Рубрику давай!!!

Бардык байлык өнүктүрүү фондуна!
Дүйшөмбү күнү Өнүктүрүү кеңешинин алгачкы жыйыны болду. Анда фондулук базарды активдештирүү, мамлекеттик ишканалардын акцияларына кызыгууну күчөтүү сунушталды. Бул деген Өнүктүрүү агенттигинин колуна өлкөнүн эле эмес, ири ишканалардын кирешелери да өтөт дегендик. Андай иштин алгачкысын премьер-министр Данияр Үсөнов энергетика министрлигинин коллегиясында баштады.
- Силер иштейсиңер. Күнүмдүк чыгашаңар өзүңөрдө. Бирок, бардык кирешени ай сайын бюджетке которосуңар. Өз кезегинде биз аны үч ай сайын Өнүктүрүү фондуна которобуз. Силерге бирдеме керек болсо долбоор түзүп, Өнүктүрүү фондуна барасыңар. Долбооруңарды далилдеп бере алсаңар, насыя аласыңар, насыя менен иштейсиңер, бекер заман бүттү - деди.
Ал эми каржы министрлигиндеги өткөн коллегияда баалуу кагаздарды канча өлчөмдө чыгарууну да жума сайын Өнүктүрүү агенттигинде талкуулап туруу сунуштары суурулуп чыкты.
Кыскасы, өзү чоң, өзү кожоюн, ал тургай парламенттин көзөмөлүнөн сырт турган Максим Бакиев жетектеген Өнүктүрүү агенттиги мамлекеттин финансылык активдерин колуна бүтүндөй топтоо аракети күч алды. Учурда ошол финансылык активдерди бир колго топтоштуруу жараяны банк системасында да, ишканаларда жана башка тармактарда да жүрүүдө. Мындай ченемсиз борборлоштуруунун, Кыргызстандын бар байлыгын бир колго топтоонун аягы эмне менен аяктаары, ал өргө алып барабы же көргөбү, азырынча белгисиз…

Надырбек КАЛЫКОВ




 2005-жылдан бери…

Абакта 26 адам өлтүрүлдү
Жакында жаңырган жаз кирип келсе, жаңы бийликтин келгенине 5 жыл болот. Кандай өзгөрүү болуп, өлкө кай жакка баратканын азыр ар бир адам жон тери менен сезип жаткан кез. Баса, ошол "мандалак революциясынан" бери абакта 26 адам өлтүрүлүптүр. Муну кечээ "Жарандар коррупцияга каршы" укук коргоо уюму эсептеп берди. Абакта өлгөндөрдүн тизмеси 2005-жылы Молдовановка айлындагы №31 жаза өтөөчү мекемеде киши колдуу болгон айтылуу Рысбек Акматбаевдин бир тууган иниси ЖК депутаты Тынычбек Акматбаев менен башталат. Бул абакта өлтүрүлгөндөрдүн саны. Ал эми ошол март революциясынан бери түрмөдө эмес, сыртта канча адам киши колдуу болуп өлдү десең...


  Алоо, бирдик жок

Уюлдук байланыш кымбаттады
Кыргызстандагы бардык уюлдук операторлор байланыштын баасын ар бир телефон чалууга 60 тыйындан кошот. Буга чейин "MegaCom" компаниясынын маалымат кызматы уюлдук байланыштын баасынын кымбатташына тарифтердин көтөрүлүшү менен Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин тармактар аралык траффикти 0,09 центтен кылуу чечими себеп болгонун кабарлашкан. Буга СДП фракциясы каршылыгын билдирип, мындан "ортодо чиновниктер жеке кызыкчылыктары үчүн кымбаттатып, пайда көрүшкөнү жатат" деп, өкмөттү бул маселени тез арада карап чыгууну талап кылган. Бирок өкмөт тараптан адаттагыдай эле жарытылуу жооп болгон жок. Ошентип, кечээден тарта моюнга дагы бир кыйынчылык илинди. Тариф кымбаттады деп, уюлдук телефонуңду ыргытып жибермек белең... Кыскасы, чөнтөккө эле күч келмей болду.

Кундуз Исмаилова




  Акыйкат издеген Алайда

Эртең нааразылык акциясы болот
Исмаил Исаковду коргоо боюнча Алайдагы комитеттин төрагасы Айтбай Жээналиевдин билдирүүсүнө караганда, эртең, 3-февралда Сопу-Коргон айылында нааразылык акциясы өткөрүлөт. 5-февралда ошондой эле акция район борбору Гүлчөдө өтүүсү күтүлүүдө. Мындай чечим кечээ И. Исаковду коргоо комитетинин жыйынында кабыл алынды. Бул акцияларды мыйзам чегинде өткөрүү үчүн тийиштүү маалымдамалалар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө берилди. Белгиленип жаткан акцияларга атчандар да катышат. Алардын талабы Исмаил Исаковду бошотуу болууда. Алай районундагы Исмаил Исаковду коргоо комитетинин 45 мүчөсү бар. Алты айыл өкмөттө комитеттин бөлүмдөрү түзүлгөн.
"Азаттык"




 "Саясаттагы" улак тартыш

Мараттын марттыгы, Ахматтын айкөлдүгүбү?
Ызгаардуу 2005-жылдын февралы. Парламенттик шайлоонун күчөгөн кези. Ар бир округда атаандаштар кырчылдашып, кандай да болсо депутаттык мандатты алуу өз апогейине жетип турган маал.
Алай округу. Султанов, Эркебаев, Исаковдун тиреши. Анда генерал Исмаил Исаков акаевдик режимге ачык каршы чыгып, бийлик кандай болсо да генералды өткөрбөө үчүн болгон күчүн жумшап жаткан учур. Алайда эле эмес, бардык округда эмне деген гана пиар-технологиялар, мындайча айтканда кара пиарлар жүрүп жатпады. Ошондо Алайда Исаковдон айырмаланган кайсы бир талапкер көзү ачыкмын дегендерди да топтоп, Гүлчө айылынан алыс эмес Кыркоол деген айылдын мүрзөсүндө түн жамынып олтурушуп, от жагышып, Жараткандан суранып таң атырган дешет. Анан ошол түндүн бир оокумунда баягы көзү ачыктарга асмандан аян түшүп, ал аянда Акаевди тактыдан кулатуу үчүн Оштун аэропортуна жер жайнаган куралчан аскерлер түшүрүлүп жатканын, анан эле арасынан ак боз ат минген генерал Исаков аларды Алайга баштап келе жатканын, Акаевдин бийлигин сактап калуу үчүн, генералдын мизин кайтарууга Исаковдун шайлоодогу атаандашынын аңыз кеп болуп айтылганы, алтургай көзү өтүп кеткен ата-бабаларынын арбактары "көтөрүлүп", "Ал, айда, бол эле бол!" деп ураан салып, жайнаган "жоону" Чыйырчык деген капчыгайдын белинен артка кайтарыптыр деген "аян жомок", ошол Акаевди кулатам дегендердин ана башында турган Бакиевдин уруусу, түпкү тегине чейин ар кандай божомолдор менен айтылып, мандат үчүн күрөш өтө катуу болгон деп алайлыктар азыр да айтып келет. Эми, ал кез өттү, кетти...

Алай демекчи, учурда борбордогу алайлык тың чыкма айрым азаматтар Сокулук районунун бир айлында биринен бири өтүп, улак тартыш оюнун өткөрүп жатыптыр деп уктук. А дегенде республиканын салык комитетинин башчысы А.Келдибеков баштап бериптир дейт. Андан кийин ал жерге, өткөн ишемби күнү Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов улак тартыш уюштуруптур деген кабарды уккан элек. (Чынында ал кишинин кайсы жерлик экенин билбейт экенбиз).
Ал эми келе жаткан ишембиде каржы министри Марат Султанов да ошол эле айылга улак тартыш өткөрөт экен деген кабар айтылууда. Эмне үчүн ал жерге? Көрсө, аталган айылда алайлык 200 түтүнгө жакын эл жашайт экен.
Бул жөн эле оор учурда жердештеринин көңүлүн алып коюубу же Исаковдун камалышына нааразы болгон Сокулуктагы алайлыктарды пас-пас кылуунун амалыбы же чындап эле "эл менен сен адамсың" дегендей жердештерине жакындоо аракетиби, түшүнө албадык. Анан калса акыркы учурда Келдибеков менен Султановдун үстүнөн кара булут айланып жүрөт деп уктук эле...

Памир МАНАС