Башкасын коюп, Манасты айт...

МАЗАР жана МАНАСЧЫ
Байыртадан бери кыргыздын турмушунда келе жаткан "манасчы" жана "мазар" деген феномендеринин өз ара байланышы, мамилеси тууралу сөз, буга чейин илимий чөйрөдө терең изилдөөгө алынбай келген. Ошондой болсо да, соңку эки-үч жылдан бери бул маселе айрым бир изилдөөчүлөрдүн кызыгуусун арттырып келе жатканын байкаса болот.

Алгач ирет бул маселеге окумуштуу Г.Айтпаева өзүнүн "Кыргызстандагы мазарлардын феномени (проблемалардын, гипотезалардын коюлушу)" аттуу илимий макаласында кайрылган эле (Айтпаева Г. Феномен мазаров в Кыргызстане (постановка проблемы и гипотеза). Академический вестник: Ежегодный сборник статей преподавателей Американского университета в Центральной Азии. - Бишкек, 2004. - Выпуск II. - Стр. 128-139). Дүйнө элдериндеги бүбү-бакшы, ырчы, төкмө акын, эпос айтуучуларынын келип чыгышы, белгилүү бир жерлер менен байланыштуу экендиги тууралу маалыматтарды көптөгөн илимий адабияттардан кездештирүүгө болот. Маселен, казак элинде төмөндөгүдөй бир ишеним жашап келген: "домбра черткенди үйрөнгүсү келген адам, үч арал жолдун кесилишиндеги мүрзөнүн түбүнө отуруп, көзү илинип кеткичекти тынбай домбра черте бериши зарыл болгон. Бул ишенимдин негизги мааниси төмөндөгүдөй, жолдордун кесилишинде арбактар чогулуп, домбра үйрөнөм деген адамга черте албай жаткан жаңы кайрыктарды, жаңы күүлөрдү үйрөтөт" (Турсунов Е.Д. Возникновение баксы, акынов, сэри и жырау. - Астана: ИКФ "Фолиант". 1999. - Стр. 43-44). Ушул сыяктуу эле легенда түркмөн элинде да кездешет: "дутар черткенди үйрөнгүсү келген же дастан айткысы келген адам Баба-Камбардын мүрзөсүнө барып түнөп, көзү илингиче дутар чертип же дастан айтышы керек. Анын көзү илинээри менен түшүнө ажыдаар, бычылган чоң төө кирет. Эгерде аларды көргөндө ал коркпой турган болсо, Баба-Камбар өзү келип, ак батасын берет" (Рахматуллин К. Творчество манасчи // "Манас" - героический эпос киргизского народа. Фрунзе, 1968). "Хакас, бурят элдеринде поэтикалык шыктын, айтуучулук өнөрдүн пайда болушу табигый стихиялардын, тоо, токойлордун ээлери менен байланыштуу деген ишеним бар. Эпос айтып калуу үчүн алар алгач ирет тоо ээлери менен байланыш түзүшү зарыл. Байланыш түзүлгөндөн кийин гана айтуучулар жаратылыштын, жан-жаныбарлардын, адамдардын кыймыл-аракетин, кубулуштарын башкарууга жетише алат" (Басилов В. Культ святых в исламе. М., 1970. Стр. 32-34). Өзбек элинин дастан айтуучулары жөнүндөгү уламышта: "Дастан айтам деген адам, ичинде булагы бар, түпкүрүндө жыгачтан домбра жасап жаткан карыя бар Муратбакшы деген ыйык үңкүрдү таап, ичине баш багып, булак суусунан татып, түнөп кетсе, карыя жасап жаткан домбрасын ага берип, айтуучулук өнөргө эгедер кылат" (Трояков П.А. Магическая функция сказывания как эстетическая категория в сюжетосложении архаической сказки. "Эстетические особенности фольклора". Улан-Удэ, 1969. Стр. 48). Каракалпактарда болсо: "Бакшы устат (каракалпактарда "бакшы" деп дастанчыларды айтат. - Т.Б.) бакшылык өнөрдү үйрөнөм деген талапкерге, эски элдик салт боюнча, алыстагы жолдордун кесилишине барып түнөп, анан кулагына жаңы бир күү кайрыгы угулмайынча, кайтып келбөөсүн буйрук кылат" (Путилов Б.Н. Эпическое сказительство: Типология и этническая специфика. - М.: Издательская фирма "Восточная литература" РАН, 1997. Стр. 6). Ал эми белгилүү окумуштуу К.Рахматуллиндин байкоолору боюнча: "Манасчынын эпосту айтып калышына атайын белгилүү бир жердин болушу зарыл. Ал сырдуу жана сүрдүү үңкүр же чоочун бирөөнүн боз үйү жана ошондой эле Манастын күмбөзү да болушу мүмкүн", - дейт (Аимбетов К. Каракалпакские народные сказители: Автореф. дис. д-ра филол. наук. Ташкент, 1965. Стр. 93-94).
Албетте, бул илимий булактардан кайсы бир элдик оозеки өнөрдүн келип чыгышына, калыптанышына тигил же бул жердин таасири бар экендиги жөнүндө ачык түрдө кеңири сөз кылынганы менен, илимий талдоого алынган учурларды кездештирүү кыйын. Атаганат, мындай абал манасчылык өнөрүнүн негизинде жүргүзүлгөн азыркы илимий изилдөө иштеринде да өкүм сүрүп турат. Ал эми бизге белгилүү болуп келген кайсы гана манасчынын өмүр баянына кайрылбайлы, анын чыгармачылыгы белгилүү бир мазарлуу жер менен түздөн-түз байланыштуу экендигин байкасак болот. Андай жерлердин айрымдары "Манас" эпосу менен, айрымдары көзү өткөн олуязаадалардын ысымдары менен байланыштуу. Сөзүбүз жөндүү болушу үчүн манасчы катары мен өзүмдүн башыман өткөн бир окуяны мисал иретинде келтирип кетүүгө уруксат этиңиздер:
1999-жылдын кеч күз мезгили (ноябрь айы). Анда мен Кыргызстандагы Америка университетинде окутуучулук кызматта иштеп жүргөн кезим. Ошол учурда эмнегедир мен терең депрессия абалына туш болдум. Айлам кетти, жаным жай албады. Эптеп айылыма жетүүнү кааладым. Ошондогу оор абалымды кызматымдагы жетекчим, Г.Айтпаева түшүндүбү, айтор, айылга барып келүүгө эки-үч күнгө уруксатын берди. Мен Бишкектен айылыма аттандым (Ак-Суу районундагы Каракол айылы). Айылга жетип, ошол эле күнү кечкисин эмнегедир бала кезимдеги кой кайтарып жүргөн Жыргалаң суусунун боюндагы өзөнгө баргым келди. Азыр ойлосом, ошондогу жан дүйнөлүк оор абалымдын дарысы дал ошол Жыргалаңдагы өзөндө экен.
Ошентип, каш карарып калган кезде үстүмө маркум атамдын ичигин кийип, жөнөмөкчү болгондо, апам тынчсызданып, "эми караңгыда кайда барасың?" деп калды. Жөнүмдү айтсам, иним Талгатты бирге барсын деп, болбой кошуп берди. Айылдан чыккандан кийин мен инимди үйгө кайтардым да, өзүм жетчү жериме жетип, Айкөлдүн, кырк чоронун арбагына арнап Куран окуп, ошол жердеги ак теректин түбүнө ичигимди жамынып жатып, уктап кетиптирмин. Бир маалда бир ачуу ышкырыктан улам чоочуп ойгонуп кеттим, маңдайымдагы булактын түбүндө аппак жылаан тикесинен тик туруп мени карап ышкырып жаткан экен. Албетте, мен корктум, бирок шек алдырбай келмемди келтирип, козголбой жата бердим. Бир аздан кийин ак жылаандын айланасы көк нурга бөлөнүп, көздөн кайым болду да, ошол замат ордунда табактай болгон аппак бака пайда болду. Ал алкымын бүлкүлдөтүп, акырын менин ичигимдин этегине жылып келип отуруп алды. Менин тулку боюмду тер басты. Эмне кылаарымды билбей турган учурда, беш-алты кадам аралыктагы автоунаа жүрө турган жолдон "Москвич" маркасындагы, кызыл түстүү жеңил машина өтүп калды. Ал машинаны карамакчы болуп, башымды бурдум, алдыңкы фараларын жаркыраткан машина бир жүз метрдей ары барып, от алдыра албай токтоп калды. Мен кайрылып, баканы чоочутуп албайын деп, эптеп ичигимди өзүмдү көздөй тартып алгычакты болбой, ичигимдин этегинде отурган баягы бака көздөн кайым болду. Машинанын дүркүрөгүнөн чоочуп кеткен го деген ойго келдим. Дагы бир аз жатып, айдын жарыгына саатымды карасам, түнкү эки жарым болуптур. Мен тегерете өскөн чычырканактын курчоосунан чыгып, айылды көздөй жөнөдүм. Бир аз баскандан кийин аркамдан ырылдаган үн угулду. Кылчайып карасам, эки көзү чырактай жанган, куйругу кайрылган, териси май сыйпагандай жалтыраган (эмне жаныбар экенин айта албайм) жаныбардын келе жатканын көрдүм. Ого бетер жүрөгүм опкоолжуй түштү. Чын-жалганын билейин деп, токтосом ал да токтойт, бассам басат. Ошентип, бир дем менен экөөбүз ээрчишип көпүрөгө келдик. Көпүрөдөн өткөндөн кийин ал жок болуп кетти.
Жыргалаң деп жатып, менин Манас дүйнөсүнө алгач ирет баш багуум тууралуу баяндап кетүүнү да туура көрүп турам. Адаттагыдай эле мен коюмду айдап, Жыргалаң суусунун боюна жайып чыктым. Түш оогондон кийин бир аз тамактанып, чычырканактын түбүнө ыксырап жатып, көзүм илинип кетиптир. Жыргалаңдан бери дөбө ылдый мени эки адам жетелеп келип, суу боюндагы чоң ак боз үйдүн ичине түртүп, киргизип жиберишти. Тизелеп барып, отуруп калдым. Башымды көтөрүп, айланамды карадым. Коломтодо бүлбүлдөп күйгөн оттун жарыгынан улам, керегеде илинген илбирс, жолборс, аюунун терилерин жана алты кездей келген болот кылыч, капкадай кара калкандын илинип турганын даана көрдүм. Аңгыча, эки аял киши жаныма басып келип, колтугумдан сүйөй, төрдөгү жыгач тактанын үстүндө жаткан дырдай жылаңач наристенин жанына жетелеп келишти. Мунун бири Айкөлдү тапкан Чыйырды, экинчиси Айкөлдү Айкөл кылган айтылуу Каныкей энелер экенин баамдадым. Анан Каныкей: "Оо, айланайын кулунум, айла таппай курудум. Ойной турган чагымда, ооматым келген маалында, Айкөлдү жуттум мен шордуу. Олдо-бүлдө дүнүйө ай! Эми көкжалымдын белеги, эл-журтумдун желеги кыймылсыз жатат дени чок, эчкирсем угар киши жок" - деп, көзүнүн жашын көл кылып мага кайрылды. Эмнегедир ошол учурда мени кандайдыр бир күч башкаргансып, тактанын үстүндө жаткан баланын тулку боюн ушалап, оозун ачып, үйлөп кирдим. Үйлөгөн сайын менин оозуман көк нур чыгып, баланын оозуна кирип жатты. Айтор, канча убакыт өткөнүн билбейм. Бир убакта эки көзү ачылып, эмелеки кыймылсыз жаткан баланын денесине жан кирип, оозунан ак көбүк оргуштап чыгып жатты. Мен буркурап ыйлап, тактанын үстүнөн шыпырылып барып, жердеги аюу талпактын үстүнө отуруп калдым. Аңгыча, каралуу Каныкей эне кесе сунду. Мен жыгач кеседеги кымызды тартып жибердим: "Кагылайын каралдым, жомокчулукка жарадың. Кайыптан бизге туш болдуң, карааны бийик куш болдуң. Ак бата бердик, кабыл ал, Айкөл атаң, эрдигин, ааламга ырдап, салгын жар! Эми биз тээтетиги аяшым Алмам түнөгөн мазарлуу дөбө Боз-Учукка барабыз" - деп, көздөн кайым болушту (Бул окуянын айрым жерлери А.Эгембердиеванын "Манасчы жана мезгил" (2005) аттуу китебинин 42-43-беттеринде да чагылдырылган).
Ооба, менин башымдан өткөн кандайдыр бир сыйкырдуу, ары сырдуу бул окуя айрым бирөөлөр үчүн кыялкечтиктен же коркунучтан улам, көзгө көрүнгөн, ойдон чыгарылган миф катары кабыл алынышы толук ыктымал. Минтип айтып жатып, ошондогу көргөнүмдү сиздерге далилдейин же ишендирейин деген ойдон алысмын. Мен бул окуяны жогоруда сөз кылынган маселеге карата, мисал иретинде гана келтирдим. Ал эми менин айтайын дегеним, ошол жердин тарыхы тууралуу болмокчу.

(Уландысы 13-бетте)

(Уландысы.
Башы 10-бетте)

Жогорку эки окуядан кийин көп өтпөй түшүмдө (эки сапар) бирде он эки чоронун, бирде жети чоронун күмбөзүн көргөм. Ал эми кийинчерээк таятам Субанов Көбөгөндөн ошол жердин тарыхы тууралу сурап, собол менен кайрылгандан кийин, "ал жер өткөн кылымдын отузунчу жылдары Казакстандагы ачарчылыктан улам жер оодарып, ошол кезде жаңы уюшулган "Каракол" совхозуна келген казактардын Нургай молдосунун мазары экендигин айткан. Эмне себептен жана эмнеден улам Нургай молдо ал жерди мазар тутуп калгандыгы жөнүндө маалымат жок. Ошондой эле, Нургай молдого чейин ал жер мазар катары элге белгилүү беле же жокпу, эгер белгилүү болсо анын мурдагы аталышы кандай эле жана кандай мүнөздөгү кызмат аткарчу эле деген сыяктуу суроолорго жооп таба албадык. Бар болгону, өткөн кылымдын элүүнчү жылдары анын түндүк-батыш тарабында айыл тегирмени орнотулуп, иштеп турганы бизге белгилүү болду. Ал эми кийин гана 2000-жылдары ал мазарга бирин-экин мазар баскан кишилердин келип-кетип жүргөнүн биз көрүп да, угуп да жүрдүк.
Географиялык жактан алганда, бул мазар түштүк тарабынан - Каракол шаары менен Каракол (мурдагы аталышы Тасма-Каранар) айылынын ортосундагы автоунаа жүрө турган таштак жолдун боюнда болсо, түндүк тарабынан - Жыргалаң суусу агып өтөт. Каражал айылы менен Каракол айылынын ортосунда, Каракол айылына бир чакырым жетпей, сол тарапта эки ак терек бар, тегерегинде чычырканак өсүп, ортосунан булак чыгып, Жыргалаң суусуна куят.
Жогорудагы окуя жана анын тегерегиндеги айтылган сөздөргө кошумча иретинде дагы бир маанилүү фактыны айтып коюуну туура көрүп турам. Кеп Кыргызстандын көрүнүктүү кинорежиссёру М.Убукеевдин (1935-1996) 1995-жылдын жаз айларында тартылган "Манастын ааламы" ("Вселенная Манаса") аттуу илимий-популярдуу кинотасмасынын жаралыш тарыхы жөнүндө болмокчу. Кинотасманын тартылышына тиешеси бар кишилерди эске албаганда, анын кайсы жерде тартылгандыгын көпчүлүк көрөрман биле бербесе керек. Алдын ала айта кетчү сөз, бул кинотасма М.Убукеевдин өмүр чыгармачылыгындагы эң соңку жана эң маанилүү, чоң чыгарма катары белгилүү. Ал эми анын эң кызыгы, кинорежиссёр бул кинотасмасын дал ошол мазардын жанынан тарткан. Мүмкүн бул таза кокустуктур? Бирок, Жыргалаң суусунун боюндагыдай өрөөндү Кыргызстандын башка көптөгөн жерлеринен да кездештирсе болот. Жок! Бул кокустук эмес эле. Андай болушу да мүмкүн эмес эле. Себеби, "Манас" эпосу тууралу кинотасма тартуу үчүн автор эпоско байланыштуу жерди табууга аракет кылган. Болгондо да мурда кино кадрларына түшпөгөн, "Манастын" мистикалык дүйнөсүнүн принциптерине жооп бере турган жерди издеген. М.Убукеевдин чындыкты көздөгөн, оңой-олтоң турбаган, миң сырдуу жана бир кырдуу мүнөзүн жана Манаска болгон өзгөчө мамилесин эске алганда, ал үчүн режиссёрдук жеке чыгармачылыгынан да, карьерасынан да, принципиалдуу көз карашынан да "Манас" ааламынын мыйзамдары алда канча бийик жана ыйык турган. Адамзат өмүр сүрүп келген реалдуу дүйнөдөн сырткары башка бир зор касиетке ээ дүйнөгө кайрылып жаткандыгын ал жакшы түшүнгөн. Бул тууралу ага учурунда орус окумуштуусу Л.Гумилёв да алдын ала катуу эскерткен эле.
Кийинчерээк кинорежиссёрдун көзү өткөндөн кийин заманыбыздын залкар манасчысы, устатым Ш.Азизовдон (1927(1924)-2004) сураганымда, манасчы мындай деди: "Ал жерди Мелиске мен сунуштап, мен көргөзгөм! Коңурбайдын огунан Семетей баатырыбыз жарадар болгондо, Айчүрөк жеңебиз Таластан аккуу болуп учуп келип, огун түшүрүп, Семетейди кайрадан жарык дүйнөгө алып келген жер ушул - Жыргалаңдын бою, жылгындуунун ою". Ш.Азизовдун эпостогу бул айткан окуясын өз аткаруусунда биз бир нече ирет эшиткенбиз. Бирок, тилекке каршы, анын оозунан жазылып алынган "Манас" эпосунун үчилтиги кол жазма бойдон (1995) жарыкка чыкпай жаткандыгына байланыштуу, биз мисал иретинде манасчынын вариантынан мисал келтире алган жокпуз. Бирок манасчы С.Каралаевдин (1894-1971) айтуусундагы китеп болуп чыккан "Семетей" бөлүгүндө жогорудагы эпизод, Жыргалаңдын боюнда өткөндүгү даана сүрөттөлгөн:

"Мээнет катын Айчүрөк
Аккуу болуп кукулдап,
Тоо буткулду кыдырды,
Толуп жаткан канча жай
Бирөөн койбой кыдырды,
Чарчабастан талыкпай,
Будурду учуп бакалап,
Мунарык чөлдү жакалап,
Эчки-Өлбөстүн эки чат,
Эңкейип учуп сыдырып,

Өч-Жыргалаң, чоң Көңүз,
Бою менен кыдырып
Айчүрөк кирип барды эле". (СК. Семетей. - Ф.: Адабият, 1989. 2-китеп. 210-б.).
Жараты ырбап кетет деп, Бакай менен Канчоро шар аккан сууга байлап койгон Семетейди Айчүрөк көрүп, ак килемге салдырып:
"Ошо Чүрөк токтобой
Чымырканып, чыркырап,
Чын кудайлап буркурап,
Манастын уулу төрөнүн
Огун аттай салды эле,
Ага токтолгон болот ок
Аттаганда шарт коюп
Жарадан түшүп калды эле" (СК. Семетей. 212-б.).
Биз кеп кылып жаткан дарыя жана анын аталышы тууралу сөз, манасчы С.Орозбаковдун (1867-1930) вариантында да (эпостун биринчи бөлүгүндө) кеңири чагылдырылган:
"Улуу тоонун оюна,
Улуу суунун боюна
Жыш ургандай барыптыр,
Шыкала конуп алыптыр,
Жыргап жатып калыптыр,
А жердин атын ушулар
Жыргалаң коюп салыптыр" (СО. Манас. - Б.: Кыргызстан, 1995. 150-б.).
Мында, Кер-Көлдү (Ысык-Көлдү), Чууну (Чүйдү) жердеген калмак кандарынын бири Орго кан, Манастын Алтайдан ата журту - Ала-Тоого келе жатканын угуп, Арал, Тасма талаасы, Кулус жаң-жуң калаасынын жанындагы, Манастын аскери менен беттеше турган өрөөн (Жыргалаң суусунун бою) тууралу айтылып жатат.
Ысык-Көл областындагы суунун аталышын алып жүргөн "жыргалаң" деген сөздүн келип чыгышына кайрылганыбызда, С.Орозбаковдун вариантында айтылгандай, "жыргалаң" деген сөз - "жыргал" деген уңгу сөздөн пайда болгонун байкайбыз. Кыргыз тилинин сөздүгүндө бул сөз: "1. жан жыргаткан, көңүл көтөргөн бейкутчулук, бейпилдик, кеңчилик, ыракат, жыргаган сонун турмуш, убайымсыз куунак көңүл" (Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү. Эки томдук. I том. - Ф.: Мектеп. 1984. 381-б.) дегенди түшүндүрөт. Ал эми биз кеп кылып жаткан суунун аты (Жыргалаң) эпосто калмактар тарабынан коюлуп жаткандыктан, монгол тилине да кайрылууга туура келди. Монгол тилинде "жыргал" деген сөз - "бакыт" (жаргал) деп, "жыргалаң" деген сөз - "бактылуу" (жаргалант) деген маанини берет (Русско-монгольский словарь. Составили А.Р.Дамба-Ринчинэ Г.С.Мупкин Под ред. Г.Д.Сажеева. М.: 1960. Стр. 671). Бул жагынан алып караганда, алтай тилдер тайпасына кирген, кыргыз, монгол тилдериндеги "жыргалаң" деген сөздүн уңгусу ("жыргал") мааниси жагынан бир экендигин көрсөк болот. Демек, Жыргалаң суусунун аталышы, аны менен бирге Жыргалаң суусу агып өткөн өрөөн "Манас" эпосунун бир нече варианттарында чагылдырылгандыктан, бул өрөөн манасчылардын чыгармачылыгы үчүн белгилүү бир кызмат аткарып келгендигин байкайбыз.
Ал эми М.Убукеев тарабынан Жыргалаң суусунун боюнда тартылган кинотасмага кайрадан кайрылып келе турган болсок, манасчы Ш.Азизов кинорежиссёрго кеңешчи гана болуп бербестен, кинотасманы тартуу процессинде түздөн-түз катышып, Ырамандын Ырчы уулунун ролун аткарат. Аты аталган кинотасманы ("Манастын ааламы") тартаардан бир жыл мурда - 1994-жылы М.Убукеев, Ш.Азизовдун чыгармачылыгынын негизинде "Акыркы манасчы" деген документалдуу кинотасмасынын негизги кадрларын дал ошол биз кеп кылган жерден тартат. Дал ошол учурда, ошол жерде, сьёмкадан кийинки танапис мезгилдеринде баарына эле айта бербечү эпостогу "Манас менен Каныкейдин кошулганы" аттуу окуяны М.Убукеевге манасчы толук айтып берген. Кинорежиссёр ал окуяны өзүнүн жеке архиви үчүн кинотасмага түшүрүп, кийин сактап койгон. Ал эми манасчы Ш.Азизовдун кинорежиссёрго кинотасма тартыла турган жерди көргөзүп бергендиги жана ал кинотасмага манасчы өзү катышып, чечилип "Манас" айтып бергендиги анын Жыргалаң өрөөнүнө болгон өзгөчө мамилесин түшүндүрөт.
Жогоруда айтылган Жыргалаң өрөөнүндөгү мазардын негизинде берилген фактылар, манасчы менен мазардын ортосунда кандайдыр бир мистикалык өз ара тыгыз байланыш бар экендигин даана айгинелеп турат. Ошондой эле, мазар манасчыга жана анын "чыгармачылыгына" кандайдыр бир зор дем, шык берип тургандыктан, анын "Манас" эпосунун айрым бир эпизоддорунда орун алгандыгы да мыйзам ченемдүү.
Мазар жана манасчы байланышы борборубуздагы "Айгине" маданий-изилдөө борборунун мазар таануу багытындагы кызыккан маселелеринин бири болуп саналат. Бул өңүттө алар бир нече ирет манасчылар менен маңдай-тескей отуруп маектешип, ким үчүн кайсы ыйык жердин кандай таасири болгондугун иликтешкен. Бул жагынан алганда кыргыз үчүн "Манас" кандай ыйык болсо, элдин ыйык жерлери дагы ошондой мааниге ээ. Демек, республикабыздагы чоң жана майда ыйык жерлерди дагы туура эмес мамилелерден калкалап, аларды коргоо, коруу жана зыяратка баруунун шарты-эрежелери боюнча атайын өкмөттүк мыйзам чыгаруу зарылдыгы бар.

Таланталы Бакчиев,
манасчы, филология илимдеринин кандидаты