ЭСТЕН КЕТПЕЙТ

Павлюктун киши колдуу болуп, каза болгонуна 40 күн болду
Учурда киши колдуу болуп көз жумган журналист Геннадий Павлюктун кырк күндүгүнө карата эскерүү иш-чаралары өтүүдө. Жергиликтүү жана эл аралык бир катар медиа уюмдар журналистти эскерүү боюнча бирдиктүү акцияны башташты.
Мындай иш-чараны баштаган "Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоевдин пикиринде "Бул биринчи ирээтте эскерүү жана журналисттерди биримдикке чакыруу иш-аракети",- дейт
Журналисттин өлтүрүлгөнүнө кырк күн болсо дагы кылмыш иштин бети ачыла элек. Тескерисинче, Павлюктун өлүмү коңшу эки өлкө ортосунда маалымат согушуна айлангандай түр берет.
Казакстандык менчик КТК (Казакстандын кабелдик телевидениеси) сыналгысы жаңы жыл алдында журналист Павлюктун өлүмүнө Кыргызстандын коопсуздук кызматынын тиешеси бар деп жарыялап жиберген. Кыргызстандын улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы болсо мындай маалыматты чындыкка коошпойт жана ойлоп табылган нерсе деп дароо четке каккан.
14-январда коңшу өлкөнүн "Время" гезити журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланышкан "Спецоперация" деген аталыштагы макалада журналисттин өлүмү боюнча кылмыш ишинин бети толугу менен ачылып, кимдердин колунан келгени аты-жөнү менен такталгандыгы, бирок ишти аягына чыгарууга казакстандык тартип коргоо органдарынын колу кыска болуп жатканы жазылган.
Ошол эле күнү 14-январда Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Венадагы баш кеңсесинде Казакстандын бул уюмдагы төрагалыгы башталган күнү расмий Астананын өкүлү Адил Ахметов Геннадий Павлюктун өлтүрүлүшүнө "бул саясий өлтүрүү деген баасын берген.
Ал эми, 26-январда Кыргызстандын ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Жогорку Кеңештин жыйынында Геннадий Павлюктун өлүмү боюнча казакстандык атайын топ Бишкекке келип, иликтөө иштерин жүргүзүп кеткенин айткан. Ал ошондой эле буга чейин айтылып келгендей бул кылмыш ишке Кыргызстандын атайын кызматынын өкүлдөрүнүн тиешеси бар деген маалымат негизделбегенин билдирген
Мына ушундай эки тараптын алым-сабак билдирүүлөрүнөн кийин коомчулукта "Павлюктун өлүмүнө Кыргызстандын атайын кызматынын катыштыгы бар" деген сөздү маалымат каражаттары аркылуу жайылтып, казак тарап расмий Бишкек менен соодалашууга өткөн өңдүү деген жоромол күчөгөн. Айрым серепчилер Ысык-Көлдөгү төрт эс алуу жайынын Казакстанга узак мөөнөткө ижара берилгени бул жоромолду тастыктады деп да айтып чыгышты.
Ошол эле учурда журналист Павлюк өлтүрүлгөндөн бери АКШ Конгресси, ЕККУ, Европа Биримдиги, "Хьюман Райтс Уотч", "Фридом Хаус", "Чек арасыз кабарчылар" сыяктуу бир катар эл аралык өкүлчүлүктөр журналисттин өлүмү анын кесибине байланыштуу экенин белгилеп, кылмыш иштин бетин ачууга Казакстан менен Кыргызстанды бирдей чакырып келет.
Окурмандарга Ибрагим Рустамбек деген ат менен белгилүү болгон көз карандысыз журналист Геннадий Павлюк 16-декабрда Алматыда Фурманов көчөсүндөгү үйдүн 6-кабатынан колу-буту байланып ыргытылып, эс учун жоготуп жаткан жеринен табылып, ооруканага жеткирилген. Алты күндөн кийин, - 22-декабрда эс-учуна келбей көз жумган. Артында уулу жана жубайы калды.

Гүлайым Ашакеева