Карандай сатира

Галстук
- Ой, бу галстук дегениң кудурети күч неме турбайбы, ыя. Жөнле моюнга илип алчу чүпүрөк деп жүрсө. - Ии, мине болду? - Кечээ кошунам бир окуя айтып берди, тимле укмуш! Алдагы бозодон куйсаң, битиребей. Эмне, бекер кызык айта беремби, акысына жокле дегенде бозоңон оңураак куйсаң, чөйчөктөй болгон сынык чыныга тамчылатпай. Деги жарыбайсың го, каапыр, куйсаң эй, тиги чоң кесеге, Габсектей болгон неңди десе. - Капсегиң ким, ыя? Капсегиң менен сөкпө, эй, бозодон айлангыр селсаяк! - И-хи-хи, аха-ха-хы-хы, кокуй, кокуй, шу сен деги мектепте окугансыңбы, оңбогон алыпсатар успукулянт? Окусаң, Прансыянын Эмил Заля деген жазуучусу болгон, шонун Габсек деген башкаарманы бар, такле сага окшоп чычканга кебек алдырбаган битир сүткор. Ташто билпал, соодадан башы чыкпаган, дөңгөчүм. - Өмөй, мобу тентиген томаяк мине дейт, ыя? Күндө мага келип куурма чай, бозо, самса, дагы-дагы биртоп ашты итбекер ашап, ичип-жеп алып, эми тимле жазуучу болуп калганын кантейин. Капсек деп коет, дагы. Урдум сенин Капсегиңди! - Эй болду эми, чаркырабай. Билсең, сенин жанагы санап өткөн ашаткыларыңдын акысына сендей успукулянтты агартып-көгөртүп айпаймбы, маданиятка, саясатка арлаштырып, айбаным… Ай, шу сага корогон кайран сөз…
- Боптур эми, тиги галстуктун окуясын таржымалдап берейин. Өшөнтүп, тиги кошунам айтыбатпайбы, өгүнү бир бажамды жентек тойго чакырдым деп. - Ии, анан? - Ошо бажасы ортозаар бир жазмакеркен, магакшогон. Эзели чыгармасын аягына чыгарбаган бир кургур дешет. Ар кайсы жерге алпарса, эч ким албайт. Кебете-кешпири да жүдөөк немекен. Бирак, жакшы жери, ичпейт дешет. Дос-курбулары шарактап, гүрү-гүү түшө тойлоп атса да, оозуна ичкилик аттудан ныпым албайткен, эй, тоб-а-а! Ананле бир күнү шол күйпүл күчүктөй болгон неме кастүм-шым кийип, ак көйнөккө киши тагынбаган галстук тагыныпле-э-э какайып калыптыр, эй. - Ой-бай, оногуң соомескен анда, аткаминер бопкалганго, ыя? - Атасынын башына аткаминериби, аттуу-баштуу бир акүйчүнүн байгампар жашка чыккандагы тоюна кайындары аркылуу чакырылып, ага арноо сөз жазып, жагып калыптыр дешет. - Аа, байле шөнтүп айтпайсыңбы, маалкатпайле, оңбогон куу тумшук. Эптепле убакыт чоюп, тамагыма тоюп алайын дейсиң ээ, жугундукор, билем сенин амалыңды. - Эй, баса турчу жаагыңды, көржемечи жезгемпирдей болгон неңди, сенин! Кызыгы андан ары болот. …Шону менен тиги жазмакериң таптакыр өзгөрүптүр да калыптыр. Басса-турса, кайда барса мойнунан галстугу түшпөй калыптыр, дейт. - Койчу, эй, үйдө да тагыныплат бекен? - Ооба, такле шөнтөткен дейт, тиги кошунам. - Жаныңды жебечи, эй, жугундукор! Кимле өз үйүндө аялынан жанында галстукчан жүрсүн, кудайды карап калп айтсаң боло?
- Ой, чынле, кошунам эзели калп айтапаган неме, шонун айтканынле сага жеткирип атпаймбы, эй акмак. Анчалыкле калп айтып, неге жаныма күч келиптир, нахыйдыкы! Деги алдыгы ашкабагыңды качан иштетесиң, дөңгөчүм? - Мени мазактай бербесең, эй жугундукорум. Сен деле туулгандале Лелин, Маркс, Айтматып болуп түшө калдың беле? - Айтматыптан айлан, Маркстын маңкасына да татыбайсың, эй, былайт. Лелин деп коет, суволуш, контур десе! Сендей кызылкулак контурларды илгери ынкывыды эмне кылчуле, билесиңби, ыя? - Өмө-өй, муногу куураган жугундукор мине дейт, эй? Мен сага котур болуп калыпмынбы, ыя! Кет жогол, көзүмө көрүнбөй, өлөлегиңде, куурма чайымдын кусуру урсун сени! Менден жеген самсылар оозуңа таш болуп тыгылып калсың! Жогол, батыраак, бобосо мобу чоңатамдан калган таш мылтык менен башыңды теше атамын! - Ээ, кокуйсуң да, кокуйсуң, эй ташта дейм, алдагы кундагы чириген таш мылтыгыңды! Ай, кармагыла муну, коку-уй, чынле атып салмай болду! Эй, келесоо, мен сага котур мес, контур дебатам го. Булар эки башка нерсе, успукулянт байкушум, деги тарыхты билесиңби, шу сен? Контур деген саясый түшүнүк.
- Шөнтүп дарооле айтпайсыңды, каражаак селсаяк десе, канды ичпейле. - Ой, сенин мындай тарыхтан нөлкениңди кайдан билдим? - Эй, тиги галстуктун тарыхын батыраак бүтүрчү, тимле жинди болуп кеткентам, чыдайылбай. - Суусасаң, көкчайыңдан шоркуратып ууртап ал да, чебелектебей ук. Шөнтүп, кошунамдын бажасы алиги тойдон кийинле галстугу мойнунан түшпөй калыптыр. Короого чыкса деле, Дордойго барса деле тагынып алаткен. Неге минтесиң дешсе, "мен деген интилигентмин, жазуучумун, Акүйдөгүлөрдүн баасына татыган кишимин" депле чиренип ыңгырана сүйлөп калыптыр дейт. - Акүйгө бир кирип-чыксале галстук тагынып жүрүш керек бекен, ыя? Деги шуну жакшырак чечмелеп берчи байболгур, мендей карапайым успуклянтка. Мэ, мынабу самсынын пиязына караганда эти көбүрөөк. Беркилери кадимки алармандарга бышырылган. Сага атайын эти көбүрөөгүн берибатам… - Ийе, Капсегим, чычканга да оңой менен кебек алдырайбсың, ээ, каапыр. Башыңа иш түшкөндө гана эти барынан бересиң. Макул, эти бар самсың үчүн аңгемемдин аягына чыгып берейин. Эй, оңбогур, деги адал этпи мунуң, же ит-карганыкыбы? - Адалле, адал, калпа айтсамле моногу ичибаткан көк чайым көкташ болуп оозума тыгылып калсын!
- Боптур анда. Шөнтүп, тиги кошунамдын бажасы галстукка шунчалык арбалып, тимле тумар кылып алыптыр да. Бир күнү кечинде жатаарда ичкөйнөгүнүн жаксына тагынып албайбы. - Ой тоба-а-а, чынлеби? - Угуп турсаң эй, тобоңду коетуруп. Анан катынына жакындайын деселе, ал байкуш жыйрылып, ичиркенипле, оолактайтле оолактайт дейт. Тиги галстукчан жаткан эри андан сурайт: - "Эй катын, неге менден качасың, ыя, же бир балээң барбы? Ала жипти аттагансың го ээ, шуркуя! Эй сойку, нике кыйганда "туттум эле туттум" деп үч ирет молдонун көзүнчө ант бергениңди, анан чыныдагы туздуу сууну калтырбай шыпкап ичкениңди унуттуңбу, ыя жалап! Сени азырле жайлайм, антургур сойку! Эч ким мени соттой албайт! Билсең, сени шол нике аркылуу меничктештирип алгам, өз менчигине өзүм кожоюнумун, шуркуя!". - Астапырылла! Анан мине, жайлап салыптырбы, катынын? - Кайдан жайламакле, эй дөңгөч, ойлобойсуңбу, алдагы успуклянт мээңди иштетип. Байкуш катыны калтырап-титиреп минтип айтыбатпайбы: "Баатырым, андайды эч оюңа алба, мен аппакмын, сенин алдыңда. Бирак… алдагы галстугуң мени чочутубатат, жок дегенде төшөктө чечип койчу, бай болгур". - Неге чочутаткен?. - Сенмесле таптакыр чоочун бир интилигент мага кол салыбаткандай сезем, арстаным. Чечсең эми, мен үчүн, галстугуңду. Баса, мойнуңан түшүрбөй атып аның майлыктай болуп, кирдеп да кетиптир, жууп берейин". - Жок, чечпейм, кокус тиги акүйчүнүн түшүнө галстугу жок кирип калсам, өлдүм да! Интилигент атым өчөт да, көкмээ катын! Шуну билбейсиңби? Галстук тагынган үчүн гана эл көзүнө көрүнүп, таанылып жүрөм, а бобосо, кирбийген бир жандыкмын, билсең. Кой эми, чочубайле койчу…
Садырбек Чериков