Турмуш тамчылары

Алыста калган алча бак
Алчанын бутагы ийилчээк болот. Секирип жетип, ийүүгө алың келгидейин таап, тырмышып ылдый тарткыласаң, булуттарга жетчүдөй өңдөнгөн, түшүмгө бай бутагы ийилип келип, мөлтүрөгөн мөмөсү - эгиз алчалары оозуңа өзү үзүлүп келип түшчүдөй болуп турат. Бутакты бирөөбүз ийип бергенде, экинчибиз алоолонгон алчаны ала баштайбыз.
Бутакты ийип берген баатыр өзүң болгондо, бутакты бекем кучактап чалкалап алып, үймөк кебездей болгон, булуту бирикпей, бөлүнүп- бөлүнүп турган асманга бетме- бет келесиң. Ал учурда кимдир- бирөө убакытты байлап койгондой, өмүр бою ушунтип, алча бутагын бекем тутамдап кучактап келаткан кейиптенесиң. Колуң талып, бутуң да чымырап, бутакты кое берсең эле, бошогон бутак менен кошо барып, алча дарагынын төбөсүнө чыгып калчудайсың же булутту кучактап, ушу турган жериңен ай-асманга жөнөп кетчү көздөнөсүң.
Алча бутагын кармап бербеген учурда же мөлтүрөгөн мөмөнү терип аткан киши өзүң болгондо, эгиз алчалар биринен бири ажыратылып, буурчактай тоголонуп, топ-топ этип түшүп атканына маашырланып турасың.
Эмалданган, сырты жашыл, ичи ак түстүү чакага алчалар топ- топ этпей эле , үн сөзсүз түшө баштаганы- эми ал чаканын толуп баратканы. Эгерде чакаң эмалданбаган, алюминий болсо, анда эзилген алчанын айынан ар кай жери кызыл- ала так болуп калганын көрөсүң. Башында бир алча, эки алча, үч алча деп катары менен санап олтурсаң, анан эсебиңен жаңылып каласың. Анткени алчанын шагын ким ийип берип турган болсо, ал "тезирээк эле тербейсиңби" деп шаштырып турат. Ал деле шагын кое берсе, бошонгон бутак менен кошо учуп алча дарагынын төбөсүнө олтуруп калгыдай же ай- асманга азыр эле аттанып кеткидей болуп, колу талып, буту да чымырап турганы сага сезилмек беле.
Сен болсо эгиз алчаларды чалкалап, оозуңду асманды каратып туруп, салып ийсең, ширеси "чыйт" этип, чекеңе куюлуп, кызгылтым тагын салат. Же болбосо бутакты кармап берип турган кишинин көзүнө кирип кетет да, ал колун бутактан бошоткондо, ийилип турган чоң бутак эми экөөңдү тең дарактын чокусуна чыгарып сала тургандай сүрдөнөт. Бирок бутак экөөңдү тең эч жакка алып кетпейт. Алчанын ширеси кирип, көзү ачышкан бөбөгүң көзүн басып бакырат. Колу алчанын бутагынан бошоордо , бутакка минип, мына- мына учуп кетеби деген бөбөгүң, көзү ачышканына чыдабай, сени аркага дүңк этип коюп калат.
Алчанын бутагын секирип кармап, бутакты ийип берээр кезек сага келгенде, алчанын ширеси эми өзүңү көздөй секирип турат. Буурчактай томолок алчалар чакага толо баштагынан үнсүз түшөт. Чака кечке чейин толбочудай көрүнгөнү менен, улам бир бутактан экинчисине өтүп, биринин артынан экинчиси кантип толуп атканын байкабай деле каласың.
Бир кезде бутакты ийип берип жаткан бөбөгүмдүн кулактарына кош алчаны ажыратпай туруп, илип- илип коем. Эки бөбөгүмдүн бири кулагына алча илсем деле эчтеке дебей, кулакка канчасы илинсе болоор экен дегендей турса, экинчи бөбөгүм башын булкуп, такыр илдирбей коер эле.
Бүгүн ошентип, жаштары удаа, кош алчадай мөлтүрөп турчу бөбөктөрүмдү эстеп олтурам. Чака-чака терилген алчаларды "Ой-ий,булардын баарын каякка батырабыз?" дечүбүз. Бөбөктөрүмдүн улуусу- Майрамбек бир нерсени, кандайдыр майрамдай, жагымдуу нерселерди ойлоп тапканга, уюштурганга маш эле. Бир күнү мөлтүрөгөн алчага толгон чакалардын бирин алып барып жол боюна кое салды. "Азыр көрөсүңөр, мөлтүрөгөн мөмөсү бар чакаларга кызыгып, кан жолдо каршы- терши өткөн жолоочулар жайнап чыгат. Алчага арбалган айдоочулар аргасыздан токтобосо, мага келгиле".


Анан биз таңданып көчөнү карап калабыз. Ырас эле, "ким, качан кызыгаар экен". Көп өтпөй каршы- терши өткөн кан жолдогу кандай унаа болбосун, токтойт да "Алча канчадан?" деп суроо салат. Сатып албай эле токтогону, анан балдар терген алчаларга чоңдордун да кызыкканы баарынан кызык болучу бизге. Алчанын баасы канчадан болоорун кайдан билели. Анан эле Майрамбек баасын быча салат. "Үч сомдон". Чоң жолдогу жолоочуга канча болсо да, баары бирби, чаканын бирин да калтырбай, баарын салып кетип, алакан толо акча апкелет. Баарыбыз таңданып карап турабыз. Айдоочулар мынчалык көп алчаны эмне кылышат? Алардын үйүндө, эмне алча жокпу?
Алгач "алчаны көчөгө алып чыгып, каяктагыны баштагансыңар" деген атабыздын, аздан соң, ар кимдерге "алчаны алар көчөгө коюшуп… " деп кандайдыр бир кубангандай кейипте кеп кылган кездерин кулагыбыз чалганда, апабызга "Сууга түшүп келелиби?" деп суроо салып калабыз. Мындай кездерде ким уруксат бербей койсун, уруксат берет да.
Кошуна балдар-кыздар, баарыбыз, анан сууга түшкөнү шаркыратмага жөнөп калабыз. Суусу булактыкындай тунук жана муздак, дүйнөдөгү чоң шаркыратмалардын бириндей туюлчу ал жер бизге. Барсаң чоңдор да, балдар да, баары сууга түшүп жаткан болот. Өзүң түшкөнгө чейин эле сени бирөө сүйрөп келип сууга салып коет. Оозу- мурдуңа суу кирип, какап, үшүгөндөн ичиркенип атып, анан кайра суудан такыр эле чыккың келбей калат. "Жүр, шаркыратмага олтурабыз" деп, сууга түшүп жаткандардын бири чакырат. Шаркыратмага олтурсаң, үстүңөн учкан суунун алдында каласың, бирок сага суу тийбейт. Суунун шаркыраган добушу жаңырып, белгисиз бир дүйнөгө кирип кеткендейсиң.
Бери жакта, чоңдор да, балдар да бирин-бири сүйрөп кирип, чалпылдап сууга түшүп жаткан болот. "Мен жокмун" деп алардан жашырынган болосуң, бирок шаркыратма алдына көпкө олтура албайсың. Башкаларга да орун беришиң керек. Анан сууга түшкөндөрдүн катарына кайрадан киресиң.
Сууга түшүп атып, кайтууга кез келгенде, калтырап, тишиң-тишиңе тийбей үшүп турасың. Көйнөгүңдү жалаң этке кийип, ич кийимиңди чыбыкка сайып алып "Мен түшкөн жокмун (сууга), бака түштү, мен түшкөн жокмун, бака түштү" деп кайра- кайра кайталап, поюз жолду кесип өтүп, үйгө кайтасың.
Балдар- кыздардын баары ошентип, ич кийимин чыбыкка салып алып, "Мен түшкөн жокмун, бака түштү" деп кайталап, чыбыктагы кийимди кургатып, желпип келебиз. Сууга түшкөнгө, шаркыратмага олтурганга курсак ачып, курулдап калат. Кочкул- кызыл тарткан алчанын даамы оозго келип, тезирээк эле үйгө жетип, алчадан "ап"десек экен деп келесиң жолду ката.
Мына эми, жылдар өтүп, балалык кезибиз кайдадыр кетип калды. Атабыз менен апабыз өстүрчү андагы алоолонгон алча бак азыр жок болгону менен, ооздон ошондогу алчанын даамы кетпей, качанкы күндөрдү эсиңе салып турат. Кош алчага окшоп, жаш курагы удаа келген эки бөбөгүмдөн тең ажырап калганым кабырганы кайыштырат. Баягы кездеги алча багына, балалыкка баргым, ал кезде катар ойногон бөбөктөрүмдү тапкым келет. Тармал чачы, бакыраң, күлмүңдөгөн, ар кимге жарыгын чачып турсам деп, сүйкүм менен караган иним Майрамбек каратып туруп эле кетип калбадыбы. Кечээ жакында болсо, чынчылдыгы чектен ашык, сүйлөгөн турганы жүрүш- турушуна төп келген, ата конушубуздун кулпусу өңдөнгөн иним Урматбек да, агасы кайтыш болгон күндө, анын жашында кырк бешинде кетип калды. Кош алчадай мөлтүрөгөн, кайран гана кош канатым… Ата конушубузга келип калганда бала чакты, атабыз менен апабыз өстүргөн алча бакты, алыста калган ал күндөрдү бирге эстешип, өз балдарыбызга божурап айтып, жомоктоп жүрбөйт белек…
Кош алчадай мөлтүрөгөн, кайран гана инилерим ай…

Айгүл Бакеева