Сот залында

И. Исаковдун апеляциялык арызы каралып жатат
Мурдагы коргоо министри И. Исаковдун апеляциялык арызын кароого Республикалык аскер соту 10-февралда киришкен. Бир катар күбөлөрдү сураган соң, сот ишти кароону улантууну кийинкиге калтырган.
Эскерте кетсек, 11-январда Бишкек аскердик гарнизондук соту мурдагы коргоо министри И. Исаковду кызмат абалынан пайдаланып, министрликке тиешелүү батирди уулуна берип койгон, деген айып менен 8 жылга кесип, генерал-лейтенанттык чининен ажыраткан. Сотто батир берилген офицер Руслан Исаков КР коргоо министрлигинде 1998-жылдан бери эмгектенери жана ага берилген батир И. Исаков министр кезинде эле кайра мамлекетке кайтарылганы эске алынган эмес. Белгилүү болгондой бул айып боюнча кылмыш иши И. Исаков президент К. Бакиевдин башкаруу саясаты менен макул эместигин билдирип, Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынан өз эрки менен кеткенден кийин, 2008-жылы 30-декабрда козголгон. Бир жылдан ашуун убакыт соттолуп, аягында камакка алынышы анын саясий ишмердүүлүгүнө байланыштырылып келет.


Генерал Исмаил Исаковдун абактагы абалы өзгөрөбү деген үмүт менен келген 500гө чамалаш жарандар кыштын кычыроон суугуна карабай, гарнизондук соттун ичин-сыртын бербей жаалап турушту.

Коргоо министринин мурдагы орун басары Мырзалы Бөрүбаев Исмаил Исаковдун баласы Руслан Исаковго аскер офицери катары убактылуу үй берилип, кайра алынганын, эч кандай мыйзам бузуулар болбогондугун айтты:

- Адамкерчилик деген бар да. Сиздер туура түшүнүңүздөр урматтуу соттор. Министрдин баласы, квартирасы жок, үйлөнгөн, эки баласы бар. Убактылуу турат, берели деп штабдын башчысы Югай айтып атса, анан мен жок, андай болбойт дейинби. Бир үй эми. Ошого эле күнөөлөп, соттоп жибергендик, кандай эми бу?

Бөрүбаев мырзанын сөзүн министрдин мурдагы орун басары Борис Югай дагы колдоого алып, Исмаил Исаковду баласына үй берди деп күнөөлөп жаткандык таптакыр туура эмес деди. Анткени бардык эле чиновниктердин балдары аскер кызматына тартыла бербейт. Бул өңүттөн алганда аскер кызматкери катары Руслан Исаковго батир берүүгө неге мүмкүн эмес деген суроону кабыргасынан койду:

- Мындай карасак жаш үй-бүлөлүү. Өздөрүнчө жашаганды каалабай коебу. Бирок айтып коеюн, Ушул үй тууралуу Исмаил Исакович менен сүйлөшүп же атайын жасалган жок. Бир баласын үй менен камсыздап алганга эмне кудурети жетпейт беле? Кеп анда эмес да. Бул боюнча чайналган суроолорго жооп бере берип тажап бүттүм. Мына Башкы прокуратурада колума кишен салып, бир чыккынчы кептентип мени, айткандарыма ишенбегендей, укугумду тебелегендей мамиле болду мага. Акыры мен көчөдө жүргөн киши эмесмин го. Мына Исмаил Исаковдун жактоочусу айтып жатпайбы, Югай Башкы прокуратурада башка көрсөтмө, бул жерде башка көрсөтмө бергени кандай деп. Мен башынан бери эле эмнени билсем ошону айтып келатам. Ага ишенбесе эмне кылайын. Же ушунчалык эле коркунучтуу кылмыш иш боюнча суракка кириптер болуп жатыппызбы?

Югайга суроолор жаадырылып, Бишкек шаардык аскер сотундагы айрым көрсөтмөлөрү тууралуу дооматтар айтылды. Бишкек шаардык аскер соту жүргүзгөн сурак кагазындагы көрсөтмөлөрү менен бул жерде айтып жаткан көрсөтмөлөрү бири-бирине дал келбейт деп, айрым жерлери сөзмө сөз окулду. Югай өз кезегинде Башкы прокуратурада кысым жасалып, айтылбаган сөздөрдү айтты кылып жазылган сурак протоколунда бурмалангандык бар деди.

Генерал И.Исаковдун апеляциялык арызын кароо процесси бүгүн саат 13:00дө улануусу күтүлүүдө.

(И.Исаковдун жактоочусу А.Бекназаровдун маеги,
Алайдагы митинг 3-бетте)




  Эки пикир

Асман менен жердеги чындык
Курманбек Бакиев:
"Өлкөбүз өзгөрүүлөрдү сезе баштады"
Жума башында президент К.Бакиев бийликтин бийик жеринде отургандарды чакырып, кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Анда өлкө башчысы "Эгемендик алгандан бери көптөгөн реформалар болгон, бирок алар күтүлгөндөй натыйжа берген эмес. Бул жолу башкысы - өлкөбүз өзгөрүүлөрдү сезе баштады. Бул оптимисттик маанай жаратпай койбойт", - деп билдирди.


Өмүрбек Текебаев:
"Кыргызстанга диктатуралык эмес, демократиялык башкаруу керек"
"Жакында эле "Кыргызтелеком", "Түндүк электро" мамлекеттик ишканалары сатылды. Мен ойлойм, бул кадимки эле классикалык, примитивдүү рейдерчилик. "Чакан ГЭС" деген чоң Чүй каналындагы эскилиги жетип, иштебей турган бир нече ГЭС. Алардын каржылык абалы мамлекет эптей албаган "Түндүкэлектрону" эптей турган абалда эмес. Ошондуктан, "Чакан ГЭСтин" артында "үй-бүлө" мүчөлөрүнүн кулагы көрүнүп турат," - дейт Өмүрбек Текебаев.

Эскерте кетчү жагдай
"Кыргызтелеком" жана "Түндүк электро" мамлекеттик ишканалары сатылгандыгын мамлекеттик мүлк министрлиги өткөн жуманын аягында билдирген. "Кыргызтелекомду" Казакстандын "K.S.D", Кипрдин Nimisco Holding Co. Limited жана Colimar Holding Co. Limited, ошондой эле Кыргызстандын "Ала-Тоо кени" ААКынан турган консорциум 1 млрд. 280 млн. сомго, ал эми жылдык кирешеси 56 млн. долларга барабар "Түндүкэлектрону" мурда сатып алууга катышпаган "Чакан ГЭС" ишканасы 3 млн. долларга сатып алган.




Кыргызстандын "Сибиринде"
Нарында нааразычылык
Нарын шаарындагы №1, №4, №9 жана облустук жатак мектеп лицейдин жамааттары 24-февралда нааразычылык акциясына чыкканы турат. Акыйкатчынын Нарын облустук өкүлчүлүгүнө 10-февралда Кайрылуу жөнөтүп, мыйзамга ылайыктап, Нарын шаар мэриясына билдирүү беришти. Акцияга чыгуучулар электр наркы кымбаттаган шартта электр акысын төлөөгө жеңилдиктерди берүү жана тоолуу аймактарга төлөнүүчү 50 пайыздык кошумча төлөмдөрдү өзгөртүүсүз калтыруу талаптарын коюшмакчы.