Күнбүркүм
Акцияны милиция таратты
Кечээ саат 10до "Азаттыкты" коргоо кыймылы УТРКнын алдында митинг өткөрдү. Талабы "Азаттык" үналгысынын үнүн жалпы Кыргызстан аймагына жеткирүү болду. Кыймылдын жетекчиси Өндүрүш Токтоназаров талаптар жазылган кагазын жая электе мурдатан даярданып турган Октябрь районунун милициясы келип, чакырыктарын алып койду. Андан кийин Ө. Токтоназаровго райондук прокуратуранын эскертүүсү тааныштырылып, ал жерден кетүүгө үч мүнөт убакыт берилди. Эгерде үч мүнөттүн ичинде кетип калбаса, камакка алынарын эскерткенден кийин, акция аргасыз токтотулду. Ал эми Улуттук телерадиокорпорациянын жетекчилиги бул иш-чарага карата эч кандай мамилесин билдирген жок. Эскерте кетсек, "Азаттык" үналгысынын теледолбоорлору жана радио уктуруулары 2005-жылдын март айынан кийин жалпы республикага УТРК аркылуу тарай баштаган. Көп өтпөй улуттук телеканал келишимди бир тараптуу бузуп, "Азаттыктын" радио жана телеберүүлөрүн берүүнү токтотуп койгон.


Өлтүргөнүн моюндашты
Бакай-Ата райондук сотундагы шейшемби күнү болуп өткөн соттук териштирүүдө Саадабай уулу Нурактын өлүмүнө катыштыгы бар экендигин алты жигит мойнуна алышты. Алар сотто өздөрүнөн кичүү балдарды "тарбиялоо" жана тоноо максатында мектепте "Мужсовет" уюштуруп жүрүшкөндүгүн, Саадабай Нурак уулун ургандыгын айтышып, өлүмүнө күнөөлүүбүз дешти. Алар буга чейин өздөрүнөн кичүү Нурактын өлүмүнө таптакыр катыштыгы жоктугун айтып, танып келишкен. Бул жолу эмне үчүн мурдагы көрсөтмөлөрүнөн тангандыгын сураган сотко, адвокаттардын үйрөткөнү боюнча сүйлөп келишкендигин билдиришти. Аягында мамлекеттик айыптоочулар алтоонун ичинен топ башы болуп саналган экөөнө: Даниэл Данияров менен Расул Абдыбековду 10 жылдан эркинен ажыратууну, калгандарын төрт жылдан алты жылга чейин камакка кесүүнү соттон сурады. Кийинки соттук териштирүү ишембиде, 30-январда болот. Анда каза болгон баланын ата-энеси менен айыпталуучуларга акыркы сөз берилет. Нурактын атасы С. Токтоналиев айыл аксакалдарынын алдында "Эгер балдар мойнуна алса, кечирем" деп сөз берген экен. Айткан сөзүнө турар-турбасы 30-январда билинет.


Президент Молдомусага кабатыр
Өткөн жылы 26-апрелдеги Петровка чатагынын чыгышына негиз берген 4 жашар кыздын зордукталып, күнөөлүү адамдын жазасыз жүргөнүнө байланыштуу кызматынан алынган Жеңиш Жоробеков Бишкек ИИБ жетекчисинин 1-орун басарлыгына министрдин буйругу менен дайындалган. Аталган дайындоо боюнча Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин чечимин карап чыгууну президент К.Бакиев өкмөт башчы Д.Үсөновго тапшырды. Бул окуядан соң райондун акими, прокурору да кызматтарынан четтетилишкен. Ал эми чатакты уюштуруучулары катары каралып оппозициянын өкүлдөрү жарым жылдан бери абакта отурат.


Консот митингди талкуулоодо
Конституциялык Сот "Жарандарды тынч жыйындарга чогулуусу жөнүндөгү" мыйзамын карап жатат. Адвокат Нурбек Токтакунов мыйзамдын 4,5 жана 9-беренелерин Конституцияга каршы келет деп табууну сурап кайрылган. Аталган жоболордо жарандарга эркин чогулууга маалымдоо укугу эмес, уруксат суроо укугу гана берилип, Конституцияга жана эл аралык нормаларга каршы келген чектөөлөр киргизилип калган деп эсептейт. Бул мыйзам 2008-жылы кабыл алынган. Коомчулуктун каршылыгынан улам президент бул мыйзамды өркүндөтүү максатында жумушчу топ түзгөн. Анын мүчөсү, укук коргоочу Азиза Абдырасулованын билдиргенине караганда жаңы мыйзам долбоору парламентке жакын арада сунушталганы турат.


Ардагерлерге стипендия чегерилди
Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта 1941-1945-жылдардагы Ата мекендик согуштун майыптарына, катышуучуларына, Ленинградда блокада учурунда иштеген жана жашагандарга, фашисттер жана алардын союздаштарынын колунда туткунда болгондорго ай сайын 3000 сомдон стипендия берилет. Ал эми Ата Мекендик согуштун 65 жылдык мааракесине карата согуштун катышуучуларына жана майыптарына, Ленинградда блокада учурунда иштеген, жашагандарга, фашисттер жана алардын союздаштарынын колунда туткунда болгондорго бир жолу 15 000 сом жөлөкпул берилет. Согуш учурунда тылдагы күжүрмөн эмгеги үчүн СССРдин орден-медалдарын алгандарга, согушта жубайларын жоготкондорго, согуш учурунда оор иштерге мыйзамсыз, күчтөп тартылгандарга 5 000 сомдон берилет.


Акыл ченемибиз 200 сомбу?
Кечээ Парламенттин трибунасынан электр энергиясынын наркы жогорулагандыгына байланыштуу төлөнүүчү 200 сомдук компенсация төлөнбөй же толук берилбей жатканы айтылды. Муну бүгүнкү бийликтин, депутаттардын, элдин деңгээли дейбизби? Мамлекеттик маселелер талкууланчу Жогорку Кеңешти 200 сомдук чырды айтчу аянтка айланттык. Бааны кымбаттатып, 200 сом бергенден бийлик уялбады. Ошол жөлөк пулду бербей жатат деп доо койгон эл өкүлдөрүнө да баракелде. Муну байыркы акылман кыргыздар "Эшегине жараша тушагы" деп койчу беле...