бери бизди тили бөлөктөр мурдубуздан жетелеп, баатырыбызды, акылмандарыбызды чыгарып кыргызды-кыргыз кылып келди беле? Же кыргыз кыйындыгынан кырылбай келди беле? Кыргыз бирөөнүн жалтырагына, же бир тиштем нанына алданып алардын ырын ырдап күн көрүп келди беле?. Жок, эч качан анткен эмес, намысын бийик туткан.
Эй, бирөөнүн бир кесим нанына жалданган, же бал тилине матырылган өз элинин келечегине, кудуретине ишенбегендер, шектүү карагандар бирөөнү жата калып жактагандан көрө, өз улутуңдун улуулугуна ишен. Меймандостуктун, дипломатиялыктын өз жолу, нугу бар дечи. Бирок, Ф. Гуленди, "Ал-Вакф ал-Исламийди" жактоочулар аларды акактап актап жатып, тууганыңарга кол салып да жиберчүдөйсүңөр. Ваххабистер деп он-он беш жылдап жүрөгүбүз түшүп келгенин билесиңер. Арабиянын дээрлик 90 пайыздан ашууну, тактап айтканда арабтардын улуттук идеологиясы ваххабизм экенин да билесиңер. Ошол чөйрөдөн чыккан арабтар ваххабисттик идеяда эмес деп ким кепил боло алат? (Булар тууралуу өзүнчө кеп) Ошондой эле Ф. Гулен өз элинен куугунтукталып четтеп жүрүп, кыргызга боорукер, тилектеш болуп калгандыгына ким кепил боло алат?
"Кыргыз туусу" газетасында (04.09.09) "Гуленди Гүлгө Гуленди Гүлгөринде Ф. Гуленди демилге-айландырган ким?" аттуу Гулен менен СЕБАТТЫ жактаган, актаган макала жарыяланыптыр. Анда макаланын автору да бир ирет СЕБАТ лицейлери кимдин демилгеси менен ачылганын баса белгилеп: "Бул лицейлер Ф. Гулендин идеясы менен ачылып, алар алатоолук азаматтарды даярдап чыгарууда" деп жазган. Андан ары "Ф. Гулендин ишмердүүлүгү…чыйыры таза демекчибиз", "Лицейлерде диндер, анын ичинде ислам дини окутулбайт" өңдүү актоолор менен Гулендин "улуугуна" шек келтиресиң таризинде жазган. Анда эмесе дин мисионери, ислам аалымы, "Нуржи" диний уюмунун жетекчиси Фетхулла Гулендин Кыргызстан Казакстандагы лицейлеринде өзүнүн диний эмес шакирттери же мугалимдери менен кантип "светтик"(диний эмес) билим берери тууралуу кыскача назар салсак

ДИН МИССИОНЕРИ ГУЛЕНДИН ДИНИЙ ЖҮРҮШТӨРҮ

Чынында, Түркиялык Гулен өзү ким экендигине дагы бир сыйра кыскача токтоло кетсек. ("Учур" 27.08.09, "Назар" 09 газеталарында жазылган). Ал өзүнүн миссионердик миссиясын түркиялык ислам аалымы САИД НУРСИ окуусун үгүттөө менен баштап, аны исламды таратуунун негизги жолу катары көрөт. Нурсини өзүнүн узтазы эсептейт. "Нуржийлер" Кыргызстанда ЖКнын депутаты Турдукан Жумабекованын пикири боюнча көмүскөдө иш алып барган, экстремисттик түзүлүштөгү дин кыймылына кирет. Гулен мына ошол "Нуржи-нурси" ислам уюмунун да жетекчиси. Ал учурунда Түркиялык светтик принциптерди жокко чыгарып, шариятка негизделген өлкө куруу" айыбы менен күнөөлөнгөн. Бирок, Гулен Түркиядан чыгып кеткендиген улам, сырттан соттолгон. Ошентип, дүйнөнү уучунда мыкчый кармап турган алп эл АКШнын сакалынын астында паана таап, ошол ажыдаардын купуя кызматтары (ЦРУ) аркылуу ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Диний миссионер Фетхулла Гулен өзүнүн максатын ишке ашырууда динди гана колдонуу көп тоскоолдуктарга учурашын билип, светтик билим берүү аркылуу аракеттерди жасай баштаган. Ал акчанын жана алдыңкы технологиянын күчү менен Орто Азия республикаларында 200 ашуун лицейлерди, окуу тармактарын ачкан. Ошентип, андагы мугалимдер өздөрүнүн динчилдигин көмүскөдө тутуп, светтик улуу "педагогтор" болуп чыга келишти. Бирок, экстремисттер менен күрөшүүдө тажрыйбасы мол Өзбекстан алардын купуя динчилдигин билип, мусулман-Гуленди радикалдык диний үгүттөрү үчүн мектептерин жаап, бир күндө Өзбекстандан айдап чыкканы эле эмнени айтып турат.
Ошентип, Гулендин түрктөштүрүү, исламдаштыруу өңдүү көмүскө же түпкү көздөгөн максаты бизде гана ичте былгып жаткан жок. Ал айтылгандай, Казакстанда да Гулендин-Себаттын терс жактары кайра-кайра айтылып келүүдө. "Нур-Отан" партиясынын өкүлү, Парламент Сенатынын депутаты Гарифолла Есим: "Ф. Гуленди кабылдоочулар да, кабыл албагандар да бар. Гулендин илимин кабыл алган жөн, анткени ал жамандык жагына чакырып жаткан жок. Анткени анда дин адамдары сабак берет", - деп кептин туурасын айткан. Депутат "дин адамдары" Гулендин лицейлеринде (СЕБАТ) сабак бергендиктен, адептүүлүк, ыймандуулукка чакырарын баса белгилеген. Ошентип, Есим мырза "диний адамдар" "светтик" билим берерин жашыра алган эмес. Ал гана эмес Гулендин (СЕБАТ) лицейлеринде светтик гана билим берилерин Кыргызстандагы СЕБАТ түрк лицейлеринин жетекчиси Орхан Инанды мырза да тастыктайт. Себат, Гуленди жактоочулар да лицейлерде дин окутулбайт, диний тарбия берилбейт деп эмнегедир "ислам динин" жакындатышпайт. Чынында, тигил же бул пикирге терең үңүлө карасак: Бириси диний адамдар светтик сабак берет десе, экинчиси тек гана светтик сабак берилет деп динден өздөрүн ала качууга аракеттенет. Болуптур, Гулендин лицейлеринде светтик гана сабак берилсин. Бирок, Ф. Гулен ислам дининин баалуулуктарынын жактоочусу жана бардык илимин исламга такап жазары айкын. Ушундан улам конфессиялык билим алган диний инсан Орто Азияга, же Кыргызстанга биздин балдарга келгенде динин жыйыштырып коюп, таза светтик билим береби? Же динди керек жерде колдонуп, колдонбоочу кезде колдонбой коебу, же Динин купуя окутабы деген пикир туулбай койбойт. Айрым пикирлерге Караганда, СЕБАТ окуу тармактарындагы жатаканаларда жатып окугандарга дин таанытуунун эң бир ийкемдүү ыкмасын колдонушарын түрк окуу жайларында окуп жаткан студенттердин, окуучулардын көбү-өздөрү эс алуу учурларында, эс алуу бөлмөлөрүндө түркчө диний кинолорду, көрсөтүүлөрдү көрсөткөн учурларды айтышат. Алар аттарын айтса окуудан чыгып калаарын айтып айткан эмес. Балким, сабак окутуу программаларында дин жок болушу ыктымал. Бирок, аны үйрөтүүнүн башкача ыкмаларын өздөштүрүшкөн. Кыскасы, жетекчилери Гулен өңдүү диний адамдар болсо, окуучулары светтик гана билим алат деп айтуу оор го. Керек болсо, түрк окуу мекемелери менен башка окуу жайларындагы студенттерди салыштырып көрөлү. Кайсынысында окуган студенттерде ислам дининен маалыматтар кеңири, же ислам атрибуттары колдонулат. Түрк окуу жайларында кандайдыр жол менен дин окутуларын билбейбиз, бирок диний таалимдери бар экендигин аныктоого жөнөкөй эле логика керек.

ФЕТХУЛЛАЧЫЛАРДЫН ТОРУ

"Фетхуллачылар" өзүнүн окуу мекемелери жана бизнестери аркылуу дүйнөнүн, өзгөчө Азиянын чар тарабына торун тек гана агартуу тармагына эмес, бардык тармакка жайган. Кайсы бир өлкөнүн таланттуу уулдарын, тагыраак айтканда өздөрүнө жактоочуларды жаштайынан өздөрүнүн нугунда тарбиялап, өз кишилеринин катарына кошууда - окуу жайларын пайдаланат. Азыр деле түрк окуу жайларын мыкты бүтүргөндөрдүн дээрлик баары Түркияга окууга жөнөтүлүп, ошол жерде окуп, иштеп, кыргызча эмес түркчө калыптанып калып жатканы көбүбүзгө маалымдыр. А түгүл, айрымдары дайынсыз жок болуп жатканы тууралуу Казакстандын "Алдияр", "Казакстан" (12-караша, 2009) аттуу газеталарда: "… "фетхуллачылардын" диний жортуулдарынын кесепетинен, "Улуу узтаздын" (Гулен) үгүтүнө башы айланып, чек ара ашып Түрк элине өтүп, өлүү-тирүүсүнөн кабары билинбей кеткен канчалаган жигиттер менен аруу кыздарыбызды жоктогон энелердин көз жашы көл болуп отурат. Андай фактыларды көрөм деген кишиге колунан сүйрөп алып барып көрсөтүүгө даярбыз", - деп жазат.
Ошентип, адамды өзүнө иймерүүдөгү айныгыс усулдар - окуу, тарбия жана ишеним өңдүү куралдарды максималдык түрдө колдонушат.

"СЕБАТТЫН ОКУТУУ ЫКМАСЫ АРТЫК ДЕГЕНГЕ КОШУЛБАЙБЫЗ"

Казакстандык педагогика илимдеринин кандидаты Насипкали Даулетов: "Жөндөмдүү балдарды издеп табуу, аларга шарт түзүп берүү маселелеринде дүйнөлүк тажрыйба жетиштүү. Көптөгөн өлкөлөрдө андай балдардын өсүү жолдорун таптап отура турган коомдук уюмдар бар. Бизде азыр мындай шарт жок. Тескерисинче, биздин таланттуу балдарыбызды алып кетип, аларга жайлуу шарт түзүп, ЖОЖдорду бүтүргөн соң алып калууга тырышып отурган мамлекеттер бар. Эгер ошого бүгүн көңүл бөлүп, маселе көтөрбөсөк, жөндөмдүү адистерибиз кайсы жерде жогорку шарт түзүлсө, ошол жерге кетет. Башкасы башка, биздеги түрк мектептери ошондой кылып отурат. Учурунда, ТМД элдеринин баарында ачылган түрк лицейлеринин түпкү максатын көргөн соң, Россия да, Өзбекстан да, башка КМШ элдери да бул мектептерди алда качан жаап таштаган… Биз бул мектептердин окутуу методикасы, окутуу системасы артык дегенге кошулбайбыз", - деп кебин улантат педагог Н. Даулетов - "алардын төрт тилде окутуусу да мыйзамсыз. Ал Казакстан билим берүү мыйзамында жок. Эмнеге бир жыл түрк тилин окутат? Нагыз билим керек болсо, эмнеге таза англис тилин окутпайт? Анткени бул жерде түрктөрдүн өз саясаты жатат. Баланы анын өз эне тилинде кез-келген илимди терең сиңирүү ордуна шарт түзбөй, үстүрт кана бир жыл түрк тилин тыкмалап, андан кийин бир жыл англис тилин тыкмалап, андан кийин ошол тилде бүгүнкү кылымдын физикасы менен математикасын окутуу - акылга сыйбаган нерсе. Анткени, адамдын бүткүл лексикалык тил байлыгы беш-жети жашка чейин калыптанат… Түрк лицейлеринин методикасы артык эмес. Биз өз таланттарыбызды өзүбүз тарбиялообуз керек", - дейт илимдин кандитаты, педагог Даулетов.
Пантүркизмге жык толгон идеясын ислам аркылуу жүзөгө ашырууга умтулуп жаткан Ф. Гулендин миссиясы эң бир кылдат иштелген ыкмаларга бай. Ал ыкмаларын канчалык көмүскөдө тутпасын, өзүнөн-өзү акырындан ачыкка жылжып чыга келүүдө. Орто Азия өлкөлөрү Түркиялык "боордошторунун" бооруна кирүүгө же мүмкүн тартууга жакшы эле колун сунушкан. Бул операциялар эгемендүүлүктүн алгачкы он жылдыктарында кулачын абдан эле кеңири жайган. Мүмкүн азыр деле ошондой чыгаар. Бирок, акыркы жылдары алардын "аппакайлыгы" өзүнүн сүйкүмдүүлүгүн жоготкондой. Ошентип, алардын "тилектештиги" анчалык деле ыкыластуу эместиги байкалууда. .
Биз алардын артында кандай гана оң, терс максаттар жатканын кеңири аңдабай эле билимдүүлөрүбүз өздөрү көзүн көрүп, колун кармабаган Фетхулланы улуктаганда алдына жан салбай алардын союлун чаап келет. Ал эми СЕБАТ окуу тармактарынын жайлуу, шайлуу шарттарын жактырып, идея-максатына көңүлдөрү толбогон окуучулар, студенттер четтен табылат.
Айтор биз асман-күнгө жеткире мактагандардын артында бир топ "кеп" жатканы бир тобубузга маалым. Көзгө жакшы көрүнгөндүн баары эле "аппак" эмес чыгаар.
(уландысы бар)

Эрнест Абдрахман