Таш күзгү

Алайдагы айбат
Ак жеринен абакка 8 жыл кесилген генерал
Исмаил Исаковдун Алайдагы жактоочулары
10-февраль күнү бийликке алар күтпөгөн зор
айбат көрсөттү. Гүлчөдө чогулган эл райакимчиликти жарым саатка жарга такагандан кийин, бийлик миңге чукул алайлыктардын нааразычылык акциясын стадиондо өткөрүүгө уруксаат берүүгө мажбур болду.

Райондук деңгээлдеги нааразычылык акциясы биринчи жолу бир жерде өттү. Буга чейин ар бир айыл округунда өз-өзүнчө өтүп жүргөн. Ошого карабастан күчтүү өттү. Бийликтин булагы эл экендигин чогулгандар дагы бир жолу дадилдешти. Президентти да, депутаттарды да эл шайлаарын, бирок президент мыйзам бузууга барса, эл да мыйзам буза алаарын, бийлик элди кордой берсе, алдай берсе, эл андайга чыдай албай тургандыгын эскертишти. Нааразычылык акциясы Исмаил Исаковду эркиндикке чыгарууну талап кылууга байланыштуу өткөнү менен, чыгып сүйлөгөндөр Балыкчы, Петровкадагы сот иштери И.Исаковдун сот иши менен окшош экендигин, өлкөдөгү маанилүү стратегиялык объектилер текейден арзан сатылып жатышы, мамлекеттүүлүктүн пайдубалын бузуу экендигин айтышты.
Алайлыктар бийликке гана эмес, алар өздөрүнүн кулундары, министрлер Марат Султанов, Акматбек Келдибеков, депутаттар Нургазы Айдаров, Ажыбай Калмаматовго да нааразы болуп жатканын билдиришти. Болбосо И.Исаков менен Токтогул орто мектебинде окушкан эки министр тымызын өз туугандарын тынчытыштын ордуна, эл менен бийлик ортосунда көпүрө болуп, Президентке чыныгы жагдайды айтса болбойт беле дешет.


"Бизди эл шайлады"деген эки депутат да жердештери толкуп турган ушундай убакта элге келбесе, абалды Жогорку Кеңеште талкуулоого алып чыгып, жардам бере албаса, андай депутаттардын эмне кереги бар" деген ачуу пикирлер да айтылды. Ошол экөөнү мандатынан ажыратып, чакыртып алабыз дешет.("Бийликтин кол баласы болгон "Акжолдо" андай процедура жок экенин, бар болгон күндө да ал эч качан аткарылбасын карапайым айылдыктар кайдан билсин-ред.")
"Нааразылык акциясына катышкандар И. Исаковдун 20-25 чакты эле тууган туушкандары" деп жогору жакка жагынуу маалыматын берип жаткандар мамлекеттеги абалды ого бетер курчутуп жатышат,"- дейт И.Исаковду коргоо комитетинин төрагасы Айтбай Жээналиев.
Соңунда, нааразылык акциясына катышкандар И.Исаковдун толук акталышын, Балыкчы, Петровка окуялары боюнча да саясий куугунтук токтотулуп, абактагылар бошотулушун, стратегиялык маанилүү мамлекеттик мекеме, ишканалардын сатылуусу токтотулушун, элге зомбулук көрсөтүп жаткан жетекчилер иштен алынуусун талап кылышкан кайрылуу кабыл алышты.

Калмат Молдокулов,
Алай району