Таш күзгү

Бириккен Элдик Кыймылдын Билдирүүсү
sАзыркы бийлик улуттук байлыктарды уурдап-тоноодо кезектеги ойго келгис кадамын жасады. "Түндүкэлектро" ачык акционердик коому ишканасы эч кимге белгисиз чет өлкөлөрдүн бириндеги оффшордук аймакта катталган "Чакан ГЭС" акционердик коомуна текейден арзан сатылды. 2009-жылдагы акча жүгүртүмү 2.5 млрд. сомду, ал эми азыркы жаңы тарифтер менен алганда 2010-жылкы акча жүгүртүмү 5 млрд. сомдон аша турган ишкана 3 млн. долларга, же болбосо 132 млн гана сомго сатылып кетти.
Мындан бир гана жыл мурда ошол кездеги Премьер-министр И.Чудинов бул ишкананы көзкарандысыз эксперттер 137 млн. долларга баалашканын айтып чыккан эле. Кыргызстан эли үчүн ачыктан ачык эле зыяндуу иш болгону, ишкананы азыр сатып жиберүүнүн максаты андан ары дагы башка бирөөлөргө сатып жиберүү экендиги айкын эле болуп турат. Менчиктештирүү деген шылтоо менен кирешелүү иштеп жаткан ишкананы уурдап кетишти, ошону менен Бишкек шаарынын, Чүй жана Талас облустарынын тургундарынын, жалпы эле кыргыз элинин кызыкчылыгы тепселди, өлкөгө ири өлчөмдөгү зыян келтирилди.
Бириккен Элдик Кыймыл "Түндүкэлектро" ачык акционердик коому ишканасынын сатылышын мыйзамсыз деп эсептейт. Ошону менен бирге мындан ары канча убакыт өткөнүнө, дагы канча колдон колго өтүп сатылганына карабастан, бул ишкананы сатуу чечимин жокко чыгарууну талап кылууга элдин толук укугу бар экендигин билдиребиз. Азыр сатып алгандар да, мындан кийинки сатып ала тургандар да ушуну так билиши керек, бул ишкана жалпы улуттук менчик катары кайра кайтарып алынат, кийинки кожоюндук кылгандарга каражат кайтарылып берилбейт. Өлкөнүн жарандарынын басымдуу көпчүлүгүнүн пикири ушундай.
Бириккен Элдик Кыймыл энергетика жана суу ресурстары, кен-байлыктар жана тоо-кен иштетүүчү ишканалар жалпы элдин энчисинде болуп, ар бир үй-бүлөөнүн бакубат жашашына кызмат кылууга тийиш деп эсептейт. Азыркы бийликтеги Бакиевдердин үй-бүлөөлүк кланына өлкөнү ыдыратып четинен сатууга, элди жакырлантуу менен кыргынга учуратууга эч ким укук берген эмес.

Бишкек,
2010-жылдын 5-февралы
БЭКтин Саясий Бюросу