Акага кат

"93-симфония"
Исмаил Исаковго болгон саясий куугунтук соттун адилетсиз чечими менен коштолуп, кыргыз генералын аскердик наамынан ажыратып сегиз жылга күчөтүлгөн режимге кесилиши нааразычылыктарды күчөтүп, Алайда, Бишкекте саясий ачкачылык башталды.

Бишкектеги ачкачылык акциясы башталганда эле, Бириккен Элдик Кыймылдын (БЭК) штабынын жанындагы кийиз үйдө кыштап баштап, кийин "Форумдан" бөлмө алып көчүп кирген, аксакалдар кеңешинин айланасында "биригүү" урааны менен үйүгүшүп жүргөн чакан топ чалкасынан кетип өзүнчө баса берди. Кечее эле сотто Исаковду колдоп жүргөндөрдүн мындай жоругу такыр түшүнүксүз болуп калды. Айткан сөздөрүн уксак, оппозиция лидерлерин боктошот, "ушуларды ээрчип жүрүп ит болдук, булардын колунан эч нерсе келбейт, Текебаев тигиндей, Атамбаев мындай, өз жолубуз менен кетебиз" деген сөздөр. Бул БЭКтен бөлүнүп баса берген беш-алтоо (БЭКтин саясий бюросунун мүчөсү, экс-спикер Мукар Чолпонбаевди анан, "колтугуңдун жүнүн сат" деп өкүрө берүүчү, Атамбаевден АУДИ автомашинасын белекке алган шайлоодогу ырчысы Сагынбек Момбековду айтпаганда) аты-жыты белгисиз бир бийликке "ызырынгансыган түрүнөн" башка пайда батасы жок эле немелер болчу. Оппозиция жетекчилери деле, "алардан тазаланганыбыз жакшы болду, ансыз деле "атайын кызматтар" тарабынан арабызга киргизилген немелер" деп жүрчүбүз, кеткендери жакшы болду, кетсе кете беришсин дешүүдө.
Алар дагы кетип атышып, аксакалдар кеңешинин башындагы Нарбеков, Шадыбеков сыяктуу сакалдууларынын бир тобун дагы "сорпо-шилең" менен арбашкан экен, дубасы өтпөгөнбү(?) же далайды башынан өткөргөн кыргыздын кексе абышкалары шек-шыбаасын сезип калганбы, айтор кудай жалгап аксакалдарыбыз абийирин сактап калды шекилди. Ал эми, ушул аксакалдардын катарын калыңдатат деп ойлой турган экс-спикер Мукар Чолпонбаевди кайсы кара теке сүзгөнү белгисиз. Жеке канал менен, "Үкалардын бирөө-жарымы менен сүйлөшүп алып, өз оокатын кылып жатат" деген сыяктуу шекшинүүлөрдү айтпаганда, аны беркилер менен кошо бийликтин картасын чаап жатат деп айыптай да албайсың, далил жок. Ал эми, чындап эле адилеттүүлүк үчүн күрөшкө аттанды дейин десең, алганы океңдер айтмакчы "кот в мешке" болуп турат. Артыбызда алты миң киши бар, деп башын айландырган жанагы алты "качакка" ишенип, өзүн командир дивизия катары сезип жаткан "байкуш Мукар", командир отделения деңгээлине түшүп калганын качан сезээр экен? Бул эмне, чындап эле анын бир билгени бар дегендикпи же жөн эле эртелеп алжый баштагандыктын симптомубу, белгисиз.
Чындыгында эле, соттун ушундай адилетсиз чечимине нааразычылык акциясын баштап жатканда бөлүнүп кеткендер тууралу эмне деп айтууга болот. Бул оппозициянын иш чараларын ойрондотууга, алсыратууга багытталган кадам экени ачык көрүнүп турат. Болбосо, ала күздөн бери Атамбаевдин тигип берген кийиз үйүндө, анын өзүн "каргап-шилеп" отурганда эмне кетишкен жок же болбосо ачкачылык акциясы аяктагандан кийин кетишсе деле болот беле? Болбосо, өз алдынча ой жүгүртө ала турган адам мындай кадамга барса "ит" болоорун кантип билишпесин. Анын жообу деле эң жөнөкөй, аларда андай маселени чечүү укугу жок десек да болот. Көзкаранды адамдар. Аларды кожоюндары, "баскыла" деп, "кууп" кеткени көрүнүп калды десек да болчудай. Андыктан, аларды табалагандарга караганда, боор ооругандар көбүрөөк. "Качактар" ооз көптүрүп айткандарын аткаруу аракеттерине өтөбү, деги эле өзүлөрүнө өзүлөрү ээ эмес, укуктары чектелүү деген сөздөрдү, ошондой эле, жогорудагы айтылган ойлордун баары жалган, жалаа деп четке кагыша алабы, аны убакыт кана айкындайт.
Бишкектеги ачкачылык акциясына каршы аракеттер ушуну менен эле токтоп калган жок. Качан болсо оппозицияны "жерден алып, көргө чаап жүргөн", "93" деген "каймана атка кабылган", экс-депутат Бегиш Ааматов аракетке өттү. (Бегиш акени оппозициялык штабдарга жолотпой, кубалап чыгышкандан бери Мукардын офисинде баса жатат, айтор жел дагы ошол тараптан согуп...). Ошентип, эзели жолобой турган Атамбаевдин штабына жылып кирген Бегиш акаң ал жерде жайгашкан Бишкек, Чүйдөгү алайлыктардын Исмаил Исаковду коргоо комитететинин ишин бүлдүрүп, бир далайын ээрчитип кеткендиги бир топ ызы-чууну жаратып, ишенээр ишенбесибизди да билбей калдык эле, кийин уксак баягы "жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт", дегендей болду.
"Булар (оппозициядагылар) акмактар, Исмаилди ушулар каматты, саясий соода жасап жатышат, бийликтин укуругу узун, жабыр тартып каласыңар, жүргүлө андан көрө Адаханга барабыз, үкаларынан суранып эле куткарып алабыз" деген сыяктуу сөздөр айтылып, алайлыктарды азгырганын Т.Тургуналиев ошол азгырылгандардан укканын айтып жатса, ошондой эле маанидеги агитацияга Бөдөш Мамырова да кабылганын жарыя кылды. Ага Бегиш ака өзү телефондон "дарс" окуптур. Ал киши, чын дили менен Исаковду бошоткону жүрсө жакшы деңизчи, анда "оппозицияны боктогонуна деле макулбуз, чыгарып берсе болду, ал тургай, жанагы "бөлүнө качкандар" деле, айткандарына туруп, адилеттүүлүк үчүн, чындап бийликке каршы акция башташса, аларды деле колдогонго даярбыз, бирок андай болооруна ишенүү кыйын" дейт, БЭКтин штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров.
Бүлдүргүчтөр, мына "антип койдук, минтип койдук, бөлүп кеттик, кыйратып салдык" деп "үкаларга" отчет берип, өзүлөрүнүн активине очко жаздырып үлгүргөнчө, адашкан алайлыктардын далайлары кайрылып келип, кутумдуктардын бети ачыла баштады. Кыргызстандын туш тарабынан ачкачылык акциясына колдоо көрсөтүп, адилеттүүлүктү талап кылгандар күндөн-күнгө көбөйүп, четинен акцияга кошулуп жатышат. Ушу күндөрдө Алайда, Бишкекте ачкачылык акциясы улантылууда.
Ал эми, адилетсиздик өкүм сүрүп, кыргыздын чыгаан уулу, нагыз генерал кордолуп, үй бүлөөсү азапка малынып жаткан убакта, ошол абалдан пайдаланып жеке керт башына "очко" топтоп, бийликтин тегирменине суу куйуп жүргөндөр тууралу не деп айтууга болот? Эми, андайлар кыргызда дайыма болуп келген. Баягы, Алымбек датканын балдары өлтүргөн падышачылык Оруссиянын аскерлеринин (ал аскерлер кыргыздын нарк-насилин тепсегенден улам чыккан чатактын курмандыгы болушкан) сөөгү көмүлгөн жерди орустарга көргөзүп берген кыргызчы? Алардын тукумдары... Айтор айта берсе арман көп дегендей... Оппозиция күч алган сайын бийлик бөлүп-жаруу ыкмасын стандарттуу түрдө колдонуп келет. Бул торго Эшимканов менен Карабеков, андан кийин Суваналиев, кийинчерээк Бабанов ж.б.у.с. түшсө эми минтип Чолпонбаев илингени калганбы? Белгисиз.
Айтор Мукар мырзага кыйын эле болуп калды. Эми, саясий куугунтук делинген сотторго анткорлонуп эле куугунтукталгандарды колдомуш болуп жүрүшпөгөн болушса, анда Мукардын штабында, саясий куугунтукка кабылгандарды колдоо акциясын баштоолору кажет. Болбосо айткандары куру сөз, канчалык актанышпасын, куру убара бойдон калаарында шек жок.

Сабыр МУКАНБЕТОВ,
саясий баяндамачы




Мукар Чолпонбаев:
"Мамлекет бир саат да башчысы жок калбаш керек"
ЖК Конституцияга өзгөртүү киргизген мыйзам долбоорун карашы күтүлүп жатат. Жаңы долбоорго киргизилген сунуштар боюнча ЖКнын мыйзам чыгаруу жыйынынын мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев "Азаттык" менен ой бөлүштү.

- Мурда күнү ЖКнын тиешелүү комитети долбоорго президент өз милдетин аткаралбай калган шартта убактылуу президентти үч күн ичинде Мамлекеттик кеңеш аныктайт, ага Жогорку Кеңештин төрагасы, өкмөт башчы жана Президенттик кеңешменин мүчөлөрү кирет деген сунуш берди эле, аны кечээ фракциялар карап, дээрлик колдоп беришти. Буга сиздин пикириңиз?
- Менин пикиримде, бул негизи Конституциянын жалпы рухуна карама-каршы келе турган нерсе. Анткени Конституциянын эң эле башында жазылып турат - Бийликтин негизги бутагы жана ээси болуп эл эсептелет деп. Анан азыркы президентибиз, азыркы Жогорку Кеңешибиз туура шайландыбы, туура эмес шайландыбы эл тарабынан шайланды деп эсептелет. Демек мына ушулар гана бийликти жүргүзүш керек. Ал эми аткаруу бийлигинин башчысы, премьер-министрибиз бул эл шайлаган Жогорку Кеңеш тарабынан сунуш кылынып, президент тарабынан бекитиле турган жогорку кызмат адамы болуп эсептелет. Ошого байланыштуу азыркы аракеттеги Конституцияда жазылган, эгерде президент өз милдетин аткаралбай кала турган болсо анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы, ал киши да башкаруудан баш тартса, анда премьер-министр аткарат деп ачык эле жазылып турат.
Демек бул элдин өкүлдөрү тарабынан эл шайлаган, эл ишенген адамдар аткарат дегенди билдирет. Ал эми 14-декабрь, 2009-жылы президент сунуш кылган долбоордо Президенттик кеңеш деп турат да, аны Мамлекеттик кеңеш деп койгондон Асанды Үсөн деп атап койгондой эле айырмасы жок, эч нерсе өзгөргөн жок. Ал эми президент өзүнүн милдетин аткарбай калган кезде эл шайлаган конституциялык органдар анын ордуна адамды дайындоонун ордуна Мамлекеттик кеңешти кеңеш бере турган орган деп коебуз, мына ошол орган сунуштап, ошол президенттин милдетин аткарчу адамды дайындоонун өзү бул натуура деп эсептейм.

- Ошол эле мезгилде кечээ Юстиция министри айтып атпайбы муну, убактылуу президентти тандоого талапкерлер көп болот, бул алгылыктуу нерсе деп. Мунун логикасы кандай сиздин оюнузча?
- Бул алгылыктуу нерсе эмес. Ар бир мамлекетте бир күн дагы, бир саат дагы мамлекет башчысы жок калбаш керек. Мына ошондуктан мамлекет башчы жок болуп калганда анын ордуна милдетин ким аткарат деп аны эрте эле аныктап коюш керек. Анан кеңешме чакырып, анын ичинде "сен болосуң, сен болбойсуң" деп ал жерде талашып отргандын өзү туура эмес маселе.

Бурулкан Сарыгулова