Согуш тактары

"Кыргызсыңба?" деди. "так өзү гой" дедим мен
Бир кезде бүт дүйнөгө каран түн түшүрүп, миллиондогон өмүрлөрдү кыйган Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу улуу муундун айтканы биз үчүн өзгөчө тарых экени талашсыз. Андагы каардуу замандын апаат күндөрүн бүгүнкү коомчулукка так жана даана чагылдырып берүү максатында кан күйгөн алааматтын катышуучусу, тагдыры татаал, бирок кызыктуу күндөрдү башынан өткөрүп, айтылуу казактан чыккан саясий ишмер Мустафа Чокаев, белгилүү окумуштуу, тарыхчы Азамат Алтай менен сапарлаш болуп Туркестан легионунда аргасыз кызмат кылып,калкына аман- эсен кайтып келген Талас районунун Арал айылынын жашоочусу 92 жаштагы Кожоке Мамбеталиев аксакал менен баарлашып кайттым.

Канчалаган мүшкүлдү башынан өткөрүп, жашы кылымга таяп калган Кожоке аксакал курагына карабай өзүн эркин алып, жаш жигиттей тамаша чалып, бир эсе бизди таң калтыра оозунан шекер сөзүн агытып көзүн жүмүп алып башынан өткөн кайталангыс тарыхын айтып баштады:
- СССР менен Финляндиянын ортосунда согуш жүрүп жатканда 1939-жылы армияга алындым. Биз жаңы эле согушка кирейин деп турганда согуш басылып калды. Ал ортодо 2 жыл аскердик училищеге окуп, ал жерден офицер болдум. Анан эле балээ басып 41-жылы согуш чыкпадыбы. Ал кезде совет мамлекети өтө эле алсыз экен, башталбай жатып эле курчоодо калып, туткунга түшүп калдык. Ошону менен 44-жылдын күзүнө чейин 3 жыл бою немистердин колунда туруп калдым. Алгач барганда адам чыдагыс кордуктарга туш болдук. Ошондогу 20 миңдин тегерегиндеги туткундарга немистердин тамагы түтө турган эмес. Эртеден кечке камакта жатабыз, анан күндө бир маал бизди мал жайгансып көк чөпкө кое берет. Айрыкча кавказдык жигиттер чырмоок, чалкан сыяктуу ачкыл чөптөрдү жакшы көрөт экен. Көпчүлүгү ошондон ичтери тырышып бүктүшүп эле өлүп калып жатышты. Баары тең эр жүрөк мыкты жигиттер эле аттиң. Өлгөндөрдүн сөөктөрүн болсо машинага жүктөп алып кетип жатышты. Каякка алып кеткендери белгисиз. Мен болсо каакым-кукумдан күндө бир тутамдан терип жейм. Себеби ал сүттүү болот экен. Ошону менен өзөк жалгап бир жума жашадык. Андан кийин гана тамак бере башташты. Бир күндө бир маал картөшкөсү жуулбаган, топурагы аралашкан кара тору атала сыяктуу шорподон бир чыныдан, 200 грамм нан берилет. Шорпону дагы идиш жеткендер ичет, жетпегендер калат.
Анан тирүү калгандарды ар жакка малайлыкка бөлүштүрө баштаганда Чыгыш Германияда Барцлейн деген чоң станция бар болучу. Жанында чакан кыштак бар эле. Ошол жерде бир түрк кемпирдин колунда иштеп калдым. Алты айча малай болгондон кийин бир күнү шаардан баласы менен чогуу иштеген татар жигит келип мени Берлинге алып кетти. Ошол жерден айтылуу коомдук-саясий ишмер Мустафа Чокаев менен тааныштым. Анткени немистердин колуна түшкөн мусулман туткундардын баары ошол кишиге жөнөтүлчү экен. Ал киши менин саламымды алик алып эле казакчасынан: "Кыргызсыңба?" деди. "Так өзү гой" дедим мен дагы тамаша аралаш. А жарайсың бауырым, адам бол! деди. Анан бизди немистин офицердик окуусуна жиберди. 3 ай ал жерде окуп, кенже лейтенант деген наам берип, Кызыл короздой кылып кийинтип чыгарды. Андан кийин мага кызматтык машине, жансакчы беришип, туткундарды кабыл алып, бөлүштүрүүчү кызматка орноштурушту. Экспедитор сыяктуу иштеп калдым. Ал жерде Азамат Алтай дагы "Азаттык" радиосу менен катар эле "Биз Алла менен!" деген журнал чыгарчу. Ал кишиге дагы жардамдашып, иштерибиз тууралуу маалымат берип турдум 2 жыл бою. Анан баарынан дагы кызыгы ошол жерден башталбадыбы. Бир күнү туткундарды солдаттардын коштоосунда лагерге алып баратсам арасында биздин райондон мен тааныган Акимбай, Орозобай, Кыялбек деген жигиттер жүрөт. Алгач алар мени таанышкан жок. Себеби кара көз айнегим бар болчу. Өзүм болсо орусча сүйлөйм. Анан Орозобайды арабакеч, Акимбайды курал-жарак сакталган складга кароолчу кылып койдум да Кыялбекти болсо өзүмө жардамчы кылып алдым. Дагы күндөрдүн биринде туткундарды кабыл алып жатсам арасынан "Кожоке" деп эле бирөө бышактап ыйлап атат. Көрсө менин айылдашым Төлө деген жигит экен. Көрө калып эле "жаагын сын!" деп кыйкырыпмын. Мен немистерден чоочудум, жердеш экенибизди билип коебу деп. Немис солдат сурайт "эмне деп жатат" деп. "Билбейм, акылынан айныган неме көрүнөт" деп койдум сыр билгизбей. Кийинчерээк аны эптеп алып чыгып колбаса чыгарчу цехке орноштурдум. Андан тышкары өзүмдүн шоопурум дагы Жумабай деген көлдүк жигит болучу. Аны башында эле Мустафа мага дайындаган. Айрымдарына жардам бере алган жокмун, алар оор жумуштарда иштеп жатканда көзөмөл жүргүзүп бир эки муштаган болуп барып акырын чөнтөктөрүнө нан салып койчумун.
1944-жылы ошол жерде иштеген кыргыз, казак балдар чогулуп качып чыгууну чечтик да Чыгыш Фронтко барып келебиз деген шылтоо менен уруксат алып Латвиянын токоюн аралап баратып жолдон советтик солдаттарга жолугуп калып, командири кайра бизди Берлинге алып жөнөдү. 45-жылы 2-майда согуш бүттү. 9-майда официалдуу түрдө Рейхстагга желек илинди. Андан кийин дагы бир жыл кызмат кылып, анан Таласка келдим.
- Айылдаштарыңыздын айтуусунда кийин Совет өкмөтү билип калып, Сизди 25 жылга кесиптир. НКВДга кандайча маалымат жетип калды?
- Мобу Ала-Букадан бир Калдарбек деген менин котормочум болуп иштеген жигит бар болучу. Мени менен 3 жылча иштеген. Менин чыныгы атымды билчү эмес, бирок таластык экенимди билчү. Анан менин бир акмакчылыгым ушу болду, жашырын сак болуп дайыма кара көз айнек тагынып жүрүп бир жолу Францияга барганда Калдарбек менен унтер офицердин формасы кийип, көз айнегимди чечип сүрөткө түшкөм. Тиги жубарымбек ал сүрөттү биякка ала келиптир. "Мобу жигит менин начальнигим эле, таластык болучу. Өлдү бекен бечара же тирүү бекен, аябай жакшы жигит эле" деп бир күнү келинчегине жанагы сүрөттү көрсөтүп сыр кылып айтат экен. Анан бир күнү аялы бирөө менен мамиле түзүп жүргөнүн байкаган Калдарбек аялынын узун чачын бычак менен кесип туруп сабап салат. Ачууланган аялы сүрөттү алып НКВДга барат да, "Бул таластык жигит экен, жанындагысы менин күйөөм" деп жыландын башын көрсөтөт. Ал убакта НКВД катуу иштечү. Анын үстүнө 41-жылдан 44-жылга чейин Калдарбек экөөбүз бирге жүрдүк да, ошол убакта бизден кат келбей калган болучу. Аны тиги шүмшүктөр билет. Ошондогу Буденный районунун НКВДсынын начальниги биздин айылдагы Солтон деген башкарманы жиберет билип кел деп. Анан тиги Солтон келип алып эле карта ойнойбуз деп жабышат да турат. Оюндун ортосунда тамаша чыгарып күрөшө кетет. Көрсө ошондо менин сүрөтүмдү тартып алышып НКВДга жөнөтчү экен. Анан тигилер салыштырып тааныгандан кийин мени камакка алышты. Анан Калдарбек менен беттештиришкенде тиги бечара ыйламсырайт "аке, убалыңызга калдым, кечириңиз" деп. "Сен атаңдын оозун урайын акмак, чык эшикке!" деп кыйкырдым. Ошону менен бизди 25 жыл күчөтүлгөн режим, 5 жыл колония поселение, 10 жыл сүргүнгө, айтор баш аягы 40-жылга кести.
- Ошол эле айылдаштарыңыздын айтымында сиздерге берген оор жаза кайра жеңилдетилиптир. Кандайча ишке ашты?
1953-жылы Сталин өлдү, Берия атылды, Маленков келди. Анан Жогорку Советтин жыйынында президиумдун председатели Ворошилов, бийликке келген Маленков туткундардын маселесин көтөрүшүп, "туткунсуз согуш болбойт, бардык туткундардын иштерин кайра карап, актачусун актайлы" деген чечимге келишет. Анан баягы мен куткарган жигиттер күбөгө өтүшүп, бизди актап чыгарышты да камалган убактыбызга жараша компенсация төлөп беришти.
- Сизди Мустафа Чокаев менен чогуу Германиянын жетекчилигине кирип чыккан деп уктук эле?
- Ооба бир ирет Мустафа мени Геббельс менен сүйлөшкөндө ээрчитип барган. Себеби ошол жерде жүргөн жигиттерден көбүрөөк ишеним арткандардын бири мен болчумун. Өзүмдүн да боюм узун, форма жакшы жарашчу. Көп жерде менин жумушумду башкага жүктөп коюп өзү менен чогуу жансакчыдай кылып ээрчитип жүрчү.
- Жогоруда сиз Азамат Алтай менен иштешип калдым дебедиңизби. Ал киши менен кенен сырдаша алдыңызбы?
- Жок, сырдаша алган жокмун. Ал Туркестан легионунун штабында иштечү. Мен болсо экспедитор болуп көбүнчө сыртта жүрүп калдым. Айына, жумасына бир жолу барып маалымат берип турчумун. Ал убакта кырдаал башкача эле, ар бир кыймылыбыз контролдо болучу, ошондуктан кенен отуруп сүйлөшө алганым жок. Бирок мамилебиз жакшы эле болду.
- Сизди ал жакта колдонулган ысымыңыз ким эле?
- Ысымым Кожомамбет Алмамбет болучу, немистер мени Мамбет деп коюшчу. Алардын тили ошо Мамбетке эле келет экен. Азамат Алтайдын өзүнүн ысымы Кудайберген Кожомбердиев болчу, анан кийин ал дагы которуп алган. Себеби мурунку атына немистердин тили келчү эмес.
- Кийин сиз кайра акталып келгенден кийин айылдаштарыңыз кандай кабыл алышты?
- Жакшы кабыл алышты, эми адам болгондон кийин душман деген болот экен, көрө албаган кээ бир тентуштарым "Сен немиске баргансың, фашистсиң" деп тамаша-чынын аралаштыра чымчып алышчу.
Эмнеси болсо да Аллага ыраазымын, 92ге чыктым. Сүргүндөн келгенден кийин салык инспекциясында, метерологиялык станцияда, анан колхоздо иштедим, чөп чаптым, ат бактым. Учурда 6 балам, 11 неберем баары үйлөнүп жайланган, байбичем кашымда. Эң негизгиси башка адамдардан өзгөчөлөнгөн кызыктуу тагдырды башымдан кечиргеним бул менин бактым эмей эмине, балдар.
- Калкыңызга айтаар тилегиңиз?
- Кудай элибизге ыйман, жерибизге тынчтык берсин. Биз көргөн жамандыкты көрбөгүлө. Падыша нысаптуу болсун, мамлекетибиз гүлдөсүн, элибиздин бүркөлгөн кабагын күлкү чалсын.
Оомийин!!!


Маектешкен
Адилет Айтикеев