Кубик-рубик

Балта көтөрүлгүчө эс алган дөңгөч.
Мураскер санаа. "Ата-Мекен" пикир
21-январда Консот президент сунуштаган Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорун карап, жалпысынан колдоп, ал эми 52-беренедеги президент кокус бирдеме болуп кетсе, өлкөнү убактылуу президенттик кеңешме тандасын деген сунушка: "... Президенттик Кеңешме тандай албайт. Ал башкача тандалуусу керек" деген корутундусун чыгарып, анысын парламентке жөнөткөн.
"Ат тезеги кургай электе" "ак жолчулар" басымдуулук кылган кыргыз парламентинин "Ак жол" фракциясы үч күн өтүп-өтпөй 52-берененин эсин кайрадан оодарып киришти. 26-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети аталган маселени карап, президент өз милдетин аткара албай калган учурда анын милдетин аткаруучуну "Мамлекеттик кеңеш" деген түзүлүп, ошол чечсин деген түзөтүүнү түзүп жиберди. Анысыы "Ак жол" фракциясы колдоп, "Мамлекеттик кеңеш аныктайт" деген Жобонун киргизилүүсүн кош колдоп беришти.
Мындай көрүнүшкө "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев төмөнкүчө баасын берди: "Бакиевдин мамлекеттик системаны реформалоонун маңызы, аракети бир гана нерседе болуп калды: бул кокус президент бир нерсе болуп калса, анын ордун ким басат, кимге өткөрүп берем деген сарсанаага, келечектеги жамандыкка кам көрүү гана болуп калды деп билем. Мына ошонун айланасында бүгүнкү саясат конституциялык реформага айланып отурат. Бул абдан туура эмес көрүнүш. Бакиев өзүнөн кийин Кыргызстанды кимге калтырам деп сарсанаа болбош керек. Кыргызстан кыргыз элине калыш керек, кыргыз эли өз тагдырын өзү аныкташ керек" дейт, "Ата мекендин" лидери.

Нурдин АСАНОВ




Бишкектеги алайлыктарга жана Алайдагы туугандарга Россиянын
ар кай жеринде иштеп жүргөн алайлык балдар-кыздардан
Кайрылуу
Биз, Россиянын ар кай жеринде (Москва, Новосибирск, Сургут, Абакан, Ростов-на-Дону, Тюмень) иштеп жүргөн алайлыктар генерал И.Исаковдун камалганын угуп, абдан капа болуп, ошол эле убакта өтө кыжырданып жатабыз. Сот өкүмүндө кымындай да чындык жок, деп эсептейбиз. Бул И.Исаковго болгон куугунтук, карасанатайлык, анын ишмердигин көрө албаган, өзү иштин көзүн таба албаган, алтургай адилеттик түшүнө кирбеген Ак үйдө отургандардын буйругу.
Исмаил ака таза, сынчыл, жүрөгү эл деп соккон, Мекенге ак кызмат кылган, андан дагы жоокерлерге атасындай камкордук көргөн генерал. Мындай генералдар кылымда бир жаралат. Ушундай инсандын Алайдан чыгып калганына биз, алайлыктар, сыймыктанып, өзгөчө көз караш менен мамиле кылышыбыз керек.
Эй!... Алайлык туугандар! Адилетсиз бийликке генералды тебелетпейли. Эмнени күтүп жатабыз? И.Исаковдун баласына эски эки бөлмө квартира бердим деп 8 жылга камап жатат бийлик. Эч кимден сурабай туруп эле баласына бүт Кыргызстанды берип койду го?! Мындан ары бул бийликтен жакшылыкты күтүүгө болбой калды. Эмне, дагы бир-экөөңөрдү түрмөгө тыкканда, анан эсиңерге келесиңерби?! Жыргаганыбыздан биз ар кайсы жерде күн өткөрүп жатабызбы? Эл тентибесин, жер таланбасын деп каяша сүйлөгөндү И.Исаковго окшоп камай берсе, Кыргызстанда бычакка сап бирөө жарым калабы? Же башка элдерге бошотуп берип, баарыбыз чыгып кетебизби? Бийлик ошону гана каалап жаткандай.
Эй, туугандар, айрыкча алайлык жигиттер, өзүңөр деле ойлонгулачы! Эгерде Исмаил ака башкаларчылап "хоп, майли" деп бийликке дасторконун үзбөй жайып, колго суу куюп, оту менен кирип, күлү менен чыкса, же эмне кылсаң деле мейли, мени ордумдан козгобо деп башын жерге салып үн катпай жүрө берсе болот эле го. Анда биз эртеңкиден эмнени күтмөкпүз? Кулчулуктубу? И.Исаков андай жанбактылардан эмес. Президентке жолдогон катынын өзү эле эмнени айтып турат. Мындай кайрат, жүрөктүүлүк ар бир эле чиновниктин эркинен жарала бербейт. Исмаил ака, чыныгы эр жүрөк Алайдын уулу, накта генерал экенсиз. Биз сиздей уулубуз, акабиз менен сыймыктанабыз! Исмаил ака, эр жигиттин башына эмнелер түшпөгөн, бул убактылуу нерсе, мындай жалган жалаа менен сиздин эркиңизди сындыра албайт, биз андайга жол бербейбиз. Мындай кыйынчылыкты да көтөргөн киши көтөрөт. Биз сизди колдойбуз. Колдон келген аракетти жасайбыз, келбей баратса, башка да жолдорун табабыз. Бийликтин арам ойлоруна каршы күрөшүүнү биз да өздөштүрөбүз.Ошондуктан алайлык жигиттер, кыздар, башыбызды бийик көтөрүп, чөгүп калбай генералдын адилеттиги үчүн күрөшөлү!
Биз бул жакта маалымат алышып, өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Унуткан жоксуңарбы, шайлоо убагында Алайда илинип турган плакатта: "Армиянын генералы, элимдин жоокеримин! И.Исаков" деген генерал формачан сүрөтүн. Мындай элине жоокердей кызмат кылгандарды акыркы убакта иш менен да издеп таба албайсың. Ансыз да идиректүү, акылы тетик билимдүү уул-кыздарыбыз чет элге кетип, арабыз суюлуп баратат. Келечекте Кыргызстанды жуликтер башкарып калабы? Ныксырап ордубуздан коркуп отура бербей ойгонолу, чогуу ойлонуп, биригип, бир бүтүмгө келели.
Урматтуу туугандар, мекендештер! Исмаил аканы колдоп, калыс сөзүн айткан, денсоолугун тобокелге салып ачкачылык жарыялап отургандарга, маалымат менен кабардар кылып турган журналисттерге, өзгөчө "Азаттык", "Би-Би-Си" радиосуна терең ыраазычылык билдиребиз. Эч нерсе эмес, жакынкы күндөрдө биздин көчөдө да майрам болот.
Эй! Алайлыктар таза кандуу, таза аба жутуп, мөңгү суу ичкен намыстуу эл элек го?! Исмаил ака, сизге күч-кубат, денсоолук тилейбиз. Биз сиз мененбиз! Чындык жеңет! Кыргызстанга салам!

Чолпонбаев Бакытбек
Бекмурзаев Тагайбек
Камчыбеков Жуман
Абдразаков Каныбек
Ормотоев Асылбек
Абдуллаева Канайым
Жолон кызы Айдана
Мурзакулова Чынара
Гүлбара, Таалай, Дина, Эрик, Куба, Жылдыз, Шер, Назик, Сезим, Алай,
Канат, Мирлан, Гүлай, Разия, Света, Жоки, Автандил, Мики.




Москва солк этип...
Орусиядагы, Максим Бакиевге тиешелүү ишканаларга кылмыш иши козголдубу?
Орусиядагы, кыргыз президентинин уулу Максим Бакиевге тиешелүү ишканалар текшерилип жатканын КМШ институнун Кыргызстандагы бөлүмүнүн жетекчиси Александр Князев Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Саясат таануучу А. Князевдин журналисттерге билдиргени боюнча "кыргыз президентинин уулу, Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация агенттигинин жетекчиси Максим Бакиевге тиешелүү делген Орусиядагы ишканалардын баары текшерүүдөн өтүп, аларга байланыштуу учурда 18 кылмыш иши козголгон дейт". Анда саясат таянуучу: "Бул кылмыш иштер өтө жогорку деңгээлде, Орусия өкмөтүнүн жана президенттик администрациясынын көзөмөлүнө алынгандыктан, кыргыз тараптын аны теске салуу аракети оңунан чыкпай келе жатат" - деп кошумчалады. Бирок ошол эле күнү А.Князевдин маалыматын президенттин катчылыгы четке какты. Катчылыктын жетекчисинин орун басары Максим Каганер саясат таануучу бул маалыматтарды эч кандай документ менен далилдей албагандан соң, анын сөзүн комментарийлеп кереги жоктугун билдирип, "Князев мырза эч кандай тастыктоочу документ көрсөтө алган жок, биз ага ишенбөөчүлүк менен мамиле кылабыз" - дейт, президенттин катчылыгы.

"Азаттык"