Өз кабарчы билдирет

Украинадагы президенттик шайлоо. Бүтүүнүн башталышы-Янукович-Тимошенко
Мен барган жер "Региондор" партиясынын лидери, талапкер Януковичтин кичи мекени Донецк облусу болгондуктан ал жерде элдин активдүүлүгү абдан жогору болуп, орточо эсеп менен алганда 73 пайыздын тегерегинде шайлоочулар добуштарын беришти. Шайлоо учурунда барган жерлерибизден Кыргызстандагыдай одоно мыйзам бузууларды байкай алган жокпуз. Бизди жергиликтүү комиссиялардын жетекчилери жылуу маанайда тосуп алып, мыйзам чегинде өздөрүнүн урмат-сыйын көргөзүп жатышты. Менин байкашымча алар кандайдыр бир тараптын пайдасына бурмалоо жасаганга ашыгышкан жок. Себеби Януковичти колдоого келген жергиликүү шайлоочулардын көптүгү ага жол бербеди. Жергиликтүү комиссиялардын курамы эки талапкердин өкүлдөрүнөн теңме тең куралган. бирок таң калыштуусу Тимошенконун пайдасы үчүн иштеп жаткан байкоочулардын, комиссия мүчөлөрүнүн сөздөрүнөн Януковичке жан тарткандары сезилип жатты. Шайлоочулар менен баарлашканымда баары бир ооздон өздөрүнүн кулуну Янукович шайланышы керектигин, эгер андай болбогон күндө Россия менен мамиле үзгөн Украинанын Россия менен чектешкен аймагында жашоо кыйын болуп жатканын, андыктан алар өздөрүнүн уулу бийликке келмейинче тике тураарын билдирип жатышты. Дээрлик Чыгыш Украинада көпчүлүгү Януковичке , ал эми Киев баш болгон борбордук Украинада Тимошенкого басымдуу добуш берип жатышты. Борбордук Шайлоо комиссиясынын акыркы маалыматында Тимошенко 45, ал эми Янукович 48 пайыз менен куушуп баратат. Бул акыркы жыйынтык эмес, шайлоонун чечүүчү жыйынтыгы 10 күндөн кийин жарыяланат. Демек ким утаары азырынча белгисиз. Бирок,В.Янукович өзүнүн президент болуп шайлангандыгын айта баштады. Батыш Украинада шайлоого көз салган байкоочулардын айтымында ал жакта дагы жергиликтүү калктын Тимошенко айымга болгон симпатиясы күчтүү болду. Натыйжада эки талапкердин алган добуштарынын айырмасы өтө аз. Андыктан нааразычылыктардын күчөшү, жеңилген тарап жактоочуларын аянтка алып чыгып "чоң шоу" баштап кирээри ажеп эмес. Ал тирештин акыры үчүнчү шайлоонун үчүнчү туруна алып барышы мүмкүн дешүүдө.

Адилет Айтикеев,
Киев шаары

P.S. Региондор партиясынын төрагасы Виктор Янукович, жекшембидеги шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, Тимошенкону 3,5% добуш менен жеңгенин айтып, "мен расмий түрдө премьер-министр Юлия Тимошенконун кызматтан кетүүсүн талап кылам деди". А бирок, Украинанын шайлоо комиссиясы соңку расмий жыйынтыгын 17-февралга чейин чыгарышы күтүлүүдө. Учурда бюллетендердин баары саналып бүткөнүн Украина БШКсы билдирди. Янукович ага чейин эле шайлоодо жеңгенин жарыялады. Антсе да, "темир айым" Ю.Тимошенко Януковичти "шайлоонун жыйынтыгын бурмалады" деп айыптап, өзүнүн жеңилгенин мойнуна алган жок жана ар кандай акцияларды жүргүзөөрүн да жашырган жок...





  Ал учурда

Иранда ыңкылап...
Иран 1979-жылкы Ислам революциясынын 31 жылдыгын белгилеп жатат. Ыңкылаптын натыйжасында өлкөдөгү шахтын режими кулап, өлкө ислам республикасына айланган. Бирок, былтыркы президенттик шайлоодон кийинки оор кырдаалдан улам азыр байкоочулар Иранды "исламий-аскердик диктатурага" айланып кетти дей баштады.

Иран эң маанилүү майрамды белгилөөнү улантты. Ошол эле мезгилде, былтыркы президенттик шайлоодон кийин кайрадан мамлекет башчылыгына келген Махмуд Ахмединежадга карата болгон нааразылык азыр да басыла элек. Бул майрам алгачкы жолу чоң кооптонуулар менен белгиленүүдө. Анткени, буга чейин бир топ митингдер болуп, адам өмүрлөрү кыйылып кеткен. Ошондон улам, өкмөт оппозицияны массалык демонстрация уюштурушу мүмкүн деген тынчсыздануу менен, элди башаламандыктан алыс болууга чакырды. Ага карабай оппозиция ушул майрамда массалык нааразылык билдирүүгө чакырды.
Мындан 31 жыл мурда болгон ыңкылапта көпчүлүк, өлкөнүн элине эркиндик алып келет деп ишенген. Ыңкылапты уюштуруп, кийин Иран ислам республикасын түзгөн Аятолла Хомейни ал учурда "Эми коомдо зулумчулук болбойт" деген эле. Бирок, ал революциядан 31 жыл өткөндөн кийин, азыр Иранда көптөр ислам ыңкылабы максатына жеткен жок деген тыянакка келишүүдө. Азыркы өлкө жетекчилиги репрессивдүү башкаруучулукка айланып баратканын каңкуулап жатышат. Өткөн аптада оппозициялык лидер Мир Хусейн Мусави да 1979-жылкы революция өзүн актабаганын, азыр да "зулумдук менен диктатуранын" тамыры кыркылбастан, дале калып калганын билдирген. Ислам революциясы учурунда шахтын бийлигине каршы чыгып, бирок азыр өлкөдөн куулган журналист Нушабе Амири азыркы саясий репрессия, шахтын тушундагыга караганда, алда канча оор экенин айтып чыкты. "Азыр эми өткөнгө назар салсаңыз, ал учурда революцияны жасаганга аракет кылгандарга кысым бүгүнкүдөй оор болгон эмес. Ошондо биз шахтын армиясы аны жасады, тигини жасады дечүбүз. Бирок, бүгүнкү камоолор, кыйноолорго, катуу репрессияга келгенде, тилекке каршы, ал учурдагы абал менен азыркыны такыр салыштырып болбой турганын түшүнөбүз", - дейт журналист Амири. Ислам ыңкылабынын 31 жылдыгында Ирандын жетекчилигинин келечеги бүдөмүк болуп калды. Бир жагынан, реформачыл маанайдагы оппозиция басылып кала тургандай түрү жок. Дагы бир четинен, өзүнүн аскерий, коопсуздук күчтөрүнүн жардамы астында азыркы режим да мунасага бара тургандай эмес. Айрым байкоочулар 11-февралды диний башкаруудагы мамлекеттин келечеги үчүн маанилүү күн болуп калат дешет. Башкалары алдыдагы жумаларда абал дагы курчуй турганын айтышууда.
Негизинен, элдин нааразылыгы диктатуралык бийликке каршы болоорун тарых тастыктаса, бүгүнкү доор дагы далилдеп жатат. Бийликке келген соң баарын унутуп, армияны бекемдеген диктаторлор өмүрү бир кыйлага узарышы мүмкүн. Бирок, аягы жакшылык менен бүтпөй, чоң трагедияга алып келерин турмуш тастыктоодо. Ошондуктан, бир келген бакыт кушун туура колдонуп, Кудай колдоп эл башына келген журт жетекчилери байлыктын кумарына алдырбай, азыркыдай өнүккөн доордогу коомду артка эмес, алдыга жетелесеңер, атагыңар алыска кетип, өзүңөр үчүн эле дурус болоор беле дейсиң.

Интернет булактарынан