Кансормой

Паспортуң барбы, баран? же малга паспорт берүү менен бийлик элет чөнтөгүн кагууга кириштиби?
Гезитибиздин өткөн сандарында, өлкөнүн 1-вице-премьери Акылбек Жапаровдун "гениалдуу" идеясы жөнүндө сөз козгоп, ар бир койго паспорт берүү сунушун сынга алган болчубуз. Айтаарыбыз, Акылбек мырза мындай пикирин жөнөкөй жерде эмес, мамлекеттин эң маанилүү маселелери талкууланчу Жогорку Кеңештин трибунасынан жар салганы, ушундай пикирлерди жаратууга түрткү берген. Мындай кеп вице-премьердин оозунан чыгаары менен жергиликтүү ММКлар талдоого салып, чет элдик интернет булактары да үн катканга жетишти. Албетте, бул маселеге алардын баары шылдың, келеке өңүтүндөгү көз караштарын билдиришти. Мындайга кыргыз коомчулугу эле терикти го десек, мамлекеттин саясатын чагылдырган КТРдин да бети кызарыптыр. "Жумакайрык" көрсөтүүсүнөн мындай билдирүү уят иш болгондугун жар салып, чет элдерге уят болдук сыңарында А.Жапаровдун атына сын айтканга жарашты. Ал эми мал чарбачылыгы менен алектенген элет тургундары, өз жарандарын паспорт менен камсыздай албай жаткан өлкө мындай ишти баштап жибергенине ишенээр, ишенбесин билбей дендароо тартып, туруп калышты. Дегенибиз, Акылбек мырзанын идеясы иш жүзүнө ашып, тиешелүү мыйзам күчүнө кирип калса, борбордогу ак жакачандардын эмес, мал кармаган карапайым айылдыктардын эле шору шорпого айланаары айтпаса да түшүнүктүү болуп калды. Муну илгиртпей сезген эл, кызарган жерди кыя жегенге маш болгон бийликтин көзү дагы бир жерге сайылганын туюшту өңдөнөт.

А.Жапаровдун оозунан чыккан сөз, кымбатчылык капшабында турган калктын көңүлүн алагды кылуу үчүн жасалып жаткан бийликтин кезектеги оюну дегендер да болду. Себеби, кыргыз жетекчилери мындай саясатты буга чейин да бир топ ирет жасаган. Бир кезде Ф.Кулов Токтогул суу сактагычына көпүрө салуу, Бишкекке метро куруу идеялары менен элди таң калтырганы да унутула элек. Бирок, А.Жапаров жөн жерден сүйлөбөгөнүнө жакында күбө болдук. Массалык маалымдоо каражаттарынан тийиштүү маселеге терс маалыматтар жарык көрөөрү менен Айыл-чарба министри И.Айдаралиев айрым журналисттер менен тегерек үстөлдө жолугушуу өткөрдү. Министрдин аталган маалыматка ыкчам чара көргөндүгүнө бир чети ыраазы болдук. Анткени, гезит беттеринен миң ирет какшасаң да кулак түрбөгөн кашаң заманда, министрдин өзү журналисттер менен бетме-бет жолугушууга барганы өзгөчө маанай жараткандай болду. Маңдай-тескей отуруп, койлорго паспорт берүү маселесин министр И.Айдаралиев кесиптештери менен биргеликте далилдүү негиздерге таянуу аркылуу учурдун талабы экендигин айтып отурду. Биз малды паспорттоштуруу менен айыл-чарбасын эларалык стандарттарга шайкеш келтирип, өлкөдө өндүрүлгөн эт продукцияларын экспорттоо укугуна ээ боло алат экенбиз. Ошону менен бирге эле, тамак-аш коопсуздугун алдын алуу менен калктын ден соолугун камсыздай алаарыбыз, малдын ылаң ооруларын алдын алып, мал уурулугун кыскартууга шарт түзүлөөрү, учурда катталган шарп, бруцеллез, сибирь кулгунасы сыяктуу мал дарттарынын адамга жугушун алдын алууга да ыңгайлуу шарттар түзүлөөрү сыяктуу маселенин пайдалуу жактары айтылды. Мунун биринчи баскычы биркалоодон башталып, малдын ар бир башынан "страховой компания" сыяктуу акчалай салык жыйнала баштайт. Ушул жерден, маселен бир уйга жылына канча сом акча алынышы мүмкүн деген сурообузга, 100 сом болушу ыктымал деген жообун уктук. Мунун жакшы жагы, эгер бирөөнүн малы ылаңдап калган болсо, аны жоготуп, ордун мамлекет тургузуп берүүгө кепилдик алат экен. Мындай малды паспорттоштуруу ыкмасы өнүккөн Европа өлкөлөрүндө колдонулуп, учурда Казакстан жана Россияда дагы колдоого алынганы туруптур. Кыргыз адистери да "эгер биз да чукул чараларды көрбөсөк, өнүгүүдөн арта калабыз да, малдын этин экспорттой албай калабыз" дешет. Ушул сындуу жүйөөлүү жактары бар мыйзам долбоору биздин айыл-чарба адистери тарабынан даярдалып, мамлекет тарабынан иш жүзүнө ашканы турат. Бул медалдын бир тарабы, экинчи бети да бар.
Коррупцияга кокосунан батып, мыйзам айрым чөйрөгө гана иштеген авторитардык өлкөдө жашап туруп, демократиялык нукта дүркүрөп өнүккөн өлкөлөрдүн жолуна түшөбүз дегенибиз, "казды туурап, карганын буту сыныптыр" дегенге окшогондой тариз калтырат. Алар тандаган демократиялык жолдон танып, анан алар жасап жаткан иштерди кайсы арыбызга идеал тутабыз дейсиң. Аларга тең тайлашабыз, дүйнөлүк стандарттарга ылайык жашайбыз деген өлкө, оболу башкаруу системасынан баштоосу абзел эмеспи. Ансыз бизде эч нерсе өзгөрбөшүн акылсыз кемчонтойлор деле түшүнүп бүтпөдүбү. Дегеним, бизде башталган иштин баары аягына чыкпай, карапайым калктын гана түйшүгүн оорлотуп келет. Ошол сыңары, А.Жапаровдун демилгеси менен малды паспорттоштуруу дагы мурдагылардын бири болооруна күмөн санабай деле койсок болот. Мындайга мисал келтирсек оголе көп. Бирөөнү айтсак, Чүй боорундагы кант кызылчасын өндүрүүнү бийлик көзүрлөрү бирине-бири сала-сал кылып отуруп, талкалап тынышты. Ошол көйгөй мал чарбачылыгына да колдонулганы калдыбы деп, аргасыздан жакаңды карманат экенсиң.
Элде эмне болсо, ошону жулуп көнгөн бийлик, жакындан бери мал-чарбасы менен алектенген фермерлердин "таман эт, маңдай терине" көз кызартканга өтүштү. Малдын оор түйшүгүнө чыдап, ысыгына күйүп, суугуна тоңгонуна кайыл болуп, эптеп кураган элет тургундарынын байлыгы, (санай келсең, бир айылда болгону үч, төрт фермер болушу мүмкүн) борбордо отурган бийлик жетекчилеринин назарына түшүп, кандай жол менен болсо да калк иригин капчыкка салуу айласына өтө баштаганы байкала баштады. Былтыр жайлоолорго патент берүү мыйзамы ишке кирсе, жыл айланбай ар бир малды паспорттоштуруу талабы коюлганы туру. Эгер бийлик ушул нукта бара берсе, мал чарбачылыгына да чекит коёруна шек жок болуп калды. Себеби, паспорттоштуруу ишке кирсе, базарларда "биркасы" жок малды сатууга тыюу салынат. Анан шылтоо таппай турган кызыл шапкечендерге кудай берип, мындай учурда мал базарлардын оозун баса жыгылды дей бериңиз. Мыйзам дегенди уруп ойнобогон биздей өлкөдө, мындай шарттын жаралышы коррупцияга гана жол ачаарын эч кайда жашыра албайбыз. Муну бийлик жаап-жашырган болгону менен, чыныгы турмуштун жүзүн көргөн карапайым эл жакшы түшүнөт. Ошондуктан, кеч боло элегинде ойлонсокчу дегим келет.

Памир Манас