Айылдык акындан ыр чачыла

Асанкул
БУУДАЙЧИЕВ
"Малик болсо мазгини чагып эле,
Мааниси жок басат го ары-бери..."
Редакциядан: Окурмандардан келген каттарды окуп, өзгөчө элет жеринен келген кабарлардан айылдын тазалыгын, баёолугун көрүп, бир аз болсо да адам сергий түшөт экен. Азыркы башаламан саясатың да айыл элинин жан дүйнөсүндөй таза болсо кана, ов!
Андыктан, убактыңардын тардыгына карабай редакция менен байланышкан элеттеги окурмандарыбызга кааларыбыз ылайым бар болгула дегибиз келет. Алтын адамдар айылда жашайт деп миң ирет кайталагыбыз да келет...

Дөңдө

Чоң адамдар Чогуунун дөңүндөгү,
Чогуу өтчүдөй чогулуп өмүрлөрү.
Чоо жайынан турмуштун кеп салышса,
Чоктой ысып чыгат дейт көңүлдөрү.

Кош көз менен туш-тушту карап улам,
Жок өңдөнүп дегеле дурус кеби.
Үйдөн чыгып кошулуп калат экен,
Үмөтаалы атамдын Турусбеги.

Чогуу атам кай бирде куудулданып,
Чолуп сүйлөп коёт да аны-муну.
Ушак сөзгө өзү эле кошулат дейт,
Уруу Осмондун упузун Зарылыгы.

Уй кезүүнүн башчысы Сагынбеги,
Уй жөнүндө айтылат анын кеби.
Калдалаңдап Куу баатыр келе жатса,
Карды эритип турат го анын деми.

Чогуу атамдын жанында Бапайы бар,
Чокчо, кыска, кичине сакалы бар.
Угам десең ушагын Миң-Булактын,
Убакыт таап ал дөңгө атайы бар.



Каршы-терши теректен коюп алган,
Кай бирлери ыктытып тоюп алган.
Келиндерден кем калбай ушак айткан,
Кереметтүү силердин оюнуңардан.

Чогуу атам, оо дүйнө сапар алды,
Чоочун болуп көзгө ошо дөңү калды.
Чогулушун өткөрчү чогулушун,
Чогуу атамдын дөңүндө адам барбы?

Жай чарба да Дөкү жай басып келет,
Жеңиш балбан жеңдим деп шашып келет.
Алясбектин камогун айланчыктап,
Көк көз Талант табылса атып келет.

Сөөгү жоктун сулп эттүү Жолдошбеги,
Жобураса жомоктой анын кеби.
Малик болсо мазгини чагып эле,
Мааниси жок басат го ары-бери.

Шылкыят ко Исанын Акылбеги,
Шайы келбей карызга чыккан жели.
Ыкшоо тартып ыктытып келе жатат,
Ырыскелди агайдын Асылбеги.

Таза иштеген Жеңиштин Субаны бар,
Турдаалынын кичүүсү Кумары бар.
Марат иним Москва, Парижди айтып,
Маңдайында кыйшайган тумагы бар.



Биздин көчө

Асанкулдун ак дүкөн баш жагында,
Казыбектин көк камок капталында.
Суусатпастан аракты сатат алар,
Суусап жаткан Миң-Булак жаштарына.

Ооган Жоки, иниси маңдайында,
Ооруп калса дем болуп балдарына.
Мистеш апа оокат деп күн кечирет,
Дамирабы? Ал соода тармагында.

Ойдо тоодо Быкышов түтөп турат,
Оромпой тээп, жаш балдар күчөп турат.
Кара Жоки эжем деп кетип калды,
Ошол күнү мас болуп Латипа,
Калган мээни Мыкты экөө эзип салды.

Каарданган Сайна апа момураган,
Жанболотов жай чарба сонун адам.
Акин байкем жолуксаң калп жалынып,
Тамекисин алып чыкпайт коюнунан.

А Молдобек кыякчан кыйын ырдайт,
Аман, Айнаш жайлата жаны тынбайт.
Күздүн күнү жүктөнүп картошкасын,
Үмүт жеңем аларга алымсынбайт.

Быйылкы кыш негедир боздоп турат,
Аяз, суугун айттырбай коштоп турат.
Күнү - түнү иштеген Уту камок,
Алтын эжем жогунан токтоп турат.

Оролкан да бир үйдү багып жатат,
Үй түбүндө муздак суу агып жатат.
Биздин балдар чоңоюуп аман болсо,
Келечекте Эл - Журтка жарык чачат.


Асанкул Буудайчиев, учурда Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак айылында жашайт. Элет мектебинде кыргыз тили жана адабиятынан сабак берет.




  Көчө собол

Койлорго да күбөлүк алууга сиздин оюңуз?
Бейшенбек,
Кочкор району:
- Койлорго паспорт алып, алардын да укугун коргойбуз дегенибиз кандай? Кыргыздар төрт түлүк мал менен оокат кылган калк. Учурда баарыбыз эле мал чарбачылыгы менен алектенип, ошонун туягын көбөйтсөк, балдардын бирин-экин кем карчын толуктасак деп жүрбөйбүзбү. Макул деп койлорго паспорт ала турган болсок, бизде көпчүлүк учурда коңшу казактар мал алып кетишет. Андай учурда койлорго "загранпаспорт" беребизби? Биринчи өз жарандарыбызды паспорт менен камсыз кылып анан, койлордун паспортун ойлосок болмок

Улук,
Нарын району:
- Азыркы бийликтегилер карапайым элдин эсебинен жашап жатышканы эч кимге жашыруун эмес. Баары кымбат. Элди шылдыңдагансып, койлорго паспорт алабыз,алардын укугун коргойбуз дегендери кандай? Жөн гана ортодон ошол паспорттон акча жасайбыз дешкен жокпу. Үйгө кызыл китеп, машинага техпаспорт алганыбыз туура. Анан койду жөн коюп, Кыргызстандын жарандарынын укугун коргоп, аларды жумуш менен камсыз кылып алсак жаман болбос.

Сабыркүл:
- Койлорго паспорт алабыз дегенибиз туура эмес. Өз жарандарыбыз паспорт менен камсыз боло албай жүрсө, койлорго анын кереги эмне?
Жеңишбек,
Бишкек шаары:
- Мен койлорго паспорт алыш керектигин эми угуп атам. Байлар ошончо коюнун паспортун кайда сактайт анда? Негизи туура эмес, паспортун жоготуп кайра жасата албай кыйынчылыктарга туш болуп жүргөн жарандарыбыз көп болуп атса, койлорго паспорт беребиз дегендери негизсиз деп ойлойм.
Алмаз:
- Менин чакан чарбам бар. Койлорго паспорт алыш керек дегени туура эмес. Анда козулар үчүн күбөлүк алышыбыз керек болобу же сатсак, сойсок эмне кылабыз?
Эмил:
- Малга паспорт алабыз дегенибиз туура эмес. Андан көрө бийлик өкүлдөрү мамлекетибиздин эконамикасын жакшыртуунун жолун ойлошсо дээр элем. Паспорт алыш үчүн анда эмне ар бир койго ала кой, аксак кой деген сыяктуу ат коюш керек болобу? Бул негизсиз сунуш, ансыз да калк каржалып турат.

Даярдаган
Кундуз Исмаилова

Редакциядан: "Назар" гезити мындан мурунку сандарында "Паспортуң барбы, баран?" аттуу материалда койлорго да күбөлүк алуу маселеси көтөрүлүп аткандыгы тууралуу жазган. Гезит басууга даяр болуп калганда Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан министр И. Айдаралиев бул маселенин чоо- жайын окурмандарга биринчи булактан кабарлаш үчүн кабарчыбызды кабыл алаарын сунушташты. Эмесе, министрдин маеги кийинки сандарда болсун.